Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

КАРА БУЛУТ КАНТИП АК БУЛУТКА АЙЛАНДЫ? (жомок)

№706 13-май-19-май, 2016-ж

Илгери-илгери асманда ак жана кара булут жашаган экен. Ак булут ар дайым кубанып, жаркырап күлүп жүрчү. Ал эми кара булуттун ага ичи күйө берет эле. Бир күнү кара булут ак булутту жок кылууну чечет. Ачууланган бойдон чагылганын жарк-журк эткизип ак булутту туш тараптан басып кирмекчи болот. Кыжырданганынан көз жашы тып-тып этип жерге тамчылайт.
– Эмнеге мен сага окшоп ак эмесмин? Сени жок кылып, ордуңа өзүм ак болуп алам!
Бирок ак булут коркуп да койгон жок, калыбынан жазбай шаңшып күлө берди.
Кара булут таңдана:
– Эмнеге күлүп жатасың? Акыл-эсиң жайындабы?!- деп алынын келишинче асманды тарсылдатып кирди.
– Менин акылым жайында эле,- ак булут жадырап күлгөн калыпта, – жердегилерди көрүп күлкүм келип жатат.
– Жерде күлкүлүү эмне болуп жатыптыр?
Кара булут жерге көз салды.
– Карачы, жердеги чоң адамдар колуна түркүн түстүү козу карындай болгон нерселерди көтөрүп алышыптыр. Маанайлары да чөгүңкү, баары ар жакка шашып чуркап жүрүшөт. Ал эми кичинекей адамдар сенин көз жашыңдан түшкөн тамчыларды кечип кубалашып ойноп жүрүшөт. Эгер кичинекейлер кубанышса, анда баарыбыз кубанышыбыз керек да. Карачы, сен кичинекейлерге майрам тартууладың. Мен сенин кылганыңа кубанып, сыймыктанып жатам.
Кара булут ойлонуп калат. Жерди караса чын эле кичинекейлер бактылуу. Балакайлардын күлкүсүнө жүрөгү жибип, бат эле катып алган күндү карамагынан коё берет. Эркиндикке чыккан күн сүйүнгөнүнөн жерге сүйүү, достук белгиси болгон күн желесин жөнөтөт. Мындай жагымдуу кубулуш бат эле кара булуттун да көңүлүн көтөрүп, күлкүгө бөлөп жиберди. Кубанычка баткан кара булут күлүп жатып караса эле ак булутка айланып калыптыр. Ошентип ичи тардыкты ак ниеттик жеңген экен.

Гүлжамал Бөрүкулова
balakai@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо