Акмаанай Эшбаева, ырчы: "УУЛУМ МЕНЕН ЖИГИТИМ ЖАКШЫ МАМИЛЕДЕ"

№706 13-май-19-май, 2016-ж

Бүгүнкү каарманым – белгилүү ырчы Токон Эшбаевдин эрке кызы, акын, журналист маркум Медер Осмоналиевдин жубайы Акмаанай Эшбаева. Аны ырдагандан сырткары "Түндүктүк келин" тасмасынан да көргөнбүз. Учурда Акмаанай ди-джейликтен кетип, опера ырчысы болуп эмгектенүүдө.

КААРМАН ТУУРАЛУУ

  • Туулган жери – Ош шаары
  • Билими – Оштогу Ниязалы Борошов атындагы музыкалык окуу жайды, ОшМУнун бизнес жана менеджмент факультетин, Кыргыз улуттук консерваториясынын вокалдык бөлүмүн бүтүргөн.
  • Тартылган тасмалары – "Атымды башка коём", "Не болмок?", "Түндүктүк келин"
  • Учурда – А.Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында эмгектенет. Консерваторияда иллюстратор, Улуттук филармониянын камералык хорунда эмгектенет.

– Акмаанай, бир туугандарыңдын арасынан атанын жолун улачусу сен болдуң окшойт?
– Ооба, атамды билесиңер, апам Инабат Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер. 25 жылдан бери Ошто музыкалык мектепте директор болуп иштейт. Ата-энем экөө тең музыкант болгондуктан 5 баласын тең музыкалык мектептен окутушту. 3 агам менен эжем башында окумуш болуп таштап коюшту. Улуу агам учурда Ош шаарынын мэриясында иштейт. Эжем микрокредиттик компаниялардын биринде эмгектенет. Андан кийинки 2 агам ишкерлик менен алектенишет. Ырчылыкты улантып кеткени мен эле болдум.

Акмаанай деп атыңды ким койду эле, өзгөчө угулат?
– Апам кичинекей кезинде Айда жашаган Айсаамай, Аймаңдай деген перилер тууралуу жомок окуп, ошолордун атына окшоштуруп койгон экен. Аябай эрке өстүм. Кийимдин жакшысын кийген мен, тамактын таттуусун жеген мен, коноктон калбай барган мен элем. Атам гастролдон келгенде "сагынычымды таркатам" деп жылаңачтап алып курсагына жаткырып кучактап уктачу.

– Медер Осмоналиев экөөңөр кантип таанышып калдыңар эле?
– Медер менен радиого ырымды алып барганда таанышкам. Болгону аты-жөнүмдү сураган. Бир күнү "ырың радиодон кетип жатат, уксаң" деп чалып калды. Укпай калган экем. "Сага ырың кызыктуубу же кызыксызбы? Башка ырчылар өздөрү чалып сурашат. Сага баары бир го" десе, "мен чыныгы ырчымын да" деп күлүп койгом. Ошентип бат-баттан чала баштады. Кийин бирдигибиз калбай калганча сүйлөшчү болдук. Бир күнү Медер чалып "мага турмушка чык" деп макулдугумду алды. Өтө шашылыш баш коштук. Ноябрь айында таанышканбыз, декабрдын 14үндө кайненемдер сөйкө салып кетишти. 28-декабрда баш коштук. Андан да кызыгы – эртең той деген күнү экөөбүз экинчи жолу көрүшүп, жакындан тааныштык. Апам экөөбүз шашып түнү менен сеп даярдаганыбызчы.

– Медердин мурун үйлөнгөнүн билчү белең?
– Ооба, билип эле турмушка чыккам. Мурун үйлөнгөнүн бир гана атама айта алган эмесмин. Атам байкуш аны бирөөлөрдөн угуп, мени укпасын деп жашырып жүрүптүр. Медер менен 1 жыл 8 ай жашадым. Жолдошум экөөбүз уулдуу болсок, Амантур коёбуз деп кыялданчубуз.

– Анан атасынын тилегин орундатып Амантур койдуңарбы?
– Уулума кыркы чыккандан кийин ат койдук. Кайненем менен кайнатам "Медер кичине кезинде Аскар Акаевдин колунан белек алган. Ошондо "балалуу болсом, атын Аскар коём" деген болчу" дешти. Мен "жок, биз Амантур деп сүйлөшкөнбүз" деп көгөрөм. Анан молдо "документинде Аскар болсун, азан чакырылган аты Амантур, атасынын айтканына кыянаттык кылбагыла" деди. "Медер эле койсокпу, кайра Медер Осмоналиев болуп калмак" десек, молдо көнбөй койду.
Кайын журтума азыр деле барып турам, былтыр кайненем каза болуп калды. Кайнатам "Акман, сага рахмат, сенден башка бирөө болсо бала менен деле катыштырбаса керек эле. Кызыбыздай болуп калдың, эми кимдир бирөө колуңду сурай турган болсо, өзүбүз узатабыз" деп айтат. Себимди деле алып келе элекмин. Эми үй алдым, алып келип үйүмдү толтурсамбы деп турам. Балам таятасына жакын болуп, атам деп кабыл алчу. Таятасы каза болуп калгандан кийин боз үйдүн артына туруп алып "таятамды ойготуңуз" деп ыйлап жүрдү. Таятасынын ырларын жатка билет.

– Жолдошуңдун көзү өткөнүнө 6 жыл болуп калыптыр. Турмушка чыгып, экинчи ирет бактымды сынап көрөйүн деген ой болсо керек?
– Акыркы кезде үйдөгүлөр "турмушка чык" деп кыйнашчу болду. Медердин баласын жетелеп барып бирөө менен жашагандан корунам. Болбосо сүйлөшүп жүргөн кишим деле бар. Баласы мени башка эркектерден кызганат. Бир гана азыр сүйлөшүп жүргөн адамым менен жакшы мамиледе. Балам мага уул болот, күйөө болот дей берчүмүн, бирок аялдык бакыт башкада экенин түшүндүм.

– Сенин ди-джей болуп кетүүңө жолдошуңдун таасири тийди го дейм?
– Медер ооруп жатканына карабай «Эл FM» радиосун ачып, 8 айдан кийин каза болуп калды. Аябай ызаланып, үч уктасам түшүмө кирбеген ди-джейлик менен алектене баштадым. Кийин "Санжыра" радиосунан сунуш түшүп Бишкекке көчүп келдим. Учурда ди-джейликтен кетип, өтө чоң жылдыз болуп кетпесем да атамдын чыгармачылыгын улантайын деп Опера жана балет театрында иштеп жатам.

"Түндүктүк келин" тасмасындагы ролуңдан кийин дагы сунуштар түшүп жатабы?
– Буга чейин эпизоддук ролдорду ойноп жүргөм. Рысбек Жабиров "кино тартып жатам" дегенинен "мени деле тартпайсызбы" десем, "макул, сага ылайыктуу роль бар, айылда мода кууп кийинген өтө кыйынсынган жеңени ойнойсуң" деп калды. "Менден андай чыкпайт го" десем, "коркпо, сенде жеңенин образына жараша турган көз караш бар, ошону тартабыз, оңой эле" деди. Тартылуу учурунда менин күйөөмдүн ролун ойногон байкени жаным дей албай, бир аз кыйналдым. Бирок киного тартылган жакты. Сунуштар түшсө тартыла берем.

"Медердин баласын жетелеп барып бирөө менен жашагандан корунам".

"Рысбек байке кино тартып жатканда образга кире албай кыйналып жаткан кадрларын да "сонун болуптур" деп мактаган".

"Медер менен аз жашасам да бактылуу күндөрүм өттү".

Замира Рахманбердиева
Адилет Бектуров
star@super.kg


Акмаанай Эшбаева: “Экинчи жолдошум кызыл камчы болсо кантем?"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(33)
SUPER.KG видео
13.05.2016. 22:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Эже сизге чыгармачылык ийгилик каалайм Амантай шириниме узуун омур кен келечек каалайм)))
Медиа-портал
14.05.2016. 01:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
takaya horoshenkaya, udachi!
SUPER.KG видео
14.05.2016. 01:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Аябай жонокой экен,ишинизге ийгилик озунузго ден соолук жана аялдык бакыт каалаймын.
SUPER.KG видео
14.05.2016. 03:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мындан аркы жашоонуз жалан жакшылыктар менен коштолсун! Аябай жонокой экенсиз. Уулунуздун урматын коруп, жакшыы адамга турмушка чыгып алышынызга тилектешмин. Эч кимдин башына салбасын мындайды.
Медиа-портал
14.05.2016. 06:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
досум бактылуу бол.Света
Медиа-портал
14.05.2016. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
сонун маек!
Медиа-портал
15.05.2016. 01:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кудайым бактынызды ачып,туболуктуу бак берсин!
SUPER.KG видео
15.05.2016. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айзат Болотбек кызы оло жагат да мага .А эжеге ийгилик
SUPER.KG видео
15.05.2016. 21:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бактылуу болунуз эжеке
16.05.2016. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
"түндүктук келин" тасмасында ролун мыкты аткарган, азамат
Медиа-портал
16.05.2016. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргызстандагы №1 ырчы!
16.05.2016. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Тундуктук келинде сонун аткарган.
Болоттун катыны деле еки жылдан кийин мага окшоп арзандап калат дегени жаратта
16.05.2016. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Медетбек Осмоналиевдин каза. олгонун эми уктум.(( Жаткан жери жайлуу болсун. Өзгөчө диджей эле, жазган ырларыда керемет болчу.
16.05.2016. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Медер дегеним
16.05.2016. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Салам супер инфо, мен бир ыр угуп калып эч эле таппай жатам. Ким ырдайт билбейм аял киши ырдайт, жамгыр жонундо.
"коюнуму куюлсан куюл, от-сезимге жаба куюлба"-деген саптары бар. таап киргизип коё аласыздарбы сураныч! кайсы жеге жазаарымды билбей ушул жерге жаздым, кечирим сурайм.
19.05.2016. 06:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
xperia_kg,мен да ошол ырды таппай журом " койунума куйулсан куйул от сезимге жабаа куйулбаа дегенди"
19.05.2016. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
chika-chika88,Марсиана "жазды сагынуу"деген ыр
20.05.2016. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
chika-chika88, xperia_kg, саламатсыздарбы?http://www.super.kg/media/useraudio/166313/
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-05-20 10:10:36
19.05.2016. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
xperia_kg,ырды таптынарбы Марсиана деген кыз ырдайт "жазды сагынуу"деген ыр же мага what'sapp аркылу жазсаныз жоножонотуп койом +79655025467
16.05.2016. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кудайым багын ачып бактылуу болсун иштерине ийгилик!
17.05.2016. 01:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Медер Осмоналиевди студент кезимде радиодон унун сагынып кутуп укчумун омуру кыска экен жаткан жери жайлуу болсун. Акманай эже сизге аялдык бакыт каалайм уулунузду оз уулундай коргон сиздин сыйлаган адамга жолугунуз!
SUPER.KG видео
17.05.2016. 03:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акмаанай эже сизди ичинде кири жок эже деп билем. Бактылуу болун...
17.05.2016. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тундуктук келиндеги ролу аябай жагат ))))))
17.05.2016. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул эжеке эн соонун соз жок аябай жонокой
17.05.2016. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Балабыз же балам дебей Медердин баласын деп суйлогону башкача угулду. Тундуктун келин тасмасында сонун аткарган
19.05.2016. 00:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
cezim01,ошону айт аял киши бала учун жашайюызго ббалам деп койсо деле болмок
17.05.2016. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тундуктук Келинде жененин ролун катыра ойноп салганда.
18.05.2016. 02:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсыздарбы! Гүлжигит Калыковдун "Любимая моя" деген ырын жетип коюңуздарчы сураныч.
18.05.2016. 09:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
pepeshka-12, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат.
18.05.2016. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул эже БиМде окуп жургондо коруп калчумун. Жогоруда жазгандай приятная болчу. Бактынызды табыныз.
19.05.2016. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Медердин биринчи аялынан да уулу бар болуш керек?
20.05.2016. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акмаанай ийгилик каалайм сага. Биздин тагдыр, Сүйүү тумары аттуу менин дуэт ырларымды мыкты аткарган.
20.05.2016. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акмаанай ийгилик каалайм сага.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо