Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ДАНИЛА КОЗЛОВСКИЙ - ОРУСИЯНЫН УЧУРДАГЫ ПОПУЛЯРДУУ АКТЁРУ

№706 13-май-19-май, 2016-ж

Данила Козловский фотосессия менен маектерде журналисттерди оңтойсуз абалга калтырган кежир адам. Эгер суроолор жакпай калса басып кетет же кабагын бүркөп отуруп алат. Даниланы мүнөзү чатак, бирок чынчыл мырза катары сыпатташат.

  • Туулган жылы, күнү – 1985-жыл, 3-май
  • Туулган жери – Москва шаары
  • Кесиби – Театр жана кино актёру
  • Тартылган тасмалары – «Распутин», «Духless», «Легенда №17», «Кан соргучтардын академиясы», «Беш колукту», «Дубровский» жана башкалар
  • АКТЁР ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТАР
  • Орусиядагы “GQ” журналынын версиясы боюнча 2013-жылы “Жыл адамы” наамын алган.
  • Саякаттаганды, лыжа тепкенди жактырат.
  • Биринчи гонорарына 1000 доллар алып, ага саксофон сатып алган.
  • “Легенда №17” тасмасына тартылуу үчүн тамеки чеккенди таштаган.
  • Бир күндүк тартылуу ишине 10 миң доллар алат.

СЕРИАЛДАН БАШТАЛГАН КАРЬЕРА

Данила толук кандуу үй-бүлөдө чоңойгон эмес. Атасы каза болуп калганда келечектеги актёрду жана анын 2 бир тууганын багып-чоңойтуу милдети апасына жүктөлөт. Актёр бала кезинде тентектигинин айынан бир нече мектептен айдалып, балет лицейинен да келечеги жок деген "диагноз" менен четтетилет. 13 жашында аяш энесинин сунушу менен "Жөнөкөй чындыктар" ("Простые истины") сериалында өспүрүмдүн ролун ойноп актёрдук тушоосу кесилет.
Кийин атактуу режиссёр Алексей-Германдын көзүнө түшүп, карьерасында чоң бурулуш башталат. Аталган режиссёрдун "Гарпастум" тасмасында Козловский башкы каармандын ролун жакшы жаратканы үчүн Венеция кинофестивалында "Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгү" наамына арзыйт. 2009-жылы Фёдор Бондарчуктун "Духless"тасмасында акчасын жыргал жашоого короткон топ-менеджер Максимдин ролун ойнойт. Көптү үмүттөндүргөн актёр экенин далилдеген Козловскийге Голливуд жол ачып, 2014-жылы америкалык "Кан соргучтар академиясы" фильмине тартылган. Продюсерлер орусиялык актёрду бекеринен тандашкан эмес. Себеби тасмадагы баш каарман Дмитрий Сибирде төрөлүп, орусча акцент менен сүйлөчү.

«Духless» тасмасында актёр жыргал жашоого умтулган жигиттин ролун ойногон.

ЛИЗА БОЯРСКАЯГА КӨРҮНҮШ ҮЧҮН БАШКАГА ҮЙЛӨНГӨНБҮ?

Санкт-Петербургдагы театралдык окуу жайда окуп жүргөндө Даниланын көзү Лиза Боярскаяга түшүп, жаштар кыз-жигит болуп сүйлөшө башташкан. Бирок кыздын атасы актёр, ырчы Михаил Боярский бул мамилеге каршы чыгып, “Данила бутуна тура элек” деп сүйлөштүрбөй койгону айтылып келет. 2008-жылы Данила актриса Уршула Малкага үйлөнгөнү маалым болот. Бирок достору “Данила Лизага көрүнүш үчүн эле үйлөндү” деп айтып чыгышат. Бул кептин канчалык чындыгы бар экени белгисиз, бирок 3 жылдан кийин Данила менен Уршула ажырашып кетишкен. “Мен үчүн жубай эч качан мурунку болбойт. Уршула жашоомдун акырына чейин жакын адамым бойдон калат. Ал жашоодо сейрек кездешкен чыныгы аял. Ажырашкандан кийин да бири-бирибизге болгон жылуу мамилени сактап калдык. Бат-баттан чалышып, кезигип турабыз”,- деп маектеринде Уршулага чаң жугузбайт.

Бул никеден кийин актрисалар Анна Чиповская, Юлия Снигирь, модель Ольга Зуева менен мамиле курганы маалым. “Көптөн бери самап жүргөн унаанын өңүн, түзүлүшүн сүрөттөсө болот. Бирок кыялымдагы кызды сүрөттөп берүү кыйын. Эң башкысы, ал кызда өзгөчөлүк болушу керек”,- дейт.

Жакында гана Лиза Боярская менен “Статусу – бойдок” («Статус – свободен») тасмасына тартылгандан кийин Данила көпчүлүктү ойлондурган блог жазып, ал интернетте талкууга алынган. Тасмада баш каармандын ролун ойногон Лиза жигитин таштап, дос бойдон калууну сунуштайт. “Мен кинодогу түгөйлөрдүн мамилесин анализдегим келген жок. Ал эми сүйүүдөн кийинки достук тууралуу эки ооз сөз жазгым келди. Мен бул тууралуу тартуу иштери аяктаганга чейин ойлонуп жүрдүм. Ажырашып кетүүдөн коркпош керек. Чыныгы жакын адамдар жоголушпайт, болгону жашоодогу статусун алмаштырат”,- дейт Данила.

Даниланын актёр болуусуна апасы түрткү болгон.

"Бир кезде сүйүү романын курган Лиза Боярская менен Данила “Статусу – бойдок” тасмасына чогуу тартылышкан.

Данила мурунку жубайы Уршула Малка менен.

Динара Абдыкадырова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(10)
16.05.2016. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Бир күндө 10 миң доллар алса ихууу, биз жылдап ал акчаны таппай жүрөбүз го. Даа, жашоо деп ушуну айт болуптур го. Аман болсун, ошол тапканы өзүнүн жакшылыгына гана буюрсун!
16.05.2016. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Urmattu Super Info! Sizderden Dima Bilan jana anyn akyrky iyigilikteri jonundo kyzyktuu maalymattardy kutobuz.Choon rahmat!
16.05.2016. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mmdina2013, саламатсызбы? Сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди, рахмат.
16.05.2016. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Олло жагатда Лиза экоо
16.05.2016. 19:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ким бул тааныбайт экем. Мунун ордуна Марк Богатыревду(КУХНЯ сериалындагы) чыгарсанар Кыргызстанда кобуроок тааныйт болуш керек.
17.05.2016. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Beka95, саламатсызбы? Сын-пикир үчүн атайын дарек бар. Ал эми сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди, рахмат.
18.05.2016. 00:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсызбы. Лестница в небеса сериалынын каармандары жонундо кенен маалымат жазгылачы сураныч.
18.05.2016. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
u_ainura88, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-05-18 10:00:37
18.05.2016. 02:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
легенда17 жакшы тартылган
20.05.2016. 08:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Духлессте жакшы ойногон
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо