ООГАНСТАНДАН БЕЛЕК (жаңы сериал)

№703 22-апрель-28-апрель, 2016-ж

(Башталышы өткөн сандарда)

Мени ресторанда иштегендердин баары тааныгандыктан арткы эшигинен киргизип жиберишчү. Барда отурган кыз чогулткан маркасын тамекинин бош пачкасына салып, канча бар экенин айтчу, мен акчасын берип, сырттан караган адамга тамеки алган адам болуп чыгып кетчүмүн. Бул жолу да марканы алып чыгып баратсам, бир аскер эшиктин жанында бир кыргыз кызды чачынан кармап алып дубалды сүздүрүп жатат, өзү аябай мас. Алар көбүнчө ресторанга жергиликтүү кыздарды алып киришчү, арасында орусу, кыргызы, корей улутундагысы, кыскасы, баары бар болчу. Башка аскерлер каткырып күлүп карап турушат. Эмне кылышты билбей делдейип туруп калдым, ушунчалык жиним келди. Биздин жерде кыргыз кызды уруп, калгандары кой деп койбой шылдыңдап жатышканын кара! Кызды урганы мени байкап калып колу менен көрсөтүп жаман сөз айтты окшойт, жанындагылар ого бетер каткырып болбой эле калышты. Мас солдат колундагы сырасын мага сунуп, итти чакыргансып бир нерселерди сүйлөдү да, сырасын кыздын башынан ылдый куя баштады.
Арабыз көп болсо 2-3 метр эле, калгандары залдын ичинде бизден алысыраак турган. Ортобузда столдор бар болчу. Азыр деле майда-чүйдөсүн жакшы эстей албайм, ушунчалык ачуум келгенби, чуркап барып секирип туруп солдаттын башына, дал төбөсүнө урдум, солдат отуруп калды.
– Эмне бөтөн жерде кутуруп жүрөсүң? Кайсы жерде жүргөнүңдү билесиңби, акмак!- өзүмчө күбүрөнүп алгам. Катуу жинденгенимден муздак тер да атып чыкты.
Бетине бар күчүм менен тепсем артка кулап жатып калды, башына 2-3 жолу тээп жибердим. Шериктери ооздорун ачып эле үн катышпайт, мындайды күтүшпөсө керек. Эшикке качып чыгайын десем, өчөшкөнсүп дал ошол маалда үч солдат кирип калбаспы. Бирөөсү чуркап келип мага асылып калды, күрөш менен машыкканбы, белимден кучактап көтөрүп чапмакчы болду. Мен жиу-житсу менен машыгып жүрчүмүн, андайда мага Кудай берип калат да, анын моюн жагы ачык экен. Эки билегим менен моюнун катуу сыгып, өзүмө тартып отура коюп, үстүмдөн ашыра ыргытып, моюнун коё бербей, өзүм да ага кошо артка томолонуп аны басып калдым. Эгер ошондойдо моюнун катуураак өзүңө силкип тартсаң, жүлүнү үзүлүп өлүп да калышы мүмкүн. Моюнун коё берип, ээгинен кармап башын сол жакка бурдум да, уйку артериясына алакандын кыры менен бир койдум эле, байкуш уктап калды. Эгер башын бурбай урсаң уктата албайсың, себеби тамырды орусча айтканда мускулдар тосуп калат. Андайда же көпкө чейин баш бармак менен басып турушуң керек, ошондо уктатасың, анткенге убакыт жок да. Башын бурсаң тамырды тоскон эттер эки жакка жылат да, тамыр ачылып калат. Өлүп калбайт, урган адамың көп болсо он мүнөттө өзүнө келет.
Деги эле мушташып калсаң жиу-житсудан өткөн спорттун түрү жок болуш керек, албетте, эгер жакшы үйрөнсөң. Дагы бир солдат капталымдан келип бетиме тепти эле, тепкенине чыдап бутун эки колум менен бекем кучактап өзүмдү карай болгон күчүм менен тартсам, бир бутчан турган неме алдыма талпайып эле жатып калды.
Жанымда сыранын бөтөлкөсү жаткан экен, алып полго чаап сындырып, колумда калган сыныгын кекиртегине такасам кыймылдабай эле жатып калды, калгандары да эмне кылышты билбей туруп калышты. Көп болсо он секунда мушташ болду окшойт.
Башчысы окшойт, бирөөсү жакыныраак келип бир нерселерди сүйлөп калды. Корккону көзүнөн байкалып турду, сыягы, эртеңки күнүн ойлоду окшойт. Солдатын өлтүрүп же майып кылып алса трибунал деген нерсе бар да, алар башынан сылабайт, котормочусу которуп берди:
– Болду, болду, жетишет, балабызга тийбе, мас болуп калыптыр, бизди кечир, акча берели, балабызды коё бер,- деп чыйпылыктап акча сунат. Булар баарын акча менен чечип көнүшкөн окшойт.
Таяк жеген кыз да качып кетпестен, көздөрүн алайтып бурчта отурат. Эми бул жерден эптеп качыш керек эле, сыртка чыгып алсам эле ресторандын жанында базарчик бар. Элдин көзүнчө мага эч нерсе кыла алышмак эмес, котормочусуна кыйкырдым:
– Айт тигилериңе, менден алыс турушсун, жакындасаңар өзүңөрдөн көргүлө.
– Макул, макул,- деп шашып башчысына айтты окшойт, тиги өкүрүп-бакырып баарын залдын башына айдады.
Ыргып турдум да, кызды урган солдат өзүнө келип турайын деп аракет кылып жаткан экен, бетине дагы тептим да, качып кеттим. Айылдын бир көчөсүнө кирип, күчүмдүн болушунча чуркап жөнөдүм, тиги кыз да мени ээрчип алган. Ага караган жокмун, айылдын чети жүгөрү талаа экен, аралап кирип кеттим. Эми мени таба алышпайт эле, талаа кийинки айылга чейин экен, айылга жетип маршруттук такси менен шаарга жетип алдым. Тиги кыз ошол айылда калып калды, ичимден эмне болсоң ошо бол дедим. 1-2 жолу сүйлөйүн дегенде жаман көрүп карап койсом унчукпай калган. Жакшы кыз болсо солдаттар менен ресторанга кирмек беле, өзү да кичине мас экен.
Эми аэропортко барсам кармап алышат деп корктум. Эч жакка чыкпай 3 күн жаттым. Үчүнчү күнү түш болуп калган, күн ысык, бакчада бактын түбүндө көлөкөдө уктап жатсам дарбаза тыкылдайт. Коңшулар го деп ачсам марка алган Айгүл эже экен, артында капкара Жип турат. Чыгарым менен машинадан "Гансинин" формасын кийген 3 адам түшүп келди, бирөөсү ресторандагы котормочу эле, коркуп кеттим...

(Уландысы кийинки санда)

Субан Жуманалиев


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Башка сандарда:
ООГАНСТАНДАН БЕЛЕК (жаңы сериал) 702-сан
ООГАНСТАНДАН БЕЛЕК (жаңы сериал) 704-сан
ООГАНСТАНДАН БЕЛЕК (сериал) 705-сан
ООГАНСТАНДАН БЕЛЕК (сериал) 706-сан
ООГАНСТАНДАН БЕЛЕК (сериал) 707-сан
ООГАНСТАНДАН БЕЛЕК (сериал) 708-сан
ООГАНСТАНДАН БЕЛЕК (сериал) 709-сан
ООГАНСТАНДАН БЕЛЕК (сериал) 710-сан
ООГАНСТАНДАН БЕЛЕК (сериал) 711-сан
ООГАНСТАНДАН БЕЛЕК (сериал) 712-сан
ООГАНСТАНДАН БЕЛЕК (сериал) 713-сан
ООГАНСТАНДАН БЕЛЕК (сериал) 714-сан
ООГАНСТАНДАН БЕЛЕК (сериал) 715-сан
ООГАНСТАНДАН БЕЛЕК (сериал) 716-сан
ООГАНСТАНДАН БЕЛЕК (сериал) 717-сан
ООГАНСТАНДАН БЕЛЕК (сериал) 718-сан
ООГАНСТАНДАН БЕЛЕК (сериал) 719-сан
ООГАНСТАНДАН БЕЛЕК (сериал) 720-сан
ООГАНСТАНДАН БЕЛЕК (сериал) 721-сан
ООГАНСТАНДАН БЕЛЕК (сериал) 722-сан
ООГАНСТАНДАН БЕЛЕК (сериал) 723-сан
Комментарийлер(13)
25.04.2016. 09:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ошентип жанагы командирине жагып калып оогандар тарапка отуп кетпесе еле
25.04.2016. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мускулдар дебей эле, булчуңу же булчуң эти деп жазса болмок дейм, албетте мен мындай чыгарма жаза албайм дечи, бирок таза кыргызча жаза алам!
25.04.2016. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эми жазуучу башынан отконун жазганбы же ойлоп жазганбы
25.04.2016. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эми Ошо аскерлерди Ошо спорт туру менен машыктырып калабы
25.04.2016. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Башын кайдан окусам болот?
25.04.2016. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
dina_08_80, саламатсызбы? http://www.super.kg/article/show/35883/
25.04.2016. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Админ бираз кобуроок жазсанар жакшы болмок
25.04.2016. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кандай болсо да кызык екен
27.04.2016. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жини жаманго байкенин.
28.04.2016. 07:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен окуган болчум бул чыгарманы...
02.05.2016. 02:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zara-919,бул китепти кайдан окусам болот мага жазып жибербейсизби?
28.04.2016. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
окуя кызыгына эми келет

29.04.2016. 23:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кызык окуя екен еми кууп окуйм го дейм
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо