Бегимай Бекбоева: «ТАЕНЕМ КАЗА БОЛОРДО СЕНИ БАГЫП АЛЫШКАН ДЕП АЙТКАН»

№702 15-апрель-21-апрель, 2016-ж

Белгилүү куудулдар Бекбоевдердин үй-бүлөсүндөгү чындыктар ачыкка чыгууда. Буга чейин жубайлар Токторбек Бекбоев менен Жаңыл Бекбоеванын ажырашып кеткени тууралуу жазган элек. Жакында Жаңыл айым үй-бүлөсү кандай себептерден ураганын айтып гезиттердин бирине маек курган. «Ар бир адамдын өз чындыгы бар, мен бала катары ата-энемдин ажырашуусунун себептерин айтып берейин» деп кызы Бегимай Бекбоева бизге кайрылды.

– Бегимай, апаң Жаңыл Бекбоева атаң менен ажырашып кеткенин айтыптыр. Сен бул боюнча «өз пикиримди билдиргим келет» деп жатасың. Сенде кандай чындык бар?
– Ата-энемдин ажырашып кеткенине 5 жыл болду. Бул жылдар аралыгында эч кимге сыр билгизбей жашап жүрдүк. Башында чын эле ажырашпаса керек, убактылуу таарынышып жаткандыр деп ойлоп жүргөм. Бирок андай болгон жок. Бир жылдары атамдын агасы, анын артынан иниси удаа каза болушту. Таежелерим колунда бар адамдар, алар атамды басынтып «ушулардын өлүмү бүтпөй койду» деген сыяктуу жаман сөздөрдү айтып туруп алышты. Ошондой чоң сыноону апам да көтөрө албай, алардын сөзүнө кирип «мен өзүмчө иштейм, өз жанымды багам» деп кетип калды. Бир туугандарын жоготуп кайгы басып отурганда сиңдим экөөбүз атамдын жанында калууну туура көрдүк. Кийин апама чалып «чогуу эле иштейли» десек, «өзүм жалгыз болгон жашоону тандадым, бул менин каалоом» деп туруп алды. Бир жолу да апам кетип калганда артынан барып алып келип, өзүм элдештиргем. Экинчи ирет кеткенинде бул анын тандоосу деп түшүндүм. Апамдын кетип калышы бизге чоң сокку болду. Ошондон кийин күйөөгө чыксам балдарымды таштабайм деп өзүмө сөз бергем.

– Жаңыл Бекбоева «бардык жүктү өзүмө артып алганыма өкүнөм» дептир. Үйдө оокат-тиричилик апаңдын гана моюнунда беле?
– Апам «арабаны өзүм тартчумун, эркек эркектин, аял аялдын ишин кылыш керек» деп айткан экен. Негизи «мен» деп эле айта бербеш керек. Анткени атамдын да эмгеги чоң. Атам күчтүү өнөктөш болгону үчүн апамдын таланты ачылды. Апам «бас иштейли, ушинтип эле жата беребизби?» деди. Атам бир туугандарын жоготуп стресс болуп жүрсө кантип иштейт? Апам кеткенден кийин деле чыгармачылыгыбыз токтоп калган жок. Ортодо миллион сомго жакын карыз болуп кеткенбиз, ошонун баарынан акырындап кутулуп, бутка туруп келе жатабыз.

– Андай көп суммага кантип карыз болуп калдыңар?
– Таежелерим үйүнө бир нерсе алса апама дагы «ала бер да, кутуласың» десе эле апам дүнүйө чогулта берген. Уруштун дагы бир себеби ушул. Ошол карыздын үстөк пайызы өсүп кеткен. Аларды калтырып басып кетти. Апам кеткенден кийин атам «келбейсиңби?» деп чалып да жүрдү. Ошондогу апамдын «мага чалбагыла, мен күйөөгө тийип кеткем» деген сөзү атама катуу тийген. Бул сөздү эмне себептен айтканын билбейбиз. Ушундай нерселерге кабатырлана берип микроинфаркт да болдум. Кудайга шүгүр, сыноолор артта калып, азыр баары орду-ордуна келди. Апамды эч качан жамандагым келбейт. Азыр жанында жүргөн достору, туугандары бир нерсе болсо көп дегенде 3 күн карашар. Келечекте апамды колума алам деген ниетим бар.

– Эми апаңар менен такыр байланышты үздүңөрбү?
– Кыргызда «ата-эненин ыраазычылыгын алмайынча ишиң жүрбөйт» дейт. Жаңы жылдын астында апама чалып байланышканга аракет кылгам. Ошондо дагы бир жолу апам үчүн кыздарынан дагы достору маанилүү экенин түшүндүм.

– Сиңдиң экөөңөрдүн Токтор агай менен калганыңардан улам «өз апасы эмес окшойт» дегендер болуп жатат. Чын эле ошондойбу?
– Мен таенемдин колунда өскөм. Апам башынан эле эмнегедир мага мээрим төгүп мамиле кылган эмес. Атам да «Бегимайга өгөй кыздай мамиле кыласың» деп апамды урушуп калчу. Таенем каза болор алдында «сени багып алышкан» деп мага айткан. Атамдан сурасам каткырып «өзүбүздүн эле кызыбызсың» деп койгон. Кандай болгон күндө да апамды жакшы көрөм.


"Атам бир туугандарын жоготуп кан жутуп турганда аны калтырып кете алган жокмун".

Жубайлар Токторбек, Жаңыл Бекбоевдер сахнада мыкты өнөктөш болчу.

Динара Абдыкадырова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(70)
19.04.2016. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бегимайдын апасы жаш эмеско,ажырашып кеткидей. Силер СССР убагындагы пенделерсинер,ажырашканынар уят эле.
19.04.2016. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бегимай эч чокпо! Биринчиден сенин Жаныл эжеденда акылдуу, ыймандуу экенин корунуп турат.Жаш туруп коп нерсе отуптур башындан.Чындыкты айтыпсын, Аллахым сага жардам берсин. Биз сен мененбиз!!!
19.04.2016. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эн башкысы кыздын куйоосу багын ачат, багынды ачкан адамга жолук .
19.04.2016. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эч ким билбейт да эмне болгонун,ар кимиси ар кандай айтат.Бул жашоодо баары болот турбайбы,бакубат жашоого кыйынчылык жармашып турат.Башты ойдо которуп,чокпой жашоо керек турбайбы.
19.04.2016. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бегимай белди бекем бууп алга. Сага ийгилик.эч качан башты жерге салба. Жараткан аллах жардам берсин.
19.04.2016. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Бегимай силерге карыз акча берген мен болчумун, маман аны сенин клибине жумшабады беле. Чуркап журду эле сени чыгарам деп ,бекер кеткен экен эмгеги . Атандын туугандары каза болгондо , мамандан башка киши чуркаган эмес. Атан ошол кезде ичип уктап жаткан. Ыйман берсин Кудайым силерге.
20.04.2016. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Aizirek2014, Бегимайдын таежелеринен болот окшойсуз айтканынызга караганда. Бироонун откон жашоосун талкуу кылба озундун келечекгинди билбейсин...
20.04.2016. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Aizirek2014,Карызды ким бергенин озу деле билип толоптур го.Карыз акчаны дунуйо чогултуп алган экен деп жатпайбы.Тооба.
19.04.2016. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай апалардан кудайым сактасын!
19.04.2016. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик каалайбыз карындашка.
19.04.2016. 21:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озунун эле апасы абдан окшош
19.04.2016. 23:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сизге ийгилик.жашоодо ал бетте ойдо ылдый болот.
20.04.2016. 00:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакында Жаңыл айым үй-бүлөсү кандай себептерден ураганын айтып гезиттердин бирине маек курган.
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-04-20 09:32:45
20.04.2016. 00:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башкы суротто бегимай жаздыка суйонуп турабы же фруктыбы?
20.04.2016. 00:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Картайып кетипсин бираз. Куйоого тийип алчы тезирээк. Абдан озгорупсун.
20.04.2016. 01:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Менимче бул жерден Бегимай , атасы дагы кунолу. Оздорун ак кылып ,мамасын эле кунолой бериптир. Апанды сыйлабаган ,башканы сыйламак белен.
20.04.2016. 03:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уй-булодо болгон ойдо-томонду жарыя кылбай эле коюшса болмок. Аброюу тогулгондон башка пайда жок.
20.04.2016. 03:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бегимайдын булар сахналаш атасы менен апасы...атак озунун апасы атасы башка...мен билбепмин эле инстаграмда катталган болчу менде ошол жактан билдим
20.04.2016. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
saltanat222, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
20.04.2016. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Миң жаман болгон күндөда апасын элге жамандабаш керек.
Энесин жамандаган кыздардан кудай өзү сактасын!
Эмне деген заманда жашап калдык, кудай ай!
20.04.2016. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бегимай суйомго сени бактылуу бол
20.04.2016. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
hann, мен оз оюмду айтып жатам, ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-04-20 13:10:35
20.04.2016. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aizirek2014, жеке айтышууларга тыюу салынган жана далили жок кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-04-20 13:10:15
20.04.2016. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
апасынын берген маегин окуган элдер,Бегимайды эси жок экен,жаман кыз экен дегендер толтура ошого,бул дагы өз оюн айтайын десе керек.
20.04.2016. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ушул кыз Асель Турдалиевага аябай окшош балким синдиси болуп журбо.эмнеси болсо да бактылуу бол .бирок уй булодогу сырды сыртка чыгарып кереги жок.
21.04.2016. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактасын баарыбызга ыйман ынсап берсин Аллах эч кимдин турмушу бузулбасынчы.
21.04.2016. 21:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жашоодо ар кандай соккуларга даяр турушубуз керек
22.04.2016. 20:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Караңгы түндүн артынан сөзсүз агарып аткан таң келет. Сизге ийгилик каалайм сабырдуу болуңуз
23.04.2016. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аяп кеттим,козумо жаш тегеренип кетти негедир.Адамдын сулуулугу сыртында эмес экенине ынанып кеттим.Жактырчу эмес элем...Акыл-эстуу экенине баа бердим.Бактылуу бол ылайым!
23.04.2016. 20:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сабырдуу бол Бегимай
24.04.2016. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Башка бироонун уй булосу-карангы токой! Билип билбей талкуу кыла бербейличи, эл журт. Бегимайга келсек, озу сулуу эле кыз кийинуу стили жана макияждары ото начар. Чачын да бир кызыктай сарыга боегон экен эле, жарашкан эмес.
25.04.2016. 00:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акылы жок кыз окшойт,же Ата эненен уялып журуп,Эми багып алган сени деп айтты дейт,таенен антип айтмак эмес,акылы жок,анда изде таштап кеткен Ата эненди
27.04.2016. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Энеси кызы миллион акча карыз болсода жардам бериш керек деп ойлойм,Бегимай суперсин сен кайгырба маман келет бирже куну кечирим сурап.атандында сенин да чыгармачылыгынды сыйлайм молодцы
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо