"МЕН АДАМДАРГА БАРБАЙМ. АЛАР МУЗДАК..."

№703 22-апрель-28-апрель, 2016-ж

– Мен муздак жайда төрөлдүм. Апамдын жылуу курсагынан бул ичиркенткен дүйнөгө келгендеги эң биринчи оюм ушул болгон. Суук экен. Ыңаалап ыйлап жибердим. Сууктан эмес. Жөн эле. Эркелеп, эреркеп. Мени чыдамсыздык менен күтүп жатышат го дегем. Бирок...
Апам. Апамдын жытын жазбай тааныдым. Кандай гана жагымдуу. Мен, албетте, анын жүзүн көрө элекмин го. Бирок ал абдан сулуу болсо керек. Апамдын колдору мени орой кармап ары түрттү. Эмнеге? Мен келдим го. Бул күндү чыдамсыздык менен күтүп жүргөм да. Ал эмнеге орой?
– Сен гана жетишпей жаткансың!
Апамдын бул сөзүн жакшылыкка жоругум келди. Эми мен келип апамдын дүйнөсү түгөл боло түшөт окшойт дедим. Бирок...
Мен эркелеп ыйлай бердим. Курсагым да ач. Бирок... Бирок капыстан апамдын жытын жоготуп алдым. Эми чындап ыйладым. Кайда кеттиң? Апа-а!
Чоочун бирөө жаныма келгенин сезип жатам. Мени жыттап жатат. Бул эмне мурду сууланган? Адам эмес. Апам эмес. Чоочун жандык ырылдай баштады. Кыязы, менин апамды чакырып ыйлаганым анын жинине тийди окшойт.
Колум... Колум ооруп жатат. Токтотчу! Колум! Бутум! Токтотчу! Аа-а! Бул жырткыч менин азабымды түшүнө алган жок. Ал ачка экен. Мени тытып жеп жатты.
Денемден жаным бөлүнүп, четте карап турдум. Азабым түгөндү деңизчи... Бирок мен ыйлап жаттым. Менин сулуу денемди, бойтойгон колумду, бойтойгон буттарымды ит талап кара курсагын тойгузду.
– Карачы, эмне кылып салдың? Кандай сонун эле, бүт бүлүндүрүпсүң?!- ала дөбөткө кыйкырдым. Ал оозу-башын жаланып көңүлү ток. Мени укпады.
– Ыйлаба... Мен сага андан жакшысын жасап берем...- белгисиз жагымдуу үн чыкты.
– Апама мен бул бойдон жакпай калам... Карачы, ала дөбөт колумду жулуп салыптыр...- мен ыйлай бердим.
– Ал апаң эмес. Ал сени адашып алып алыптыр. Чыныгы апаң сени чыдамсыздык менен күтүп жатат...
– Жок!- денемдин тытылып жатканын көрүп ыза болуп жаттым. – Мен кайра бул жакка келүүнү каалабайм. Муздак экен. Адамдар муздак...
– Мейли, сен анда менин жанымда жүрө бер.
– А мен сага керекминби?
– Албетте. Периштелер мага ар дайым керек.
– Периште? Менин канаттарым болобу?
– Сөзсүз. Апакай, кичине канаттарың болот...

Марат Жанбараков
lira@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(24)
25.04.2016. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Иий жаным ((((( журогум эзилип кетти гоо. Ушул окуяны окуп таш боор энелердин журоктору жылыса экен ыйман ынсап берсе экен ылайым.
25.04.2016. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ыйлагым келип кетти
25.04.2016. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Иииий ар наристенини энеси болсо экен,ар бир наристе жытына зар болгон энеге неристе берсе экен кудайым.....
25.04.2016. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Менимче бул баянды отконку Таласта кукук эне таштап кетип, ымыркай итке жем болгон окуядан таасирленип жазган болуш керек
25.04.2016. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
иии козумо жаш толуп аран окуп буттум (((((Кукук энелер окуп кичине болсо да ойлонушса экен
25.04.2016. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
иий байкушум((
25.04.2016. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
кичинекейим десе байкуш келип келбей атып :(
25.04.2016. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ох журок эзилип кеттиго .бул кандай таш боор эне?
25.04.2016. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Иий эч бит наристени апакесинен ажыраттпасынчы,"Бироого зар,бироого кор бала" коп аялдар балалуу боло албай журушсо а бул жакта мындай окуя эххх...
25.04.2016. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
iiii kichinekeim)))kandai okunuchtuu oku9
25.04.2016. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Журогум эзилип кетти,кантип?Кайсыл боору таш оз канынан,жанынан жаралган наристесин таштап кетет?Баландын колуна тикен сайылса канча журогун эзилет...Мага окшогон балага зар энелерге,уй-булоолорго да бала жытын жыттоону насип этсин жаратканым...(((((
25.04.2016. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ыйлагым келип кетти.Байкушум ай чыркыраган бойдон кете берди да
25.04.2016. 22:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Корком онор ,калемизиз кургабасын тим эле ошол окуяны озу айткандай жазыптырсыз биз учун,бирок таш боорлорду эх билбедим.
25.04.2016. 23:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Байкушум наристе, бизге келчи, биз сени жылуу кутуп алабыз. "Адамдарга келбейм" дебечи! Биз барбыз. Биз сени коптон бери кутуп журобуз. "Муздак экен"-дебечи. Биздин койнубуз жылуу. Ыссык мээримибизди тогобуз.

Ыйлагым келип наристеге жооп жазып жибердим.
25.04.2016. 23:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Автор жакшы жазыпсыз, таасирдуу. Азаматсыз!
26.04.2016. 00:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
(((((((
26.04.2016. 01:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Оа бул болгон окуя, отконгу жумада энеси таштап кеткен окуя, мен балага зар болуп жатам, бул акмак кочого итке жем кылып таштап койгон келесооо,
26.04.2016. 03:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Actor molodess jakwy jazylyptyr
26.04.2016. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Барган сайын таш боор апалар кобойуп баратат ушуларга жогорудагылар катуу чара колдонушпайбы
26.04.2016. 19:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
sunu2015,кандай чара болсо да таш боор,мерез адамды кантип ондойт. Бул ыймандын жоктугу,акылдын кемдиги, тарбиянын ото начардыгы деги соз жетпейт мындай макулуктарга. Жараткан баарына ыйман ынсап берсин
27.04.2016. 02:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Kozumdon jash chygyp kettigo,bala degen kanday keremet jan ech nersege almashkys,Menin kolumda bir aylik bobogum bar kanday gana shirin .
30.04.2016. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Отконку санда чыккан мыкаачы эненин окуясыго оз баласын кочого таштап байкуш куноосу жок наристени итке талаткан. Кандай энелер ушундай болот экен кудай сактасын
01.06.2016. 00:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ыйлап жибердим...
04.07.2016. 01:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баланы эч нерсеге алмашпайт элем. Бала бакты, жашоонун манызы го.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо