Даниель: «ООРУНУН АЙЫНАН 10 КИЛОГРАММГА АРЫКТАДЫМ»

№704 29-апрель-5-май, 2016-ж

Бул жигит өзү айтмакчы, чыгармачылыкта жулунбай бир калыпта жүргөнү үчүн жылдыз болуп кетпей же жээкке сүрүлүп калбай, орто заар ырчылардын катарын толуктап келет. Бирок ачуусу келсе өзүн токтото албай калышы мүмкүн экен.

– Салам, Даниель, акыркы кезде такыр эле көрүнбөй кеттиң да?
– Саламатсыздарбы? Ооба, 2 жылдан бери ыр жаздыра элекмин. Жан дүйнөмө жаккан ыр таппай, изденип көп убакыт өткөрүп ийдим окшойт. Ооруп, ден соолук менен алышып жүрүп 10 килограмм арыктап да кеттим. Анын үстүнө окуумду бүтүп жаткам, убактым ал жакка да кетип жатты. Баары эле “жоголуп кеттиң...” деген суроону беришет. Азырынча сахнадан кетпейм го, жаңы ырларды жаздырып жатам.

– Сахнадан кетпегениң менен, "жарк" деп чыга албай жаткандайсың?
– Мен өтө жалкоомун, уйкучумун. Сахналаш досторум “Даниель, сенде келбет, үн, элге таанылып калган атың, колдогон продюсериң бар. Сенин ордуңда болсок эчак эле мега жылдыз болуп кетмекпиз” деп калышат. Табиятымдан жулунбаган, эпчил эмес окшойм. Менден башка болсо Канат байкени колдонуп далай концертин тартуулап жылдыз болмок.

– Концерт демекчи, жеке концертиңди эмнеге бербей жүрөсүң, сен жалкоо болсоң продюсериң иште деп талап койбойбу?
– Мына берем деп жүрүп сахнага чыкканыма 9 жыл болуп кетиптир. Эми биротоло сахнада 10 жыл болгондо берет окшойм (күлүп). Канат байке деле түрткүлөп турат “иштебейсиңби, жаштыгыңды пайдаланып кал” деп. Жакында жаңы ырчы бала алып “карачы, 16 жашта экен, сен картайыпсың” деп кыйытып койду. Жаңы ырларың болбосо тойлорго деле чакыруулар мурункудай болбой калат экен. Бирок Кудайга шүгүр, эл унута элек. Той, концерттерге барып калганда жакшы тосуп алышса ыраазы болуп калам. Өткөндө Нурлан Насип досум “биз унутулуп калбайлы деп тырышып иштейбиз, сен ыр жаздырбай жүрсөң деле өчпөйт экенсиң” деп тамашалап жатпайбы.

– Сахнада жүргөндөн бери кандай материалдык байлык топтой алдың?
– Чыгармачылыкта эң алгачкы тапкан акчамды эстеп кеттим. Жаңы чыкканымда досум экөөбүз Ошто “Садагам” деген ырымды ырдап чыкканбыз. Ошондо куршабдык кыздар клубга чакырып 500 сомго ырдатышкан. Ал акчага үйгө таттуу алып барып, калганын апама берген элем. Негизи, мен акча чогулта албайт экем, жөнү жок эле чачып, кийимге көп коротчумун. Канат байке “мынча кийимди эмне кыласың?” деп уруша берчү. Азыр акчаны үнөмдөп калдым. Анын үстүнө кризис болуп жатпайбы. Учурда жакшы эле чогулуп калды, буюрса, эми Бишкектен чоңураак үй сатып алып, апамды көчүрүп келсем деген максатым бар.

– Күйөрман кыздарың дагы эле көппү же баары турмушка чыгып кетиштиби?
– Күйөрмандарым да токтолуп калган окшойт (күлүп). Мурункудай ызы-чуу салган кыздар жок. Заманга жараша азыркы ырчылардын күйөрмандары интернетте болуп калды. Кыздар мурун “киного барып келели, тамактанып келели” деп көп чакырышчу. Алардын баарына эле макул болуп бара бербей, айрымдарына “ойлонуп көрөйүнчү” деп коёт элем. Негизи, андай жерлерге кыздар эмес, жигиттер чакырат го.

– Сөзүңө аралжы, чын эле кыздар мырзалардын шымын, кыска чачын, машинасын “тартып алды”. Жигиттер алсыз болуп жаткан жокпу?
– Ал эле эмес, тамекисин, ичкенин, сөгүнгөнүнөн өйдө менчиктеп алышты го. Кыздар тамекини эркектерге караганда көбүрөөк тартып калышты. Негизи, аялзаты назик болгону эле жакшы. Бирок айымдар табиятынан чыдамдуу келип, анча-мынча мырзалар жасай албаган жумушту жасап, биз көтөрө албаган түйшүктү көтөрүп коюшат.

– Ошондо назик кызбы же тың кызбы, кимисин тандайсың?
– Албетте, тың кызды тандамакмын. Жубайым тың, билимдүү болуп, көп тил билсе дейм. Балдарымды ушундай акылдуу эне тарбияласа эң жакшы болмок. Анан назик болуп чоёктоп отура берсе, жашоо алдыга жылбайт.

– Анан тың кызды жолуктурдуңбу, качан үйлөнөйүн деп жатасың?
– 18 жашымда 25ке чыкканда үйлөнөм дечүмүн. Туугандарым мага кыз таап, “бол эми үйлөн” деп шаштыргандан тажашпайт. Жаш өткөн сайын кыз тандап калат экенсиң. Өзүм 9-класста баш айланткан сүйүүгө кабылган элем. Ошондон бери келди-кетти сүйүүлөр көп эле болду. Акылыңдан адашып сүйгөндө жаш болсоң да үйлөнүп алган жакшы экен. Кийин кыздын жагышы да, үйлөнүш да кыйын болуп калат тура. Азыр 26 жаштамын, эми 30га чейин үйлөнөм деп жатам.



"Сахнага жаңы чыккан кезим, бул убакта кыз десе көзүм жайнап кетчү. Азыр токтолуп, кыздарга үйрүлүп түшпөй калдым".

Замира Рахманбердиева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(56)
02.05.2016. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Аа акырындан акыл кире баштаптыр,
02.05.2016. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ден-соолуктта болунуз Даниел байке!!!
02.05.2016. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Окурмандар,келгиле Даниелди бир ооздон колдоп "Дуйнонун сулуу мырзасы "конкурсуна быйыл баруусун отунбойлубу кандай дейсинер аа?Мумкун биринчиликти алып келер.
02.05.2016. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
5жашымда обушком дегеничи Даниел озу сексуалдуу мырза
02.05.2016. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Даниель,сен ырдабай эле киного тартылганын он,актёрлук чеберчилигин ырчылыктан алда канча жогору,ишенип кой досум.
02.05.2016. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
ушу беле качокский денесин гезитке чыгарган
04.05.2016. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
vangolu,ошо даарысын ичпей коюп,качок болбой калып,арыктадым деп койот да).
02.05.2016. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ой Фатима кечиргиле, айпери 1991 жооп жазайын деп силердин атынар басылып калыптыр
03.05.2016. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Lovebaby, кимдир-бирөөлөрдүн кадыр-баркына шек келтирип, провокация жарата турган билдирүү калтырууга тыюу салынган. Эскертүү!
02.05.2016. 20:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Кутобуз
02.05.2016. 21:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Нурлан Насиптен Озун Жогору коюп алганбы?!Ага жетиш ке коп бар.Андан коро озунду алдап популярен дебей,Жакшы ыр жаздыр.
02.05.2016. 22:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Жон эле Нурлан Насип досум тамашалады деп жазыптыр го дароо эле ага жетпейсин деп чыга келишет,ар бир ырчынын озунчо куйормандары бар да
05.05.2016. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
mela, Нурланга караганда алда канча бийик турат, экобунун ырларын салыштырып угуп корчу !
02.05.2016. 21:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
удачи !
02.05.2016. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мен Даниельди суйооом, бир кинодо Адилдин обр жараткан, ошо ролу аябай жагып баламдын атын Адиль коюп алгам.
03.05.2016. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХ ХХХ Бир жолку интервью да максат алдап сурап койсо кыздарын айтып кирген уялбай. Ууууууууууууууу
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-05-03 12:07:43
03.05.2016. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
arzuuu, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
03.05.2016. 00:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ийгилик !
Ар ким ар кандайда мурун интервюларда жаш болсо керек. Биз деле канча адашып суйлойбуз аны эч ким эстебейт озубуздон башка.
Жанылбас жаак мудурулбос туяк болбойт. Туура жашаса болду
03.05.2016. 01:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Биз кыргыздарда коро албастык бар.Даниел ден соолугун чын болсун,чыгармачылык ийгилик каалайм.Ийгиликтин эрте кечи жок .Алга иним.
Faina түзөттү 2016-05-03 01:51:42
03.05.2016. 09:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик сизге.,faina sizge toluk kowulam sam dele jogoruda kulup jatkandar jetpei koro albai oshentishet. Birinchi ozubuzdu kuzgudon karailychy
03.05.2016. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кайсы бир жылдары менден бир да кыз нааразы болуп кеткен эмес деген сыяктуу маек берген беле адашпасам. Ошондой куноо иштерин менен мактанбай, дин жагын кичине оздоштуруп Аллахтан журогуно ыйман, тапкан акчана береке ооруна шыпаасын сурасан. Баары кудайга шугур болот.
03.05.2016. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
batsam,ооба бул дайыма эротикалуу интервьюларды берчу бул маегинде бир аз токтолуп акыл кирип кплгандыгы билинип турат
03.05.2016. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
жакпайт занавеска))) озунчо эле мачоооо.
03.05.2016. 19:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Унуно береке
04.05.2016. 00:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жаш туруп жаш откон сайын дегенине тушунбойм, жашоосу эми башталып келе жаткандардын!!!
04.05.2016. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Эмне улуу муундан интервью ала албай жатасынарбы?Аалы Туткучовдон,админ?
04.05.2016. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Gulsarat, саламатсызбы? Сунушуңуз эске алынган.
04.05.2016. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анжеликанын ырларына караганда аз да болсо уккулуктуу
04.05.2016. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чын, модель же актер болсо эле жарашчудай, чем ырчы
07.05.2016. 06:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
asylaika,модель болгону боюнун узундугу туура келбейт.Калганы норма
04.05.2016. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ырлары эсте каламрлык эмес.Мактана эле берет
04.05.2016. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gulsarat, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек. Эскертүү!
04.05.2016. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Адамда 1 пайыз талант болсо калган 99 пайыз аракет болуш керек. Просто бул жигитти бироо нормальный колдоп койсо анча мынча мамлекетке да биздин ырчы деп мактанчу эле бала.
Даниэль сен жашсын баары алдыда .
05.05.2016. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Даниел иштениз жатпаныз ! )))
08.05.2016. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
А. Туткучевден интервью алгылачыыы?!
09.05.2016. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Zarema94, саламатсызбы? Сунушуңуз эске алынган, рахмат.
08.05.2016. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ырлары укулуктуу аз жана саз дегендей и келбеттуу дагы нурланга караганда
09.05.2016. 00:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо Майрамбек Осмоновтон да интервью алгылачы чон сураныч
09.05.2016. 00:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Актер Абдыкалык Акматовтон да,Токтогулдун жаш кезин аткарган го
09.05.2016. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurkiyal, саламатсызбы? Сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди, рахмат.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо