Нияз Абдыразаков, ырчы: «ИЛЬЯЗДЫН ОКУУЧУСУ БОЛДУМ, АНЫ КӨРҮП ӨСТҮМ»

№703 22-апрель-28-апрель, 2016-ж

Нияз – Ильяз Абдыразаковдун бир тууган иниси. Ал дагы агасынын жолун жолдоп ырчы, обончу, аранжировкачы болуп эмгектенип келет. Ильяздын концерттерин уюштурууга жардам берип жүрүп шоу чөйрөгө аралашкан Нияз «Казакстанда иштеп жүрүп «All Давай», «Меломен» топторуна, Гадилбек Жанай жана башка ырчыларга обон жазып бергем»,- дейт.

Туулган жылы, күнү – 1990-жыл, 1-ноябрь
Туулган жери – Баткен облусу, Кызыл-Кыя шаары
Бою – 178 сантиметр
Салмагы – 60 килограмм
Репертуарындагы ырлары – «Кайрылбаймын», «Сагынганда», «Тун сүйүүм», «Аячы мени» жана башкалар
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок

– Нияз, казак ырчылары менен кандайча иштеше баштадың эле?
– Алматыда продюсерлик борборлор менен иштешип, жаңы чыгып келе жаткан ырчыларга обон чыгарып берип жүргөм. «All Давай», «Меломен» топтору, Гадилбек Жанай деген ырчылар менен Ильяз аркылуу таанышкам. Обондорумду казактарга 300-1500 долларга сатчумун. Кудайга шүгүр, казактардын көбү менен достоштум, азыр барсам мени сый менен тосуп узатышат.

– Казакстандын шоу-бизнесинен кабардар ырчы катары бизге кандай жаңычылдык киргизгени жатасың?
– Казакстандык ырчылар кесибине жоопкерчиликтүү мамиле кылышат. Биздикилер болсо сахнасын жасабай эле концерт берип, музыканын сапатына көңүл бурушпайт. Буюрса, ырларымды сапаттуу кылып жаздырып, жандуу үн менен концерт берсем дейм. Эң башкы максатым – калың элге таанылып алган соң сүйүү, махабат тууралуу ырларды жыйыштырам да, бизди жараткан Кудай, ата-эне тууралуу ырларды аткарам.

– Бизде сүйүү тууралуу ырдасаң эле элге алынат деген нерсе жок да?
– Менин күйөрмандарым жаштар болгондуктан махабат темасындагы ырларды жакшы кабыл алышат деп ойлойм. Орто муунду эске алып, Бек Борбиевдин «Эркинай» деген ырын жаңылап жаздырып жатам.

– Сени Ильяздын иниси катары тааныйбыз. Экөөңөрдүн мүнөзүңөрдө кандай окшоштуктар бар?
– Экөөбүз таптакыр эки башкабыз. Ильяздын мүнөзү оор, чечим кабыл алуу үчүн көпкө ойлонуп жүрө берет. Мен болсо шайырмын, көп сүйлөйм, эл менен бат тил табышам, бардык нерсени тезирээк жасап салгым келет, чечимди бат чыгарам. Сахнада өзүбүздү алып жүргөнүбүз да башкача. Бирок үнүбүз аябай окшош, кээде мен аткарган ырларды «Ильяз ырдап берген окшойт» дешет (күлүп). Ошондуктан өзүм ырдаганымды далилдөө үчүн Баткенде гастролдоп жүргөндө жандуу үн менен концерт койдук.

– Сени «Ильяздын артынан чыкты» деген сөздөр капа кылбайбы?
– Жок, негизи ошондой эле болду да. Ильяздын окуучусу болдум, аны көрүп өстүм. Анын убагындагы Мирбек Иманбеков, Султан Садыралиев, Акбар Сүйүнбаевди көрүп ырчылыкка кызыктым. Ал кезде алардан башка эч ким жок болчу. «Мен да силерге окшоп ырчы болом» десем, Мирбек Атабеков «сенден келечектеги жылдызды көрөм» дечү.

– Артка кылчайып, балалык күндөрдү эстеп өтсөң...
– Ильяз экөөбүз азыркыга караганда кичинекей кезибизде ынтымактуу, ынак болчубуз. Азыр чоңоюп, бири-бирибизге сырларыбызды айтып ачыла албайбыз. Бала кезди эстегенде айыл, экөөбүз ойноп жүргөн кездер көз алдыма тартылат. 5 жашта болсом керек, ал убакта биздин айылда волейбол ойногон мода болчу. Бир күнү Ильяз эшикке таштарды тизип, аларды сырдап волейбол аянтчасын жасап коюптур. Экөөбүз жакшы эле ал жакта ойноп жатканбыз. Бир маалда алыста той болуп жаткан жерден музыка угулганда Ильяз топту кармаган бойдон катып туруп калды. Бир аздан кийин эсине келип топту ыргытып, чуркаган бойдон тойго кетти. Кечинде апам экөөбүз ошол жакка барсак, Ильяз столго чыгып алып Ямаханы берилип ойноп жатыптыр. Карасак акчалар кийимдерине кыстарылган, музыканттар болсо аны угуп карап отурушат (күлүп).

– Бойдокторго көп берилген суроолорду бергим келип турат. Табитиңдеги кызды сүрөттөп кетпейсиңби? Сени жактырып жүргөн бийкечтер билип алышсын.
– Баарыбыз эле жакшы кыз жагат дейбиз. Бирок ким кандай жүрсө, маңдайына ошондой адам туш болот экен. Ыймандуу, жакшы кызга үйлөнгүм келет. Ошондуктан түз жолдо жүргөнгө аракет кылам. Менин оюмча, эрте эле үйлөнүш керек, антпесе эркектин кыздарга болгон ою бузулуп кетет.

– Минтип айтып жатканыңа караганда бул нерсе башыңдан өткөн го?
– Азыр кайсы эркек түз жүрөт? Баары эле өлүп бараткансып «тээтиги кыздын номерин албайсыңбы, чакырбайсыңбы?» деп калышат го (күлүп). Менде деле мындай учурлар болгон.

– Ошондо чыныгы ашыктык сезимдерине курчала элексиңби?
– Сүйүү 1 эле жолу келет деп ойлоп калдым. 2-3 жыл мурун бир кызды катуу сүйгөм. Ал үчүн колумдан келген да, келбеген нерсени да кылам дечүмүн. Бир сөз менен айтканда, башым айланып, акылымдан адашып калгам. Бирок ал кыз экөөбүз азыр бирге эмеспиз. Андан бери бир топ убакыт өттү, андай таттуу сезимдер жүрөктө жашай элек. Балким, сүйүп калчу адамга жолуга электирмин.

– Сезимдерин арнаган күйөрман кыздар болуп жатабы?
– Студияга чейин издеп келип сүрөтүм түшүрүлгөн идиш-аяктарды белек кылган кыздар да бар. Жолугушууга чакыргандары, жагымдуу сүйлөп арбап алгандары да болот. «Ырдаган күнөө, намаз оку, үйлөнбөйсүзбү» деп жазышат. Менин да ушундай адептүү күйөрмандарым бар экен деп сүйүнүп калам.

– 25 жашка чыгыптырсың. Үйлөнбөсөң деле өзүнчө бөлүнүп жашайын деген ой барбы?
– Жок, Алматыда жалгыз жашагандан тажап бул жакка келбедимби. Бөлүнгөндө эмне, 2 эле бир тууганбыз. Азыр мага жыргал, жеңеме эркелеп даамдуу тамак жасатып жейм. Ильяздын балдарын карап эзилип, мен дагы ушундай уулдуу болсом деп кыялданып калам.

– Биздин ырчылардан кимиси менен дос мамиледесиң?
– Ырчылардын баары менен жакшы мамиледемин. Нурлан Насип, Дайыр Исмадияров, Данияр Эрматов, Нурмат Садыров, Аваз Акимов жакын достордон эмеспи, аларды ырчы боло электен бери тааныйм. Бирок эмнегедир тыгыз мамиледе эмесмин. Бул деле жакшы болсо керек, себеби алардан өзгөчөлөнүп башка багытта чыккым келет. Мен деле эч нерсени кыйрата элекмин деңизчи. Бирок кылайын деп аракет кылып жатам. Ырчылардан Алихан эң жакын досум. Экөөбүз кышында тоого чыгып сноуборд, лыжа тебебиз.


"Казак ырчылардан "All Давай" тобу менен достук мамиледебиз".

"Кышкы спорттун сүйүүчүсүмүн. Лыжа тепкенден ырахат алам".

Динара Абдыкадырова
star@super.kg


Нияз Абдыразаков: "Ильяз мени аяп, коргоп турчу"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(44)
SUPER.KG видео
23.04.2016. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун маек болуптур.
SUPER.KG видео
23.04.2016. 19:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иним анда кайт Казака
Медиа-портал
24.04.2016. 00:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
мага бир созу жакты,кызды тандабаш кк,биринчи озун жакшы болуп анан жакшы кызды изде деген созу,аябай ыймандуу тарбияны жакшы алган балдардан экен.
SUPER.KG видео
24.04.2016. 02:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ильяз укмуш популярный болгон, ухууу канча кыздар нары барып бери келип, ал учун менин жердешим озун асып салган жаль
SUPER.KG видео
24.04.2016. 04:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Просто нет слов красавчик
SUPER.KG видео
24.04.2016. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азаматсыз Иляздай Жонокой экенсиз сиз дагы ,башкардай ооз коптуруп суйлобой
SUPER.KG видео
24.04.2016. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азаматсың аганы көрүп ини өсөт дешетко сага чыгармачылык ийгилик
SUPER.KG видео
24.04.2016. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биринчи башталышында ырдаган ыр жакты жаны ырбы же ески елеби билгендер болсо айтып койгулачы сураныч
SUPER.KG видео
24.04.2016. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
суйкумдуу бала негедир жагатба чиркин
SUPER.KG видео
24.04.2016. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшынакай бала экен. Талантын оркундой берсин.
25.04.2016. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кыйратыпсынго ушунча элди эмне кыласын алдап.Уйлонуп ажырашкан бир Кызы бар
25.04.2016. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
altyshka_23,Ошо да уйлонгон болчу го тоюндагы суротторун да коргон болчум, ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-04-25 11:28:15
25.04.2016. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kgz93kg, кимдир-бирөөнү кемсинтүүдөн алыс болуңуз. Эскертүү!
25.04.2016. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
altyshka_23,алдаса алдабаса сага эмне айткысы келбесе озу билетда! Казактын мега ырчысы деген Кайрат деле жашырып келетго семьясын. Биз ырларына гана баа бере алабыз...
25.04.2016. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
иниси болсо эле чыгыш керек бекен клиптери, ырлары, аранжировкалары бири бирине коёндой эле окшош кечке эле бир кыз менен... башка музыкалык сынактарга катышсын Иляздан айырмасы болсо ун жок!!!!!!!!!!!!
25.04.2016. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсың
Медиа-портал
25.04.2016. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Таланты болсо актер болсо сонун жарашчуудай экен ийгилик.
Медиа-портал
25.04.2016. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Суйуп кала турган экен сыртык келбети )))
25.04.2016. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аганы көрүп, ини өсөт. Бардык жакшылыктарды каалайм.
25.04.2016. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошо мен дагы Иляздын, иним менден мурда уй булоо курган деген созун, бир берген маегинен уккандай болдум эле.
25.04.2016. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул уйбулолуу элего неге жашырат.уялды окшойт айткандан.
25.04.2016. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мага жакты спакойный жонокой жигит экен.
25.04.2016. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жашырса деле билип алабыз ,айтса кыргызтан боюнча дуу гап болуп кететкен ,эн туура кыска нускада.
26.04.2016. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул уйлонгон кызы бар болсо кк
26.04.2016. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул бала жагат
Медиа-портал
26.04.2016. 22:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
мени алынызчы

Медиа-портал
26.04.2016. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
молодец ишине ийгилик орду менен суйлойт экен
27.04.2016. 03:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бектин Эркинайы оор болуп калбайбы унуно ..Негизи Ильяздын ырларын калтырбай угам.
27.04.2016. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшынакай сулуу бала экен. Ырларын угуп коруш керек
SUPER.KG видео
28.04.2016. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Нияз мырза жылдызы бар жигит экен.Онорунуз оркундоп, талантыныз ташкындай берсин! Куйормандарыныз кобойуп, чыгармачылыгынызга ийгилик. Колдоп кетээрдин ордуна, жеке жашоосуна соз ыргытып... Иий ушундай адамдарды тегеле тушуно албадым. Эмнеси болсо да аман болгула.
29.04.2016. 02:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
нияз сиздин ырларыныз адамга абдан жагымдуу да мыктыда талыкпай эмгектенуудон талбаныз дагы да мен сыяктуу ырларынызды суйуп угуучу куйормандарыныз учун созолонткон мукамдуу ырларынызды жарата беришинизге тилектешмин
30.04.2016. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага чачынын ак болугу абдан жагат.
Медиа-портал
03.05.2016. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыгармалары,клиптери жагат.Көп эмгектенип жаңы чыгармаларды жаратышыңды күтөбүз
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо