Түрк улутундагы кишиге турмушка чыккан келин: «8 ЖАШТАГЫ КЫЗЫМДЫ КҮЙӨӨМ КОРДОПТУР»

№705 6-май-12-май, 2016-ж

Азыр чет өлкөлүктөргө турмушка чыккан кыргыз кыз-келиндери көбөйдү. Алардын көбү чет өлкөлүктөргө тийсе жашоо жакшы болот деп ойлошот. Бирок баары эле алар ойлогондой эмес экендигин бүгүнкү каарманыбыз айгинелейт.

«КЫЗЫМДЫ ВИЗА АЛУУ ҮЧҮН ӨЗ АТАСЫНА ЖИБЕРГЕМ»
Редакциябызга баш баккан Элмира (белгилүү себептерден улам аты-жөнү өзгөртүлдү) «кызым өз атасы тарабынан кордолду» деп башынан өткөн окуяны баяндап берди:

– Өзүм Нарын облусунун Ат-Башы районунан болом, 1979-жылы туулгам. Мектепти бүткөн соң ЖОЖдордун бирине тапшырып, 2 жылдан кийин таштап койдум. Түркияда туугандарыбыз бар эле, алар менен сүйлөшүп, Стамбулга барып туристтик агенттикте иштеп калдым. Артымдан чуркап жүргөн, өзүмдөн 11 жаш улуу Музафер аттуу түрк улутундагы бир киши бар эле. Турмушту түшүнүп, токтолуп калды болуш керек деп ага турмушка чыктым. Ал мага үйлөнө электе 1 жолу үйлөнүп ажырашканын айткан эле. Кийин билсем, мага чейин 3 аял кетириптир. Ал аялдарынан 1 кыз, 1 уулу бар экен. Экөөбүз 2005-жылы баш кошконбуз, 2 жылдан соң кыздуу болдук. Күйөөм кызганчаак эле, мени эшикке чыгарбай, коңшулар менен да сүйлөштүрчү эмес. Кетип калбасын деп сыртымдан бекитип да кетчү. Анын айынан үйдө уруш чыгып, кээде сабап салчу. Акыры анын жоруктарына чыдабай, 2008-жылы ажыраштым, сот кызымды мени менен болушун чечти. 2010-жылы кызымды Кыргызстанга алып келдим.
Кийин Москвага иштегени кетип, 2013-жылы орус улутундагы бир жигит менен таанышып, ага турмушка чыктым. Турмушка чыккан соң кызымды өзүмдүн жаныма алдым. Кызымдын паспорту түрктөрдүкү, 1 жылдай визасы жок Москвада окуду. Кийинки жылы визасыз мектепке киргизе албай койдум. Визаны узартуу 150-200 доллар, ага каражатым жетпейт. Кыргызстандын жарандыгын алып берейин десем, «балаңыз 16га чыгып, кайсы жактын жарандыгын алыш керектигин өзү тандашы керек. Ага чейин бере албайбыз» деп коюшкан. Айла жок 2015-жылдын 29-сентябрында кайрадан Түркияга киргизип -чыгаруу үчүн атасы менен телефондон сүйлөшүп, ага жөнөттүм. Күйөөм башында жакшынакай эле «макул, бардык документтерин тууралап жөнөтөм» деп жаткан. Кызым Түркияга жетер замат «мен жибербейм, кызымды кайдагы орустар менен жашатып каапыр кылганы жатасыңбы?» дей баштады. Ошол бойдон кызым менен сүйлөштүрбөй койду. Түркияда жүргөндө визамды узартпай калганым үчүн ал өлкөгө кире албайт элем. Консулдукка улам-улам барып сурасам, ал жакта иштегендер текшеришип, «декабрдын 18инен кийин Түркияга кире алат экенсиз» дешти. Кыргызстанга келип 19-декабрда Түркияга учуп барсам мени киргизишпей, кайра артка кайтарышты. Мен Кыргызстандан документтеримди топтоп, кызымды сот мени менен калуусун чечип бергенин айтып, жагдай-шартты түшүндүрүп Түркияга кирүүгө уруксат сурансам, алардын Ички иштер министрлиги мени «мурда киши өлтүрүү, баңги же сойкулук менен кармалган эмес бекен?» деп текшеришип, «көрсө, күйөөгө тийип визасын узарта албай калган тура, таза эле экен» деп виза беришти.

«КЫЗЫМДЫ АЯЛЫНА ДА САБАТЫПТЫР»
– 25-январда Түркияга учуп бардым. Барсам Музафер мурда биз жашаган үйдөн көчүп кетиптир. Чалсам албайт. Бир тааныш эже бар эле, ал экөөбүз 2 күн издеп таппай койдук. Тааныштарынан сураштырсак, алар да «билбейбиз» дешти. Акыры Башкы прокуратурага барып арыз жазып, «кызымды кайтарып бергиле» деп соттун чечимин көрсөттүм. Ал күнү кеч кирип кеткендиктен «кызын таап бергиле» деп алар бизди полиция кызматкерлерине жиберишти. Эртеси аларга кайрылсак 2 сааттын ичинде табышып, «кызыңызды алып кетиңиз» деп чалышты. Бардык. Кызым аябай арыктаптыр. Кетип жатканда 32 килограмм болчу. 21 килограмм болуп калыптыр. Мени менен жүргөн эже жумуштары менен кетип калды. Биз автобус менен аныкына бара жатсак, кызым «атам менин колдорумду зажигалка менен күйгүзүп салды» деп калды. Менден кийин өзбекстандык бир кызды алып, андан 1 балалуу болгон. Кызымды ага сабаттырчу экен, аны айтты. Тамак бербей, кыштын суугунда балконго камап, бир жолу шкафты сүздүрүп, мурдун канжалата чапканын да айтты. Дароо тиги эжеге чалсам, ал балдар менен иштеген полиция кызматкерлерин жибериптир. Алар келишип «бизде психологдор жок, кызыңызды суракка ала албайбыз» деп бизди "Султан Сулейман" деген оорукананын ичинде жабырлануучу балдар үчүн атайын бөлүм ачылган экен, ошол жакка жеткиришти. Алгач кызымды ойнотуп, алаксытышкан соң суроолорго жооп берүүгө алып кирип кетишти. Мени киргизишкен жок. Психолог, жактоочу жана 2 полиция кызматкери кирип, суроо-жооптор бөлмөнүн сыртына орнотулган видеого тартылып, үнү жаздырылды. Чыкканда эле психолог «кызыңыз атасы тарабынан ур-токмокко алынгандан тышкары кордолуптур. Тагыраак айтканда, атасы кызына сексуалдык аракеттерди жасап, жосунсуз жоруктарга барган» деди. Алгач ишенген жокмун. Кызым оюнан чыгарып койгон го деп ойлогом. Алар кайра бизди Башкы прокуратурага жиберишти. Ал жактан соттук-медициналык экспертиза текшерип кызымдын денесинен ур-соккудан калган тактарды, муунтулган колдун изин, күйгөн тактарды аныкташты. Биз Музафердин үстүнөн арыз жазып, эртеси Кыргызстанга учуп келдик. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, тилекке каршы, Музафер качып кеткендигине байланыштуу азыр аны издөө иштери жүрүүдө. Учурда кызыма Кыргызстандын жарандыгын алып бере албай жүрөм. Ооруканага, мектепке барганда кыйынчылыктар жаралып жатат. Эми болору болгон соң гана кызыма кыргыз жарандыгын берүүгө макул болушту. Абалы азыр жакшы, психологдон текшерүүдөн өткөн. Бирок ал «кызыңыз эс тартып, эмне болгонун түшүнсө психикасы жабыркап, ар кандай жолго барышы мүмкүн» деп жатат.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(121)
11.05.2016. 04:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Орус кимге уйлонсо да баланы огойлобойт,оздой кабыл алат,ошон учун тийген оруска деп ойлойм...бирок мээни иштетуу керек кайсы жерде журбо укугунду бил
11.05.2016. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
dinara7684,Беш кол тең эмес,баардык Орустар бирдей эмес
11.05.2016. 07:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Тоба деп суйлойун,бирок турктордон кудай сактасын жумушка аялдары менен келип кеткинче нерв болом аллергия болуп качан кетет деп,кантип турк тажик азер озбеке тийесинер тан калам.
11.05.2016. 07:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Торт беш катын жетпегкнсип кызын да зордуктаптыпбы тообо тообо Аллах ушундай жаман муноздон ОЗУ сактасын
11.05.2016. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Naida турк улутундагылар мусулмандар да
11.05.2016. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
kurguz..., aydana93, кимдир-бирөөлөрдү мазактоого тыюу салынган. Эскертүү!
11.05.2016. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Турктордун кадыр баркына шек эмес жети атасын ашатып бир согоюн дедим эле чыкпай калат да.
11.05.2016. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Негизи азыр бир да кишиге ишенич жок. Айрыкча колунда балдарын болсо, экинчи жолу күйоого чыккан да коркунучтуу. Ким билет, жылмайып туруп эмне иштерди кылаарын. Озунун тууганынын кызын зордуктап жатса, каяктагы чоочун эркектен эмнени кутсо болот. Заман ушундай...
11.05.2016. 22:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
чала болуптур
12.05.2016. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
besh kol ten emes. Jaman ulut bolboit jaman adamdar bolot deit. Baary ele akylduu bir gana ushul eje akyly jok kok mee. ar biribiz ozubuzdu oilop koroluchu. bul turmushta ar kandai bolot. biroogo syn takkycha ozubuzdu oiloilu. kyzdar je baldar kunooluu degen tuura emes. jakshy kyzdar dagy jakshy baldar dagy bar. bizde dele baldaryn urup kordogondor jok emes. Allah saktasyn. ar biribizge yiman bersin.
Bul eje dele turmush kurup jashap ketem dep tiyse kerek ele. Eje kyzyna 200$ deptir Rossi
12.05.2016. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аял жакшы эр жакшы дейт,алпагай кызга салпагай куйоо,муну мен эмес ата бабаларыбыз айткан.Эмне аялдар асмандан тушкондой болосунар.Тен тени менен тезек кабы менен.
12.05.2016. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул турк же кыргыз орустан емес,адамдардан.......кыргызда деле мындай окуялар коп еле катталбадывы,озунун кызын же туугандарыныкын зордуктап койгон......как говориться не бывают плохие нации а бывают плохие люди....
12.05.2016. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызда да бар даман жакшысы,башка улуттарда да бар даман жакшысы....турктордун да жакшылары бар.......
13.05.2016. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз болгондон кийин кыргыздын жигитине тийсе болбойбу, кыргыздын канын сактап. башка улуттарга салым кошкондон коро кыргызга салым кошсо жакшы болмок.
13.05.2016. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Аябай сонун жомок болуптур.Современный жомок.
13.05.2016. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
тагдыр кандай таш боор эээ
бирок турк эли сексуалдуу болот дегенин уккан элем
13.05.2016. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Guli-94kg, провокация жаратуучу билдирүүлөргө тыюу салынган. Эскертүү!
13.05.2016. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башка улутка тийип кордукту коруп дагы деле эсине кирбептирда оруска тийсе
14.05.2016. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kubanych92,мумкун ал орус менен жакшы жашап аткандыр, жазбаптыр го орус менен да ажыраштым деп, демек жашоо жакшы, башка улуттун да жакшысы бпр
13.05.2016. 23:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Емнеге башка улутка тийесиз дейм да. ...ошонун айынан озунуздун кызыныздын тагдыры кордолуп атат
13.05.2016. 23:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jaman naciya jok,jaman adamdar bar kyrgyzdarda da myndan otkon mykaachylar toltura.koptogon jakwy turktordu kordum,jamanyn da kordum.bawka uluttagylarga kop turmuwka chygyp jatkandyn sebebi kyrgyzstanda jumuwsuzduktun sanynyn koptugu jana jok degende bir ui bulodo bir adam bolso da syrt jakta iwtep ui bulosun bagyp jatkandar.syrt jakta jurgondon kiyin bawyna kop nerse keliwi mumkun jamany da jakwysy da turkko tiyip baktyluu jawap jatkan kop kyrgyz kyzdardy bilem.
13.05.2016. 23:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jada kalsa turktor ayal zatyna jumwak mamile jasawat,al emi ejenin bawyna kelgen okuyalar az kezdewet.bawybyzga emne keleerin ech kachan bilip seze albaibyz.kyrgyzga tiysek da bawka ulutka tiysek da en negizgisi ayakdyk baktyluuluk...
14.05.2016. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудайдан пешенеге жазып койсо керек иншалах жакшы кундорду кызынызга
14.05.2016. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
деп коросунорго
14.05.2016. 19:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kyrguz kyzdary jenil oiluu jagynan 1-orundu ech kimge berbeit go deym
14.05.2016. 23:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Андай педофилдер бизде деле толтура 70 теги карыя 2 уулу мн 14 жаштагы кызын зордоп жургонун кармашты 2-5 жашка чейинки бобок кыздар зордолуп жатат алар бутуп эми эркек балдарды зордой башташканы качан, бизде ботон элге сын такканды бироонун жашоосуна мурун тыгып чукуламай хобби катардагы ,аялдар калып жигиттер жакшы ушакташа башташты акыркы жылдары озу.
15.05.2016. 00:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Bolbogon 200$ aiynan baikush kunoosuz kyzdyn tagdyry tash baran boluptur da, karyzdap bolso dagy vizany uzartyp oz janynda alyp jurson bolboit bele, bilbeim nee deshti da, jaman ulut emec jaman adam bolot demekchi, turktun jamanyna jolugup kalgan eken da, myndai jaman adamdar kyrgyzda da bar, kun saiyn okup atabyz zorduktady, uurdady, soiup ketti dep, azyr adamdar alsyz tash boor bolup baratat.
15.05.2016. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туркияга барып туркко орусияга барып оруска кайсыл жерге барса ошол улутка турмушка чыгып алат экен да э
16.05.2016. 04:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул окуяга ишенбей калдым 16га чыга элек кызды ким менен жиберди Турцияга и тем более 150 200 долларга визаны узартса болот го чем турцияга билет алып жибергенче жомокторду окшоштуруп жазсанар болмок
16.05.2016. 08:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
соз жок, биринчи куноонун баары озундо, ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-05-16 10:31:59
16.05.2016. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nora, MTu, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүү калтырууга тыюу салынган. Эскертүү!
16.05.2016. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Khabib, улут аралык түшүнбөстүктү жаратуучу билдирүүлөргө тыюу салынган. Эскертүү!
24.06.2016. 03:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырас кылат сага окшогондорду эрге тийет десе эле эки козун торт болуп учаа бербей арканды узун таштап ойлонуш керек биринчиден.Ойлобойсун озун дагы бир улут башка бир улутка боору оруйбу деп.эми болсо мактангансып оруска тийдим деп атасын ХХХ ХХХ ХХХ ХХХ Сага турк куйоон сабак болбодубу. Эртен орусун таштап кетсе тоону омторгонсуп чыгасын уялбай
Модератор admin_media түзөттү 2016-06-24 09:38:53
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо