Азиз Мурадиллаев: «СООДА КЫЛДЫМ, ТАМАДА БОЛДУМ, КОЛУМДАН АКТЁРЛУК ГАНА КЕЛЕТ ЭКЕН»

№703 22-апрель-28-апрель, 2016-ж

Азиз Мурадиллаевди жакындары «сөзгө чоркок, бир көргөн киши менен тил табышып кете албаган, жөнөкөй, жумшак мүнөз инсан» деп сүрөттөшөт. «Алдым-жуттум эмесмин, балким, бул менин кемчилигимдир» деген актёр театр, кинодогу карьерасы, арттырган атактуулугу тууралуу айтып берди.

«СООДАДАН ТЕАТРГА ӨТТҮМ»
-Театр менин жашоомдун бир бөлүгү. Мектеп босогосун аттай электе радиодон балдарга арналган «Бөбөк, сенин жомогуң», «Акокай менен Тапкычбек» деген берүүлөрдү алып барчумун. Ал учурда үн жаздыруу да машакат иш эле. Режиссёр колун шилтегенде «Саламатсыздарбы? Менин атым Тапкычбек, биздин дарек Жаш гвардия бульвары 59» дечүмүн. Бул сөздөрдү бир канча ирет кайталап, анан жаздырар элек. Ата-энем гастролго чыкканда мени өздөрү менен кошуп алып жүрүшчү. Артисттерге кошулуп жаш баланын ролун аткарып, залкар таланттардын кешигин ичип калдым. 11-классты аяктагандан кийин бизнес ачып көрдүм. Ага да шык, сооданын тилин түшүнүш абзел тура. Жан дүйнөмө жакын болбогон соң актёр болууну чечип, ата-энемдин каршылыгына карабай театралдык студияга тапшырып алдым. Студияда 3 жыл окуп, өмүрлүк жарымды да ушул жерден жолуктургам. Бул жактан окуумду аяктагандан кийин Москвадагы Щепкин атындагы театралдык окуу жайдан билимимди уланттым. Ал учурда үй-бүлөлүү болуп калгандыктан аялым ата-энемдин колунда калды. Куса болгондо телефон аркылуу байланышып, каникулда келип сагынычымды таркатып кетчүмүн.

«РЕЖИССЁР ТАНДАБАЙМ»
-Театрда иштеп жүргөнүмдө Мурат Мамбетов «Чиркин өмүр» телесериалына тартылып бер» деп сунуштап калды. Ошентип тасмадагы тушоом сериалдан кесилген. Айрымдар бүгүнкүгө чейин мени ошол тасмадагы ролумдагыдай Эркин деп чакырышат. 2006-жылы «Сүйүү сынагы» аттуу тасмада СПИД илдетин жугузуп алган жигиттин ролун ойнодум. Режиссёрлордун көзүнө түштүм окшойт, андан кийин бир катар тасмаларга сунуш түшүп, тартылдым. Катышкан фильмдердин ичинен элге кеңири таанытканы «Курманжан датка» тасмасындагы Алымбек датканын ролу болду. Мен негизи режиссёр тандабайм, айрым тасмаларга тартылганыма өкүнгөн учурлар болот. Мага жаккан роль болсо «жакшы роль экен, ээ?» деп «намёк» кылып коём, өзүм суранбайм.

«БИР УБАКТА ҮЧ ТЕАТРДА ИШТЕДИМ»
-Окууну аяктагандан кийин «Учур» театрына жумушка орноштум. Бир ай иштеген соң жетекчилик менен тил табыша албай кетип калгам. Кийин Арсен Өмүралиев атындагы шаардык театрда иштеп жүрсөм Орус драма театры, Кыргыз улуттук академиялык театрынан ишке чакырып, бир учурда үч театрда иштедим. Убактысын так бөлүштүрүп алгандыктан үчөөнө тең жетишип, спектаклдерди үзгүлтүккө учуратчу эмесмин. Кийин оюм чачыранды болбосун деп Кыргыз драма театрына жумушка орношуп алгам. Айрым кесиптештеримдей болуп батирден батирге көчүп, «эртеңки жол киреме акча табышым керек, нан алып барышым керек» деп кошумча иштеген жокмун. Анткени атамдан калган үй-жай бар болчу. Театрдагы залкарлардын баарынан сабак алдым. Кимиси болбосун жол көрсөтүп, акылдарын айтышчу эле. Айрыкча Советбек Жумадылов көп жардам берген. Өзү ойногон ролдордун тексттерин алып келип, «мындай ойно» деп кеңешин берип турчу.

«ТАМАДА БОЛО АЛБАДЫМ»
-Мен дагы бир учурларда тамада болуп көрдүм. Орус тилинде алып баруу жеңилдей туюлду. Кыргызча уйкаштырып сүйлөп, дароо сөз таап кетүүгө шыгым жок экен. Биринчи ирет тамада болгонум эсимде. 2006-жылы бир ишканадан «Жаңы жыл күнү түнкү саат 10дон 4кө чейин тамада болуп бериңиз» деп акчасын да жакшы төлөп беришти. «Үйрөтүп турасыңар» деп эки тамаданы ээрчитип алгам. Ресторанга кирип отурабыз. Саат 10 болгондо шериктерим чыгып баштай бер дешти. Карасам 4 эле киши отурат. «Жакшы отурасыздарбы?» деп кайра бөлмөгө кирип кеттим. Саат 12ден өткөндө 20дай адам келип, бийлеп башташты. Мен сүйлөгөн жокмун, алар бийлеп жатып таң атып кетти. Жанымдагыларга «бүттүбү?» десем, «ооба» дешти. Андан кийин 5-6 той алып бардым, колумдан келбегенден кийин театрда эле иштейин деп чечтим.

«БАЛАМ МЕНДЕН УЯЛЫП ЖҮРЧҮ»
-Менин кемчилигим – жалкоолук. Анан ашыкча алдым-жуттум эмесмин. Элден мурун ушуну ала калайын, антип-минтишим керек деп ашыкпайм. Аз тапсам да жугумдуу, балдарымды окутуп жатам. Машинам, үйүм бар. Жаш кезде деле, кийин дагы манчыркаган жокмун. Театрда, кинодогу сынчыларым апам менен жубайым. Эч ким айтпаган сынды ушулардан угам. Кичүү уулум чыгармачылыгымды туура түшүнөт. Улуу балам башында уялып жүрчү. Атасынын кесиби ушул болсо каякка жашынат, атасынан уяла турган эмнеси бар, билбейм.

Анара Сыдыгалиева, апасы: «АКТЁРЛУК ДАРЕМЕТИ ТОЛУК АЧЫЛА ЭЛЕК»
-Балама өнөр эне сүтү менен эле келгендей болду. Жаңы төрөлгөндөн тартып Бакен эже (ред. Кыдыкеева) сахнага алып чыгып жүрдү. Эс тарткандан кийин биз менен гастролго чыгып, бул тармакка көнүп алса керек, башка кесипти тандоого кызыккан жок. Атасынын досу «юрист кесибине окусун, окуусун өзүм каржылайм» десе да көнгөн жок. Аяш атасы көпкө чейин капа болуп жүрдү.
Уулум аябай кыялкеч. Биринчи класска жаңы барып жаткан убагы. Бир күнү мектебинин жанынан өтүп баратсам фонтандын ичинде жүрөт. «Эмне кылып жатасың, суу болдуң го» десем, «күн желесин кармап жатам» деп күлдүргөн. Үйдө кыздын да, баланын да жумушун аткарчу. 9 жашынан тартып тамак жасаганды үйрөндү. Кошуналар «сен кызсың» деп шылдыңдашса, «апамдын уулу да, кызы да болом» деп койчу. Менин баамымда Азиздин актёрлук даремети толук ачыла элек. Келечеги али алдыда деп ойлойм.


«БИЗДИ ТЕАТРДА «ТРИГАДА» ДЕШЕТ»
Актёрдун үзөңгүлөш достору, сахналаштары Камчы Сарыбаев менен Аскат Сулайманов анын назиктигин, жөнөкөйлүгүн сүрөттөп беришти.

Камчы Сарыбаев:
-Азиз менен чогуу иштешкенибизге 15 жыл болду. Ал биздин көкүрөк күчүгүбүз. Адамгерчиликтүү, жөнөкөй жигит. Назиктиги бар, катуу тамашалашсаң капа болуп калат. Ичинде кири жок, колунда болсо берейин деп турган айкөл адам. Аскат, Азиз үчөөбүз чогуу жүргөндүктөн театрдагылар бизди «тригада» деп коюшат. Биздин сахнага чыгардан мурун бири-бирибизди тамашага салмай адатыбыз бар. Бир жолу жолдон өлгөн келемишти таап алып, Азизди тамашалайын деп баштыкка салып алдым. Театрга келсем ал сахнага чыгууга камданып жатыптыр, «Манастын уулу Семетей» деген спектаклде Семетейдин ролун аткармак. Мен ага кымыз сунган жерим бар эле. Ошого даярдык көрүмүш болуп кесеге «балекет ич» деп жазып, келемишти салып алып Азизди чакырдым. Жаныма келип эле «аа» деп кыйкырып качып жөнөдү. «Бери кел» десем такыр жолобойт. Көрсө, келемиштен аябай коркот экен.

Аскат Сулайманов:
-Уюлдук телефондор жаңы чыккан убак. Азиз Сименс деген телефон көтөрүп жүргөн. Бир күнү эле анын телефону жоголуп кетти. «Ким алды, тамашалабай бергиле» деп жумуштан тарап кеттик. Эртеси күнү Азиз мага «сен өзүңө алба, бирок кечээ күнү сенден башкалар сахнада болчу» деди. Жаман болуп кеттим. Анткени ошол күнкү спектаклде менин ролум жок болуп, бөлмөдө калгам. «Мен алган жокмун, өлүп кетейин! Уурулугумду көрдүң беле?» деп карганып коём. Жаман болуп жүргөн күндөрдүн биринде театрда иштеген бир бала «Аскат байке, телефонду ким алганын билем, бирок айтсам ал мени урат» деди. «Сени айтты деп айтпайм, ким экенин айтып кой» деп ууруну таап алдым да, Азизге жетелеп келдим. Анын назиктигин карабайсыңбы, «Эмне үчүн уурдадың?! Бул менин маңдай терим менен тапкан акчама келген» деп муштумун түйгөнүнөн урат го десем, дубалды согуп чыпалагын сындырып алды. Мен «эй, ууру алдыңда турса дубалды эмнеге урасың?» деп күйүп жатам. «Адамды ура албайм, кантип колум барсын?» деп койгон.


Чоро Думанаев, устаты: «АЗИЗ КӨӨП КЕТПЕСЕ ЭЛЕ ЖАКШЫ КЕЛАТАТ»
-Азиздин атасы менен чогуу иштештим. Экөөбүз жакын дос болчубуз. Ал кичинесинен эле биз менен кошулуп гастролго чыкчу. Кийин театрдын алдындагы студияга тапшырганда көркөм сөз сабагынан окутуп калдым. Окуучуларыңдын деңгээлин билесиң да. Ал тандалган балдардын катарында болчу. Баралына толду. Азыр көөп кетпесе эле жакшы келатат.





Нурлан Абдыкалыков, классташы: «АЗИЗ ГИТАРА ЧЕРТКЕНДЕ ЭЛ АВТОБУСКА ТҮШПӨЙ УГУШКАН»
-Азиз гитараны мыкты чертет. Бала кезде ага гитара ойнотуп угуп отурар элек. Бир жолу досубузду үйүнө узаталы деп аялдамага чыктык. Ал учурда бир саатта бир ирет автобус жүрчүэле. Азиз Италиянын музыкасын гитарага салып ойноп жаткан. Байкасак, элдер автобуска чыкпай үймөктөшүп карап калышыптыр.
Мүнөзү аябай жумшак. Бала кезде «мен актёр болсом, сен министр болсоң, бири-бирибиздин иш бөлмөбүздү тээп кирсек, ээ?» деп кыялданчубуз. Мурун кандай болсо ошол бойдон калды, эч өзгөргөн жок.


"Театр менин жашоомдун бир бөлүгү. Бул тармакта ата-энем да эмгектенген".

"25 тасмага тартылсам да элге кеңири таанытканы Алымбек датканын ролу болду".

Султан Төрөбеков
Адилет Бектуров
star@super.kg


Актёр Азиз Мурадиллаевдин атактуулукка карай жолу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(25)
SUPER.KG видео
22.04.2016. 23:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жонокой адам экен аябай,жонокойлук бул эн жакшы сапат.
SUPER.KG видео
23.04.2016. 03:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Чексиз,чексиз бактылуулук,ишинизге ийгилик каалаймын.Датканын образын сонун жаратканда,токтоо болуп.
Медиа-портал
23.04.2016. 09:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Красавчик, мен жакшы коргон актер. Абдан жонокой жулунбаган инсан экенсиз. Туболук, бактылуулукту каалайм. Келинчеги да жакшы адам экен.
SUPER.KG видео
23.04.2016. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Келинчеги абдан жагат!
SUPER.KG видео
24.04.2016. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чыныгы Актёр деп айтса болот, жонокойлук адамдын жакшы сапаты.
25.04.2016. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жонокой болгону, элдин суймончугуно айланат. Алымбек датканын ролун аябай, чегине жеткире ойногон. Азамат !!!
25.04.2016. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
мыкты актёр. чыгармачыл уй булоодон жкенин билбептирмин.........
25.04.2016. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
жонокойлугу жузунон эле байкалып турат. ийгилик каалайм
25.04.2016. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азамат,чыгармачылык ийгилик!!!!
25.04.2016. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Менин биринчи теледеги коногум Азиз аке болгон.Бишкек 2006-жылы эле....Ийгилик каалайм!
SUPER.KG видео
25.04.2016. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аялы абдан жонокой тушунуктуу аял экен!!!
25.04.2016. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
вау, ушу актерду суйом да мен. башынан кайра жашоо берсе издеп барып киичинекей болсом да аялына бербей коймокмун чонойгуча.)))). менден беш алты жаш чон болсо керек коп болсо.
25.04.2016. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен сыйлаган актер,мындан да жакшы ийгиликтерге,бийиктиктерге жетише бериниз,уй-булоолук бакыт каалайм!
25.04.2016. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бир сырдуу корунот энеси айткандай дагы ачыла элек сапаттары бар экен ,ийгилик сизге келечектин залкары болушунузга тилектешмин.
Медиа-портал
26.04.2016. 00:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Адамдын бийиктиги жөнөкөйлүгүндө. Ырахат алдым. Өнөрүңүз өркүндөй берсин. Ийгилик каалайм.
26.04.2016. 08:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Президент жана бомж тасмасында өзүнүн карама каршысын ойноптур да, кандай роль болбосун ийнине жеткире ойнойт. Ийгилик сизге, бирок мен керсейген киши деп ойлочумун
27.04.2016. 00:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эн мыкты актер!!!
27.04.2016. 02:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо Тимур Маматкуловтонда интервью алгылачы ( Президент жана БОМЖ-2 тасмасындагы Азаттын ролун жараткан)
27.04.2016. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Niyazbek Torobekov, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөүмгө жеткирилди.
Медиа-портал
27.04.2016. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Абдан жакшы кором ушул актерду Курманжан Даткадан кийин прям суйуп калгам )) бирок уй булоосу менен бактылуу болсун, абдан жакшы ,туура адам экен! жана дагы Супер Инфо сураныч Элина Абай кызынан интервью алгылачы сураныч
Медиа-портал
28.04.2016. 09:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
LadyB,
Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат!
28.04.2016. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ишинизге ийгилик, ден-соолукта болуп, коп жашаныз, коп ийгилик жаратыныз.
28.04.2016. 23:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Театрда коптогон таланттар эмгектенет ошолордо да интервью кутобуз.
29.04.2016. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Alina72, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
30.04.2016. 19:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иий студент кезде Азиз менен оорудум эле, андып журуп автограф элдым эле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо