ТАЛАСТА КӨЧӨГӨ ТАШТАЛГАН ЫМЫРКАЙДЫ ИТ ЖЕП КЕТТИ

№702 15-апрель-21-апрель, 2016-ж

Кыргыз Республикасынын Кылмыш жана жаза кодексинде 121-берене бар. Анда өзүн сактап калууга мүмкүнчүлүгү жок адамды жардам бербестен калтырып кетип, анын кесепетинен өмүрүнө зыян келип же коркунуч жаралса таштап кеткен адам 3 айга камакка алынат. Ал эми бул жосундун аягы өлүмгө алып келсе күнөөлүү 3 жылга чейин эркинен ажыратылат. 26-мартта Талас шаарында 25 жаштагы «күкүк эне» көчөдөн төрөп, баласын бир үйдүн короосуна таштап кетсе, аны ит жеп салган. Баласын таштап кеткен аялдын үстүнөн жогорудагы 121-берене боюнча кылмыш иши козголду, эми ал кандай жаза аларын сот чечмекчи.

«БАЛАНЫН АТАСЫ БЕЛГИСИЗ»
5-апрель күнү Талас ОИИБинин маалымат кызматы «итке жем болгон ымыркайды таштаган деп анын 25 жаштагы энеси колго түштү» деген маалымат таратты: «26-мартта Талас шаарынын Оторбаев көчөсүндө жайгашкан үйдүн короосунан жаңы төрөлгөн ымыркайдын сөөгү табылган. Колу-буттары, башынын жарымы жок табылган денени шаардык оорукананын өлүкканасына алып барып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Сөөк табылган аймакка аны иттер сүйрөп барып, жеп кетишкен. Ымыркайды төрөп таштап кеткен аялды жана жеп кеткен итти милиция кызматкерлери издеп башташкан. Ымыркайды ташталган үйдүн ээсине таандык алабай породасындагы ит жеши мүмкүн деп аны сойгондо ичинен ымыркайдын дене мүчөлөрү чыккан. 4-апрелде баланын энеси делип 25 жаштагы келин кармалды. Ал: «Бага албайт болчумун, никеси жок төрөгөм. Бирөөлөр таап багып алсабы дегем. Баланын атасы ким экендигин билбейм»,- деген көрсөтмө берди. Кылмышка шектүүнүн айтымында, ал 26-март түнү шаардагы көп кабаттуу үйлөрдүн жанында уул төрөп, киндигин үзүп, баланы бир үйдүн дарбазасынын алдына таштап кеткен. Сурактын жүрүшүндө шектүү турмушка чыгып, ажырашып кеткени жана анын бир кызы бар экендиги аныкталды. Кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бала тирүү төрөлгөнбү же өлүүбү ал экспертизанын жана тергөө иштеринин жыйынтыгы менен анык болмокчу».



«ЖЫРГАГАНЫНАН ТАШТАБАСА КЕРЕК»
Талас облусу боюнча акыйкатчынын өкүлү Арзыкан Момунтаева буларга токтолду:
– Кылмышка шектелип кармалган келиндин жакындары мага кайрылышкан жок. Тиешелүү маалыматтарды топтоп жатам. Бирок ал келиндин туугандары өздөрү арыз менен кайрылмайынча окуянын тергелишине аралаша албайм. Ал деле жыргаганынан таштаган жок да, атасы каза болуп калыптыр, турмушу канааттандырарлык болгон эмес. Баланы турмушу жакшы үй-бүлөнүн короосуна багып алсын деп таштаган экен.

«СОТТУН ЧЕЧИМИНЕ ЖАРАША ЧАРА КӨРҮЛӨТ»
Талас облустук Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин өкүлү Дамира Токторбаевага да кайрылып, маалымат алдык:
– Окуя тууралуу билген соң келиндин кызы бар экен деп угуп, анын кайсы жерде жашап жаткандыгын аныктадык. Ал Талас районуна караштуу Конезавод айылында келиндин туугандарыныкында багылып жатыптыр. Бизге жеткен так эмес маалыматтарга таянсак, кыз бала бир жарым жашта. Аны мамлекет камкордукка алабы-жокпу азырынча чечиле элек. Ташталган баланын энесинин иши сотко жете элек. Тергөө аяктап, иши сотко өтсө, анда аны энелик укуктан ажыратуу же ажыратпоо маселеси да каралат. Эгер сот аны энелик укуктан ажыратса, камкордукка ала турган жакын тууганы жок болсо гана мамлекет тарабынан камкордукка алынат. Биз да соттун чыгарган чечимине жараша чара көрөбүз.

«ТӨӨ БУУРЧАК СОРТТОП ИШТЕЧҮ»
Келиндин үй-бүлөсү менен байланышууга аракет жасадык. Анын атасынын иниси Эмир Тургуналиев карындашы Талас шаарында иштеп жүргөнүн айтат:
– Мен Конезавод айылынан алыс Шумкар деген жерде мал багам. Кыздын агасы дагы азыр мал багып тоодо. Аны «Талас шаарындагы жеке менчик ишканада төө буурчак сорттоп иштейт» деп жеңем айтып калчу. Атасы каза болуп калган. Мурунку турмушунан төрөгөн кызын азыр жеңем багып жүрөт. Кызы иштесин деп өз колуна алып калган. Мен деле анын эмне менен алектенип жүргөнүн билчү эмесмин. Ар кимдин өз жашоосу бар, турмушубуз бөлөк дегендей... Жаштык кылды да. Кош бойлуу экенин апасына айтса аман-эсен төрөтүп, бир айласын кылышмак экен. Чоңоюп, турмуш көрүп калган кыз, өз жашоосун өзү чечет дечи, бирок ушундай болуп кетти.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(67)
18.04.2016. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Наристеге аябай боорум ооруду. Чырылдап чырылдап унун эч ким укпай кете берди да. Энесине соз жок тооба кылдым.Ар бир адамда акыл-эс болсун.
19.04.2016. 06:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кудай сактасын ушундай кантип адам болсун малда баласын таштап кетбейт кочого бага албаса жон журбойбу озун тыйып балада не куноо
19.04.2016. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ой тобо жаны торолгон бала кандай чынырып ыйлады экен иттер талап атканда мин наалат болсун сага ошого эсинер барда этегинерди тыйгыла кыздар убалы жаман болот. . .
19.04.2016. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Озун итке таланып ол!!! Айбан десе кантип таштап кетти баланы. Журогум ооруп жатат элестетип алып.
19.04.2016. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Торотканада зорго торошот го келиндер,бул кочодо кантип тороду болдукен,бироо жардам бердиби? Эмнеге ити бар экенин билип туруп ал короого таштады экен, коп кабаттуу уйго таштаганда балким тируу калмак байкуш бобок,жарык дуйного келбей жатып азаптуу олумго дуушар болуптур, кандай гана аянычтуу. Энесинин куноосун Кудай озу кечирсин. Баланын атасы болсо керек, уй-булоолуу болсо, баладан баш тартса жашырды да бул келин. Ушундан коро бойунда буткондо эле алдырып салбаптыр да. Кызы эмне болот эми
19.04.2016. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бироого зар бала,бироого кор бала.
Канча адамдар балалуу боло албай сатып алышат
19.04.2016. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Ушул элеби? Кыргыз кыздары мындан да чон иштерге дити барат. Жон эле баласын ит жеп кетиптир. Ийгилик кыргыздын кыздары. Атын чыкпаса жер ортто дейт.
19.04.2016. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Almaz-93,ошонун боюна кыргыздын жигиттери пайда кылып жатпайбы? ал наристенин атасы ким экенин билбесе кыргыздын чыгаан жигиттери зордоп койсо керек кыргыздын жигиттеринин намысы болсо алдынан чыккан кызды баса калбай ойлонбойбу?
19.04.2016. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Балалуу боло албаган дар канча .... Эххххх
19.04.2016. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эх эх баарын заманга, жетишпеген жашоого шылтайбыз. А бирок, жатканга келгенде, балекеттей жатып турасынар.Ушундай окуяларды окуганда куйом да куйом, чыдабай олуп талып жаткынар келип, баратсанар толтура сактаныштын жолдору бар го айланып кетейиндер.Кыргызымдын кыздары намыстуу, эрктуу болгулачы кичине болсо дагы.Айбанга тенейбиз, айбан дагы силерге окшогондон мин эсе ойдоорок.Айбанчалык дагы боло албайсынар, акмактар, наадандар, куйуп олгурлор!!!!!
19.04.2016. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
бул жерде акыйкатчынын таластагы окулу туура жооп бериптир. кокуйлатып эле бироону каралап жатып калбасак. бироого ый болуп атса барып суракка такабасак
19.04.2016. 18:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ар-намысы жок экен. Алла ыйман берсин!
19.04.2016. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым,заманыбыз эмне болуп баратат...бирөөнө зар,бирөөнө кор дүйнө...
20.04.2016. 02:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшына ой менен эле таштаптыр.
Ит жеп кетет деп ойлогон жок да.
Башкалар бар го туалет,мусорго таштап кеткендер.
Аллах куноолорубузду кечире кор!
20.04.2016. 04:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарын эле жокчулука шылтаган болбойтко дейм.он эки мучон сообу анда сенден откон бай адам жок мындайга акылы жок, сабыры жок кудайдан коркпогон барат.айбандагы барбайт мындайга.
20.04.2016. 08:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура эмес иш кылсак эле бироого шылтап койгонду жакшы коробузбу?
20.04.2016. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адамдар айбандан да томон болуп баратабыз.Акчасы жок олуп бараткан учурда да оз канынан жаралган наристени таштап кетиш айбандык деп деп айтууга болбойт анткени айбандар да баласын таштабайт
20.04.2016. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тооба.Жок дегенде уй ээси чыккыча карап турса болмок экен.Айта турган соз коп...
20.04.2016. 20:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
JUROK,туура айтасын. Качан уй ээси чыгып баланы алганга чейин кутуп турса болмок. Окуп алып журогум зыркырап кетти
21.04.2016. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Емне деген акмакчылык ушунчалыкка кантип барды

21.04.2016. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы ойдо таштаганда бечара.Заман куноолуу заманды курган баардыгыбыз айрыкча бийликтегиоер куноолуу.
21.04.2016. 18:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызды куноолобогуло ар бир Адам кабылышы мункун сен болбосом сенин бир тууганын балдардын кыздарын.Соттгй турган жалгыз АЛЛАХ!
22.04.2016. 08:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Биз эн жакшы заманда жашап жатабыз, Аллахка шугур. Ушундай Аллахтан коркпогон уятсыздар оздору куноолуу. Инвалид эмес экен го, иштесе болот да жокчулук дебей...
22.04.2016. 22:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кантип бечара деп атасынар тооко 100тукум бастырсанар бирин таштабай багат.тоокчо мееси иштебеген адам сымал 5минуттук жыгалчылык учун бала арттырып же ал баласына роддомдо еле отказной жазып бербей канынан жаралган баласын ай талаага таштаган.тоок мее дейин десем тоок да акылдуураак болуп атпайбы
22.04.2016. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
багалбайм дебей такккыр айла жок калса талаага таштабай интернатка таштап барып иштеп уй алып балдарын кайра албайбы.бир жыл жакшылап иштесе вагон болсо да алмак,зато балдары жанында болмок
23.04.2016. 02:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айткандын оозу ыйлагандын козу жаман. Бул корунуш башкаларга сабак болсун. Болор иш болуптур,окунучтуу. Айла жок.
23.04.2016. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кээ бирлер балага зар , кээ бирлер баланы хор кылат.Аллахтын алдында ар бир кылган ишибиз учун жооп беребиз!
24.04.2016. 00:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сакта!
24.04.2016. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бироого кор бироого зар дуйно.
25.04.2016. 07:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мыкаачыго
25.04.2016. 08:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым баарыбыздын куноолорубузду кечирсин, мени ит жеп жаткандай эле кыйналдым го.
04.05.2016. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх жашоо жашоо кандай таттаал кээ бироо учун.Таттаалына кабылыптыр кукук эне.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо