Назгүл Токтакунова деген ысымды укканда эле сары чачтуу кызды элестетебиз. Таймашса мактанарлык таланты бар ырчы кыз «чачымды эксперимент кылгандан коркпойм, кызыл, жашыл, күрөң, саргыч, кара, айтор, болгон түстөргө боёп чыккам, бирок досторум сары түстөгү чачымды жактырышат» дейт. Көпчүлүк күйөрмандары үчүн сары чачтуу Назгүл Токтакунова, ал эми достору үчүн жөн эле «Сарышка» өзү тууралуу кызыктардан кеп салат.
– Куш келипсиң, сени партиялардын үгүт иштеринен көргөн элек, андан бери таптырбай жүрөсүң? |
-Кандайсыңар, мен «Экарекордс» студиясы менен 3 жыл тынымсыз иштештим. Көптөгөн ырларды, дуэттерди, саундтректерди жаздырдык, клиптерди тарттырдык, кээде күнү-түнү уктабай калган учурлар болду. Бир убакта баарынан тажап кеттим. Жан дүйнөм эс алууну каалады окшойт. Үйдө эс алдым, бирок ырларымды алдын ала жаздырып койгон элем, алар радиолордон кетип жатты.
Жашырганда эмне, тынымсыз иштеп жүргөн жаным үйдө жата берип толуп да кеттим. Мен сырткы келбетиме абдан маани берем, анткени өзүм кеңседе иштеген жөнөкөй кызматкер эмесмин, сахнада ырдап жүргөн, көбүнө үлгү болчу адаммын. Андыктан келбетиме, жүрүм-турумума абдан сын көз менен карайм. Кыскасы, семирген келбетим менен өзүмдү сахнадан көргүм келген жок, бул дагы тыныгуунун башкы себептеринин бири деп эсептейм. Азыр арыктоону америкалыктар, европалыктар модадан чыгарып жатышат, анткени ар кандай оорулар күч албадыбы. Бирок өтө арык болбосо да, өзүн бир калыпта алып жүргөн ден соолукка пайдалуу эмеспи.
– Биздин эстрадада ырчыларды таланты бар, аракети жок жана таланты жок, бирок аракети бар деп эки топко бөлсө болчудай...
-Ооба (күлүп), өзүмдү таланты бар, бирок аракети жок деген топтон көрүп жатам. Негизи эле мен өзүмдү жарнамалап, сахнадан өзүмдү көрсөтөм дегендерден алысмын. Мага уюштуруу иштери, окуучуларды тарбиялап, алар менен алек болгон көбүрөөк жагат. Бирок өзүңдө эч нерсе жок болсо, окуучуларыңа эмнени үйрөтөсүң? Учурда чыгармачылыкты жандантып аракет көрүп жатканым да ошондон. Укмуш ырдайм деп айта албайм, бирок такыр эле ырдай албаган ырчылардын катарына да кошулбайм.
Чынында шоу-бизнести такыр башкача элестетчүмүн, биздин шоу-бизнес оюмдагыдай чыкпай калганына көңүл ооруп таштап салдым окшойт. Бирок кемчиликти оңдоо өзүбүздүн колубузда эмеспи, андыктан шоу-бизнести өзгөртүү бизден да көз каранды.
– Сенин оюңча, ырчыларга мамлекет колдоо көрсөтүшү керекпи?
–Мындан 3-4 жыл мурун «Жаңы толкун» сынагынын тандоо туруна катышып калдым. Карасам, казактардын катышуучулары өкмөттүн өкүлү, алдыңкы маданий кызматкерлери, телеканалдарынын коштоосу менен келишиптир. Биз болсо жалгызбыз, ошондо абдан көңүл сынган эле. Биз менен деле Маданият министрлигинен бир өкүл барып колдоо көрсөтүп отурса сүйүнбөйт белек, жакшыбы-жаманбы өлкөбүздү башка мамлекетте көрсөтүп жатабыз да. Бирок чет өлкөгө сынакка баратабыз деп акча сурай бергендер бар экен. Эгер катышуучу жогорку деңгээлдеги эл аралык сынакта финалга чыкса, мамлекет жардам бериш керек деп ойлойм.
– Былтыр сүйүктүүң менен мамилеңерди ачыктап «жакында үйлөнөбүз» деген элеңер, тойду абдан создуктуруп жаткан жоксуңарбы?
-Азыр баары ушул суроо менен кайрылып жаткан учур. Инстаграмдан да «эмнеге жигитиңиз менен түшкөн сүрөттөрдү алып салдыңыз, сүйлөшпөй калдыңарбы?» деп сурап жатышат. Жок, бизде баары сонун, Кудай буюрган күнү үйлөнөбүз, болгону датасын чече элекпиз. Инстаграмдан сүрөттөрдү атайын алып салдым, көз тиет, сөз тиет деген болот экен. Жыйынтыгында мамилебизди жарнамалабай эле жүрүүнү туура көрдүк. «Бакыт тынчтыкты сүйөт» дейт эмеспи.
– Инстаграмда жигитиң менен түшкөн сүрөттөргө караганда Арсен менен түшкөн сүрөттөрүң көп экен?
-Ооба, көбү «Арсен жигитиңизби?» деп да сурашат. Арсен менин эң жакын досум, мага дем берип «бар, былчыйбай машыкчы, арыктачы» деп кемчилигимди түз бетиме айткан адам. Чынында эле жигитиме караганда Арсен менен түшкөн сүрөттөрүм көп экен, ал мага сырттан билинбейт да. Көпчүлүк курбуларым да тарс-тарс, бетке сүйлөгөн адамдар экен: Айжан Газиева, Бактыгүл Бадыева, Салтанат Аширова, Жийдеш Идирисова. Мен тымызын, акырын жүргөн кыздардан корком, себеби ичинде эмне ойлоп жатканын билбейсиң.
– Сулуу, белгилүү кызга кызыкпаган мырзалар жок болсо керек...
-Албетте болот. Өзүм кафе, барларда көп иштеп калгандыктан акчасын чачып, өзүн көрсөткүсү келип «понтовать» эткен мырзалардын далайын көргөм. Акчасын чачкандарга жиним келгенде «эмне, менин чекемде баам жазылып турабы?» деп жарылган учурларым болгон. Машина алып берип, белек тартуулап койсо кыздар өзү эле келет дегендер жаңылышат. Кудайга шүгүр, ата-энем эч нерседен кем кылбайт, үйүм, машинам бар, өзүм иштейм.
ИШЕНЧЭЭК, АЧУУСУ ЧУКУЛ НАЗГҮЛ
– Дүкөндөрдү жалгыз кыдырасыңбы же бирөө мененби?
– Айырмасы жок.
– Өзүңдү үч сөз менен сүрөттөп берсең?
– Ишенчээк, ачуусу чукул, кечиримдүү.
– Кайсы стилге жакынсың?
– Спорттук стилде өзүмдү эркин сезем. Көйнөктөрдү ар кандай кечелерде эле кием.
– Эс алуунун кандай түрүн тандайсың?
– Үйдө сыналгы көрүп отургандан өткөн эс алуу жок.
– Кайсы жигиттин келбети сенин табитиңде: чымыр денелүү, "накаченный" же футбол менен машыкканбы?
– Арсен таарынбасын, бирок мага футболчулардын дене түзүлүшү жагат.
"Чоңойгон сайын мекен тууралуу ырларга ыктап калат экенсиң. Азыр мени жайлоо, тоолорго арналган чыгармалар өзүнө тартууда. Жакында кичи мекеним Ат-Башы тууралуу ыр жарыкка чыгат".
"Арсен менин кандай кемчилигим болбосун бетиме түз айткан досум".
Лунара Бекиева
star@super.kg
Бактыгүл, Салтанат өңдүү ырчылар менен дос болгонуна караганда, жашы улуу эле окшойт. Эртерээк үй-бүлө күтүп, курбуларына окшоп бала жытын искөө насип эткен болсун. Ийгилик!
бул кыз с чувством юмора дегендей да