Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Эмил Балтагулов: «ҮЙҮБҮЗ ТАР БОЛГОНУ МЕНЕН, ЖҮРӨГҮБҮЗ КЕНЕН»

№703 22-апрель-28-апрель, 2016-ж

Учурда Жалал-Абад шаарында иштеп, жашап жаткан ырчы Эмил Балтагуловдун үйүнө барганыбызда келинчеги Гүлгүнай экөө: «Куш келипсиздер! Үйүбүз тар болгону менен, жүрөгүбүз кенен. Пейилиңиздер жакшы экен, башка коноктор да келмек эле, чогуу коноктоп, оңой кутулмак болдук. Чөнтөккө «эконом»,- деп тамашалап тосуп алышты. Үйүн тааныштырууда Гүлгүнай бизге гид болду.


ҮЙҮ ТУУРАЛУУ:

  • Жер тилкесин 3 жыл мурун 5000 долларга сатып алышкан.
  • Аянты – 6 сотых
  • Жашаган үйү (времянка) – 4 бөлмөдөн турат.
  • Короодогу 2 кабат имарат бүтө элек. Мунун 1-кабаты теннис ойноочу бөлмө, 2-кабаты студия болот.

"АТАМ "ТАМАК ЖАМАН БОЛУПТУР, ҮЙ ЧАЧЫЛДЫ" ДЕП УРУШПАЙТ"

– Эмил, үйдү башка жакка, мисалы, Ошко же Таш-Көмүрдөгү апаңдын жанына салбай, эмнеге Жалал-Абадга салгансың?
– Негизи «бул жакка келип иште» деп досум чакырган. Сокулукта жашап жаткан жеримден көчүп келсем, ал чет жакка иштегени кетип калды. Бул жактан жумуш таап, батирге чыктык. Батир акысын эми эле төлөсөң, кайра кийинки ай келип калат. Ушинтип жүргүчө деп жер тилкесин сатып алып времянка салып, былтыр январда көчүп келгенбиз. Бөлмөлөрүбүз чакан. Чоң салалы десек, карыз болчудайбыз. Гүлгүнайдын фобиясы – карыз. Карыз алдык дегиче уктабай калат. Андыктан анын фобиясына тийбедик. Буюрса, эшиктин алдындагы бош жерге 2 кабат үй салуу планда бар. Үйгө өзүм электр жарыгын киргизип, сантехниканы орноттум.

– Колуң көп нерсеге жөндөмдүү окшойт?
Гүлгүнай:
– Ушулары эле болбосо отун жаруу, кой союу, малдын этин жиликтөө дегендерди билбейт. Коноктор келгенде тааныштарды чакырып эт бөлүштүрөбүз. Үй иштерин да «илхамы» келгенде гана жасайт.
Эмил: – Бирок майда-чүйдөгө, ашканага киришпейт, токтоо, урушка жок деп мактаганды унутпа.
Гүлгүнай: – Аның чын. Негизи үйдө урушту мен баштайм. Менин оюмдагыны жасабагандыгы, "азыр келип калам" деп күттүрүп жүрө бермей адаты үчүн (күлүп).

Ушул кезде жаныбызда бизге сонуркап отурган 7 жаштагы кызы Мадинага кайрылдым.

– Мадина, сен айтчы, атаң да апаңды урушабы?
– Кээде эле «баланы мага таштап кетип калбай, өзүң карасаң болбойбу» дейт.

– Ушинтип эле урушабы? "Тамак жакшы болбой калыптыр, үй чачылыптыр" дебейби?
– Атам антип айтпайт, урушпайт.

– Үйдө акчаны ким кармайт?
– Атам, апам андан акча алып, үйгө жей тургандарды алып келет.

– Сени эмне деп эркелетишет?
– «Кара кызым» дешет. Мен чаң аарчыйм, пол жууйм, идиш жууйм. Таштандыны канал жакка алып барып өрттөп келем, өрттөгөндө сасыйт. Апам жини келгенде бизди уруп коёт. Атам урбайт, урушуп эле коёт.

– "Жан апам" деген ырды ырдап жүргөнүңдү билем. Эл алдында тартынбай эле ырдайсыңбы?
– Биринчи ырдаганда уялгам, азыр көнүп калдым.

– Оюнчуктарыңар көппү?
– Көп эле. Бирок апам баарын шкафтын үстүнө жыйнап салган. Үйдү чачышат деп ойлойт го.



Конок бөлмө
– Конокторду тосчу да, отуруп чай ичип, телевизор көрчү да бөлмөбүз ушул. Уулубуз Мухаммед чаңдатып, шаңга бөлөмөйүнчө көркүнө чыга бербейт.

Уктоочу бөлмө
– Өтө чакан болгондуктан диван, шифоньерди эптеп батырганбыз.

Ашкана
– Бул бөлмөгө мен чоңмун дебейминби. Үйдө азык-түлүк толуп турса, конок келе берсин деп турам.

– Эшиктин алдын бош койбой, көрктөндүрүүнү максат кылып жатабыз.

Балдар жана студия бөлмөсү
– Бул «карлик» бөлмө. Кыздарым уктоочу 2 ярустуу керебет менен Эмилдин студиясы ушул жерде жайгашкан. Кыздарыбыз терезелүү бөлмөдө уктагандан коркушкандыктан терезе салган эмеспиз.

Канымжан Усупбекова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  13 
Комментарийлер(48)
25.04.2016. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
суктанарлык уй булоо,артынан жаман создор да ээрчибейт эл козундо болсо да.Временкасы эле сонун жасалгаланыптыр мага жакты лично.
25.04.2016. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
бактылуу болушсундар
25.04.2016. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чексиз бакыт каалайм элдин катарында мен дагы аябай суйунгом уулду болушканда...
25.04.2016. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
К0з тийбесин! Бактылуу б0лунуздар.
25.04.2016. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чынында мага дагы чакан уйлор жагат.Уйунор кут болсун.
25.04.2016. 21:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Азаматсынар,уулду болгонунарда секирип суйунгон элем,жуксун деп бирок,жукпады.Уйунор тар болгону менен пейилинер кенен,ынтымак бар.Дагы да бакыт кушу багынарда сайрап турсун!Коз тийбесин...
25.04.2016. 21:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу болгула.
25.04.2016. 22:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу болушсун!
25.04.2016. 23:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чындыгында соз жок тфу-тфу коз тийбесин. Качан концерт берет экен супер сурап бергилечи. Ырлары оло жагат ашыкча дупс-дупс жок аранжировка. Концерти боюнча созсуз сураганды унутпагыла Супер Инфо.
26.04.2016. 00:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кантсе да менин жердеш акемда. Чаткалдыктар ушундай жонокой кен пейил ак конул болушатда. Бактылуу болунуз. Кыздардын кызматын уулдун урматын корунуздор женем экобунуздор. Ак чачтуу сары тиштуу абышка кемпир болунуздар. Аллах колдосун
26.04.2016. 00:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсың Эмил!
26.04.2016. 01:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бактылуу болушсун! Кудайым баарыбызга ушундай уй-булоону насип кылсын, Оомииин.
26.04.2016. 02:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жонокойлук адамдагы улуу сапат ,ушунундан жазба.
26.04.2016. 02:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыз, Эмил аке! Эртенки концертинизди ийгиликтуу откоруп алыныз, туугандар, (Москвадагылар) келип концерт коруп кетиниздер. ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-04-26 11:46:01
26.04.2016. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kalima88, жарнама үчүн атайын тема бар Суперстанда. Эскертүү!
26.04.2016. 02:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бизгеда сиздердикиндей бакт берсин кудайым,сиздердин семяныздарга бир эле мен эмес копчулук суктанса керек.Бир комнатада жашасанда бактылуууу болуп,карызын жок тынч жашаганга не жетсин,аялынызга рахмат акылдуу аял экен,а то азыр аялдар кредит алып болсода уй эмеректерин алат,анан уйдо жанжал башталат,уй булоонуз менен бактылуу болунуз эн негизгиси.
26.04.2016. 06:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Крокус ситиде жакшы отту концертинер аман эсен кыргызстанга жетип алыныздар кыздарыныз сабактан калбасын
26.04.2016. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мавлюдка келгенде аябай кубандым, бактылуу болунуздар, Аллах уй булонорго тынчтык, бакыт, чексиз суйуу, узун омур берсин !
Senuchunzhashaim түзөттү 2016-04-26 12:11:09
26.04.2016. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат! Улгу болчу уй-було
26.04.2016. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
эн жакшы бактылуу болунуздар бой котогондук мактаанчаактык деген жок бул байкеде
26.04.2016. 22:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Eki duinodo baktyluu bolunuzdar
26.04.2016. 23:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таштандыны орттогондо сасыйт дегени жакты)
27.04.2016. 03:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх менинда фобиям карыз да..эчкимден сурабайм, бирок менден карыз сураганын коюшпайт.
28.04.2016. 02:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула көз тийбесин.
28.04.2016. 02:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соонун экен
29.04.2016. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эн сонун уй экен бактылуу болгула ылайым ушул уйдо тойлор болсун ар бир пенденин жашаган тамы болсун.....
29.04.2016. 18:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бактыныздарга коз тийбесин ,балдарыныздын сый урматын корунуз сиздин ырларынызды коп угабыз,
30.04.2016. 02:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болунуздар...
01.05.2016. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Меникиндей сыналгысы баркен)))
01.05.2016. 21:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
arena2014, меникиндей курогу кетмени эшиги терезеси бар экен эми эмне кылыш керек
02.05.2016. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун уй экен
09.05.2016. 19:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага да ушундай үй керееек)
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо