Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Шахриза Халилова, тай боксчу: «МҮНӨЗҮМ КАТААЛ, БИРОК АНЫ РИНГДЕ ГАНА ПАЙДАЛАНАМ»

№706 13-май-19-май, 2016-ж

Тай бокс, муай тай боюнча дүйнө жүзүнүн эки жолку чемпиону Шахриза Халилованын аты учурда дүңгүрөй баштады. "Кыздарга, айрыкча мусулман кыздарына ылайыксыз сезилген спорттун бул түрүнө өмүрүмдү арноо жеке чечимим жана өз каалоом",- дейт бүгүнкү каарманым. Юрист болууну эңсеген кыз кандайча мушкер кыздардын атаманына айланды?

Аты-жөнү – Халилова Шахриза Азимжановна
Туулган жери – Бишкек шаары
Туулган жылы, күнү – 1992-жыл, 17-март
Улуту – Уйгур
Жетишкендиктери – Кикбоксинг, тай бокс, кармашып мушташуу боюнча Эл аралык класстагы спорт чебери. Кикбоксинг боюнча Дүйнө кубогунун ээси. Тай бокс боюнча профессионалдар жана спорт сүйүүчүлөр арасында дүйнөнүн эки жолку чемпиону. Кармашып мушташуу боюнча Дүйнө чемпиондугунда күмүш медаль тагынган. Тай бокс, кикбоксинг, бокс жана кармашып мушташуу боюнча Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону.

– Салам, Шахриза! Мушташуу, тебишүү адатта кыздарга ылайыксыздай туюлат. Спорттун мушташ түрүнө кандайча келип калдыңыз?
– Жөн эле спортко эмес, болгондо да спорттун кыздарга ылайыксыздай көрүнгөн кикбоксинг, муай тай, тай бокс, бокско өмүрүмдү, ден-соолугумду арноо менин жеке чечимим, каалоом. Ата-энем, жакындарым алгач бул идеямды угушканда жактырышкан эмес. Туура айтасыз, кыздардын мушташуусу биздин менталитетке туура келбейт. Анткени спорттун бул түрү чынында оор жана жаракат алуу менен коштолот. Ошого карабай 12 жылдан бери рингде жүрөм. Ринг мен үчүн деп билем.
Ата-энем профессионал спортчулар болбогону менен, дени сак жашоо үчүн дайыма спорт менен байланышта жүрүшөт. Алардын жанында жүрүп, менде спортко, бокско кызыгуу пайда болгон.

– Жакында тай бокс боюнча Дүйнөлүк чемпиондукта 2 алтын медаль тагындыңыз, ошол туурасында айтып берсеңиз...
– 12-24-мартта Бангкок шаарында өткөн 13-дүйнөлүк чемпиондукта 53 килограмм салмакка чейин профессионал жана сүйүүчүлөр арасында тай бокс боюнча жеңишке жетиштим. Бул жеңишиме абдан сүйүндүм, мен үчүн чоң тажрыйба болду. Чынында мага ишенгендер да, ишенбегендер да болгон. Барып келүүгө кетчү каражатты өзүм таптым. Чемпиондукка даярданып жатканымды билгендердин айрымдары менин жеңишке жетериме көздөрү жетип колдоо көрсөтүштү, аларга рахмат.

– Жеңишке жетиш үчүн кандай формуланы колдоносуз?
– Жеңиштин өзгөчө формуласы бар деп айта албайм. Рингде ар түрдүү кырдаал жаралат. Жеңиш бирөөнүн көрсөтмөсү менен, өзүңдүн кадимки ыкмаңдын жардамы менен, капысынан да келиши мүмкүн. Рингде өзүң менен өзүң болосуң, эмне кылышты жалгыз чечесиң. Жеңишке жетиш үчүн күчтүү эрк, катаал мүнөз, максат жана ишеним болуш керек.

– Мүнөзүңүздү катаал деп билсек болобу?
– Ооба, өтө катаалмын, бирок ал мүнөзүмдү рингде гана пайдаланам. Тийген соккунун оорусуна чыдоо мен үчүн кадимки көрүнүш. Рингдеги максатым – каршылашымдын азыгына эмес, жырткычка айлануу.
Жашоодо болсо ачык, шайыр адаммын. Жакшы тааныштарымдын арасында менден өткөн тамашакөй жок. Ошол эле учурда үйдөн чыкпаган, шаан-шөкөткө жок адаммын. Машыгуу, мелдештерди эске албаганда үй иштери менен алектенгенди, бийлегенди жактырам. 4 жашымдан бери чыгыш бийин бийлейм. Мага окшогон боксчу кыздарды бий аялдык назиктиктен алыстатпай турат.

– Көчөдө муштум колдонгон учур болобу?
– Мектепте, колледжде окуп жүргөндө мушташкам. Анда кыздар өздөрү тийишишкен. Көчөдө мушташканда рингдегидей эле катуу уруп коюшум мүмкүн, ошондуктан мушташуудан качам. Анын үстүнө юрист катары анын арты эмне менен бүтөрүн жакшы билем. Ошол себептен мени канчалык таарынтышпасын, колумду көтөргүм келбейт. Өздөрү тийишип мушташкысы келген тарбиясыз кыздар да бар. Андайлар бир күнү мага окшогондорго кабылып эстерине келишет.

– ИИМ академиясын аяктаган экенсиз, эмнеге орган кызматкери болууну кааладыңыз?
– 9-классты аяктаган соң Улуттук университеттин алдындагы юридикалык колледжге тапшырып, аны бүтүрдүм. Юридикалык орто билимимди жогорулатуу үчүн ИИМ академиясына тапшыргам. Чынында ал учурда орган кызматкери болом деген оюм жок болчу. Академиянын студенти болгон соң кармашып мушташуу боюнча курама командага кирдим. Азырынча машыгуу залдарынын биринде машыктыруучу болуп иштеп жатканым менен, келечекте күч структурасында иштегим келет.

– «Тамашоудо» калыстар тобунун мүчөсү болдуңуз, юморду кандай кабыл аласыз? Кыргыз тилин жакшы билесизби?
– Юморду түшүнөм. «Тамашоу» долбоору абдан жакты. Бирок тамашаларды жакшы түшүнө албай, бир аз кыйналдым. Кыргыз тилин үйрөнүшүмө ИИМ академиясынын мугалимдери жардам берген. Түшүнгөнүм менен, сүйлөй келгенде сөздүк кампам азайып отуруп калам.

– Боксчу кызды жандаган жигит туурасында сурагым келип жатат...
– Жашоомдун 80 пайызын спорт ээлегендиктен жеке жашоомо убакыт жок.


“Машыктыруучум Александр Воинов мени дайыма алга сүрөп турат”.


“Жеңишке жетиш үчүн күчтүү эрк, катаал мүнөз, ишеним болуш керек”.

“Кыргызстандын желеги көтөрүлгөндө жүрөгүм бир болкуп алат”.

Сүйүн Кулматова
sport@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(26)
16.05.2016. 09:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Азамат! Ийгилик!
16.05.2016. 09:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аябай жакшынакай спортсмен кыз экен, сүйүп калдым))
16.05.2016. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Азамат,ийгилик сага. Бирок эже -синди Шевченколорго окшоп башка мамлекеттерге сатылып кетпе....
16.05.2016. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азаматсын ийгилик
16.05.2016. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ийгилик!
16.05.2016. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
куйосу кечинде жатайыкчы ээ, десе керек.
17.05.2016. 22:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
bazarkyl, конулундогудой болбой калса олду го анда...
16.05.2016. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азаматсыз! Сулуу да экенсиз
17.05.2016. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
билбейм силер кандай,а мен үчүн кыз кыздай а кыш кыштай эле болгону жакшы
17.05.2016. 23:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
mergen4i,erkektin dagy erkektei ele bolgonu
jakshy :)
20.05.2016. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Alicia,таамай айтыпсыз! Эркек ушака аралашып ай эле койсо...
20.05.2016. 23:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
mergen4i, туура айтасын талтайып суротко тушуп жургону жарашпайткен.
23.05.2016. 08:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
FIFA.KR,Mamleketibizdin namysyn korgop, duinoluk meldeshte bir emes eki altyn medal alyp kelgen kyzga kantip ushintip jazasyngar? Mergenchi ekoongor aman ele bolgula
17.05.2016. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
p.s сүрөтүн эле карасаңар.Кому приятно на это смотреть?
17.05.2016. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
mergen4i,o vkusah ne sporiat !
20.05.2016. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
mergen4i,не смотри! Завидуй молча!
17.05.2016. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
азамат ушундай кыздар кыргызда кобойсун бироого кор болуп жашагыча ушундай жашоо сонун
18.05.2016. 08:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Суйуп калдым
18.05.2016. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Баракелде
18.05.2016. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Чооң ийгилик!
18.05.2016. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жамала дегенге караганда ушул кыз жакты. Кыргызстандын атын данктап журо бер, ийгилик!
18.05.2016. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мммм симпатичная девушка:)
18.05.2016. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мендагы суйуп калдым еми дайыма суйом
21.05.2016. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
красавица!
22.05.2016. 02:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Красавица, Кыргызстандын желегин желбиретип журо бер. Узун омур, чын ден соолук каалайм. Сендей кыздарыбыз кобойсун. Кыздарды машыктырып дуйно чемпиону кылып алып чыгышына тилектешмин. Аябай сулуу экенсин. Аялым бар да, а то алып качып кетмекмин
23.05.2016. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
FIFA.KR, кимдир-бирөөнү кемсинтүүгө, мазактоого тыюу салынган. 3 күнгө БАН!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо