СПОРТЧУЛАРДЫН АСМАН ЧАПЧЫГАН МАЯНАСЫ

№702 15-апрель-21-апрель, 2016-ж

Атактуу спортчулар жарнамага тартылуудан тапкан кирешеден тышкары миллиондогон айлык да алышат. Бул макалада белгилүү спортчулардын чөнтөктөрүн текшерип, ким канча маяна аларын эсептейбиз.

ТАЛААДА БИР ТОП ТАЛАШКАН 22 МИЛЛИОНЕР
Эгерде спорттук жагдайды башкача өңүттөн алып карасак, футбол талаасында 22 миллионер бир топту кубалап жүрүшөт. Белгилүү футболдук клубдар футболчулары менен миллиондор менен гана эсептешет. Учурда футболчулар арасында эң көп маяна менен мадриддик «Реалдын» футболчусу Криштиану Роналду айырмаланат. Ал эми «Барселона» Лионель Мессиге андан бир миллион еврого азыраак акы төлөп келет. Салыштырсак, Кыргызстанда футболчулар айына миң доллардын тегерегинде айлык алышат.

Алдыңкы бешилтик:


КАПЧЫГЫ КАЛЫҢ БАСКЕТБОЛЧУЛАР
НБАнын (Улуттук баскетбол ассоциациясы) акыркы жылдары «Роналду – Месси» тиреши сыяктуу Коби Брайант менен Леброн Жеймс өз ара тең тайлашып келет. 37 жаштагы Брайант бул сезондун аягы менен карьерасын жыйынтыктайт. «Кара мамба» НБАда 7 жылдан бери эң көп акы алып келген. Эми бул рейтингди кийинки жылдары Жеймс алмаштырары күтүлүп жаткан иш.

Алдыңкы бешилтик:

МУЗ АЯНТЫНДАГЫ БАЙЛАР
Бул спортто Канада менен АКШнын улуттук хоккей лигасында (НХЛ) эң көп маяна төлөнөт. Хоккейде командалар оюнчулар менен көп жылдык келишим түзүү менен айырмаланат. Алсак, «Нэшвилл» командасы Ши Уэбер аттуу коргоочусу менен 14 жылга келишим түзүп, спортчу жылына 14 миллион доллар маяна алат. Олимпиада чемпиону Сидни Кросби 12 миллион доллар алса, орусиялык бомбардир Александр Овечкин 10 миллион доллар алат. Салыштырып көрсөк, Орусиянын КХЛ (континенталдык хоккей лигасы) хоккейчилеринин арасынан эң көп маяна алган Александр Пережогин жылына 100 миллион рубль (болжол менен 1 жарым миллион доллар) алат.

Алдыңкы бешилтик:


БЕЙСБОЛЧУ МИЛЛИОНЕРЛЕР
Америкада ойногон бейсболчулар дүйнөдөгү эң кымбат жана олуттуу келишимдерге ээ. MLB лигасында ойногон бейсболчулар көп жылдык келишимдерди түзүп, жумасына жүз миңдеген доллар табышат. Андыктан бейсболчу болуу да абдан кирешелүү.

Алдыңкы бешилтик:
 

ШУУЛДАГАН ЖАРЫШЧЫЛАР
«Формула-1» бекеринен «жарыштардын падышасы» атка конгон эмес. Ар бир жарыш спортчулардын өмүрүнө коркунуч туудурат, андыктан айлык ошого жараша төлөнөт. Кызыгы, бул рейтингдин сап башында бир нече жылдан бери Дүйнө чемпиону аталып келе жаткан британдык Льюис Хэмилтон эмес, «Ferrari» командасынын жарышчысы Себастьян Феттель турат.

Алдыңкы бешилтик:

 

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(16)
18.04.2016. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Спортсмендин баары эле миллионерго
18.04.2016. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик баарынарга!!!
18.04.2016. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Булардын 1 жылдык алган маянасы мага 1 омурго жетет
18.04.2016. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Рон красавчик! ийгилик баарына.)
18.04.2016. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Роналду жонундо интер чыгып аткан создордон кийин,жакпай калды.(чын эле ошондойбу...деп)
20.04.2016. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
gulkar,Элдер айта берет))
18.04.2016. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Super.kg malymattyn baaryn ele netten alat turbaisynarby ee. Dayar nerseni)
18.04.2016. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Роналду красавчик жакшы оюун корсотуп жатат ийгилик
18.04.2016. 20:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Булардын бир жылдык маянасы КРдин бир жылдык бюджети.
19.04.2016. 09:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Спортту колдогон адам аз KG да
21.04.2016. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Almaz-93, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек. Эскертүү!
21.04.2016. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Саламатсыздарбы админ.Кыргызстандык спортчулардын маяналары жонундо да маалымат барбы?
21.04.2016. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
udacha.kg, саламатсызбы!
Андай маалымат азырынча жок. Бирок тиешелүү адистер сиздин сурооңуз тууралуу кабарланышты.
21.04.2016. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
урматуу админ super.kg— спорттон „валибол” тууралуу да жазгылачы (кызыктуу маалыматтардан) ¿спс!
21.04.2016. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Kyke08, саламатсызбы? Сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди, рахмат.
22.04.2016. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Роналду молодец
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо