ЖЫЛДЫЗДЫН ТҮГӨЙҮ БОЛГУҢУЗ КЕЛЕБИ?

№705 6-май-12-май, 2016-ж

Бардык эле кыз ак боз ат минген ханзаадага турмушка чыгып, ханбийкедей жашагысы келет. Биздин шоу чөйрөдө жомоктогудай ханзаада жок болсо да, таланты, атактуулугу, сымбаттуу келбети менен алардан кем калбаган бойдок жигиттер көп. Паспортуна али никеси бар деген «мөөр» басыла элек мырзалардын тизмеги менен таанышып, жакканын кармап калыңыз.

Руслан Ботобаев: «КЫЗДАРДЫН КӨЗҮНӨ МААНИ БЕРЕМ»

Туулган жылы, күнү – 1987-жыл, 18-февраль
Туулган жери – Бишкек шаары
Бою – 185 сантиметр
Салмагы – 75 килограмм
Билими – Орусиялык Бажы академиясынын юридикалык факультетин бүтүргөн, учурда Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын эстрада-вокал бөлүмүнүн 5-курсунун
студенти
Чыгармачылыгы – «Бейиш 604» («Рай 604»), «Жол» («Путь») тасмаларына, Абир Касеновдун “Вера в любовь” аттуу клибине тартылган
Учурда – Актёр, ырчы, телеалпаруучу

«Бейиш 604» тасмасында сүйүктүүсүнүн артынан Индиянын Гоа штатына чейин барган жигиттин образын жараткан Руслан бойдок мырзалардын сап башында турат. Узун бойлуу, сымбаттуу бул жигитке ашыгып, жүрөгүнө жол таппай жүрсөңүз, угуп туруңуз. Руслан билимдүү кыздарды жактырат. «Каякта жүрөсүң, качан келесиң?» деп мээсине чай кайнаткан кызганчаак кыздар убара болбой эле койгула. Анан кабагы ачылбай депрессияда жүргөн, кайдигер кыздар бул жигиттин табитинде эмес. Үй жумуштарына тың, ар тараптан колдогон, алдыга умтулган бийкечтерден болсоңуз сылык-сыпайы, интеллигент жигитти колдон чыгарбаңыз. «Көз – жан дүйнөнүн күзгүсү» дегендей, кыздар менен таанышканда биринчи көзүнө маани берем. Албетте, сырткы келбети, сүйлөгөнү, өзүн алып жүрүшү, кийингени да маанилүү»,- дейт. «Эң башкысы, сүйүктүүм экөөбүз жарашыктуу түгөйлөрдөй болуп көрүнүп турушубуз керек»,- деген жигиттин жубайы болууну каалаган бийкеч бешбармак, казы-карта, чучук өңдүү деликатестерди жасаганды билиши зарыл. Эгер сиз бул мырзаныкы болуп калсаңыз, сизди жомоктогудай жерлерге алып барып, белек-бечкектен кем кылбайт.


"Жол" тасмасы Русландын карьерасындагы экинчи тасма.

Нурсултан Курсанали уулу: «МУРУТУ ЖОК КЫЗДАР ЖАГАТ»

Туулган жылы, күнү – 1993-жыл, 29-май
Туулган жери – Бишкек шаары
Бою – 176 сантиметр
Салмагы – 88 килограмм
Билими – КМТУнун алдындагы Кыргыз-Герман техникалык институтунун бүтүргөн, учурда Москвадагы Улуттук техникалык изилдөө институтунда магистратурада окуйт.
Чыгармачылыгы – «Жарайт сити» долбоорунда, «ДвижЭние кылыш керек» тасмасында тартылган
Учурда – Актёр, сценарист, алпаруучу


«Жарайт сити» долбоорунда, «ДвижЭние кылыш керек» тасмасында мурутчан агайдын ролун жаратып жылдызы жанган Нурсултан Курсанали уулунун да жүрөгү бош. «Эркекти жакшы кылган да, жаман кылган да аял» деген Нурсултан сүйүүгө туруктуу мырзалардан. Акыркы кезде мындай сапатка ээ жигиттердин катары суюлуп баратканын көрүп эле жүрөсүз да, ошондуктан аны орус кыздарына тарттырып жибергиңиз келбесе, окуусунан каникулга келгенде колдон учурбай имерип алыңыз.
Нурсултанга кыздын келбети, кийингени, сүйлөгөнү, өзүн татыктуу алып жүрүшү маанилүү. «Мага акылдуу, түшүнүктүү, активдүү, сулуу, тарбиялуу, муруту жок кыздар жагат»,- деген тамашакөй бул жигит өзүн романтикмин дейт. «Романтика деген акчада, 101 розада, чатырдын үстүндө уюштурулган кечки тамакта эмес, көңүлдө. Менин оюмча, кыз тепкичтен түшүп келе жатканда колуңду сунуп жардам берүү эле бул романтика. Мен кыздарга дайыма кол сунам, ошондуктан өзүмдү укмуштуудай романтикмин деп эсептейм». Нурсултан «качан үйлөнөсүң?» деген тажатма суроолорго «бейшемби күнү, саат 12де» деп жооп бере баштаптыр. «Пенденин оозунда болсо, Кудайдын кулагында» дегендей, бейшемби күнү Нурсултан үйлөнчү бийкеч сиз болгуңуз келсе, жогоруда айтылган талаптарды эске алып, «движение» кылып баштаңыз.

"ДвижЭние кылыш керек" тасмасында "Жарайт сити" долбоорунан жаралган агайдын ролун ойногон.


Адилет Азимов: «ЖООШ КЫЗДАРДАН БАТ ТАЖАЙМ»
Туулган жылы, күнү – 1992-жыл, 15-декабрь
Туулган жери – Бишкек шаары
Бою – 177 сантиметр
Салмагы – 81 килограмм
Билими – Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын эстрада-вокал бөлүмүнүн 4-курсунун студенти
Чыгармачылыгы – «Сендей мага», «Болсочу», «Роза гүлү» жана башка ырлардын аткаруучусу
Учурда – Ырчы

Чет өлкөлүк сынактарда байгелүү орундарды камсыздап келген ырчы Адилет Азимов да бопбойдок. Ага өзүнө окшогон кара каш, кара көз, ак жуумал кыздар жагат. Өзбек ырчысы Шахзодага окшош болсоңуз Адилеттин жүрөгүн түбөлүк ээлеген болосуз. Түнкү клубга барбаган, үйдөн чыкпаган кыздарды баалаган ырчыга жасалма кыздар жага бербейт. «Обу жоктонуп жасалма сүйлөп , «мага айфон жагат» деп чоёктогон кыздардан качам. Жалжактап каткырып, ашыкча сүйлөгөн кыздар да менин табитимде эмес. Бирок койдон жоош, сүйлөбөй отура берген кыздардан да бат эле тажап кетем. Мага орду менен сүйлөгөн, кызыктуу, тартиптүү кыздар жагат. Өзүмдөн 5-6 жаш улуу кызды сүйүп калсам, үйлөнүүгө даярмын»,- дейт. Үй-бүлөнүн жалгыз эркек уулу болгон Адилет учурда 2 кабаттуу үй салып жаткан кези. «Катын алсаң отун ал» дегендей, салынып жаткан үйүмдү бүтүрүп, болочоктогу жубайыма бардык шарттарды түзүп алып, буюрса, 3 жылдан кийин үйлөнөм»,- деген үй-бүлөгө карамдуу бул жигитти азыртадан эле менчиктештирүүгө өтүңүз.

Динара Абдыкадырова
Адилет Бектуров
star@super.kg


Чыгармачыл бойдок жигиттерге кандай кыздар жагат?

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(49)
Медиа-портал
08.05.2016. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ильгиз КуВатбектин суйлогонунон кагылайын..."Сулуу эместер" дейт гооооо((( Адамды антип болгон болбойт калыгайын, сулуу эмес кызды суйуп калып сыздап журбо!!! Жашоодо баарын кутсо болот эмеспи... Ай кудайыыыым ааай, дечу бечу беле...?

Медиа-портал
10.05.2016. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Zai0888, сулуу эмес кыздар деп жон эле куудулданып эле айтты го
Медиа-портал
08.05.2016. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
kozdu kuidurgon chynygy boidok jigitter bular emes,aty jyty jok nemelerge echkim dele koz artpait.chynygy boidoktor nurlan nasip,danyar ermatov,almaz shaadaev,nurmat sadyrov,omar,uwulardan surasanyzdar bolmok eken
Медиа-портал
08.05.2016. 18:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
meka94,алар модадан калган да))
Медиа-портал
10.05.2016. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ASELENOK, хахах кошулам ))))
Медиа-портал
08.05.2016. 22:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
meka94, Туура, буларды деги эле тааныбайм го, талаптарын угуп коройнчу десем
SUPER.KG видео
08.05.2016. 20:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Ылайым депрессияга тушуп кыйналып жургон кызды суйуп калсан экен. Созду чонунан тиштепсин го. Депрессияга тушкон адамга жардам бериш андан качпай. Ушундай жигиттерди воспитанный образованный деп отурсак
SUPER.KG видео
09.05.2016. 00:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
булардан албай башка бойдоктордон алганда вообще неинтересно это и мындай талап коючулар айткандарын табышпайт жашоо башкача это ихние просто мечты мен деле убагында принц на белом коне издеп толтураны каккам оюндагыжай эч качан болбойт жашоо озу тарбиялайт. Мечтать не вредно но безполезно дорогие мои
09.05.2016. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Озунор прям идеальныйсынар да) мандайынарга жазганын коросунор го. Кантсе да ийгилик,жакшы тилек жарым ырыс...
09.05.2016. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Ой эмнеле деп жатасынар,алар барын бардай айтканда.Ар бир адамдын оз каалосу бар эмеспи,алар озу жашынакай болсо анан суйгону да сулуу болсун дейтта.
09.05.2016. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
"Башка түшкөндү көз көрөт" дейт. Оозубузда сүйлөп коё бергенибиз менен, эртең эле тандаган адамыбыз такыр башкача болуп чыга келип, өзүбүздү таң калдыруусу мүмкүн. "Мен жоош адамга үйлөнбөйм дечүмүн,бирок кантип көп сүйлөбөгөн жоош кызды жактырып калганымды өзүм билбей калдым" ж.б деген адамдар четтен чыгат. Демек алдын ала шарт коюп, бир нерсе деп айтууга да эрте менимче.
09.05.2016. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Апасынан жакшы тарбия алган, атасына катуу сүйлөбөгөн, байкеси жактырган,  көчөдө көп жүрбөгөн, клубка барбаган, түнү эшике чыкпаган, эркектин көзүнө карабаган, чоңдорду сыйлаган, коноктон уялган,  whatssapka кирбеген, одноклассникти билбеген, интернетке түшүнбөгөн, телефондо сүйлөшпөгөн... кызды алтын балыктан сураса, балыктын давлениясы көтөрүлүп өлүп калыптыр...... 

дегендей болуп калыптырго :) ;)
09.05.2016. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
jemile, бул эмне жакшы кыздар жок дегенинби
10.05.2016. 00:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jemile,))))))))
09.05.2016. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Нурсултан деген баланы корсом кыжырым келет. Движение кылыш керек деген киносу кино эмес эле кыжыр келтирген бирдеме. Кочонун баары ушул мурут ко, жинди келтирип...
09.05.2016. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Тандай бергиле тазга жолугасынар. Эн биринчи ыйманына карагыла, ошондо балдарынарда ыймандуу, тарбиялуу болот.
09.05.2016. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дагы бир соз арким озуно адам.
09.05.2016. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жакпады үчөөтең. Андан көрө жөнөкөй эле,кино пиного түшпөгөн жигиттер жакшы.)) Булар эзилип омуруну акырына чейин.))))))
09.05.2016. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
муруту жок кыздар жагат дейби? Ии балекет!
09.05.2016. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Адилет Азимов жакты)). "Сендей мага" ыры соонун.
09.05.2016. 18:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо нурмат садыровду жазгылачы
10.05.2016. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kanzada97, саламатсызбы? Бул жерден окусаңыз болот: http://www.super.kg/article/show/34747
09.05.2016. 18:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
TEMANYN JOBUNA.....Kudaiym saktasyn
11.05.2016. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mahabat08.07, ха-ха-хаа
09.05.2016. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жакшы жаңылыка окшош экен
09.05.2016. 21:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
озулорун Бред Питт сезип алышканбы
Азыр карасан окуусун буткон,
иштеген иши бар кыздарды кынк дебей алышат.
анткени аял иштеп эркек уйдо олтуруп калбадыбы.
Талаптарын кара тим эле.
09.05.2016. 21:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Бешенеге жазылганын коробуз,чон суйлогон бир кайнимдин аялы "кобра" болуп чыкты го.Бизге сынтакчу жене мындайсынар,андайсынар деп.Бешенеге жазылгандан оозун мн кача албайсын...
09.05.2016. 23:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тигил экоону жакшы билбейт экенин.Адилет Азимов Соонун ырчы,унута да эн мыкты,ырчы катары баалайм жаш болсо да
10.05.2016. 00:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ырчы же актер эмес патриот жигит болсо жетимиш онору бар болсо ыймандуу чечкиндуу. Патриот десе жанагы кыздарды тепкилеген биро туш келип калбасын.
10.05.2016. 02:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Былжырактар булар кимдер?Кыздарды талап коюп тим эле.Шанс жок,шанс бар деп.
10.05.2016. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jadyrashka, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. 3 күнгө БАН!
10.05.2016. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргызстандын акыркы экземплярлары болсо дагы башка кеп эле! "Тимеле - тимеле" боп кетишиптирго...
10.05.2016. 19:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Админ, жогоруда Адилет мн Русландын окуган жерин оздору айтыштыбы же силер туура эмес жаздыныздарбы? К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваторияда билим алышат булар.
11.05.2016. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
altynbek_canto, саламатсызбы? Маалымат өздөрүнөн такталган.
11.05.2016. 00:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жоок,жылдызга түгөй болгум келбей эле.Рахмат сунушуңарга
Девелееееее))))))))
Өз теңдерин таап бактылуу болушсун!
SUPER.KG видео
11.05.2016. 03:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мне понравилось первый парень Руслан с виду видно что воспитанный мужчина спокойный и грамотный желаю счастья и любви
12.05.2016. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Олбодубу бул жагы))) Руслан жагып жаткан ))) ой туулган кунубуз бир кундо экен деп эми эле окуп келатсам вкусу начар экен ))) Менин деле боюм узун эй ))) деп келатсам эле койгон талаптары желаниени качырып ийдиго минге салдырып ))) Иши кылса бактылуу болгула)))
22.05.2016. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ото жалжактабай,ото унчукпай дейби?!деги буларга ким жагат,идеалдуусун издешетго,оздору идеалдуу болгонсуп,(тоже мне идеальные ...)
20.07.2017. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дорогие детки, вы что девочки чтоли чтобы их ждать когда они придут к вам))Ну и парни пошли сейчас безинициативные))Руслашка,тебе кажется нужно поторопится,пока все волосы не выпали на голове)
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо