Рахат Божокоева, актриса, телеалпаруучу: «РОЛДОРУМДУН БИРИ ДА КУПУЛУМА ТОЛО ЭЛЕК»

№706 13-май-19-май, 2016-ж

Кыргыз шоу дүйнөсүнө жакында эле аралашкан Рахат Божокоева учурдун популярдуу актрисасы, модели, телеалпаруучусу. Апта каарманы “мурун Анжелина Жолиге окшоп боевикке тартылгым келчү, азыр тарыхый тасмаларда ойногум келет”,- дейт.

– Рахат, жакында эле «ДвижЭние кылыш керек» тасмасында күйөөсүнө каяша айтпаган, көп сүйлөбөгөн жубайдын ролун жараттың. Келечекте өзүңдү ошондой элестетесиңби же анын карама-каршысы болосуңбу?
– Мен созулган жерде созулуп, сүйлөчү жерде сүйлөп коём. Мага кыйкырып сүйлөгөндөргө теңелбей, жооп кайтарбаган мүнөзүм каарманыма окшошуп кетет. Негизи, «аял киши алдыда болуш керек» дегендерден эмесмин. Жолдошумдун алдына чыгып кетпей, артында да калбай, жанында жөлөк болуп жүргүм келет.

– «Жарайт сити» долбоорунун жигиттеринин командасында иштөө кандай болду?
– "ДвижЭние кылыш керек" тасмасынын жаратуучуларынын көпчүлүгү КВНчилер болгондуктан, тартуу иштери позитивдүү маанайда өтүп жатты. Башында балдардын менден тартынганы сезилди, мен да алардан тартынып жүрүп 2-3 күндөн кийин аралашып кеттим. Анан Данияр байке (ред. режиссёр Данияр Болотбеков) «өзүңдү кармап жүргөн окшойсуң, эми ачылдың» деп шылдыңдап жатпайбы. Көбү мени сыртыман тааныган балдар экен. Жакын сүйлөшүп калгандан кийин «сен эми жылдызсың да, баракчама катталып койбойсуңбу» деп тамашалап жатышты. Кээ бири такыр унчукпай жүрүп бир тамаша айтып койсо, ошону эстеп алып 2-3 күн күлөсүң.

– «Сагын» деген тасмада болсо Кумар Жалиевдин жубайынын ролун ойноптурсуң. Спортчу мырза тасмада кандай өнөктөш болду?
– Данияр Абдыкеримовдун аталган тасмасы 2014-жылы эле тартылып баштаган. Кумар байке «жардам керек болсо айтып тур, сени эч ким таарынтпасын» деп мени карындашындай көрөт. Аны «байке» деп жүрүп тасмада аялынын ролун аткаруу бир аз кыйынчылык туудурду. Бирок ролумду ишеничтүү аткара алдым. Кумар байке спортчу эмеспи, бош учурда «мага бокстун ыкмаларынан үйрөтүңүзчү» деп жанын койбой жүрүп 2-3 ыкма өздөштүрүп алдым.

– Комедия, драма жанрында ойнодуң. Дагы кандай образ жараткың келет?
– Буга чейин Анжелина Жолиге окшоп автомат көтөрүп, боевикке тартылгым келчү. Азыр тарыхты чагылдырган тасмада ойносом дейм.

– Сага ишенип тапшырылган кайсы каарманыңды жеткиликтүү ачып бердим деген ойдосуң?
– Көп эле тасмага тартылдым, бирок жараткан образымдын бири да купулума толгон эмес.

– Азыр телеалпаруучу болуп эмгектенип жатасың. Түз эфирде эсте калган окуялар болду беле?
– НТС каналындагы «Утро live» таңкы берүүсүндө иштегениме 1 жыл болду. Башында кыргызча алып барып бир аз кыйналдым эле, азыр орусча бөлүгүн алып барам. Көптөгөн кызыктуу адамдарга жолугам, бул горизонтту кеңейтип, өскөнгө жардам берген жумуш. Кызыктуу окуялар көп эле болот. Мисалы, жетишпей баратканда чуркап барып камеранын алдына тура каласың, өнөктөшүм менен «сен сүйлө, мен сүйлө» деп унчукпай калган учурлар болот. Биринчи эфирге чыккан күнүм эсимде калган. Мага чалып «эртең эфирге чыгасың» дешкенде түнү бою ойлонуп, уктабай чыккам.

– Инстаграмдагы баракчаңдан көбүнчө жагымдуу комплименттерди окуп калам. Негативдүү билдирүүлөр болобу же аларды өчүрүп саласыңбы?
– Мага катталган 112 миң адамдын арасында, албетте, жаман көргөндөрү болот. «Сүрөтүң жаман болуп калыптыр, боёнбой эле койчу!», боёнбой түшсөң «эми кичине боёнуп деле албайт белең» дешет. Элдин баарына жага албайт экенсиң. Негативдүү комментарий жазгандар менен мага болушкандар «өзүңдү карап алчы, сонун эле болуп турат» деп урушуп жатып калышат.

– Баракчаңа жарнамалаган продукцияларды өзүң колдонуп көрөсүңбү? Же жакшы төлөп берсе чыгара бересиңби?
– Инстаграмды киреше алып келген баракча деп айта албайм. Аны жашоомдогу кызыктуу көз ирмемдерди бөлүшүү максатында ачкам. Мен жаккан нерсени гана жарнамалайм, жаман нерсени жарнамалап элге жаман көрүнгүм келбейт.

– Жеке жашооңду сыр тутуп келесиң. Жакында интернетке бир жигиттин сени көтөрүп түшкөн сүрөттү жүктөгөнүңдөн «жеке фронтто» абал ойдогудай болуп жатыптыр деген ойдо калдым...
– Жеке жашоодо баары жакшы. Буюрса, жакында баарын ачыктайм.

– «Апам түрткүлөп турганы үчүн ийгиликтерге жеттим» дегениң бар, азыр да ошентип турабы?
– Эфирге таңкы саат 4 жарымда турсам, апам кошо туруп узатат. Ар бир эфиримди калтырбай көрөт. Мен маек берген гезиттердин баарын чогултуп, «кийин неберелериме көрсөтөм, бул деген сенин тарыхың» деп сыймыктанат. Ошондуктан жараткан ийгиликтеримдин баары апама арналат.

– Сырыңды төкпөй-чачпай айтып берген курбуң барбы?
– Мектептен бери достошуп, сырымды айтып келе жаткан Элзада, Нури, Гүлзари деген курбу кыздарым бар. Алар көз карашыман эле маанайымды билип коюшат. Ооруп калганда гүл көтөрүп келип маанайымды көтөрүп кетишет. Достукту күтө бербей, жүрөгүң менен өзүң да бирөөгө дос болушуң керек. Аларга да сырларын ката билген сандык болуп, ишеничтүү адамына айлансаң түбөлүк дос боло аласың. Ошондуктан аялзатынын достугуна ишенем.


"Кээде фотосессияда жараткан образымды көрүп, өзүмдү тааныбай калам".


"Жеке жашоодо, буюрса, баары жакшы".

"ДвижЭние кылыш керек" тасмасынын балдары менен бат эле тил табышып кеттим".

Динара Абдыкадырова
Адилет Бектуров
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(65)
16.05.2016. 20:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
рахмаааат кутоооооом
16.05.2016. 21:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Айпери Кубик кызынан да интервю алгылачы кагылайындар, сексуалдуумун деген боюнча королекмин ошону; ниме болду экен ошонон кийин?
17.05.2016. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
arabica, саламатсызбы? Бул жерден карап көрүңүз: http://www.super.kg/article/show/34881
17.05.2016. 00:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Божокоеванын бир еле суйом дачи тасмасын еле коргом калганын коргон емесмин, байкашымча бул жерде баарыле аны жактырбайтко макталган билдируулордун баарына минус,жамандагандары плюска толгон, ушунчалык начарбы е?))))))))))
17.05.2016. 01:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Клара Алибековадан интервью алгылачы сураныч!
17.05.2016. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zari2190, саламатсызбы? Сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди, рахмат. Бул жерден да карап көрүңүз: http://www.super.kg/article/show/31757
19.05.2016. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
саламатсыздарбы мен биринчи киргениме байланыштуу анча тушунбой жатам озум жазган коментарий корунбой жататго кененирээк тушундуруп коюнуздарчы Рахмат
19.05.2016. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
nuriza.kdm, саламатсызбы? Билдирүү жазып, бир гана жолу жөнөт баскычын басыңыз, андан соң бетти жаңылап карап көрүңүз.
17.05.2016. 02:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биринчи жолу корушумбу же мен байкаган эмесминби?
17.05.2016. 02:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Админ салам Жоодарбешим браттан да интервью алгылачы???
17.05.2016. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Toha97, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
17.05.2016. 04:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Козу жакшынакай ушёл кыздын
17.05.2016. 07:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Элина Абай кызы м.н качан маек курасыздар...?!Ар жума сайын кутуп атам...
17.05.2016. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ss90, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат.
17.05.2016. 09:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Движение кылыш керекке окшогон киного катышкан адамдарды актриса актер дей берсенер, Кыргызстандын баары артист болуп кетишетго
17.05.2016. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Gulsarat, сын-пикирлер үчүн атайын дарек бар. Эскертүү!
21.05.2016. 01:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
admin_superstan,кандай дарек ал
17.05.2016. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Азыркы тартылган кинолор советтер союзундагы кинордун бир учуна да тен келбейт.Эптеп септеп кыздарды кыргызча аран суйлотуп чала орус кылышат ананда алкаш,кыз текеленген эркектерди тартышат бир аз болсода тарбиялык мааниси бар кинолорду тартышса азыр жалан эле комедия тартышат.
17.05.2016. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
мыктысын Рахат
17.05.2016. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Коздору жакшынакай ушул кыздын ийгилик
17.05.2016. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Мага жагат бул кыз! Ийгилик!
17.05.2016. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
жакында эле мундан интервью алдынар эле го. великпи бокс мнби главный бетке тушкон
17.05.2016. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Суротто которуп тушкон Кумар Жалиевби?
17.05.2016. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Фигурасы жакты мага
17.05.2016. 21:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мирбек атабековдун " молмолумуно" тартылган ушул кызбы?
18.05.2016. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
avrilLavigne, ооба, ушул кыз)
17.05.2016. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
бул кызды коро албаган адам мактап жазган комментарийлерге дизлайк баскан. Чынын айтсам бул кыз менин мурдагы биринчи суйуумо окшош айрыкча коздору жана суйуом дечи тасмасындагы ролу менен аябай окшош
18.05.2016. 07:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ээ туугандар гыртылдашат бекен
18.05.2016. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
сонун
18.05.2016. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Көп көп ийгилик
19.05.2016. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ушул актриса мага аябай жагат ийгилик сизге
19.05.2016. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тууй десе)) эмне эле минустарды басып чыгып кеткенсинер? Коздору жагат го, соонун кыз да!!))
20.05.2016. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат кыз мага жагат, алга демекчимин!!!
20.05.2016. 21:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Башкы беттеги сүрөтүндө шымы жер чиет го )))) Ушинтип киеби, же кыскартканга жетишпей калганбы...
Эгер ушинтип кийсе, Күмөндөр агай айтмакчы, көчөнүн баарын тазалап кетет го )))
21.05.2016. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
сопсоонун эле коралбаган бироо кирип тааныштарын да киргизип минустарды бастырган даанале билинип калдыго)
21.05.2016. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Темир Назаровдон да интервью алгылачы админ. Ак кеме киносундагы Нургазыдан. Эрте келген турналардагы Султанмураттан.
sgushenka түзөттү 2016-05-21 15:47:48
23.05.2016. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sgushenka, саламатсызбы? Сунуштарыңыз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди, бул жактан да карап көрүңүз: http://www.super.kg/article/show/28859
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-05-23 11:54:43
21.05.2016. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
abdan talanttuu kyz, alban alban iygilik!!!
23.05.2016. 09:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кагылайындар, олкодо Божокоева, Айылчиева, Аяна Касымова, Айдана Декадан башкак эч ким калбаганбы!? Жазгылачы унутта калып бара жаткан Алина Жетигенова, Айчурок, Динара ондуу ырчылардан, Сабира Кумушалиева, Советбек Жумадылов, Чоро Думанаев, Мукавмбет Токтобаев Марат Жанталиев ондуу актерлордон, токмол акындар, жазма акындар, суротчулор тууралуу жазсанар боло. булардын коздорунун бакырайганы, жигитинин бар жогу кимге керек....тарыхка кайрылсанар боло секет кетейиндер....
23.05.2016. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Zai0888, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
23.05.2016. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Zai0888,
Сизге кош колдоп кошулам...Мындан тышкары радиолордо унун угуп бирок жузун коро албаган Ди джейлер коп... алар тууралуу...
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо