№707 20-май-26-май, 2016-ж
Бөйрөгү ооруган 25 жаштагы Нурзада Урусланова жумасына 2 ирет гемодиализ аппараты менен канын тазалатып турууга муктаж. Кан-сөлү билинбей аппаратта соолуп жаткан кызын көрүп түтпөгөн эне кызына өз бөйрөгүн берүүгө даяр. Ал эми жолдошу Урматбек Аскаров 4 жаштагы кызын кучактап ыйлаган келинчегин көргөн сайын каңырыгы түтөйт.– Келинчегим экөөбүз 2008-жылы үйлөнгөнбүз. Ортодо 1 уул, 1 кызыбыз бар. Уулубуз 1-классты аяктап жатат. Келинчегим бала бакчада тарбиячы болуп иштеп жаткан. 2015-жылдын январь айында аны көрсөтөлү деп доктурга барсак, "өтүндө таш бар экен" дешти. Ташты алдырып салалы деп анализ тапшырдык. Ошондо врачтар канынын курамындагы креатинин деген заттын өлчөмү көбөйүп кеткендигин айтышты. Көрсө, ал затты бөйрөк иштетип, нормага салып туруш керек экен.
Ошентип, дарыгерлер анализдердин жыйынтыгы менен Нурзадага "гломерулонефриттин өтүшүп кеткен стадиясы" деген диагноз коюшту. Мындайча айтканда, бөйрөк иштөөсүн токтотуптур. Ошондон тарта гемодиализ аппаратын жандап, колдо болгон каражаттын баарын дары-дармекке корото баштадык. 1 жарым жылга жакындап калды, андан бери 50-55 жолу гемодиализ аппаратына жатты, канчалаган рекормон деген дары алдык. Келинчегим арыктап, сөлөкөтү эле калды. Ичкени ирим, жегени желим. Аппараттан соң канды керектүү заттар менен толукташ керек деп дары сайышат, "тамактандыргыла" дейт. Байкуштун тамактан көзү өткөнү менен, жарытып деле жей албайт. Жарым жан болуп турган өмүрлүк жарымды карап туруш мага оор. Өзүм куруучу болуп иштейм, андан сырткары такси кызматын кылам. Айтор, акча табам деп колго тийген адал жумуштун баарын кыла берем.
Азыр Казакстандын Алматы шаарында операция жасоо мүмкүнчүлүгү бар дешүүдө. Ал жакка жалпы 10 000 доллар кетет дешти. Туугандар, кайын журт, баарыбыз ар кай жактан бир аз акча чогулттук. Мындан сырткары элден да жардам болуп, каражаттын бир тобу чогулуп калды. Ушул операцияны жасатыш үчүн дагы 2500 доллар жетпей жатат. Врачтар болсо "айыгып кетишине үмүт зор" деп кубантышууда. Себеби Нурзаданын апасы кызына өз бөйрөгүн берүүгө макул болуп, ден соолугуна кайыл.
Баса, аппаратка жумасына эки ирет жатыш үчүн ар бир сеанска 7800 сом төлөчүбүз. Акыркы 1 айдан бери ФОМСтун тизмеси боюнча кезек келгендиктен 800 сом төлөп калдык. Ошол кезек деле бизге бирөөлөрдүн бул өмүрдөн кош айтышуусу менен келип калды да. Балким, айыгып кеткендердин ордуна жылгандырбыз. Айтор, оорулуулар айыгып, жашоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушса экен. Келинчегим жашоо үчүн күрөшө берип чарчады окшойт, күчүн эле ыйдан чыгарат. Мен, апам, балдарым, баарыбыз аны жашоого шыктандырабыз, үмүт бергенге аракет кылабыз. 17-18 жашыбыздан бирге турмушка аттанып, уябызды бирге салган келинчегимди 8 эле жыл жашап колдон учургум келбейт. Бар үмүтүбүз элде калды, элден жардам күтөбүз.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Алуучунун банкы: РСК.
БИК: 129005
Расчетный счет 129005.351.00000.48
ИНН 42 01 01 999 101 20
Карт счет 000000 512 544
ЭЛСОМ электрондук капчыктын номери: 0557800323