Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

МАС БОЛГОН АТАСЫ 2 БАЛАСЫН ТЕРЕЗЕДЕН ЫРГЫТЫП ЖИБЕРГЕН

№706 13-май-19-май, 2016-ж

4-май күнү Жалал-Абад облусунун Сузак районунун 33 жаштагы Ислам Калыев аттуу тургуну мас абалында үй-бүлөсүнө зомбулук көрсөткөн. Бул тууралуу кабар алган милиция кызматкерлери окуя болгон жерге барып, жаңжалдын үстүнөн чыгышкан.

"КАЙНИМ КАРЫЗЫН ТӨЛӨБӨГӨНҮ ҮЧҮН АЯЛЫМ МЕНЕН УРУШТУМ"

Үй ээси чакыруу боюнча барган милиция кызматкерлерине да баш ийбестен "жакын жолосоңор өлтүрөм" деп коркутуп, үйүнөн чыкпай эшикти ичинен бекитип алат. Бир топ убакыттан кийин ал терезеден 2 жана 3 жаштагы балдарын ыргытып жиберген. Акыры милиция кызматкерлери эшикти ачып үйгө киришкенде, үй ээси колундагы электр араасы менен аймактык инспекторго кол салган. Бактыга жараша аймактык тескөөчү жана жанындагы шериги кылмышка шектүүнү кармап калууга үлгүрүшкөн. Тергөө учурунда кылмышка шектүү Ислам Калыев жаңжал эмне себептен чыкканын төмөнкүчө түшүндүргөн:
– Кайним мага 15 миң сом карыз болчу. Ошол күнү аялым экөөбүз анын айынан уруша кеттик. "Менин да күрөөканада карызым бар, иниң карызды качан берет?" деп аялыма кол көтөргөм. Балдарымды да үйгө камап, эшикти ичинен бекитип алган болчумун.

"ЭЛЕКТР АРААСЫ МЕНЕН КОЛУМДУ КЕСИП ЖИБЕРДИ"

Бул окуя тууралуу кенен маалымат алуу үчүн биз жаракат алган Азамат Каримов менен байланыштык:
– Мен Курманбек айыл өкмөтүнө караштуу Таран-Базар, Тамга-Терек жана Кара-Чолок деген 3 айылды көзөмөлдөйм. Ислам Калыев Кара-Булак деген коңшу айылдын тургуну. Бирок үй-бүлөсү менен Кара-Чолок айылынан 7-8 чакырым алыстыкта жайгашкан сарайда атасынын малын бакчу. Ошол күнү Исламдын атасы мага телефон чалып "балам жаңжал чыгарып, келинчегин сабап жатыптыр. Барып карап койчу, мен ооруп бара албай жатам, анын үстүнө жол алыс" деп калды. Мен кесиптешим Элдар Миңбаевди ээрчитип алып ал жакка жөнөдүм. Биз барганда Исламдын келинчеги Гүлнара кичинекей баласын колуна көтөрүп эшикте жүрүптүр. Үйгө кирсем Ислам Анвар деген кудасы менен арак ичип отуруптур. Жанында 2 жана 3 жаштагы кичинекей балдары жүргөн. Мектепке барган 2 улуу баласы болсо айылдагы туугандарынын колунда экен. Мен сыртка чыгып кесиптешимди чакырып келгиче Ислам эшигин жаап, ичинен бекитип алды. Кирели десек, Ислам колуна балта жана бычак алып "кирсең сени өлтүрөм же өзүмдү-өзүм өлтүрөм" деп коркутуп баштады. "Биз сени алып кетпейбиз. Сыртка чык, урушпай сүйлөшөлү" деп түшүндүрүү иштерин жүргүзсөк болбой койду. Арадан 10 мүнөт өтпөй үйүнүн бир терезеси клеёнка менен жабылган экен, ошону балта менен кесип, ичинен 2 баласын биринин артынан бирин сыртка ыргытып жиберди. Балдар ыйлап, апасы аларды сооротуп кирди. Ошондон соң биз кетсек бала-чакасын өлтүрүп койбосун деп кооптоно баштадык. 1 сааттан ашуун бир пикирге келбей, үйгө кире албай турдук. Исламдын Чыңгыз аттуу агасын чакырттык. Анын телефону менен үйдүн ичиндеги Исламдын Анвар деген кудасына чалып, "Ислам бизге сүйлөп жаткан маалда артынан келип кармап кал. Ошондо биз кирип барабыз" десек ал көндү. 15 мүнөттөн кийин ал Исламды кармап, колундагы балтасын алган маалда эшикти талкалап кирсек, Ислам коридордо турган электр араасын иштетип кудасына тап берди. "Ташта!" десем ал мага тап берди, электр араасы алгач жыгачты кесип, андан соң оң колумду кесип кетти. Мен артка кетенчиктеп чалкаман жыгылып түштүм. Тиги мага жакындап келатканда кесиптешим барып кармап калды. Келинчеги болсо колунан электр араасын алды. Ислам шеригим менен аялына каршылык көрсөтүп, жыгачты ала калып бутума дагы чаап жиберди. Андан соң эшикти башы менен сүздү эле чекесинен кан агып баштады. Мен жерге кулаганда башым полго катуу тийип, сол колума жыгачтын сыныктары кирип кеткен экен. Колуман кан токтобой шорголоп агып жатканына карабай кесиптешиме жардамдашып Исламды машинага салып, алгач ооруканага барып колумдун кесилген жерин тиктирип, андан соң Сузак РИИБине алып келдик. Учурда Жалал-Абад облустук ооруканасында дарыланып жатам. Ислам Калыевдин үстүнөн арыз жаздым.

"КҮЙӨӨМ АЗ КЕЛГЕНСИП КАЙНИМ ДА САБАДЫ"

Кылмышка шектүүнүн келинчеги Гүлнара Алик кызы менен байланышканыбызда ал күйөөсүнүн бул жоругу биринчи жолу эмес экендигин айтты:
– Жашым 27де. Ислам экөөбүз 2011-жылы баш кошконбуз. 3 балалуу болдук. Ага чейинки турмушумдан да 1 уул, 1 кызым бар. Мен келин болуп келгени Исламдын арактан башы чыккан жок. Ичип алса өзүн көзөмөлдөй албай калат. Ар дайым анын көзүн карап турар элем. Анын уруксаты жок бир жакка барып же айтканын аткарбай койгон күнүм болчу эмес. Ошондо да мас болсо эле мени сабап жатып калчу. Ал аз келгенсип балдарымды да сабайт. Апамдын көзү өтүп кеткен. Атам болсо башка аял алган. Ажырашып төркүнүмө кетип калайын десем, өгөй энемдин колуна кантип батам? Анын үстүнө балдарымды жетим калтыргым келчү эмес. Ошентип, анын ур-токмогуна чыдап жашай бердим.
4-май күнү да мас болуп алып "иниң карызымды берсин" деп мени сабай баштады. Иним күйөөм мал сатканда 15 миң сом карызга алган эле. "Жезде, машинамды сатайын, дароо карызыңызды берем" деп жүргөн. Айлам кетип кайнатама телефон чалсам, ал аймактык инспекторду чакырып коюптур. Алар келгенде күйөөм каршылык көрсөтүп, балдарымды терезеден ыргытып жиберди. Аймактык инспекторду сабап, электр араасы менен ага кол салды. Акыры милиция кызматкерлери күйөөмдү алып кетишти. Эгер милиция кызматкерлери келбегенде балдарымды же мени өлтүрүп салмак беле, ким билет?..
Алар кеткен соң Жыргал деген кайним келип "ушунун баары сенин айыңдан болду" деп мени кумган менен чаап, дубалга такап муунтту. Анан таяк менен сабай баштаганда кайнагам колунан таякты жулуп алып арачалап калды. Балдарымды алып эжемдикине кетип калдым. Эртеси барып кайнимдин жана күйөөмдүн үстүнөн арыз жазып, экспертизадан өттүм. Учурда балдарымдын абалы жакшы, өзүм 5 балам менен бир тууган эжемдикинде эптеп баш калкалап жатам. Иним болсо күйөөмө 15 миң сомду 5-майда милиция кызматкерлеринин көзүнчө кайтарып берди.

"ТЕРГӨӨ ИШТЕРИ УЛАНУУДА"

Бул ишти тергеп жаткан Сузак РИИБинин тергөөчүсү Тилек Борбуев төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Бул окуя боюнча кылмыш жана жаза кодексинин 341-беренеси (бийлик өкүлүнө зомбулук көрсөтүү) менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү Ислам Калыбаев убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Жогорудагы окуя боюнча далил буюм катары электр араасы, балта жана бычак алынып, биологиялык экспертиза дайындалган. Электр араасында кандын тактары бар экен. Мындан тышкары келинчегин ур-токмокко алуу боюнча да соттук-медициналык текшерүүлөр болгон. Эгер келинчегин сабагандыгы далилденсе, анда кошумча кылмыш иши козголот. Азырынча экспертизалардын жыйынтыктары чыга элек. Терезеден ыргытылган балдар тууралуу апасы "Балдарымдын абалы жакшы. Ошондуктан экспертизадан өткөрүп, алардын ден соолугун текшертүүдөн баш тартам" деп койду. Кылмышка шектүүнүн келинчеги 4-май күнү кечинде кайниси да ур-токмокко алгандыгын айтып арыз менен кайрылды. Учурда бул боюнча да териштирүү жүрүп жатат.

Кылмышка шектүү бул ишке кайнисинин карызынан улам барганын айтууда.

Жаракат алган аймактык тескөөчү Азамат Каримов.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(35)
16.05.2016. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Баарына сабырыбыздын жоктугу куноолуу. Негизи жезде, куйоо балдар менен акча маселеси боюнча мамиле тузбош керек.
16.05.2016. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мындай чыр-чатак биринчи жолу эмес экендигин айтып отуптурсун. Анан эмне учун ининдин куйоондон акча алуусуна макул болдун же эмне учун жездесинин кандай адам экенин билген инин акча алат же дароо кайтарып берууго аракет кылбайт? Кудай сактаптыр балдарынды. Эми ишинер милицияга жетиптир, кайра жараша турган болсон катуу эле зыянын тийгизуусу мумкун. Сенин абалынды да эн жакшы тушунуп турам. 5 бала менен эмес кези келсе жалгыз башын менен бироого батышын кыйын.
17.05.2016. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
tabyshmak,иниси акча албаган кундо деле сабачу экен го, мындай акмактарга эптеп шылтоо болсо эле алсыздарга кол которо беришет!
16.05.2016. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
эми ошол кайнисинен алган 15 мин сому да озуно буйрубайт экен да.
16.05.2016. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Жаш келинге боорум ачыды. Бул жерде бир кундук окуя жазылган. Мындай окуялар далай отту го бул байкуш келиндин башынан. Бир айтарым: Белин бекем бууп, эч мункуробосун. Бул сыноо да отот. Баары жакшы болот. Балдары бактысы.
16.05.2016. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Тобокелдикке барып, кызматын так, ак отогон милиция кызматкерлерине алкыш.
16.05.2016. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Балее ичкирлер, балдарда эмне куно. Арак ичкиче, балдарындын туболугун ойлоп шарт тузуп берсе болмок, байкуш балдар. Эртенки куну эмне болот бул балдардын белгисиз. Келинчегида эки бала менен оюнда куйого тийип жакшы жашайм деп ниет кылып тийдида, а баары наборот болуп калды арактан башы чыкпаса. Колдон келсе ошо эки балан бар болгонсон турмушка чыкпай эле коюп, эки баланды озун жалгыз эле бага берсен болмок экен.менин оюм.
16.05.2016. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Арак ичпей эле соо абалында деле сабап жургондор толтура.Карыз алса берет эле да акча учун балдарын айнектен ыргытып.
16.05.2016. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тообо, тообо, тообоооооо
16.05.2016. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кудайым ээй, ойлоп отуруп социализм эле жакшыбы дейсин, Союз маалында майли кымбат машина, сонун буюмдар болбогондур. Бирок адамдар бактылуу жашаган экен анча эле.
16.05.2016. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Арак куноолуу дейсинер эмне арак озу оозуна куюлуптурбу? Арак ичкен адам куноолуу, озунду башкара албай айбан болуп калганча ичип балээ барбы, ичишти билбесе ичпей Эле койбойбу. Тиги балдары инвалид же ооруулуу болуп калса эмне болот? Бизде закон иштебей жатат озу. Балдарга кордук жасагандарга катуураак чара коруш керек соттоп ММКларга Байма бай жарыялап Элге жеткируу керекпи Деп ойлоп кеттим. Антпесе мындай Окуялар кобойуп кетти. Байкуш балдардын келечеги эмне болот Эми, бироонун уйундо
16.05.2016. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аялынын иниме акча бербе дегенин да укпайтта мындай адамдар озун эр сезип берип алып аялынан чыгарганго акмак
16.05.2016. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Милиция кызмат Кери жакшы иш кылыптыр
16.05.2016. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kudai saktaa emne myncha tash boor adam, 15min somun ertereek kara berip koiso bolmok eken, bul kyzyl kamchy erdi er kylyp alyp jurgon buu kelinge da raxmat, emmi myndan aary jashoosu kandai bolot ? Ajyrashyp ele jashasa jakshy bolot go deim.Menin akem maga 10min dollar karyzy bar, shartyna jarasha akyryn akyryndan az azdan berip kutulup atat, jarymy kaldy, dagy eki jylda berip kutulsa kerek bilbeim. Emmi ar biribizge kudai ynsap bersin da.
16.05.2016. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Милиция кызматкерин кудай сактаптыр
16.05.2016. 21:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тообо деги адамдар эмне болуп баратабыз.Акча дегенде оз каныдан жаралган балдар да козуго корунбой.Жон гана тынчтык жол менен чечилчу маселе го.
16.05.2016. 21:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жаныбар да озунун баласын антпейт.
16.05.2016. 22:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кайгис
16.05.2016. 22:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жаш эле келин экен эмне мынча азапты башына уйот турмуш коргон адам экен 2 баланын энеси балдарын гулдой кылып багып албайбы экинчи эрине тийгендин ордуна эми 5 баланын козун жылтыратып кайда баш калкалайт, дагы турмушка чыгып журбосо болду
16.05.2016. 22:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кайнисине эмне жок? Жеңесине рахмат дебейби, акесин эр кылып жүргөнүнө.
17.05.2016. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мына дагы бир АЛСЫЗ кыргыз МЫРЗА..........
17.05.2016. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой кудай акыркы убакта мындай адамадын жоруктары кобойуп эле баратат го. Баарыбызга Аллахым ынсап берсе экен.
17.05.2016. 21:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
15000 ди милициянын көзүнчө берген болсо жыргап эле калыптыр..
18.05.2016. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Салам жанакы депутат Мискенбаев ушу аракты сатканды токтотбойбу кыйын болуп куудулдарга асылбай
18.05.2016. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Насыбай сатпайсынар ден соолукка зыян дегичелер аракты баарынан мурда токтотуш керек. Арак аты жаман коптогон адамдарды бактысыз, ата-энесиз калтырып жатат. Коп нерсе арактын айынан чыгып атпайбы. Баарынар колдойсунарбы?
18.05.2016. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аракты саткырбаш учун мыйзам так даана акыйкат иштеш керек бир туугандар
18.05.2016. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aseltay, коомдук адепке туура келбеген создөрдү жазуудан алыс болуңуз.
18.05.2016. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаш келин экен,биринчи турмушунан балдары болгондон кийин,бул куйоосу башынан эле ичсе,торобой эле коё турса болмок экен.Азыр илгеркидей 7-8ди торой турган убак эмес деп ойлойм.
19.05.2016. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ушуга окшогон алкаштар куйгуздуго балдарда не айып озун секирбейсинби ичишти билсен ич да аркан болсо не ичесин келип келип балдаргале кыйын болуп атат ошолор уур токмокко кабылып атат ушу арактын айынан.
19.05.2016. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жашоо озу кайда баратат, тушунбойсун... Кунуго олтуруп, ыргытып, мууздап кетти...
23.05.2016. 02:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындайдайлар адам болбойт
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо