ОШТО ТӨРӨЛГӨН ЖАМАЛА "ЕВРОВИДЕНИЕ" СЫЙЛЫГЫН ЖЕҢДИ

№707 20-май-26-май, 2016-ж

Швециянын Стокгольм шаарындагы "Эрикссон-Глоб" концерттик аренасында "Евровидение" сынагы болуп өттү. Финалга озуп чыккан 26 мамлекеттин "тирешүүсүнүн" жыйынтыгында Украинанын катышуучусу Жамала жеңүүчү аталса, 2-орунду австралиялык Дэми Им багынтып, орус ырчысы Сергей Лазарев 3-орунга татыды.

СЫНАКТЫН "ДЕСЕРТИ" – ЖАСТИН ТИМБЕРЛЕЙК
Ырчылар көрүүчүлөрдүн эсинде сакталыш үчүн сахнага укмуштуудай номерлери менен чыгышты. Алардын ичинен Сергей Лазарев жылып турган тепкич менен көтөрүлүп, космос мейкиндигине кулаган элес калтырып элди таң калтырды. Мальталык Ира Лоско 6 айлык кош бойлуу экенине карабай ырдап чыгып эсте калса, конок ырчы катары келген дүйнөлүк жылдыз Жастин Тимберлейк жаңы ырын аткарып "десерт" болуп берди.

СЫНАКТЫН ШАРТЫ ӨЗГӨРБӨГӨНДӨ ЛАЗАРЕВ ЖЕҢМЕК БЕЛЕ?
Бул жылы сынактын добуш берүү системине өзгөрүү киргизилип, калыстар жана көрүүчүлөр өзүнчө добуш беришти. Жаңы шарт боюнча добуш берүү 2 этаптан туруп, алгач калыстардын берген упайы жарыяланды. Ага көрүүчүлөрдүн добушу кошулуп эсептелинди. Жыйынтыгында үнү, ыры менен өзгөчөлөнгөн Жамала сынактын жеңүүчүсү аталды. Хрусталдан жасалган статуэтканы бийик көтөргөн ырчы кыз: "Мен тынчтыкты каалайм! Рахмат, Европа!"- деп кыйкырып алды. Өлкөсүнө жеңиш тартуулаган ырчынын эмгеги бааланып, ага дароо эле Украинанын Эл артисти наамы тапшырылды. Көрүүчүлөрдөн эң көп упай топтогон Сергей Лазарев болсо "Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгү" наамын алды. Бул сынакта Сергей Лазаревге продюсер болгон Филипп Киркоров жыйынтыкка нааразы болду. Ал Лазаревдин номери менен сыймыктанарын айтып, "эгер сынактын шарты өзгөрүлбөгөндө Орусия жеңмек" деген оюн билдирди.

ЖАМАЛАНЫН ТАЛАШКА ТҮШКӨН "1944" АТТУУ ЫРЫ
Орусия менен Украина сынакта бири-бирине башкы атаандаштар болду. Жамаланын Улуу Ата Мекендик согуштагы крымдык татарлардын депортацияланышы тууралуу ыры "Евровидение" башталганда эле Орусия тараптан сынга алынган. Уюштуруучулар ырдын текстинен саясатка байланыштуу эч нерсе табышкан эмес, бирок сынактын саясат тууралуу ырдалбасын деген талабы жок. Айрым орусиялык саясатчылар ырдын темасын катуу сынга алышкан. Мисалы, Санкт-Петербургдун депутаты Виталий Милонов "Анда "Евровидениеге" Орусиядан жана Польшадан артист жөнөтөлү, 1943-жылдагы Волындагы кыргын тууралуу ырдап келишсин" деп айтып чыккан (ред. 1943-жылы Украинанын Волынь облусунда жашаган польшалык жарандар жана башка улуттун өкүлдөрү украиналык армия тарабынан массалык кыргынга кабылган).

ОШТО ТӨРӨЛГӨН ЖАМАЛА
Украиналык опера жана жаз ырчысы Жамаланын толук аты-жөнү – Жамаладинова Сусанна Алимовна. Ал 1983-жылы Кыргызстандын Ош шаарында төрөлгөн. Атасы хор дирижёру Алим Жамаладинов крымдык татар, апасы пианист Галина Тумасова армян кызы. Ырчынын үй-бүлөсү Кыргызстандан 1989-жылы Крымдагы Малореченское айылына көчүп кетишкен. Бала кезинен музыка менен алектенген Жамала "Жаңы толкун-2009" сынагында да жеңишке жетип, популярдуулугу артат. Ырчы жакында чет өлкөлүк басылмалардын бирине маек куруп: "Мен Кыргызстанда төрөлгөм, бирок бул өлкө менин мекеним экенин эч качан сезчү эмесмин. Крымда төрөлбөсөм да, Крым жан дүйнөмө жакыныраак",- деп билдирген.

ЖИЙДЕШ ИДИРИСОВА: "УКРАИНА МЕНЕН ОРУСИЯГА ДОБУШ БЕРГЕН ЖОКМУН"
Кыргызстандын атынан биринчи жолу аталган сынакка калыс болгон мекендешибиз мындай дейт:
– Жамала биздин жердешибиз экенин билген эмесмин. Муну билгенден кийин Кыргызстан дагы бир сынакта атын чыгарып алганына аябай сүйүндүм. Украина менен Орусияга добушумду берген жокмун. Ырчылардын музыкасына, аранжировкасына, кулакка жагымдуу угулушуна көңүл бурдум. Мага Нидерландынын атынан чыккан Боб Дауэнин ыры аябай жакты. Аны укканда "Битлз" тобун элестеттим. Европалыктардын табити башкача экен да, жеңүүчү башка болду. Бул сынакка калыстык кылганым мен үчүн гана эмес, жалпы Кыргызстан үчүн сыймык болсо керек.

2-орунду багындырган австралиялык Дэми Им.

Сергей Лазарев "Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгү" наамына арзыды.

Жастин Тимберлейк сынактын финалында конок катары ырдады.

Динара Абдыкадырова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(17)
23.05.2016. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Армян, апасын тартыптыр
23.05.2016. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Ошто торолгон дебей эле койгулачы откондо берген маегинде "Мен Кыргызстанда төрөлгөм, бирок
бул өлкө менин мекеним экенин эч качан
сезчү эмесмин. Крымда төрөлбөсөм да, Крым
жан дүйнөмө жакыныраак", - деп билдирген.
23.05.2016. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Alixan-Nookat.2015,Интрига кылыш керек да журналисттер дагы.Дайымале ушундай го
23.05.2016. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Бул жерде саясат чон рольду ойноду десек болот.Коруучулордун копчулугу Сергейди колдошту.Жамала тууралу айтсам ал Кыргызстанды мекеним деп эсептебейм дегенден кийин кыргызстандан дебей эле жон эле украиналыкырчы Жамала деп жазып койсонуздар болбойбу супер инфо
23.05.2016. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Сергей Лазерев алыш керек эле 1-чи орунду.Жамаланын ырыда,озу да жакпады.Кыргызстанда 6 жашка чейин жашаса да боор бербейт экен.
23.05.2016. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Туулган жердин топурагы алтын дегенди билбейт ко бул, суусун ичип абасын жыттап эле чоноюп чочойду да, эми минтип айтып турушун кара.
23.05.2016. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Baian, улут аралык түшүнбөстүктү жаратуучу билдирүүлөргө тыюу салынган. Эскертүү!
23.05.2016. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ыры жаккан жок
23.05.2016. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Jamal jeneerin bilgem
23.05.2016. 23:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Адам баласынын оорчуу,жетилуу убагы кайсыл жерде болсо ошол жерге тартылат,мисалы мен торолгонмун башка жакта,8 жашымда жер которгонбуз,торолгон жеримди эстей албайм
24.05.2016. 01:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
мен кордум евровиденяны алар туура эмес баалашты озу биринчи орунду австралия алган болчу кайдан жайдан чыгып украина женип кети. жуурилер туура эмес баалашты
мен аягыны чейин коруп жатым туура эмес
27.05.2016. 20:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
AMAN.ART, туура Деми Им алыш керек болчу
24.05.2016. 02:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ошто төрөлгөн деп эле жаман жабышышты го.
24.05.2016. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жамала эси жок кыз экен. Кыргызстан менин киндик кан тогулгон жерим десе оозу кыйшыйып калат беле. Эми Кыргызстанга келем деп ойлобой эле койсун. Кайдан билет Украинадан бир себеп менен куулуп кайра Кыргызстанга келип калышы мумкун да туурабы? 6 жашка чейин Кыргызстанда ХХХ ХХХ журдубу анда? Киндик кан тамган жерин Мекеним деп сезбесе ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-05-24 13:16:29
24.05.2016. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Bereke10, кимдир-бирөөнү кемсинткен билдирүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
25.05.2016. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
B.city, улут аралык түшүнбөстүк жаратуучу билдирүүлөргө тыюуу салынган.
29.05.2016. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Женуучу болгонго эч кайсыл тараптан татыктуу эмес болчу. Чет олколук басылмаларга берген тамтыраган маектерин жазып, дагы килейтип тема кылып чыгарып коюпсунар да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо