Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ТЕМИРДИН ТАМШАНДЫРГАН КОНЦЕРТИ

№183 5-11-май, 2006-ж.

Темир Назаров март айында концерт коюп, концерти аншлаг менен өткөнү элдин эсинде чыгаар. Анда билетке жетпей, өкүттө калгандар көп болгон. Жаш жылдыздын мукам үнүнө моокуму канбай калгандар үчүн бул жолку концерт көктөн издегендери жерден табылгандай болду.
Концертти жаш болсо да ишине маш Алексей Филатов ачты. Концертти Алексейдин алып бара турганы элге өзгөчө жаңылык болду. Бул жолу сөздөрү кулакка сиңип бүткөн алып баруучулардан айырмаланып Алексей куйкум сөздөрү, жаштык жигери менен көрөрмандарга өзгөчө жакты.
"BS" тобунун көз кубанткан бийинен кийин жаштардын кумири болгон Самандар сахнага чыга келди. Бул ырчы өзгөчө үнү, өзүнө гана тиешелүү стили менен жаштардын, өзгөчө кыздардын көңүлүн өзүнө бура алды.
Ошентип, эки-үч номерден кийин биз күткөн далай кыздарды суусаткан Темир Назаров сахнага чыга келди. Темирди жакындан көрүүгө ашык болгондордун көп экенин мындан билиңиз, айрым кыздар жогору жактан, амфитеатрдан төмөн көздөй жөнөп калышты. Залды аралап ырдаган Темирге кол созуп кыйкыргандар, жалжылдаган көз менен узата карагандар мындан көп. "Темир" деп кыйкырып, эпчилдери алдын тоскон аскер формасын кийген жигиттерге да ээ-жаа бербей сүрөткө тартып жатышты.

(Макаланын толук вариантын «Супер-Инфо» гезитинен окуңуздар).


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо