Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

7 ЖАШТАГЫ БАЛАНЫ ӨЛТҮРГӨН АЯЛ 25 ЖЫЛГА КАМАЛСА, КАЙЫН СИҢДИСИН ЗОРДУКТАТКАН ЖЕҢЕ 20 ЖЫЛГА ЭРКИНЕН АЖЫРАТЫЛДЫ

№703 22-апрель-28-апрель, 2016-ж

Гезитибиздин бетине кылмыш, кырсыктар тууралуу көптөгөн чуулгандуу окуялар жарыяланып келет. Алардын жыйынтыгы эмне болгонун билгиси келген окурмандар көп. Андыктан бул саныбызда буга чейин гезитибизге жарыяланган кылмыш окуялардын жыйынтыктары менен тааныштырабыз.

2 ЖЫЛ МУРУН 14 ЖАШТАГЫ КАЙЫН СИҢДИСИН ЗОРДУКТАТКАН ЖЕҢЕ 20 ЖЫЛГА ЭРКИНЕН АЖЫРАТЫЛДЫ

Эсиңиздерге салсак, гезитибиздин 624-санына «Кайын сиңдисин жеңеси зөөкүрлөргө салып берген деп шектелүүдө» деген макалабыз жарыяланган. Анда 29 жаштагы Кымбат Мырзатова аттуу аял 14 жаштагы кайын сиңдисин 2 таанышына атайлап зордуктатканы, ошол кылмышка шектелип издөөдө жүргөнү жазылган. Ал эми өспүрүм кызды зордуктады деп Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Торкен айылынын тургундары 26 жаштагы Максатбек Жумакалиев менен 41 жаштагы Азамат Токтошов кармалган. Көп узабай, тагыраак айтканда, гезитибиздин №641-санына «14 жашар кызды зордуктагандар эркиндикке чыгып кетишти» деген макала жарыяланган. Анда жабырлануучу кыздын апасы кылмышка шектүүлөрдүн туугандары «кызыңдын дарысына» деп 300 миң сом берип, андан соң кызын «артыңды ойло» деп коркутуп, а өзүн алдап бир кагазга кол койдуруп алышкандарын, көрсө, ал тосмо арыз экендигин айткан. Так ошол жабырлануучу тараптын «доом жок» деген тосмо арызынын негизинде Токтогул райондук соту айыпталуучуларды эркиндикке чыгарган. Ал эми зордуктоону уюштурган деп издөөдө жүргөн Кымбат Мырзатова 2014-жылдын 27-декабрында Бишкек шаарындагы сойкуканалардын биринде кармалган.
Анын иши тергөөдө иликтенип жаткан учурда жабырлануучу тарап Токтогул райондук сотунун чечимине нааразы экендигин билдиришип, кайрадан Кара-Көл шаардык сотуна арыз менен кайрылышкан. Жыйынтыгында эркиндикте жүргөн Азамат Токтошов менен Максатбек Жумакалиевге кайрадан издөө жарыяланган. 2016-жылдын 18-мартында Кара-Көл шаардык сотунун чечими менен "кылмышты уюштуруп берген" деп айыпталган жеңеси 20 жылга эркинен ажыратылды. Андан көп узабай издөөдө жүргөн шектүүлөрдүн бири Азамат Токтошов милиция кызматкерлери тарабынан кармалган. Бул тууралуу тактоо максатында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын издөө бөлүмүнүн жетекчиси Нурлан Тукешов менен байланышканыбызда төмөнкүлөргө токтолду: «Азамат Токтошовду 2016-жылдын 28-март күнү Бишкек шаарынан кармадык. Ал Токтогул райондук соту тарабынан акталган соң Бишкекке келип үйлөнүп, ар кандай кара жумуштар менен алектенип жүргөн экен. Ал эми кылмышка шектүүлөрдүн экинчиси Максатбек Жумакалиев учурда издөөдө. Ал тууралуу маалыматтар бар, жакын арада колго түшүрөбүз».

УУЛУН АТЫП ӨЛТҮРГӨН АТАСЫ 18 ЖЫЛГА КАМАЛДЫ
Эсиңиздерде болсо, гезитибиздин №684-санына «Атасы уулун атып өлтүрдү» аттуу макала жарыяланган эле. Макалада 2015-жылдын 30-ноябрында Өзгөн районунун Зергер айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Айыл айылында катталган кандуу окуя тууралуу жазылган. Ошол күнү 47 жаштагы Акматкул Кочкорбаев аттуу тургун үйүнө мас абалында келип, 28 жаштагы уулу Жоодарбек Кочкорбаев менен уруша кеткен. Атасына таарынган уулу үйдөн үй-бүлөсүн алып кетейин деп 2 баласы менен Ауди үлгүсүндөгү унаага отурганда артынан атасы 28 калибрлүү мылтыгын алып чыгып, рулдагы уулун 2 ирет атып жиберген. Натыйжада унаанын айнеги сынып, анын чачырандылары арткы орундуктагы неберелеринин беттерин тилип кеткен. Ал эми уулу октон алган жаракатынан улам ошол жерден жан таслим болгон. Бул окуя боюнча «адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө учурунда маркумдун атасы күнөөсүн толугу менен моюнуна алган. 2016-жылдын 15-февралында бул ишти караган Өзгөн райондук соту Акматкул Кочкорбаевди күнөөлүү деп таап, 18 жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүм чыгарды. Эми ал күчөтүлгөн тартиптеги абакта жазасын өтөмөкчү.

7 ЖАШТАГЫ БАЛАНЫ ӨЛТҮРГӨН АЯЛ 25 ЖЫЛГА КЕСИЛДИ
2015-жылдын 10-декабрында милиция кызматкерлерине Бишкек шаарындагы Ак-Босого жаңы конушунун 33 жаштагы Астра Макелеева аттуу тургуну кайрылып, анын 1-класста окуган баласын белгисиз адамдар уурдап кетип, кайтарып берүү үчүн 150 миң сом талап кылып жаткандыгы тууралуу билдирген. 11-декабрда аталган кылмышка шектүү катары арыз ээси менен чогуу иштеген 39 жаштагы Майрам Акунова аттуу аял кармалган. Суракта Майрам Акунова акыркы 10 күн ичинде уурдалган баланын үй-бүлөсү жөнүндө маалыматтарды топтоп жүргөнүн айткан. Ошондой эле ал күнөөсүн моюнуна алып, баланын өлүгү кайсы жакка көмүлгөнүн көрсөтүп берген. Тиешелүү экспертизанын жыйынтыгына ылайык, анын акыл-эси жайында экени, ал эми баланын муунтулуп өлтүрүлгөнү аныкталган. Бул окуя тууралуу «Супер-Инфо» гезити №685-санына «Каза болгон 7 жашар Даниелдин апасы: «Балаңды тирүү көрөм десең 150 миң сом бер деди» деген макалада кенен жарыялаган. 2016-жылдын 3-мартында Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда жогорудагы окуя боюнча сот отуруму болуп өткөн. Сот отурумунда Майрам Акунова өзүнүн да 7 жаштагы баласы бар экенин жана буга чейин үч ирет соттолгондугун айткан. Ошондой эле ал жабырлануучуларга: «Балаңарды өлтүргөндү башка жактан издегиле, мен өлтүргөн жокмун. Мен актанып бере алам»,- деп кыйкырган. Андан көп узабай, 1-апрель күнү соттук кароо учурунда айыпталуучу Майрам Акуновага акыркы сөз берилген учурда "мен актанганым менен мени эч ким актабайт, мен азыр өзүмдү өлтүрүүгө да даярмын" деп жанына беките келген лезвие менен курсагын бир нече жолу тилип салган. Бирок анын өмүрүнө коркунуч жаралган эмес. Жыйынтыгында судья аны күнөөлүү деп таап, мүлкүн конфискациялоо менен 25 жылга эркинен ажыратып, "маркумдун апасы Астра Макелеевага моралдык жана материалдык чыгымдарына 500 миң сом өндүрүлсүн" деген өкүм чыгарды. Соттун өкүмү чыккан соң маркумдун апасы биздин редакцияга келип, кылмышка шектүү 25 жылга эмес, өмүр бою камалуусун каалагандыгын билдирди.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(25)
25.04.2016. 09:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Аттин ошол лезвия менен периште баланы олтурбой туруп озундун венанды кессен бала азыр ойноп кулуп энесине еркелеп журмок.Эми олйун дегенин кеч и так эле олук адамсын
25.04.2016. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Токтогул райондук соту менен тергоочунун устунон кылмыш ишин козгоо керек. Эмне деген шумдук? Ушунчалык сабатсыз адамдар калдыбы укук коргоо органдарында? Кылмыш болуп буткон сон, эч кандай тосмо арыз, башка нерсе деген болбойт. Только жазаланышы керек. Бул граждандык иш эмес.
Бул ото жаман практика. Эртен дагы бироо, башка бир кызды зордуктап, коркутуп тосмо арыз жаздырып алып журо берет. Анан дагы кылат ошол нерсени. Андан кийин баары кыла баштайт. Ошол нерсе керекпи ???
Wave. түзөттү 2016-04-25 10:03:20
25.04.2016. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Wave., Тосмо арыз алып келип берип атышса чыгарат да эми!!! бул жакта соттун куноосу жок, тиги аялда куноо болуп атат, кол коюп берген!!!
25.04.2016. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
eldos_kg,

Тосмо арыз болобу жокпу, кылмыш кылган сон, жазага созсуз тартылышы керек. Дуйнонун эч жеринде жок мындай практика. Кыргыздар ойлоп чыга койгон нерсеси. Сабатсыз болсо, ошол да сотторун.
Wave. түзөттү 2016-04-25 14:24:28
25.04.2016. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Супер инфо дагы бир келин бар го куйосун олтургон ,ар кандай болукторго болуп ,башын мусурдан табышкан Ошол боюнча да малымат берип койунуздарчы соту болдубу же боло элекпи
25.04.2016. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Jazi89, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
25.04.2016. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Рас болот эми түрмөдө жазаңарды аласыңар
25.04.2016. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аллах ынсап берсин баарына. аларга эмне даяр 3 маал тамак. жата турган жери бар эайга кетти а байкуш наристечи омур бою жок да (((
25.04.2016. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушунчалык таш боор болот экен да е
?
25.04.2016. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эмне учун? Бизде оор кылмыш, кылгандарга, олум жазасы жок! Педофилдерге кастрация жазасын киргизиш керек! Бул аларга женилирээк жаза болуп калат. Акыркы болуп жаткан оор кылмыштын ээлерине, олум, омур бою эркинен ажыратуу мыйзамы иштеш керек.Омур бою эркинен ажыратылгандарды, катуу козомолдо, жогоруда айтып кеткен форумчудай, уч маал тамак берип, бакпастан, ачка иштетиш керек. Мамлекеттин чонтогуно зыян келтирип багып олтурбай, атууга кетирсе, мумкун кылмыштуулук азаят беле?
25.04.2016. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биринчиден жогорку маалыматтын толук чын болуп ишке ашуусун каалайт элем. Экинчиден Кастация кылганда адамдын желаниеси олуп калбайт. Каалоосу боло берет. Болгону тыягы жарабай калат. Бычылган адамдар тууралуу угуп эле журобуз го кучактап жакындап жытташа берет экен болгону жарай албайт. Кастрация деген тупиковый чечим. Ошол педофил (мисалы чикатило) алар кыйратып деле зордуктаган эмес. Просто кескилеп ойногон, кыйнагандан кайф алган. Аларды кастрация кылбай колдорун кесиш керек.камаш керек.
25.04.2016. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Komrad, Сиз маньяк менен педофилдерди, алмаштырып жатасызго деймин. Туура эле чечим деп ойлоймун, педофилдерге кастрация жарыялап, омурунун бут баардыгын турмодо откорсо да аларга аздык кылат. Ал эми оор кылмыш кылып, сиз айткандай маньяктардын колун кессин деген закон чыкса, колум менен эмес бутумду да кошо которуп макул болмокмун. Само суд киргизсе андан да жакшыраак болмок. Канчалаган бей куноо наристелердин, адамдардын, омуру кыялып, жабыркаганы зээнинди кейитет
26.04.2016. 09:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздикилер химиялык кастрация жонундо мыйзам кабыл алабыз деп атышкан. Кайсы абалда экен азыр? Анан, химиялык кастрацияны кайрадан эле химикаттар менен калыбына келтирип койсо болот! Кылдат мамиле жасаш керек го!
25.04.2016. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошол кылмыштардын, канчасынын бети ачылып, ал эми канчасынын бети ачылбай кетип жатат.Ачылса да, майнаптуу бир чечимди чыгара албаган, биздин соттордун бети бет эмес эле бетон.Кар жаады из басылды дегенсип, соттордун алкымы акчага тыгылып, бас бас басты кылышып баягы эле, акчан болсо танкасын, акчан жок болсо манкасын дегендей, карапайым калктын акыйкатты издеп, таппай келгени куйгузуп, орттоп барат адамды.Качан адилеттуулук жашайт айткылачы калайык калкым? Качан акыйкат орнойт!!!
25.04.2016. 22:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эх адамдар кайда баратабыз баарыбызга ыйман бере кор.
26.04.2016. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Супер-Инфо азамат! Кылмышкерлердин жазалануусуна силердин да салымынар бар!
26.04.2016. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанда дайыма ушундай адилеттуулук болуп турса экен.Куноолуулор татыктуу жазасын алып а куноосуздор эркиндике чыгып.
26.04.2016. 19:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мени башкы сот кылып дайындаганда 10-20-25 жыл деп отурбай чекеден атмакмын же плашадка алып чыгып таш баранга салып бермекмин ошондо гана ушундай кылмыштар азаймак ар бир адам оз кадамын карап андан жолдорго баргандан коркушмак
26.04.2016. 19:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жон эле бечара адамдар олуп кетип жатат алардын ордуна мыкачылар олушсо соонун болот го 18-20-25 жылдан кийин булар дагы деле онолуп чыгышбайт
турмодон
27.04.2016. 22:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо,ат башыдан беле куйоосунон кордук коргон аял бишкеке качып келбеди беле эки баласын таштап ошол келиндин андан аркы жашоосу эмне болду экен?
28.04.2016. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
radyakiz, саламатсызбы? Сурооңузга жоопту бул жерден карап көрүңүз: http://www.super.kg/article/show/33775
28.04.2016. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Genar.benicio, баш тамгаларды эрежеге ылайык колдонуңуз. Эскертүү!
28.04.2016. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактай кор,наристеде эмне куноо бар,
29.04.2016. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бейкүнөө кишилер өлүп,өлтүргөндөрдү мамлекеттин эсебинен семиртип багып атабыз андан көрө ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-04-29 17:47:34
29.04.2016. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
fanatka19, провокация жаратуучу билдирүү калтырууга тыюу салынган. Эскертүү!
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-04-29 17:47:49
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо