Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЗАМАНБАП СӨЗДҮК

№704 29-апрель-5-май, 2016-ж

КҮНҮМДҮК ЖАШООДО
Папик – бул орус тилинен алынган, «папа» (ата) деген сөз. Бирок кыргыз коомчулугунда да кеңири колдонууга өтүп калды. Папик деп адатта жашы өтүп калган, бирок капчыктуу, өзүнөн кыйла жаш кыздарды керектүү материалдык байлык менен камсыз кылып жубайлыкка алган же экинчи, үчүнчү аялы катары алган эркектерди айтышат.
Албетте, бул боюнча ар кимдин ою ар кандай болушу мүмкүн. Аларды сындоо деле туура эмес. Бирок арабызда капчыктуу, жашы улуу эркекти торуна түшүрүп алып, курбуларына да «мага окшоп бир папик таап ал да» деп кеңеш берген кыз-келиндер бар. Ал кеңешке ынап папик издегендер да жок эмес.

ТРАНСПОРТТО
Рестайлинг– англис тилинен «restyling» – «жаңылоо» деген маанини берет. Башкача айтканда, унаанын ичин да, тышын да жаңыртуу. Бир эле унаанын жөнөкөй жана рестайлинг түрү болот. Себеби машина чыгаруучу ишкана бир үлгүдөгү унааны чыгарып, кийин аны сатуу азая баштаганда кардарларды кызыктыруу үчүн ошол үлгүдөгү унаага бир аз жаңычылдыкты кошот, тактап айтканда, рестайлинг жасайт.
Адатта машина сатуу боюнча жарнамаларда унаа рестайлинг экени көрсөтүлөт. Бул унаанын айрым бир өзгөчөлүктөрү, жаңычылдыктары бар дегенди түшүндүрөт.


КОСМЕТОЛОГИЯДА
Фейсбилдинг – косметологиядагы жаңы сөздөрдүн бири. Англис тилиндеги «face» (бет) жана «building» (куруу) сөздөрүнөн келип чыккан. Бул беттеги булчуңдарды чыңдоо үчүн жасалуучу атайын көнүгүүлөр. Фейсбилдингди эрежеси менен жасоо аркылуу анча-мынча бырыштардан, экинчи ээктен кутулууга болот.
Адатта беттеги бырыштарды кетирүү үчүн көпчүлүк хирургиялык жолдорго барат эмеспи, же болбосо ботокс сайдырышат. Ал эми фейсбилдинг жасоо менен сиз табигый сулуулукка жасалма каражаттарды аралаштыруудан алыс болосуз. Албетте, бул сонун альтернатива болуп берет. Анан калса зыяны да жок.

Мирлан Өмүралиев
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(1)
02.05.2016. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен биринчи жолу папиктерди жандаган кыздарды коргондо копко ойлонуп жургом, "кантип дити барат " деп...Эми болсо конуп калдым. Б.а. жумушта (сулуулук салону) кардарлардын басымдуу болугун ошо папиктердин "чеберелери" тузот.
kalima88 түзөттү 2016-05-02 13:30:18
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо