№705 6-май-12-май, 2016-ж
Аяна Касымова алгачкы жолу концерт берип, андан чогулган каражатты рак илдетине кабылган 1,5 жаштагы мекендешибиз Айдарга которорун билдирди.
Бул тууралуу Аянанын апасы, менеджери Аида айым: «Орусиялык ырчы Нюша Айдардын операциясына 300 миң рубль которуп, ал ийгиликтүү өткөн. Операциядан кийин да ал бала дары-дармекке муктаж болчу. Ошондуктан Аяна алгачкы концертин бул балага кайрымдуулук кылуу максатында уюштурду. Концерттен түшкөн 79 миң сомду дарылануусуна которолу деп жатабыз. Бизге көмөк көрсөткөн адамдарга ыраазычылык билдиребиз»,- дейт.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
3
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Сиздердей боорукер инсандар көбүрөөк болсо, канча адамдын өмүрү сакталып калмак.