№706 13-май-19-май, 2016-ж
Көзүн жашка толтуруп ыйлап жаткан 19 жаштагы келинди милиция кызматкерлери адам уурдоого шектүү катары кармашкан. Анын айтымында, таанышканына 1 эле ай болгон таанышынын 1,5 жаштагы баласын курсагын тойгузуп, дары берип коёюн деп үйүнө алып кеткен.
"АТЫН БАШКА АЙТЫП ТААНЫШКАН"
Окуя 3-майда болгон. Бишкек шаардык Биринчи Май РИИБинин жетекчисинин орун басары Марлис Асанов бул окуя тууралуу буларга токтолду:
– 20 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну арыз менен кайрылып, чала тааныш бир келин анын 1,5 жаштагы баласын алып кеткен бойдон дайынсыз деп билдирген. Ыкчам топ арыздын негизинде издөө жүргүзүп, Арча-Бешик конушунан Гүлмира Сүйүтбек кызы аттуу 19 жаштагы келинди кармашты. Ал арыз ээсине өзүн Жазмина деп тааныштырган экен. Кийин энеси үйүндө жок кезинде баласын алып кеткен. Кылмышка шектелип кармалган Гүлмира Сүйүтбек кызынын айтымында, арыз ээсинин үйүнө барганда бала кароосуз калып, ооруп жаткан экен. "Үйгө барып курсагын тойгузуп, дары берип, кайра жеткирип берейин дегем",- деп жатат. Бирок арыз ээси шектүү келиндин телефонуна чалганда өчүк болгон. Азыр бул боюнча "адам уурдоо" фактысы менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.
"БАЛА ООРУП, АЧКА ЖАТЫПТЫР"
Биринчи Май РИИБинде кармалып турган Гүлмира Сүйүтбек кызына жолукканыбызда ал төмөнкүлөрдү айтты:
– Баланын апасы менен таанышканыма бир айдай болуп калган. Ошол күнү анын үйүнө барсам өзү жок экен, баласы болсо ооруп, тура албай жатыптыр. Үйдө анын бир курбусу сүйлөшкөн жигити менен жана алардан башка дагы 2 эркек киши бар болчу. Үйүндө наны, тамак-ашы деле жок. "Апасы кайда кетти?" деп сурасам "жигиттер менен жолукканы кеткен" дешти. 1 сааттай күттүм, келген жок. Анан "баланы дүкөнгө алып барып, бир нерсе сатып берем" деп чыгып үйгө келдим. Курсагын тойгузуп, жолдошума дары алып кел дегем. Телефонума салып жүргөн номеримди чыгарып, ордуна башка SIM-карта салып койгом. Ал номеримди баланын апасы билбейт болчу. Бала жакшы болуп калгандан кийин кайра жеткирип берейин деп жаткам. Бирок милициядан келишип, мени бала уурдады деп жатышат. Болгон күнөөм – айтпай-дебей баланы алып кеткеним. Боорукерлик кылам деп ууру атыгып калдым. (Гүлмира Сүйүтбек кызы абалын түшүндүрүп жатып ыйлап жиберди).
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
А берки кыз емне болсо да ене да , коркот ар нерсени ойлоп арыз жазганын туура еле кором азыр бала уурдап ичиндеги органдарын сатып атканы елди танкалдырбайле калган корунущ болуп калбадыбы