Айнура Салахидинова: «ГАСТРОЛДО ТАЛААДА КАЛГАНБЫЗ»

№702 15-апрель-21-апрель, 2016-ж

– Студент кезде курбум Айгүл (Чалова) экөөбүз кызык окуяга кабылганбыз. Айгүл Соң-Көлгө концертке куудулдар менен баратканын айтып, мени да кошуп алды. Концерт бүтүп Сары-Булак капчыгайындагы бир ашканага тамактанганы кирдик. Баары кызып калышкан, биз алардын ичкенин жактырбай, өзүбүзчө бөлүнүп башка столго барып алганбыз. Алар арак ичип, кыраан-каткы түшүп жаткандыктан бейкапар отура бериптирбиз. Бир убакта сыртка чыксак эч ким жок. Кийимдерибизди, сумкаларыбызды да ташташпаптыр. Биз талаада калганыбызга ызаланып «кайда барабыз?» деп ыйлаганыбызды көрүп ашкананын кожоюну ошол жерге жаткызып, эртең менен Кочкор районуна жеткизип койду. Менин акчам кийим салган сумкамда болчу. Дагы жакшы, Айгүлдүн сумкасында акча бар экен. Куудулдан өч алабыз деп ата-энебизге Ат-Башыда жүрөбүз деп айтып Ысык-Көлгө эс алганы кетип калганбыз. Соолуккандан кийин бизди аябай издешиптир. Кийин жолукканда кечирим сурап, буюмдарыбызды беришкен.

star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(4)
18.04.2016. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жоодарбешимдин таптакыр эле дайыны жокго деги тируубу быйылкы ТВдагы жаныжылдык кечелерге да катышпады? Интервью алгылачы?
18.04.2016. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
owtu, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
19.04.2016. 02:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Айнура турмушка чыгып балалуу,бактылуу болгонуна эле суйуном,жакшы кыздар баары бактылуу болсо экен ушинтип.
19.04.2016. 18:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чачы өзүнө аябай жарашыптыр
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо