№705 6-май-12-май, 2016-ж
Куудул, ырчы, тамада Жеңишбек Айтиевдин 2 үйү бар. Бири Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги 2 бөлмөлүү батир болсо, экинчиси туулган жери Ноокат районунун Кара-Таш айылындагы чоң там.
Куудул өзү 5-класста окуган улуу баласы Туратбек менен Ошто жашап, айылга «командировкалап» турушат.
Айылдагы үйүнө баруу үчүн Оштон 45 чакырым жол жүрдүк. Айыл Керме-Тоонун түбүндө жайгашып, бир аз суук болгондуктан алмалар тегиз гүлдөгөн маал экен. Бизди келинчеги Айжамал жана жайнаган майда көздөр тосуп алды. Анткени булардын 6 баласы бар. Эң улуусу 12 жашта болсо, кичүүсү 1 жашта. Бизди үй, короо менен балдары тааныштырып жүрдү.
ҮЙҮ ТУУРАЛУУ:
Жер тилкесинин аянты – 35 сотых.
Чоң тамы – 6, времянкасы – 3 бөлмөдөн турат.
Эшик алдында очоккана, мончо, жайкы чай ичип, баарлашуучу жай, анан чарпая бар.
Там артында мал сарай, тооккана жайгашкан.
Булардын баарын курууга 6 жыл жана 5 миллион сомдой акча кеткен.
ЧОҢ ТАМ
ВРЕМЯНКА
КОРОО
«ҮЙДӨ ОТУН ЖОК БОЛСО, ЖЕҢИШБЕКТИН ЖАНЫ ЧЫГЫП КЕТЕ ЖАЗДАЙТ»
– Алгачкы суроо, үйдүн долбоору кимге таандык?
Жеңишбек: – Агам экөөбүзгө таандык. Ата конуш ээн калса жаман экен. Ошондуктан эски үйдү сүрдүрүп, ордуна жаңы там салдык. Үйдү 6 жыл дегенде бүтүрдүк. Курулуш материалдарын Оштон бери ташып, колубуз жооруду, белибиз бекчейди, көзүбүз чекчейди. Ош менен айылдын ортосунда каттай берип «фигурабыз чыкты».
– Жеңишбек, эркек катары майда-чүйдөлөрүн өзүң бүтүрсөң керек?
Айжамал: – Кайдан?.. Бул мал, тоок, бак караганга шыгы болгону менен, калганын акча менен бүтүрөт. Фобиясы – сварка, электр тогу. Лампочка да алмаштырбайт.
Ж.: – Бизди багат, кийимди өзү алып берет, отунду Оштон бери ташыйт деп койсоң боло...
А.: – Ал жагы бар. Чарбачыл, үйгө карамдуу. Токойдо болобу, шаарда болобу, отун көрүп калса, үйгө ташып келе берет. Үйдө отун жок болсо жаны чыгып кетет.
Ж.: – Антпегенде эмне?! Кокус электр жарыгы жок калса, балдар ачка калбаш керек, үшүбөш керек да.
Канымжан Усупбекова
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
5
1 | 2 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |