Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

КЫРГЫЗ ӨКМӨТҮ ЫРЧЫЛАРДЫН ИЙГИЛИКТЕРИН ӨЗҮНӨ ЫЙГАРЫП АЛДЫБЫ?

№704 29-апрель-5-май, 2016-ж

26-апрель күнү Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин мүчөлөрү өкмөттүн 2015-жылдагы отчётун угуп жатып, отчётко чет өлкөлүк сынактарда ийгилик жараткан ырчылар Кайрат Примбердиев менен Жийдеш Идирисованын жеңиштери белгиленип калганын талкууга алышты. Депутат Максат Сабиров: «Уялбайсыңарбы, ырчыларга кандай жардам көрсөттүңөр?! Алар чуркап, өздөрүн өздөрү каржылап жүрүшөт»,- деп сындады.
Ырчыларга «сынакка баратканда өкмөт жардам көрсөттү беле?» деп кайрыл- ганыбызда, Жийдеш Идирисова: «Мага эч бир мамлекеттик түзүм каржы жактан колдоо көрсөткөн эмес. Өзүбүз акча чогултуп эле барып келгенбиз»,- деди.
Ал эми Кайрат Примбердиев: «Орусияга сынакка барганда жубайым менен 3 ай Москвада жашап, кошумча түнкү клубда ырдап иштеп жүрдүм. Москвага бара жатканда эч бир министрликке кайрылган эмесмин. Сынакка кеткен каражатты өз чөнтөгүмдөн чыгаргам»,- дейт. Чын эле Кайрат менен Жийдештин ийгилиги өкмөттүн отчётунда белгиленгенби деп өкмөттүн маалымат кызматынын жетекчиси Толгонай Стамалиевага 28-апрелде байланышканыбызда, Жогорку Кеңеште жыйында отурганын айтып: «Азыр өкмөт башчы отчёт берип жатат. Ал тууралуу сөз болгон жок»,- деди. Ал эми депутат Максат Сабиров: «Вице-премьер-министр жана өкмөт мүчөлөрү өкмөттүн отчётун алып келген. Анда «өкмөт маданият тармагында ушундай ийгиликтерге ээ болду» деп жазылган»,- деген оюн айтты. Мындан улам өкмөт ырчылардын ийгиликтерин жөн эле өзүнө ыйгарып алдыбы деген суроо туулат. Акчалай жардам бербесе, эч бир муктаждыгын бүтүрүүгө жардам көрсөтпөсө, кантип отчётко кирип калган?


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(9)
02.05.2016. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Эч бит жардам бербей туруп кантип отчетко кошту,уялышпайбы
02.05.2016. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Пфффффффф,арабаны эшек тартса,колокосундо жургон ит мен тарттым дегендей
03.05.2016. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
white_angel,туура макалды айттын, дал ошондой эле болуп калыптыр.
02.05.2016. 20:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бет деген нет да
03.05.2016. 19:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Беттери бет эмей эле,батинкенин бирдемеси болуп калды го эми. Кичине ынсап кылышса боло,оо кудай!
04.05.2016. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башка корунуктуу иш кылышпаса анан ырчыларды айтат да
06.05.2016. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргыз элинин атынан чыгып аткандан кийин кошуп алышты да эмнеси бар экен. Сыйлык жалкы сыймыгы жалпы деген сөз бар эмеспи.
07.05.2016. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анан эле налог толосун ырчылар деп да калышат!
09.05.2016. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Deputattar akyrky mezgilde yrchy , kuuduldardan bowoboi kalywty go chirkin,
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо