3 ТҮРДҮҮ ДЫМДАМА

№702 15-апрель-21-апрель, 2016-ж

КЛАССИКАЛЫК ДЫМДАМА

КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ АЗЫКТАР:
Кой эти
– 1 килограмм
Куйрук май – 400 грамм
Сабиз – 500 грамм
Помидор – 500 грамм
Капуста – 1 килограмм
Картошка – 1 килограмм
Пияз – 4 баш
Сарымсак – 3 баш
Болгар калемпири – 3 даана
Ачуу калемпир – 2 даана
Өсүмдүк майы – 50 грамм
Көк чөп – 1 боо
Татымына жараша туз, кара мурч, зире

ДАЯРДОО ЫКМАСЫ:

  • Казанга өсүмдүк майын куюп, ал ысыганда ичке кесилген куйрук майды, кесек-кесек тууралган этти салып туз, мурч, зире себелейбиз. Бир аз куурулган соң шакекче түрүндө тууралган пиязды кошобуз.
  • Кийинки катмарга тегерек түрүндө калың тууралган сабизди салабыз.
  • Сабизден кийин чоң-чоң тууралган картошканы, капустаны, төрткө бөлүнгөн помидорду, араларына жуулуп, тазаланган сарымсакты бүтүн бойдон, шакекче тууралган болгар калемпирин салабыз. Андан соң ачуу калемпирди бүтүн бойдон, көк чөптөрдү да туурабастан таштап коюу керек.
  • Эң үстүнө капустанын жалбырактарын тизип, бир аз туз, кара мурч себелеп, казандын капкагын жабабыз.
  • Капкак жабылгандан кийин отту кичирейтип бир сааттай кармайбыз. Эскертүү, дымдаманы бышканча аралаштырууга болбойт!


ГҮЛДҮҮ КАПУСТА ДЫМДАМАСЫ

КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ АЗЫКТАР:
Тоок эти – 500 грамм
Пияз – 3 баш
Сабиз – 3 даана
Картошка – 4 даана
Помидор – 4 даана
Баклажан – 1 даана
Гүлдүү капуста – 500 грамм
Сарымсак – 1 баш
Татымал (приправа) – 1 аш кашык
Өсүмдүк майы – 100 грамм
Татымына жараша туз, кара мурч

ДАЯРДОО ЫКМАСЫ:

  • Шакекче түрүндө тууралган пиязды казандагы ысыган майга бир аз кууруйбуз да, үстүнө чоң-чоң тууралган тоок этин салып, бир аз туз, кара мурч себелеп дымдап коёбуз. Эми мунун үстүнө аарчылып чоң тууралган сабизди, картошканы жана сарымсакты бүтүн бойдон салабыз.
  • Сарымсактан кийин тегерек тууралган баклажанды, помидорду салып, туз, калемпир себелейбиз да, 50 граммдай кайнак суу куябыз. Аягында гүлдүү капустаны жоон бутагынан ажыратып эң үстүнө тегиз тизип, казандын капкагын жаап, отту жайлатабыз. Дымдама бир сааттын ичинде даяр болот.

КЫЗЫЛЧА КОШУЛГАН ДЫМДАМА

Керектелүүчү азыктар:
Кой же уй эти – 1 килограмм
Куйрук май – 500 грамм
Картошка – 700 грамм
Сабиз – 350 грамм
Пияз – 1 килограмм
Капуста – 700 грамм
Помидор – 3-4 даана
Баклажан – 1-2 даана
Болгар калемпири – 2-3 даана
Кызылча – 1 даана
Ачуу калемпир – 1-2 даана
Бадыраң – 2-3 даана
Сарымсак – 3 баш
Көк чөп – 1 боо
Татымына жараша туз, зире, кориандр

Даярдоо ыкмасы:

  • Казанды отко койбой туруп ичине ичке кесилген куйрук майды, үстүнө чоң-чоң тууралган этти салып, туз, зире, анан аз өлчөмдө кориандр себелейбиз. Бул катмарды шакекче тууралган пияз менен жабабыз.
  • Сырты сыйрылган помидорду чоң бөлүктөргө бөлүп бир кабат тизип, үстүнөн аарчылып чоң-чоң тууралган сабизди, картошканы жабабыз да, туз, зире себелейбиз.
  • Анын үстүнө сырты жуулган сарымсакты, ачуу калемпирди бүтүн бойдон салып, үстүнө чоң-чоң тууралган болгар калемпирин, баклажанды, бадыраңды, кызылчаны салабыз.
  • Булардан кийин жуулган көк чөптөрдү туурабастан салып туз себелеп, капустанын жалбырактарын тегиз тизип, казандын капкагын жабабыз да, от жагабыз. 15 мүнөт чоң жагып, анан кичирейтебиз. 1 жарым саатта бышып калат.

Сүйүн Кулматова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(11)
18.04.2016. 22:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мага абдан жагатта дымдама
18.04.2016. 22:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Рахмат сонун рецептер.
19.04.2016. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Дымдама эң сүйүктүү тамагым
20.04.2016. 04:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Рахмат жакшы рецепт экен
20.04.2016. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дымдаманы Германияга отуруп алып дагы жазап жатабыз:)
20.04.2016. 22:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен Москвада постоянна дымдаймын...
21.04.2016. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ии дымдамага талгак болуп жатам! Озум эмес бироо бышырган дымдама жегим келип жатат...
21.04.2016. 21:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
дапанджи деген тамакты да жазып койсонуздар.
22.04.2016. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
dubai, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
22.04.2016. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы ресеп экен
04.09.2016. 05:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менда эртен жолдошума дымдап берейинчи
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо