Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Айгерим Расул кызы: «САХНАГА ЖАҢЫ ИМИДЖ МЕНЕН КАЙТАМ»

№702 15-апрель-21-апрель, 2016-ж

Кичинесинен сахнада чоңойгон Айгерим Расул кызы бойдок кезде ушак-айың көп ээрчиген ырчы кыздардын катарында эле. Турмушка чыгып, кыздуу болуп, чыгармачылыктан оолактап өзүн үй-бүлөгө арнаганына карабай Айгерим тууралуу айтылган кептердин аягы суюлбай келет. Ырчы өзү мындай көрүнүштү кадимки шоу-бизнестин мыйзамы катары кабыл аларын айтат.

– Салам, Айгерим, бизге берген маектериңде «чыгармачылык менен үй-бүлөнү чогуу алып кетем» деген элең, бирок турмушка чыкканыңдан бери сенден жаңы чыгармаларды уга элекпиз?
-Саламатсыздарбы, ооба, ошентип айткам, бирок бардык нерсенин өз сааты чыкпаса болбойт экен. Анда кызым Ханбийке кичине болчу, азыр кыйла чоңоюп, торолуп, бош убактым кенен болуп калды. «Иштесең тиштейсиң» демекчи, чынын айтсам, үй-бүлөм жана тойлор менен болуп чыгармачылыгым бир аз солгундап кетти. Чыгармачылык деп жүрүп кызымдын кантип тили чыкканын байкабай калбайын деп убактымды энелик милдетке бөлүүнү чечкем. Эми тыныгуу бүттү. 5 ай мурун Ошто «Ханбийке-Ханым» бий тобун ачкам, азыр ошол бийчи кыздарым менен клипке тартылууга даярданып жатам.

– Ош шаарында кайын журтуңдан бөлүнгөн экенсиңер...
-Ооба, үлпөт тоюбузда кайын журтум жаңы курулган көп кабаттуу үйлөрдүн биринен 4 бөлмөлүү батир белек кылышкан. Менин себим ошол үйгө барган. Бирок бир жылдай кайната-кайненемдин колунда жашадык. Кызыбыз төрөлгөндөн кийин «өзүңөрдүн тиричилигиңерди кылып үйрөнгүлө» деп бизди бөлүштү. Кайын журт менен турганда Азамат экөөбүз эч нерсени ойлонбой жыргап жашачубуз, үйгө азык-түлүк ташымай деген жок, баары даяр болчу. Бөлүнгөндөн кийин баарын өзүң кылганга туура келет экен. Кайын журтума тез-тезден барып турабыз. «Азык-түлүгүңөр барбы?» десе, «жок» деп туруп беребиз. «Атаң акча бердиби?» десе, «жок» деп туруп апамдан да акча алмай, иши кылып тиричилик кылып жатабыз (күлүп).

– Кызыңдын кылык-жоругу чыгып, жолдошуң экөөңөр элжиреп жаткан убак болуш керек...
-Ооба, кызыбыздын ар бир кылыгына суктанып бүтпөйбүз. Атасы жумуштан келери менен чечинбей туруп кызын өөп-жыттап калат. Ханбийке атасын үнүнөн тааныйт, түн жарымда келсе да сөзсүз ойгонот. Кызыгы, атасы менен кызынын күлгөнү окшош, кээде өзүм да ким күлүп жатканын айырмалай албай калам. Кызым жоош болгонго түн уйкумдан калып кыйналган деле жокмун. Курсагын тойгузуп, астын алмаштырып койсоң чоң адамдай эле жүрө берет. Жолдошум кызына аябай камкор, анын бүт кийимдерин атасы алып берет.

– Бир жолу чалганда «бала багуучум жок кыйналып жатам» дедиң эле?
-Үй кызматчыбыз бар, ал үй жыйнагандан сырткары бала да карашат. Бирок мен бала багуучуларга толугу менен ишенип кызымды калтыра албайм, ал дайыма кызымды көтөрүп жанымда жүрөт. Өзүмдүн апам менен кайненеме гана ишенем.

– Жолдошуң милиция кызматкери экенин билебиз, алар түнү-күнү иштеп калат эмеспи. Сени көпкө күттүрүп калганда кечке чала бермей адатың барбы?
-Негизи, милиция кызматкерлери менен ырчылар эс алуусу жок иштешет. Экөөбүз тең өзгөчө кесиптин ээси болгондуктан, бири-бирибизге түшүнүү менен мамиле кылабыз. Кеч калса обу жок эле чалып тажата бербейм. Жолдошум «эрте келем» же «кеч келем» деп чалып айтып турат.

– Сен тууралуу ушактар көп чыгат, акыркы учурда «Айгерим ажырашыптыр» деген да кептер болду. Шамал кайсы тараптан согуп жатканын, балким, өзүң билерсиң?
-Бойдок кезимде мени кимдерге гана турмушка чыгарып жабыштырышкан жок. Күйөөгө чыгып ушундай ушактардан кутулам го десем, жок, эми ажырашты деп чыгышыптыр. Таң калычтуу, айрымдарга бойдок болсоң да, бойдок эмес болсоң да жакпайсың. Интернетте менин тагдырымды ошондой болуп калса экен деп талкуулагандар көп экен. Бирок мен жолдошум менен ынтымакта, бактылуу эле жашап жатам.

– Жолдошуң сен тууралуу айтылган жагымсыз кептерди кандай кабыл алат?
-Мен жөнүндө ушактарга жолдошум көнүп бүттү, азыр андайларга такыр көңүл бурбайт. Азамат экөөбүз үйлөнө электе эле мен тууралуу айтылган ушак-кептерди изилдеп чыккан экен. Баары куру сөз, жалган жалаа экенин ошондо эле билген. Ал өзү да орган кызматкери болгондуктан психолог болуп калган. Үйлөнгөнгө чейин экөөбүз 2 жылдай кыз-жигит болуп жүргөнбүз, ошол убакта сынап, байкаштырып, мени 5 колундай билип, анан үйлөнгөн да.

– Чыгармачылык тыныгуудан кийин сахнага өзгөчө болуп кайтуу пландарың бар экен?..
-Стилим сөзсүз өзгөрөт, сахнага жаңы имидж менен чыгып, өзүмдү түрдүү образда сынап көрөм. Сахна адамы болгондон кийин элди дайыма таң калтырып туруш керек эмеспи. Өзүм шоу кылганды жакшы көрөм. Жөн эле бир орунда туруп алып ырдаган мен үчүн эмес. Буюрса, бий менен ырды чогуу алып кетем. Күйөрмандарым алдыда менден көп кызыктарды күтсө болот.


«Балалуу болгондон кийин жолдошуңду мурункудан да катуу сүйүп калат экенсиң».

Лунара Бекиева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  15 
Комментарийлер(153)
21.04.2016. 01:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Besh
21.04.2016. 01:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-11
Эч кимди укпа, айрыкча адамдарды. Оз жолун менен кете бер, ит уро берет, Кербен журо берет. Ар итке таш ыргытып отурсан барар жерине жетпей каласын. Кыргыздын бактылуу уй булолорунон болгула.
suban78 түзөттү 2016-04-21 01:14:00
21.04.2016. 03:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Эмнеле сынап жамандап атасынар? Айгерим деле уже Чон аял болуп калды да, баягыдай жаш кыз эмес акылы кирип дегендей. Бактылуу болсун
24.04.2016. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
:) чон аял болуп, акылы кирип калганы суротто корунуп турат. Же сурот эскиби ?
21.04.2016. 03:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Молодец!
21.04.2016. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-12
бул шаардык кыз экенин билебиз шаардыктардын баары эле ачык чачык кийнгенди жактырышат бирок бул кыз анча мынчага караганда жакшы эле бактылуу болсун ишине ийгиликтер болсун
21.04.2016. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Сындатырып еле койсо силерди, озунордун башынардагы донгочту горбой, бироонун башындагы чопту горосунор ееее. жол силерге.
21.04.2016. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Ой аран тааныбадымбы озгоруп кеткенби
21.04.2016. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-11
Айгерим сахнага чыга электе эле копчулуктун к... куйуп, ичи ортонуп кеттиптирго. Эртен ырдап чыкса эмне болот экенсинер элестетким келбейт. Мынча чычалайсынар? Куйосу колдоп, бактылуу жашап жаткандан кийин кандай ишинер бар. Ошого дагы онукпойбуз да. Ичинер куйсо туз жалагыла!  Ушу жамандап жаткандар артистер эле.  Кызыгы жок болсо эч ким кирип жазып окумак дагы эмес. Айгерим демек сен бийиктесин! Сен жаратчу ийгиликтер алдыда! Эч кимди укпа, караба только вперед!!!
21.04.2016. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Чыгармачылык ийгилик каалайм, азаматсын Айгерим. Дагы жаны ийгиликтерди жаратарына ишенебиз, куйормандарын дайыма жаны ачылыштарды кутот.
21.04.2016. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
Айгерим абдан жагат мага. Коздору чоон супсулуу эле го. Эмне эле жамандайсынар??? Просто кыска кийгени эле болбосо. Менимче Айгерим узун жабык кийимдерди кийсе анда кыргыздардын баары анын куйормандары болмок. Айгеримдин жакшы жерлерин байкасанар жакшы эле кыз го. Озгочо кулгону жагат. Айгерим эже эгер окусаныз анда бир жолу узун жабык кийсениз анда сизди сыйлай башташат
21.04.2016. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Бул жерде ар ким өз оюн жазат. Өз акылы өз кенеши бар дегендей. Мактагандар мактай бергиле а башкалардын оозуна эмнеге капкак болосунар? Же силер мактап жакшы көрсөнөр биз да макташыбыз керекпи? Өз оюнарды жазып чыгып кеткиле башкалар менен ишинер болбой. Айгерим сизге суроо да: кайын журттун үйү менин үйүмдөнда чон дегенинизди уккам аны качан эл алдына тартып чыгарасыз? Күтүп калсак болобу?
21.04.2016. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
asi.gulum,эч качан бироонун байлыгына кызыкпа!!!
Svoboda83 түзөттү 2016-04-21 21:16:45
21.04.2016. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Бул кыз Расул деген ырчынын кызы болот беле? кичинекей кыз эле турмушка чыгып кыздуу болуп калыптырго булда ырдачу беле атасына окшоп? Кубик деген ырчынын да кызы бар алда атасына окшоп ырдайт беле? экообун алмаштыра берем Кубик менен Расулдун кыздарыда бир аз ырдагандарын коргон окшойм
21.04.2016. 21:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Svoboda83, айдан тушконсуз бейм? ))) )
22.04.2016. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
arzuuu,балким чет олкодо жашайт ))
22.04.2016. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Svoboda83,сен дагы бир аз эс алып чукоойноп келишин керек экен,жаман адамдын оозунан жакшы соз чыкпайтдеген чын тура
22.04.2016. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Азамат Аттокуров менин классташым,Ошто Боконбаев мектебинде чогуу окуганбыз.Жакшы бала болчу,оор басырыктуу,спокойный,бирок кыздарды оло ыйлатчу.Айгерим Азаматтын мээсин жесе керек,башына чай кайнатып)).Ырчылар,деги эле шоу бизнестегилер оз уй-булоосу жонундо,ар гезиттин санына чыгарып,мактап же жамандабай эле сыр сакташса жакшы болот эле.Кимге кызыгы бар,кандай имидж менен чыгасын,куйоон менен ажыраштыебы,куйоон эмне деп эркелетет,кайын журтка кандай келин болдун,зачем все это,не пойму...
22.04.2016. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кыскасы бактылуу эле болушсун.
22.04.2016. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
KYRGYZJERI, башкаларды чаташтыруу максатындагы билдирүү калтырууга тыюу салынган. Эскертүү!
22.04.2016. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Айперинин атасы Расул Маматкуловдун берген интервьюсунда "Кызымдын ушинтип (ачык кийинип) жургону мага жагат" деген жери бар. Куйоосуно, кайын журтуна да жагат экен да значить. Бирок козго басар бир да ыры жок, ырдалат кайра унутулат.Мисалы азыр бир да ырын эстей албай жатам Айперинин. Айперини ырдатпай эле бийлеп жургону жагат мага, а ырды атасы Расул майын чыгара ырдайт. Баласы деле норма ырдап калыптыр.
22.04.2016. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nazira...,айпери эмес АЙгерим
22.04.2016. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
ош шаарынын салондорунда эринди кырмызыга боёгон модабы? кечээ телевизордо да жаш келинди боёо деп ошондой туско боёду.
22.04.2016. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Айгерим сага ийгиликтерди каалайм...
22.04.2016. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бактылуу болсун аллах озу ыйманга келтирсин!
22.04.2016. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер Инфо саламатсызбы? Б.Байсариев, А.Чоткараева жонундо жазыныздарчы?!
22.04.2016. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
magic1721, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
23.04.2016. 08:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жакшы бактылуу болгула бирок коп мактанба
23.04.2016. 09:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Узун кийсен сыйлайбыз депсинер копчулук,узун кийген Самара Каримованы да тынч койбойсунарго улуу корунот деп адам баласына эч нерсе жакпайт озу
23.04.2016. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул жерде бут баары Айгеримдин душмандары окшойт деп ойлоп калдым)))Чынында мага да жага бербейт(эмнеси билбейм)Бирок жамандагандан алысмын.Оз жашоосу озу билет.Бактылуу болсун!
23.04.2016. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Озу,Кыргыз калкыма соз жоок да))Кичине башы которулуп коруно калса эле жоок кылганга шашасынар))Эми ошол Эл учун жаралган элдин кызына асылбай эле койбойсунарбы?))
23.04.2016. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ырдап чыгып эле кыйратмак беле, Бир норма ыры жок. И имиджин деле кыйратпайт. Биздин ырчылар имидж боюнча акыркы орунда турат.
24.04.2016. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бактылуу болгула эки дуйнодо жакшынакай болуп эрчишип жургуло,элдердин куйуп аткан ичи орттонуп кетсин.Бекерчилер силер Айгеримге жетип алып,анан суйлогуло макулбу?Бироого жаман соз айтып эмне пайда табасынар элдер.Уят ишинди кыл бироону жамандабай.
24.04.2016. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Бактылуу болсун!Бул кыздын келечеги алдыда да.
24.04.2016. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мин имидж менен чыкканын менен жарашпайт.клиптери вопше жакпайт
24.04.2016. 19:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Куйоосунун уйу Айгеримдин озунун уйунон бир топ эле кичинекей, кеп байлыкта эмес, болгону биздин уйдон да кайын журтумдун уйу чон экен дегенине айтам да
24.04.2016. 20:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азыркы заманды биз буздукпу же бизди заман буздубу тушунбой калдым ээ
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо