Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

"УУРУЛУГУМ КАРМАЛЫП ЖИГИТИМДЕН КОЛ ЖУУДУМ"

№707 20-май-26-май, 2016-ж

– Бир кезде бактылуу күндөрүм түгөнбөчүдөй сезилчү. Азырчы, азыр анын бири да жок. Мен кетирген катачылыкты башкалар да кайталабасын деп окуямды айтып берүүнү чечтим.
Жигитим Азат менен бир клиникада чогуу иштейм. Бири-бирибизге жипсиз байлангандайбыз. Көргүм келип сагына түшсөм 10 эле кадам, дароо кабинетине жетип барам. Азатымдын элде жок жытын шуу этип жыттап алсам эле болду, бактылуу болуп калам. Жигитим тиш доктур болуп иштесе, мен пациенттер заказ кылган тиштерди даярдап берүүчү техник болуп иштейм. Дээримден жоош, улунуп-жулунбаган кызмын. Балээнин баары бир күнү жөн жерден башталды. Жумуштар менен бир тиш доктурдун кабинетине кирип калсам столдун үстүндөгү кооз сувенир – ак куунун түбүн чукулап жатыптыр, анда деле этибар алган эмесмин.
– Сонун ак куу экен, белекке алгансыз го?- деп койдум. Байке эмнегедир суроомду жоопсуз калтырды.
Кийинки күнү дарыгердин кабинетине кирип баратып бир кызыкка туш болдум. Байке ак куусунун түбүнөн акча алып жатыптыр. Көрсө, ал акча чогултуучу куту экен. Баарын көрдүм, түшүндүм, бирок көрмөксөн, билмексен болуп койдум. Байке да мени байкабай калды окшойт, унчукпаганына караганда.
Жумуш күнүм кадимкидей өтө берди. Менин болсо оюмдун баары ак кууда болуп туруп алды. Байкенин акчаны алып жатканы көз алдымдан кетпей айламды кетирди. Бирөөнүкүн алган күнөө деп өзүмдү урушуп да оюмду жеңе албай койдум. Ошентип ак куунун ээси канчада кетет, эртең менен канчада келет, анын баарын бир жумадай иликтеп, тактадым. Андан кийин ак кууну кармалап көрүп, акчаны сууруп чыксам болобу байкаштыра баштадым. Мунун да жолун таптым. Кыйратып салгансып өзүмчө сүйүнүп коём. Бир күнү керектүү маалды күттүм да, доктур чыгып кеткенде калп эле столду жыйнамыш болуп ак куудан акча сууруп алдым. Биринчисинде эле 1000 сом чыкты. Ал күнү ушуга шүгүр кылайын деп, кабинеттен атып чыктым. Колдорум калтырап, жүрөгүм лакылдап жатты. Бул калтырак көптө барып басылды. Ичимден "кармалып калсам өлдүм, бүтүндөй клиникага шерменде болом, экинчи мындайга барбайм! Азат билип калсачы?" деп жигитимди да эстедим.
Акчанын азгырыгы жаман экен. Колумду, акчага болгон сүйүүмдү тыя алган жокмун. Эртеси дагы алдым. Ошентип жүрүп бир топ алып койдум. Салынгандардын бардыгы 1000 сомдуктар окшойт, жалаң ушул сумманы сууруп жүрдүм.
Бир күнү коридордо баратсам кийим илчү жерде ак куунун ээси өң-алеттен кетип бакылдап жатыптыр, жанында орган кызматкери. Дароо бир нерсе болгонун сездим, бутум шилтенбей токтоп, жүрөгүм опкоолжуп оозума келди. Чын эле акчасы азайып жатканын билип калыптыр. Иликтөө жүрө баштады. Мен шек алдырган жокмун. Бирок коридордогу видеокөзөмөл мени шектүү кылып көрсөтүп бериптир. Камера кабинетинде жок деп эле, коридорду ойдон чыгарып коюптурмун. Мени милиция кызматкерлери түз эле Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына алып барып, суракка ала башташты. Мындайды көрбөгөн жаным дароо эле моюнума алып, көз жашымды көлдөтүп отуруп бердим.
Алган акчамды тигил дарыгер 50 миң сом деп айтыптыр. Бирок мынча акча алганымды эстеп, эсебин чыгара алган жокмун. Мындай тагдыр башыма келет деп эч ойлогон эмесмин. Бетимдин тызылдап чымыраганын айтпа, ушундан көрө жер жарылып кирип кетсем кана?! Айыбым ачылгандан кийин эмне кылмак элем, байкеме чалдым. Ал бир ооз сүйлөгөн жок. Бырылдап ыйлап жатканымдан аядыбы же оозуна сөз келбедиби, билбейм.
Байкемдин кийлигишүүсү менен тиги дарыгер милициядан арызын алып, тосмо арыз жазып берди. Баары бүттү. Эми эмне кылам? Акчага болгон азгырыктын айынан ишимден да ажырадым. Андан да жаманы, мени түйшөлткөнү жигитим болчу... Ызы-чуу түшүп мени кармап кетишкенде Азат байкушум бир сыйра милиция кызматкерлери менен кызаңдаша кеткен болчу. "Кандайча? Кайсы фактыга таянып алып кетип жатасыңар?!"- деп муштум түйүп кала берген. Мен эмне демекмин, жер караган бойдон басып кеткем.
Ошол боюнча мага ишенген, менсиз жашай албайм деген Азатымдан кабар болбоду. Менин да ага чалганга эрким жетпеди... Эмне дейм, "кечир мени, азгырылып кеттим, мындан ары кайталанбайт" дейминби? Мага ишенеби? Мени кечиреби? Ошол окуядан кийин дагы деле баш көтөрүп жүрө албай калдым. Гезит аркылуу байкеден, Азатымдан кечирим сурайм. Жигитим мени кечирбесин билем, бирок мага кабарлашып, ак же көк деп койсо дейм...

Акылай
Сүйүн Кулматова


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(46)
23.05.2016. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кудай озу кечирсин ,кудайдан тилеп сурасан баарын кайтарып берет иншаллах
23.05.2016. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Напсисин тыйса болмок.
23.05.2016. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Менин жапжакын тууганым бир заматта кайненемдин шакегин сумкасынан алып койуптур кашайып кайненем да сразу карабай калыптыр. Бирок тууганыма тан калам озу чириген байдын кызы эмне жетпеди экен. Андан коп отпой эле турмушка чыкты куйоосу да бай. Окуп калаар соз ээсин табат. Башка жактарга барган да айтып калушчу ошол муну уурдап тигини уурдап дешип ишенбейт элем озубуздукун уурдатканда гана ишендим. Уйронгон адаты калбай жургондур. Ушу колунда барлар уурдап жатса калганы болду да
23.05.2016. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Shpionka,тууганыныз ууру,озунуз шпионка,сонун го)))...клептомания менен ооруйт турбайбы,биздин да туугандарыбыз бар,уурдабайт,бирок бироонун буюмун бербей коёт катып алып))
23.05.2016. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
dubai,ал жашоодо ууру а мен жашоодо шпионка болсом кана:))
23.05.2016. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
аай десе айбан эле кыз экен
23.05.2016. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыныр иш кырк жылда билинет деген ушул врачда жаш кыздын тагдырына балта чааптыр,озун чакырып эле жеке суйлошуп койбоптур элдин баарына жар салбай ал деле адал акча эместир элден жеген акчаларыда
23.05.2016. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
бир уурдаган Адам
кайра,кайра урдагысы келип калат
23.05.2016. 18:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаман болуптур.эми башка жигит суйлошобу десен
23.05.2016. 19:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаман болуптур мындан ары кудай озу ишин ондосун. Тооба кылыш керек эми ал кыз.
23.05.2016. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Адашпаган адам болбойт, баары жакшы болот буюрса!
23.05.2016. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Сен жигитинден эле эмес, коп нерседен кол жуупсун.
23.05.2016. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаттан эмес, Алладан кечирим сурап намаз оку. Бардыгы жакшы болот...
24.05.2016. 02:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ИИ журокту оорутаткооо,даман болуптур,мындан ары даман ишке барбай бактылуу бол...серин акча алые жатканынды Байкен корбосода кудай коруп туратда.....бактылуу бог,унутканга чалыш,капаланба оорукчан болуп каласын
24.05.2016. 08:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ар бир адам жашоосунда бир жолу болсода жанылат, кечиримдуу болуш керек. Байкениз жана жигитиниз албетте кечирет, бирок убакыт керек деп ойлойм.
24.05.2016. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кызыл ала кекиртек кыйла жерге секиртет деген ушуда .
24.05.2016. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
куноо кылсан аласын жазасын деген ушул экен
24.05.2016. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кичинекейинде эле колун туткак неме болсон керек да.
24.05.2016. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы болбоптур
24.05.2016. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сопунун козу азанда,соргоктун.козу казанда дегендей.Уурунун ою акчада.болуптур да.
24.05.2016. 22:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ээээх
24.05.2016. 23:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оору бар экенине ишенсен болот,,зынкыйган эле аялдар супермаркеттерде шыпырып чыкканын коргом,,
25.05.2016. 03:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ой шумшуук кыздар оой.
Жасалмасынар да.
25.05.2016. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сенин бешененде ууру деген жазуу кала берет
25.05.2016. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кошмар...
26.05.2016. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тобо кыл кудайдан кечирим сура
27.05.2016. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Табалабай тообо кыл дейт беле? Албетте тообо эле дейин. Бирок бир чети, ырас эле болуптур десе да болот. Анткени ууручулук бул адамдык касиетти жоготуучу нерсе го дейм. Жакшына жумушун болсо жон эле журо бербейсинби дейм да. Женил акча эч кимди кыйраткан эмес. Бактылуу болууга умтулсан боло андан коро. Кооп жакшы создорду жазгым келип турат, бирок эми андан эмне пайда? Аман эле бол да.
27.05.2016. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ууруну убагында жазалаш керек
27.05.2016. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азыр ууру емес адам болбосо
керек баары ууру
кызыл кекиртек лубой жерге
секиртет
27.05.2016. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атынды сыр сактап койсон болмок.
28.05.2016. 00:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
акча эмнелерди кана кылдырбайт э
03.08.2016. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми тообо кыл адат б.п калбастан арылгын.Менин да женем колу туткак болчу уйдон апасынын уйуно коп ташычу акча алганы сразу билинген майда бараттары Эми билинип жатат баарына макул демекмин аш бычак банный чачыка эмне дейин уурулугунан уй булоосу урады
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо