№703 22-апрель-28-апрель, 2016-ж
Велосипедди башкы унааңыз катары тандасаңыз, экологиянын жакшырышына чоң салым кошкон болосуз. Анткени ал абаны булгабайт, күйүүчү май талап кылбайт жана шаардын тыгын көчөлөрүндө машиналарга салыштырмалуу тез жүрөт. Адистердин айтымында, аны тебүүдөн пайда жана ырахат алууга болот.

КООПСУЗДУГУҢУЗГА КАМ КӨРҮҢҮЗ!
Велосипедден кулаганда алгач тизе жаракат алат. Эгер күч салып жыгылсаңыз тизе, тизе мууну жабыркашы мүмкүн. Андыктан алгач жакын аралыкка этияттык менен тээп үйрөнгөнүңүз оң.
Башыңызга туулга (шлем) кийүүнү унутпаңыз. Анын башыңызга чагын тандап, туура кийүүңүз керек.
Кырсыкка кабылбаш үчүн велосипедди ар дайым текшерип, тазалап, оңдоп туруңуз.
Айдоочулар велосипедди толук кандуу транспорт деп эсептешпейт. Андыктан алардын көзүнө дароо урунгандай болуңуз. Түнкүсүн машиналардын жарыгынан чагыла турган, күндүз көзгө тез уруна турган өңдөгү кийим кийиңиз. Коопсуздук үчүн велосипеддин педалдарына жарык чагылдыргычтарды жана алды-артына фонарларды тагуу керек.
Велосипеддин кандай моделин албаңыз, өзүңүздүн боюңузга чагын тандаңыз. Алгач ага отуруп көрүңүз. Рулун, ээрин, педалын боюңузга ылайыкташтырып алыңыз. Рамага мингенде эки бутуңуз жерге тийип турушу керек . Тээп баратканда эки таманыңыз тең педалга жеткидей кылып ээрин тууралап алсаңыз, тепкенде ыңгайлуу жана коопсуз болот. Негизинен, руль менен ээрдин бийиктиги бирдей болгону жакшы.

КИМДЕРГЕ ТЕБҮҮГӨ БОЛБОЙТ?
Жүрөк, простатит, варикоз, остеохондроз, жүрөк-кан тамыр оорулары менен жабыркагандар, арка омурткасы кыйшайгандарга велосипед тебүү сунушталбайт.
Дамира Арстанова
kenesh@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
3
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |