Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

"АБАКТАН ТАПКАН МАХАБАТЫМ"

№702 15-апрель-21-апрель, 2016-ж

"ИНТЕРНЕТТЕН ЧЫКПАЙ КАЛГАМ"
– Жашоо кызык. Кээде оюңа келбеген кырдаалдарга туш болуп, турмушуң жарым жылга жетпей аңтар-теңтер болуп кетерин сезбей каласың. Атым Айжан, карапайым үй-бүлөнүн кызымын. Башкалардай болуп түнкү клуб, отуруш-кечелерге деле барган эмесмин. Жогорку окуу жайды бүтөрүм менен базарда соода кылып, эрте бутума турдум. Артымдан тынчымды алып чуркаган жигиттер көп болбосо да, сөз айткандар болчу. Бул менин кемчилигимби же хоббимби, интернетте жигиттер менен көп жазышчумун. Сүрөтүн көрүп жакса таанышам, жакпаса "кара тизмеге" кошуп коём. Таанышкан жигиттер менен жолукчу деле эмесмин, жөн гана тамашалашып эрмектегенди жакшы көрөр элем. Акыркы учурда бул жоругум адатка айланды. Апам да «жок дегенде үйдөн интернетиңди таштачы, болбогон аки-чүкүлөр менен сүйлөшө бербей» деп көп урушчу, агам да «сен күйөөгө тие турган жигит интернетте отурбайт, убара болбо» деп тамашалачу болду. Мага кызык да, боорум эзилгенче ыкшып, интернетте жигиттер менен жазышып отура берчүмүн. Ошондой күндөрдүн биринде мага белгисиз жигит жазып калды.
– Кандайсың, Айжан? Жаңы эле бир жигиттин сүрөтүнө "класс" басыптырсың, ошону тааныйсыңбы?
– Салам! Мен "класс" баскан сүрөттөрүмдү эстеп калбайм.
– Кызык, анда эмнеге басасың?
– Сенден сурап басайынбы? Жакты, басып койдум!
– Чоң кыз, оңураңдабай эле жооп берчи, айдан түшсөң да. Сени менен таанышуу максатында жазышкан жокмун, мага ошол жигит керек болуп жатат.
– Керек болсо өзүнө жаз!
– Ну и дура!
Ушинтип жазышкандан кийин ал мени "кара тизмеге" киргизип койгон. Адатта жигиттерди "кара тизмеге" мен киргизчү элем, бул жигиттин жоругуна таң калып да, жиним келип да отурдум.

«БЕЛГИСИЗ ЖИГИТ АБАКТА ОТУРЧУ ЭКЕН»
– Арадан 1 ай өттү. Адаттагыдай эле интернетте отурсам, баягы мени "кара тизмеге" киргизген жигит кайра жаза баштады.
– Кандай, Айжан, тааныдыңбы?
– Кайсы сүрөтүңдөн тааныйын, аюунун сүрөтүнөнбү?
– Сен жөн жооп бере албайсыңбы?
– Эми "кара тизмеге" мен киргизем сени.
– Баягы күнкү сен сүрөтүнө "класс" баскан жигитти таптым. Адвокатыма чалсам өчүк болуп жаткан, ошол жигит жаңы номерин билет болуш керек дегем. Акчамды алып...
– Сөздү узартпай айтчы, сага эмне керек?
– Сени менен таанышып алсам болобу?
– Болот, бирок азыр бош эмесмин, жумушум көп.
Ошентип ал жигит менин бош убактымды 1 жумадай күтүп жүрдү. Экөөбүз тааныштык, аты Алмаз экен. Башында орой көрүнгөн Алмаз жазыша келгенде шайыр, тамашакөй, билимдүү болуп чыга келди. Менден эч нерсесин жашырган жок, 1 жылдан бери абакта отурганын айтты. Айтымында, ага "бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, сотко жабырлануучу келбей, улам жылдырылып жатыптыр. Алмаз мага күндө абактагы кызыктарды айтып берчү. Түрмө кызматкерлери каалаганда камерага кирип көзүнө көрүнгөн уюлдук телефонду алып кетишет экен. Алмаз телефонун өчүрөрдө «шмон» башталды, менттер кеткенде чалам» деп жазып жиберет. Чынында, ошол убакта анын абакта отурганы мен үчүн чоң көйгөй эмес эле. Эмне болуптур, адам баласы адашат, кайра ал кемчилигинен сабак алат деп ойлочумун. Көрсө, баары эле мендей ойлой бербейт тура.

«ТУРМУШКА ЧЫГУУМА АТА-ЭНЕМ КАРШЫ»
– Алмаз экөөбүздүн сүйлөшкөнүбүзгө 7 ай болуп калды. Башында ага боорум ооруп, аяп, моралдык колдоо көрсөтүп, «көрөсүң, баары жакшы болот, сен акталасың» деп дос катары күч-кубат берип турчумун. Ал эми азыр ага болгон жылуу сезимдерим бар. Алмаздын акыркы соту жакында эле болду. Тилекке каршы, акталган жок. Сот аны 2 жыл 2 айга кести. Бирок анын карындашы, досу, мен болуп акча чогултуп Алмазды абактан куткарып калдык. Ак жеринен соттолду, күнөөсү жок деп азыр ар бирине айтып, аны актагым келбейт, болгону ал менин көзүмдө күнөөсүз, ак көңүл, ишенчээк жан. Экөөбүз эми үйлөнөбүз деп турганда ата-энем каршы болушууда. Ушунун айынан үйдө күндө ызы-чуу, уруш-талаш. Атам «соттолгон адамга турмушка чыккандан көрө бойдок жүргөнүң артык» деп жемелөөдө. Менин сабырым канчага түтөт билбейм, бирок дагы деле көгөрүп өзүмдүн оюмда турам. Учурда ата-энемдин батасын, ыраазычылыгын алып, эч кимдин көңүлүн оорутпай сүйүктүүмө турмушка чыксам экен деген үмүт менен жашап келем.

Айжан


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  11 
Комментарийлер(38)
18.04.2016. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
7ай тааныш болгон адамга озунуздун буткул омурунузду тапшырмаксызбы? Ата-энениздин кенешин угунуз алар сиздин бактынызды гана каалайт. Камакта отурган отурбаганы маанилуу болбосо да интернетте баары акылдуу боло берет. Жашоодо кандай экенин корунуз жузун эмес ички дуйносун. Менимче шашпаганыныз он.
18.04.2016. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ушундай окуяларды кайсы почтага жонотсо гезитке басат Супер айтып койчу сураныч.
18.04.2016. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
infomit, саламатсызбы? Lira@super.kg дарегине жазып жөнөтүңүз.
18.04.2016. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Абакта отурса эле,алар адамдыктан чыгып калабы? Жанылбаган адам болбойт,бул дуйнодо.Баары бактылуу болгонго татыктуу.
18.04.2016. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
gulkar, ооба да туура айтасын. Бирок бизде абак системасы жаман. Турмого тушкон адам кайра бузулуп чыгат же ооруп чыгат. Озгортуш керек абакты. Абакка тушкон адамды строго же окутуш керек, же иштетиш керек. Дин жактан таалимдерди берип, намазга тургузуп турмодон чыкканда жакшы адам болгонго жардам бериш керек
18.04.2016. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Абакта ким отурат? Баягы эле бей-бечаралар.Жабырлануучу тарабы жок эле адамды соттоп жиберген окуяны билем, карызын доолап ызы-чуу салган кишини 3жылга кесилгенин билем...гезит беттеринен сот адилетсиздигине кабылган адамдар тууралуу коп окучумун бирок конул болбоптурмун. Чыныгы тозоку, бейиштен орун жок адамдар соттор болот турбайбы.Акча берсен бир кундо бошотуп жиберет,калыстык,адилеттулук дегенди уруп ойношпойт силерге куру соз жетпейт кыскасы аман эле болгула!
18.04.2016. 20:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Суйуу жаман нерсе.Эч нерсе козуно корунбой калат го.Бактылуу бол.
18.04.2016. 21:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-14
а мен ушул суйуу деген жомоко эч качан ищенген эмесмин Жана ишенбейм да.Адам каалаган убакта суйуп каалаган убакта ал нерседен кечип койсо унутса болот.
20.04.2016. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Siren.ms,суйуу келе элек экен сага
21.04.2016. 21:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Siren.ms,тоок экенсин
19.04.2016. 00:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кайсы суротундон тааныйм. Аюунун суротунонбу деген маеги жакты)) анан суроо бул чыныгы окуябы?
19.04.2016. 06:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен дагы суйлошом бир жигит менен абакта олтурат эки жылдан ашыптыр билбейм ошол жигитке менда кызыгам жакшы корсон баарына кайыл болуп жашайсын ата энен менен суйлош тушунтур сени тушунушот
19.04.2016. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
AygulSumaya, Анан ал жигитинди коруп,жолуктун беле???
21.04.2016. 20:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
gulkar,жок мен россиядамын ал жигит абакта
19.04.2016. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Козун жетсе турмушка чык пешенене эмне жазса ошону коросун азыр абакта олтургандардын арасында акчасы жок же куру тоомат менен олтургандарда бар.
19.04.2016. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айжан беш кол бирдей эмес, жети олчоп бир кес ар бир ата эне эч качан баласына жаман болуусун каалабайт. Сен Алмазды ата энен менен тааныштыр. Алмаз ата энен алдында сени "оз карамагыма алгандан кийин канатыма калкалап. канаттуга кактырбай тумшуктууга чокутпай багам" деп соз берсин. анан ак бата менен кете бергиле . ак жол Айжан.
20.04.2016. 08:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абакта олтурса эмне экен? Ал деле адам да бул сиздин жашоонуз журогунузду угунуз. Эгер ишенип жакшы корсонуз убакытты бош откорбонуз. Анткени, жакшыны жаман, жаманды жакшы кылган аялга байланыштуу болот
20.04.2016. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай окуя коп эле кездешет экен мен таанып коруп билип эле жургон кыз.Жакшы эле уйбулоонун кызы абакта отурган бала менен суйлошуп,кандай жолукканы белгисиз ошол баладан бойунда болуп калыптыр.Баланын туугандары бала чыкканча кызды уйуно алып барышып ошол жактан тороду.Кийин бала чыгып окоо баш кошушкан азыр 2-баласы бойунда бар экен.Азыр бактылуу жашап журушот.кандай болсо да абакта жаткан баладан бойуна бутуш акылга сыйбаган нерсе.мени тан калтырган нерсе алар кантип жолугушкан?????
20.04.2016. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
asdf,анын эмнесине тушунбойсун абакта отурса (свиданка)алып жолукканда
20.04.2016. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
asdf,
Менимчд бала ал кызды чоон бир ситуациядан куткарганго деим.
21.04.2016. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
neizvesnyi,Кандайча, кандай ситуация болушу мумкун?
20.04.2016. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
неге?
20.04.2016. 23:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ата Эненизди угунуз озунузго жакшы болот
21.04.2016. 03:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суйуу маселесине соз жок ,акча менен соттон актап алдык дейби? кайра кайра окуп тушуно албадым.
21.04.2016. 08:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эже сиздида тушунсо болот, суйгон адамын абакта аны куттуп жашаганын, баарынанда чет олкодо камалган адамды кутуп жашаган эн жаманда, баарынанда ал адам уже чыгыптырго ушул эн негизгиси, бироону куттуп жашаган оор нерсе,
21.04.2016. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менин бир тааныш эже досум бар эле абакта отурган жигит менен 1 жыл суйлошуп турмушка чыккан,2 балалуу болуп ажырашып кетти.
Эми баары бирдей эмесго, бирок катаал таш боор болуп калышат турмодо отургандар деп коп угуп журом.
22.04.2016. 08:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
"Бейбаштык" беренеси боюнча соттолгон болсо,ага жалган-жалаа жабылбаса,неге оз жазасын албайт? Акча берип эле чыгып кете беришеби?
22.04.2016. 08:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ата-эне байкуш да жакшы болсун дешет да. Ушунча тороп,багып,остургондон кийин... Озубуз чоноюп калгандай эле,алардан акылдуу болуп келе калабыз оз билдим болуп.
22.04.2016. 09:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ата-энен жаман каалабайт, баласына!
22.04.2016. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул бала сотко чейин абак эмес убактылуу кармоочу жай экенда менимче ар бир экинчи эркек мушташып тушсо керек бул жака .Айжан кантсе да кичине ата-энеге мункундук берип уйлонбой тургула алар да билсин кенири тааныштырыныз озунуз да баланын ата энеи менен таанышып анан чечим кабыл алыныз .
22.04.2016. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
турмодон убагы бутуп чыгып кетип жатканда зектер буйруса дагы кайра келем деп чыгат экенго
22.04.2016. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мм
22.04.2016. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Суйуу бугун бар эртен жок нерсе суйууго коп берилбеш керек суйуудон корком аябай
22.04.2016. 19:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тообо жашоодо эмнелер гана болбойт ээ
23.04.2016. 01:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Айжан сенин оюна мен кошулам "Аял жакшы Эр жакшы Ваазир жакшы Хан жакшы" деген макалга мен ишенем себеби менин бир байкем торт беш хотка кылып алда ошол жакта жатып тапкан суйуусуно уйлонуп азыр уч балалуу болду азыр алардын жашоосуна кеебир уйбулоо суктанарлык жашашат так что Алмазга турмушка чыгабер .....
23.04.2016. 02:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Baktyluu boloruna kozun jetse çyga ber,al menen sen jawaisynda
25.04.2016. 08:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин комент.окубайтгоо, окуса да конулда болбойт болуш керек. Айтайын дегеним Ата эненди УК!!! Алар билгенди сен билбейсин. Суйуулордун эн туруктуусу эне суйуусу гана. Башымдан коп нерсе отту,эми тушунуп жеттим, ата эне бизге куйгонунон гана бизге жакщы болушу учун гана айтат.эхх.
02.05.2016. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кээде ата энен да жанылат, ошого кичине убакыт отсун,кимдин-ким экенин билесин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо