Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ДЖИ (сериал)

№704 29-апрель-5-май, 2016-ж

(Башталышы өткөн сандарда)

Бир ирет сыртта отурсам, Джи унаасы менен келди. Токтобой өтүп кетет го дегем, бирок токтоду. Жакын келип учурашып «атың ким эле?» дейт. «Анткорлонбо, мени жакшы тааныйсың. Биз жакын дос болчубуз. Сен, мен, Антон, Лера»,- дедим. Бирок эч кимисин эстей албай койду. Көзү алаят да турат. 2 сааттай ар кайсыны айттым. Деле бир эстечүдөй эмес. Сурап көрсөм, чет жакта дарыланып келиптир. Аны кимдир бирөөлөр катуу сабашкан экен. Баарын унутуп коюптур. Эстей албайт. Баарынан таң калычтуусу – ал азыр баңги эмес. Джинин айтымында, анда бир да жолу героинге болгон каалоо ойгонбоптур.
Азыр Джи менен учурашып калабыз. Ал мага кээде акча берип турат. Бүгүн да аны күтүп алайын деп чыккан болчумун. Бирок кашайып кечигип калыптырмын. Анан сага жолугуп отурбаймынбы. Сен жакшы кишидей көрүнөсүң. Ошон үчүн сага баарын төкпөй-чачпай айтып бердим. Минтип адам менен көпкө сыр чечишип сүйлөшө элегиме канча болду...- Сергей чылым түтөттү.
Жанар үндөгөн жок. Бир чекитти тиктеген бойдон ойлуу отурду.
– Ал бир да баштан өткөн окуяны эстей алган жокпу?
– Жок, эч нерсе.
– Ал Джи эмес.
– Кандай дейсиң?
– Эч нерсе...- ал чиеленген түйүндүн учугун таап алгандай.

xxx

Жанар Сергейдин үйүндө отургучта уктап калыптыр. Бир убакта кечээ кыз таштап кеткен телефон шыңгырап калды.
– Алло!
– Кандайсың? Бул мен, Джи. Каяктасың?
Жанар эмне деп айтарын билбей калды. Сени аңдып келип, орус коңшуңдун үйүндө түнөп калдым дегенге оозу барбады.
– Досумдукунда.
– 1 сааттан кийин борбордогу Горький паркына келе аласыңбы?
– Ооба.
– Мен ошол жерде болом.

xxx

Жанар сейил бакка такси менен келди. Кыз жакын аралыктагы кафеде отурган экен. Муну телефондон айтты.
Кафенин ичинде бирин-экин адам гана отурат. Жанардын жүрөгү опкоолжуп, денесин майда калтырак басты. Төр жакта Аруукеси ойлуу отурган экен. Жигитти көрө сала жылмайып кол жаңсады. Ууртундагы пайда боло калчу уячалар аны өтө эле сүйкүмдүү кылып коё турган. Бул жылмаюуну канчалык сагынганын Жанар сөз менен айтып түшүндүрө албайт. Анан калса, кыз аны жылмаюу менен тосуп алганы жигитти булуттарга жеткиргендей эле болду.
– Салам!
– Кандайсың?- Жанар кыздан көзүн ала албай жатты. А Джи болсо ушул учурда бул эски таанышындай туюлуп жаткан жигит аны бир башкача жакшы көрүү менен, эркелетүү менен эзиле карап жатканын сезип, жигиттин бул көз карашы ал үчүн абдан жагымдуу болуп жатканына таң калды.
– Сенин эч жериң ооруган жокпу?
– Жок.
– Катуу сокку жептирсиң,- кыз көзү менен Жанардын тытылып турган кашын көрсөттү.
– Аа, болбогон эле нерсе,- жигиттин жүрөгү туйлап кетти. Балким, кыз көп нерсени унутуп койгондур, бирок анда дале адамдан башкача боорукерлиги, байкагычтыгы сакталып
калыптыр. Мүнөзү өзгөрбөгөн экен. Жанардын ичи элжиреп жатты.
– Кофе ичесиңби?
– Жок, суу эле.
– Ооба. Мындайда суу эле ичиш керек. Өлдү деп көмүп койгон адамыңды кайра көрсөң же муздак суу ичип жиберишиң керек, же аны бетиңе чачып эсиңе келесиң.
– Сен дайыма ушундай тамашакөй болчусуң.
– Эрте үмүттөнбөй тур. Акыркы 3 жылга чукул аралыкта мени Жаннасың, Джисиң деп ишендирип коюшкан. Менин деле мындан шегим жок. Апам мени өтө эле жакшы көрөт. Үстүмдөн үйрүлүп түшүп турат. Атам да мени жанынан артык көрөрүн билем. Бирок мен кинолордо гана болуучу окуяга кабылган адаммын. Мени жакшы көргөн адамдар бар болгон үчүн гана жашап жүрөм. Бирөө мээрим төгүп, жанынан артык көрүп жатса, ошолордун кубанычын көрүү үчүн да кадимки адамдардай жашап жатканыңды көрсөтүп кубанткың келет. Бирок менин жашоомо бир нерсе жетпегендей туюла берет, муну билем. Менин акыл-эсим жайында. Бирок жашоомдун 3 жылга жакынын гана билем. Элестетсең, өзүң 23 жашта болсоң, а эскерүүң болгону 3 жылдык. Калган 20 жылында эмне болду эле? Мен кандай элем?
– Сонун болчусуң,- Жанар сөздү бөлүп кетти.
– Хе, сен күлкүлүү экенсиң. Мен ушундай драматизм менен өз окуямды айтып жатам. А сен болсо «сонун болчусуң»...
– Чынында эле ошондой болчу. Сен Бишкекте төрөлүп-өскөнсүң. А мен сени биринчи жолу университетке келе жатканда көргөм. Жамгыр жаап жаткан болчу. Билесиң го, жамгырда элдин баары шашып калат. Баары эле жүгүрүп баратышкан. Мен дагы. Бир убакта карасам бир кыз жайма-жай гана басып баратат. Бул маспы же оорулуу немеби деп койгом. Сенден өтө бергенде сен мага «бизде чыныгы мырзалар калбай калганбы?» деп кыйкырдың. Мен шарт токтодум да, сага кол чатырымды берип кетип калгам.
– Кетип калдыңбы? Биз ошол жерден таанышканбыз го дептирмин,- кыз жылмайып койду.
– Жок, биз ошол эле күнү тааныштык. Мага аялдамадан бир машина жолдогу сууну чачыратып өтүп кетти. Жиним келип күбүнүп жатсам, сен автобустун ичинде мени карап күлүп жатыптырсың. Ушундай жиним менен барып, сенин колуңдагы кол чатырымды жулуп алдым. Сен жинденип артымдан түштүң. Көрсө, экөөбүздө тең жол кире калбаган экен. Анан жөө бастык. Ошентип таанышканбыз,- кыз бул сөздөрдү угуп жылмайып гана туруп берди.
– Окуя абдан сонун экен.
– Бул экөөбүздүн окуябыз,-Жанар үмүт менен Аруукесинин көзүнө карады.
– Антип карабачы. Чын, мен эстей албай турам. Балким, ал башка адам болгондур?
– Жок, мен сенин ар бир кыймылыңды тааныйм, а жүзүңдү 1000 жыл өтсө да унутпайт болчумун. Айтсаң, эмне үчүн мен сага тааныш учурап жатам? Себеби биз бири-бирибизди жакшы көрчүбүз. Ошон үчүн сен мени эстеп жатасың да.
– Ооба, бир да адамды мурда бир жерден көргөндөй болчу эмесмин. Бардыгы менен жаңыдан таанышып чыккам. Жадакалса ата-энем менен. А сени кайсы бир убакта көргөндөй болуп турам. Бирок кайдан, качан экени белгисиз. Ошон үчүн дароо жыйынтык чыгара салуу да кыйын болуп турат. Мындай кылалы, Жанар. Мен адегенде өз окуямды айтып берейин. Андан кийин сен. Акырында бир жыйынтык чыгарабыз, мейлиби?..

(Уландысы кийинки санда)


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Башка сандарда:
ДЖИ (сериал) 675-сан
ДЖИ (сериал) 676-сан
ДЖИ (сериал) 677-сан
ДЖИ (сериал) 678-сан
ДЖИ (сериал) 679-сан
ДЖИ (сериал) 680-сан
ДЖИ (сериал) 681-сан
ДЖИ (сериал) 682-сан
ДЖИ (сериал) 683-сан
ДЖИ (сериал) 684-сан
ДЖИ (сериал) 685-сан
ДЖИ (сериал) 686-сан
ДЖИ (сериал) 687-сан
ДЖИ (сериал) 688-сан
ДЖИ (сериал) 689-сан
ДЖИ (сериал) 690-сан
ДЖИ (сериал) 691-сан
ДЖИ (сериал) 692-сан
ДЖИ (сериал) 693-сан
ДЖИ (сериал) 694-сан
ДЖИ (сериал) 695-сан
ДЖИ (сериал) 696-сан
ДЖИ (сериал) 697-сан
ДЖИ (сериал) 698-сан
ДЖИ (сериал) 699-сан
ДЖИ (сериал) 700-сан
ДЖИ (сериал) 701-сан
ДЖИ (сериал) 702-сан
ДЖИ (сериал) 703-сан
ДЖИ (сериал) 705-сан
ДЖИ (сериал) 706-сан
ДЖИ (сериал) 707-сан
ДЖИ (сериал) 708-сан
ДЖИ (сериал) 709-сан
ДЖИ (сериал) 710-сан
ДЖИ (сериал) 711-сан
ДЖИ (сериал) 712-сан
ДЖИ (сериал) 713-сан
ДЖИ (сериал) 714-сан
ДЖИ (сериал) 715-сан
ДЖИ (сериал) 716-сан
ДЖИ (сериал) 717-сан
ДЖИ (сериал) 718-сан
ДЖИ 719-сан
ДЖИ (сериал) 720-сан
ДЖИ (сериал) 721-сан
Комментарийлер(26)
02.05.2016. 09:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Аябай куттук го биринчиминго ээ
02.05.2016. 09:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
1
02.05.2016. 09:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аркууе ал сени суйгон сен аны суйгон тунук махабатын, экоонордун кол жеткис суйууноор эх аттин баарын эстесен
02.05.2016. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аз элего
02.05.2016. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Мен учунчу )))
02.05.2016. 21:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
belleza,мен учунчу турамго Жакшы карасан Жакшы
02.05.2016. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мен учунчу
02.05.2016. 09:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен биринчи, бешинчи, онунчу деген емненер? ! Еч тушунбойм.
02.05.2016. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
men akyrky
02.05.2016. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Аягында -Майли, Майли, деп каоа бердим. Буторго жакын азайып эле баратат
02.05.2016. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эсте Аруш эсте!
02.05.2016. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
скуучнаааа
02.05.2016. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азго коптон эле жазгылачы супер
02.05.2016. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Коп эле жазса болбойт бекен торт сап жазбай
02.05.2016. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Качан бутоооот??? Жарылып кетем гооо
02.05.2016. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мынча аз админ кооп кооптон жазгылачы
02.05.2016. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мен акыркыы
02.05.2016. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ото эле азго
02.05.2016. 20:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эми эмге болот
02.05.2016. 21:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уф азго. Арушка эстей гой эми
02.05.2016. 23:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Арууке super.kg ге кирип откон санды окусан баарын тушунуп аласын !!!!!
03.05.2016. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эми качаан калганы
03.05.2016. 19:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аруукеси тезирек эле эстесе экен.
03.05.2016. 23:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арууке тирик болсо тиги комулгон кыз жанагы банги кыз экенда ээ корсо экоону алмаштырып койгон экендаа
08.05.2016. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kubanych92,анда ал да Аруукеге окшошбу?
07.05.2016. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Понедельникке чейин чыдабай кеттам, черт газетасын алып албай.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо