БАЛИГЕ БАРЧУ СУЛУУ БАРБЫ?

№706 13-май-19-май, 2016-ж

Өзүнө ишенген, ай чырайлуу, бою 165 сантиметрден жогору, 1988-1998-жылдар аралыгында төрөлгөн, турмушка чыга элек бийкечтерди сынакка катышууга чакырабыз. Эгер сиз алыскы Индонезияда, океандар кучагында жаткан Бали аралына барып эс алып келүүнү кыялданып жүрсөңүз, анда чамдаңыз!

Сынактын шартына ылайык, ар аптанын жума күнү гезит бетине экиден катышуучунун сүрөтү жарыяланып, SUPER.KG порталына добушка коюлат. Добуш берүү сулуулар гезит бетине чыккан жума күнү саат 9:00дөн баштап кийинки аптанын шаршемби күнү саат 15:00гө чейин жүргүзүлөт. Көп упай чогулткан катышуучу финалга өтөт.
Толук маалымат алуу үчүн 0312 323327 номерлерине чалыңыздар.

БАКТЫГҮЛ ОРОЗБАЕВА
Жашы – 18
Параметри – 89-68-92
Бою – 171 сантиметр
Салмагы – 64 килограмм
Учурда – Кыргызстан Эл аралык университетинин 1-курсунун студенти

Бактыгүл Орозбаева: «ВОЛЕЙБОЛ, БАСКЕТБОЛДУ ЖАКШЫ ОЙНОЙМ»

– Бактыгүл, «Супер сулуу» сынагын кайдан уктуң?
– Мен негизи сулуулар сынагына катышып көргөн эмесмин. «Супер сулуу» сынагы тууралуу мага апам айтты. Силерге сүрөтүмдү апам жиберип, кала берсе мен сүрөткө түшүп жатканда да «тигиндей тур, мындай тур» деп баарын көзөмөлдөп жатты. Сынакты апам үчүн жеңгим келет. Чет өлкөгө да апам экөөбүз барсак сонун болмок.

– Окуудан тышкары эмне менен алектенесиң?
– Волейбол, баскетболду жакшы ойнойм. Өзүмө чуркаган спорт түрлөрү аябай жагат, себеби бүт денең кыймылда болуп, ден соолукка пайдалуу.



АСЕЛ АБДЫКАЙИМОВА
Жашы – 23
Параметри – 81-60-95
Бою – 170 сантиметр
Салмагы – 56 килограмм
Учурда – Мугалим, англис тилинен сабак берет.

Асел Абдыкайимова: «ӨЗҮМДҮ СУЛУУМУН ДЕП ЭСЕПТЕЙМ»

– Сынакты чет өлкөгө эс алып келүү үчүн жеңгиң келеби же популярдуу болуш үчүнбү?
– Мага экөө тең маанилүү, жеңсем өзүмө болгон ишеним артат, чөйрөм кеңейет, эл көрөм, жер көрөм. Өзүм англис тилинен сабак бергендиктен чет өлкөгө чыксам тилден кыйналбайм. Дагы бир максатым – келечекте АКШга барып окуп билим алгым келет.

– Өзүңдү келбетине жакшы кам көргөн кыздардын катарына кошосуңбу же сулуумун деп эсептейсиңби?
– Өзүмдү сулуумун деп эсептейм. Сырткы келбетим да, ички дүйнөм да сулуу. Келбетимде мага өзгөчөлүк тартуулаган бул жүзүмдөгү калым болуш керек.


SUPER.KG порталында жүргүзүлгөн добуш берүүнүн жыйынтыгында Аида 132 добуш алып, финалга чыкты. Ал эми Гүлдана 65 добушка ээ болду.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -2 
Комментарийлер(5)
16.05.2016. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Добуш беруу учун ссылканы да кошуп койгулачы.
16.05.2016. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Woman., саламатсызбы? http://www.super.kg/vote/
19.05.2016. 00:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жаман эмес бирок мактанып коюшуптурго сулуулар
19.05.2016. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
odin-takoy, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек. Эскертүү!
22.05.2016. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
jakpady
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо