Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Азамат Шакиров, Айжамал Кабылованын экс-күйөөсү: «ҮЙ-БҮЛӨМДӨ БОЛГОН ШЕРМЕНДЕЧИЛИКТИ ЭЛГЕ ЖАРЫЯЛАГЫМ КЕЛГЕН ЭМЕС»

№703 22-апрель-28-апрель, 2016-ж

Ырчы Айжамал Кабылова жолдошу Азамат Шакиров менен ажырашканы көпчүлүк үчүн күтүлбөгөн кабар болду. Гезитибиздин өткөн сандарында ырчы айым өзү, ажырашуу окуясына ысымы аралашып жаткан тамада Аман Ибраев маек курушуп, окуя тууралуу өз чындыгын айтышкан эле. «Айжамал менен бул теманы өз ара чечишип алган соң элге жарыялагым келген эмес. Бирок акыркы кездеги окуялар мени чындыкты далилдер менен жарыялоого аргасыз кылды»,- деп Азамат Шакиров редакциябызга кайрылды.

– Азамат, саламатсызбы? Түшүнөбүз, үй-бүлөнүн урап калышы, кандай себептер болгонуна карабай, эки тарапка тең оор тиет. Ал окуяны калың элдин талкууга алуусу абалды ого бетер чыңалтат. Буга чейин элдин назарында жүргөн ырчынын күйөөсү болуу сизге кыйынчылыктарды жаратты беле?
– Саламатсыздарбы? Өзүмдүн атымдан эле жооп айта турган болсом, ооба, «чымчыктын да уясы бузулбасын» деген сөз сыңары мындай нерсени өз башымдан өткөрүү оор болду. Айжамал элдин назарында жүргөн ырчы болгондугунан, балким, мурунтан ар түрдүү сөздөргө көнүп келгендир, бирок менин ата-энем, туугандарым мындай жеке жашоодо болгон нерселерди элдин талкууга алуусунан алыспыз.
Ырчынын күйөөсү болуу мага эч кандай кыйынчылыктарды жараткан эмес, кандай гана сөздөр болбосун мен Айжамалга ишенет болчумун. Өзүңүздөр да билгендей, Айжамал турмушка чыккандан кийин ырдабай үйдө отуруп калган жок. Кош бойлуу кезинде, балдарыбыз жаңы төрөлгөндө гана сахнадан алыстай түшкөнү болбосо, калган учурда ырларына да, клиптерине да колдоомду аябайт болчумун. Анткени 15 жылдай сахнада жүрүп, сахна анын жашоосунун бир бөлүгү болгонун түшүнөт элем.

– Буга чейин шоу-бизнестин өкүлдөрүнүн арасында Айжамал Кабылова менен сизди ажырашты деген сөздөр тарап, сизге кайрылганыбызда «комментарий берүүнү каалабайм» деген элеңиз. Азыр «мени чындыкты айтууга аргасыз кылып жатышат» деп жатасыз. Кимдер сизди бул кадамга түрттү?
– Айжамалга жообун бергениме 9 айдай болду. Айжамал менен турмушубузда болгон бул нерсени элдин талкуусуна салбай эле коёлу, өзүбүз чечиштик, ажырым жолго түштүк, бүтүрдүк дегенбиз. Ошондуктан мен ал убакта бул нерсе тууралуу комментарий бере албайм дегем. Бирок кимдир бирөөлөрдүн түрткүсү, кызыкчылыгы менен Айжамал биздин ажырашуубуз тууралуу маек берип баштады. Эл билет, кимдин кандай сүйлөөрүн, буга чейинки маектерин деле көргөнсүздөр, интервьюдагы сөздөр Айжамал колдонуп сүйлөөчү сөздөр эмес. Артынан эле Аман Ибраевдин интервьюсу чыкты. Удаалаш чыккан бул интервьюларды мен актануу жана пиар катары кабыл алдым. Өздөрүн пиарлап жатышканын сынга албайм, менин ишим эмес ал жагы. Бирок актанып жатышканда сөздөрү мен жакка тийип жаткандыктан, элге мен жаман, менин ата-энем, туугандарым жаман болуп калуусуна, жалган актанууларына орток болуп отура албадым.
«Айжамалдын интервьюсунда сизге, кайын журтка сөз тийгизген жери жок» дешиңиздер мүмкүн. Бирок ар түрдүү социалдык тармактарда талкууланып жатканын билесиздер, ошол жерлердеги Айжамалдын сөздөрү түзмө-түз эле мага, туугандарыма тиешелүү болгону мени чындыгым менен чыгууга аргасыз кылды.

– 10 жыл чогуу түтүн булатып, эки баланын ата-энеси болгондон кийин ажырым жолго түшүү экөөңөргө тең оңойго турбаса керек?
– Тууралап кетсем, 10 жыл эмес, биз 2007-жылы ноябрь айында үйлөнгөнбүз, 2013-жылы апрелде Айжамал балдар менен Кыргызстанга кайткан. Ошол убакка чейин да канчалаган нерсе болбосун, биз тараптан Айжамалга эч кандай басынтуу болгон эмес. 2014-жылы мен бат-баттан эле Кыргызстанга айтпай, сюрприз кылып барып-келип турчумун. Ошол арада эмне кылып жүргөнүн байкап, билип баштагам. Анткени кайсы күйөөсү бар аял, 2 баланын энеси түнкү саат 3-5терде башка үй-бүлөлүү эркек менен 15-20 мүнөттөн күндө сүйлөшөт?! Ушундан улам мен шекшип, Айжамалдын телефонун текшере баштадым. Күнөөлөрүн моюнуна алган, сөздөрдүн далилдери колума тийгенден кийин да оңолбогон мамилелери мени 2015-жылдын август айында Айжамалга жообун берүүгө аргасыз кылган. Албетте, оңой болбоду. Үй-бүлөлүк мамилебизди токтотуу, айрыкча балдарымды көп ойлодум, бирок турмушта мындай нерселер болуп турат экен, чыдайбыз, жашоо улана берет.

– Турмушта өйдө-ылдый нерселер боло берет эмеспи. Үй-бүлөнү сактап калууга мүмкүнчүлүк болбодубу?
– Албетте, турмушта өйдө-ылдый нерселер болуп турат. Жөн гана далилсиз ушактарга ишенип, оңой эле үй-бүлөнү талкалап коё турган адамдардан эмесмин. Бирок эч бир эркек аялынын мындай адепсиз кылыктарына көз жумуп коё албайт деп ойлойм.

– Сиздердин ажырашканыңыздарга Ошто тамадалык менен алектенген Аман Ибраевди да себепкер кылып жүрүшөт. Ал киши «Айжамал менен СМС жазышкан эмесмин» деп бизге да кайрылды. Ушундай териштирүүлөрдү коомчулукка жарыялабай коюуга мүмкүнчүлүк бар беле?
– Албетте, андай мүмкүнчүлүк бар болчу. Бирок биздин ажырашканыбызды Аман жана Айжамал, шоу чөйрөдөгүлөр өздөрү эле жая баштагандан улам элге таркады. Мен үй-бүлөмдө болуп жаткан мындай шермендечиликти элге жарыяламак белем? Атүгүл мен акыркы чечимге келген соң ата-энеме түшүндүрүп айтып, алардын макулдугу менен гана биз ажырым жолго түштүк. Экөөнүн интервьюларындагы «сүйлөшкөн эмеспиз» деген жалгандарынын 1-2 мисалын силерге сүрөт катары далилдеп жөнөтүп жатам. Муну да танышса, инстаграмдагы логиним azastarus, ошол жерден кеңири сүйлөшкөн түн жарымдагы СМСтерин, мындай СМСтерди жазышкандыктарын моюндарына алган аудиожазууларын да коюп, далилдей алам. Дагы айтылбаган көп сөздөрү, кылыктары бар...
Үй-бүлөбүздүн бузулушуна өзү гана күнөөлүү, мындай жол өзүнүн гана тандоосу, үй-бүлөгө берген баркы жана жашоого болгон жеңил ойлуулук көз карашы себеп болду.
Интернетте «Азамат Айжамал менен ажырашкандан кийин эле 19 жаштагы кызга үйлөнүп алган» деп жазгандар болуп жатат. Андай сөздөрдүн жазылганын башкы күнөөлүүнүн күнөөсүн башкаларга жүктөө аракети катары көрөм. Баары далилсиз гана сөздөр.

– Бишкектен жубайыңызга үй, машина алып берген экенсиз. Анын баарын кайра тартып алганыңызды да интернетте жазышууда...
– Алып бергеним ырас, бирок мындай окуядан кийин кайра Москвага чогуу келатканда кризиске байланыштуу өзүнүн макулдугу менен сатканбыз.

– Ортодо эки баланын тагдыры эмне болот?
– Балдарым – менин бул жашоодогу маңызым. Алардан эч качан кечип кетпейм, балдарымдын тагдыры мени терең ойлондурат. "Балдар же атасынан, же энесинен ажырабасын, менде болушсун, окутайын, тарбиялайын. Сен чыгармачылыгың менен алек боло бер" десем макул болбоду. Кыргызстанга барсам, тоскоол болушпаса, албетте, балдарыма жолугуп, сагынычымды таркатам. Бул жактан деле балдарды керектүү нерселер менен камсыз кылам деген ойдомун. Бул нерсе кандай болот, аны мен барганда сүйлөшүп, такташып алабыз.

– Мындай турмуштук тажрыйбадан кийин эмне деген тыянак чыгардыңыз? Элге, жубайыңызга гезит аркылуу айтчу кебиңиз бардыр?..
– Кудайым мындай тажрыйбаны эч бир үй-бүлөнүн башына салбасын. Ортодогу балдарга гана кыйын болот экен. Ар кадамды таштап жатканда акыл-эсибиз менен, өзүбүздү гана ойлобой үй-бүлөнү, ортодогу балдарды да ойлоп туруп, анан кадам таштоону унутпайлык. Анткени турмуш – бул оюн эмес, аны куруу, бекем тутуу кыйын, бузуп салуу оңой. Айтылган куру сөздөргө ишенип өкүм чыгарбай, акыл менен таразалай билели.


"Айжамалдын ырдаганына каршы болбой, дайыма колдоп келгем".

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(532)
29.04.2016. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Бироону сындагандан коро озубуздун кемчилигибизди ойлойлу.айжамал ажырашты ажырашса оздорунун каалоосу менен.ортого куноосу жок адамдарды аралаштырбашф керек болчу.кайнежесин аманды.дагы бир жигит бар дейт.айгерим деген кыз.мен билбеген дагы канчоо бар аны бир кудай билет
29.04.2016. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Анушка азаматсын.болду эми токтотолу суперди да жыргаттык окшойт
29.04.2016. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
bellacvetochek, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. Эскертилгенине карабай кайра бузганыңыз үчүн 3 күнгө БАН!
29.04.2016. 19:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат мырза, 2015 жылдын июнь айында Айжамал Кыргызстандан Москвага 23000рубльга карызга авиабилет алып учкан эле ына 1жылдын жузу болуп атат карызды берейн дебейсинер телефонунар очук ал акчаны ким берет ажырашсанар буга чейин мумкунчулук болбой атат деп келдинер мен да силерге окшош 2балам бар Айдамалга жазылган билеттин акчасын ошол эле куну чонтогумон тологом карызды кайтарып койсонор
30.06.2020. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
aruuke11,бергиле карызын
29.04.2016. 21:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Азамат окуп жатсан карызын берип кой уят, проблеманы арызданбай аркана карап иш кылсан болмок, абийирини айрандай токпой.
02.05.2016. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Этика нормаларын сактаңыз. 15 күнгө БАН!
29.04.2016. 21:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эхх
уй-булоолор бузулбасынчы((. Айжамалдын "Бир озун"деген клибин коруп козумо жаш келди.Ушундай бактылуу уй-булоолордон болгон экен!Ото окунучтуу.Балдары учун эч нерсеге карабай аракет квлышса болмок экен!
30.04.2016. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тоба жогоруда жазгандарга эмне минус басып жатасынар,ушунчалык начар адамдар басып жатасынар,Азамат,Айжамал ылайым жарашып кетишсин,мына коросунор албетте жарашышат.
30.04.2016. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Зынакорлук бул чон куноо.Куйоосун раазы кылган аял бейиштин каалаган эшигинен кирет дейт. Ырдаган куноо андан коро Айжамал эжекебиз куйоонузго суйкумдуу жар мээримдуу эне болуп уйдо эле отурсаныз уй булоонуз бузулган эмес. Азамат байке эн туура кылгансыз
30.04.2016. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай улгулуу уй булонун урап калышы окунучтуу...
30.04.2016. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
админ менин комментим кана???
30.04.2016. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
netsa, саламатсызбы? Кайсы темага кандай билдирүү жаздыңыз?
30.04.2016. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
коментарий боюнча рекорд койду окшойт бул макала
30.04.2016. 23:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
АЗАМАТ буткул Кыргызстан сени менен сени колдойт. Бактылуу бол! Сен суперсин!
01.05.2016. 09:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
arzuuu, буткул КЫРГЫЗСТАН деп ,
озунузду айтып жатасызбы ? !
02.05.2016. 01:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Jypargul,сыягы:))Буткул Кыргызстан arzuuдан турат эмеспи:) А биз Айжамалдын чыгармачылыгын суйуп,колдоодон жазбайбыз.
BebeU түзөттү 2016-05-02 01:15:27
11.05.2016. 02:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
arzuuu,Азаматты сенден башка эч ким колдобойт, кыргызстан колдогудай Азамат ким, Айжамалго биздин суйуктуу ырчыбыз
01.05.2016. 03:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ото кызыл бат очот же ото ысык бат муздайт болуптурсунар. Бир биринердин былыгынарды элге рекламалап эмне таптынар. Балдардын келечегин ойлоп да койсонор болмок. Алар чонойгондо азыркы маски-шоунар келечегине балта чаппаса болду. Азамат ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-05-02 12:01:06
02.05.2016. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zamir-bek, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүү калтырууга тыюу салынган. Эскертүү!
01.05.2016. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Айжамал Кабылова , биз үчүн (күйөрмандары )ажарлуу , таланттуу боюнча кала берет
01.05.2016. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
11 бет болуп кетиптир го.
01.05.2016. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Тооба кылдым ээ ушундай да болобу эри турса козуно чоп салып ортодо балдарга эле кыйын болот Эми оо дуйнодо да сурагы болот ынсап ыйман берсин аялга да эркекке да.
01.05.2016. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Амандын аялын жалко,одноклассникидеги куйоосунун страничкасына озунун суротун коюп,куйоосунун атынан жооп берип атат экен кыздардын смсине,медаль бериш керек терпениясына,куйоосу жалгыз "эгземплярын" жылдап суйуп журсо да чыдаган аялдарга данк жана дунк!)
02.05.2016. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Айжамал алга буткул Кыргызстан сени колдойт.
02.05.2016. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Амандын аялы молодец, куйоосун баткактан сууруп кетти, ага деле оор болгондур.
02.05.2016. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
rianna, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек. 15 күнгө БАН!
03.05.2016. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эмнеге мен жазган чыкпай жатат
03.05.2016. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Азамат менен айжамал чогу журнонун корушуптур элдер ошто.мына сага кошмааар.урушуп атышып кайра чогу болгонун билсе эмнеге элге жайды деймда
03.05.2016. 21:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
bellacvetochek,оо мынча жакшы кабар,аябай кубанычтамын
06.05.2016. 21:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Мына айжамал жарылды.эч жамандабай келди эле.азамат жана эжеси озуно озу кылышты.уят эле.азамат жана кайнеже эми кантип актанат экенсинер.эми кайнежеси жазыныз.сиздин да жообунузлу кутобуз.сураныч фотосу барбы ошол кайнеженин
07.05.2016. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Супер инфо нагима кайнежесинин фотосу барбы?
07.05.2016. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эркек болсон элге жарыялабай Аман менен сулошпойт белен!!! Озундун куноонду да билишин керек Айжамал андай ишке барчу кыз эмес. Андай ишке барганын билсен ХХХ ХХХ Биринчи озуно жооп бер анан Нагиманы тыйышын керек!
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-05-09 10:49:18
09.05.2016. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
malina, провокация жаратуучу билдирүү калтырууга тыюу салынган. Эскертүү!
07.05.2016. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
эркек киши уй булосу менен болушу керек..сен ал жакта ал бул жакта.сен сюрприз кылып жалт келип жым жок болушун озу туура эмес. балким ага да бироо сюрприз болуп жаткандыр баары озунун эле катачылыгын.. озун эмне ал жакта журо бересин катту тийсе кечирим сурайм.
10.05.2016. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уят эле...
14.06.2016. 09:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bellacvetochek,порталдын эрежелерин сактоо керек! 30 күнгө БАН!
18.09.2016. 22:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азамат ХХХ экенсин аялынды кыргызстанда балдары менен калтырып озун куноолуусун семьян болсо эки жакта жургон туура эмес
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-09-19 10:00:21
19.09.2016. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kanibek55,этика нормаларын сактоону сунуштайбыз. Кимдир-бирөөнү мазактоодон алыс болуӊуз. Эскертүү!
18.09.2016. 22:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тообо кылалы туугандар эркек болгондон кийин жакшылап карайлы аял эже карындаштарыбызды
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо