Асема: «АПАМ ООРУП КАЛГАНДА ЖАШОО ТОКТОП КАЛГАНДАЙ БОЛДУ»

№707 20-май-26-май, 2016-ж

«Апам мени ишенчээк кылып тарбиялаганына ичим ачышат. Бир аз куу кылып чоңойтсо болмок экен деп калам. Азыр ошондойлордун заманы. Бирөөгө алданып калгандан көрө алдаган артыгыраак экенин түшүндүм. Боорукер, чындык, адилеттүүлүк азыркы заманда жок»,- деген Асема бирде ыйлап, бирде жылмайып апасы тууралуу айтып берди.

«АПАМ ҮБӨЛҮК МЕНЕН САБАЧУ»
– Апам Жумагүл 67 жашта. Таластын кызы, Чүйдүн келини болот. «Акыл», «Бийиктик» басмаканаларында редактор болуп иштеп жүрүп пенсияга чыкты. Үйдө 2 агам, анан мен жалгыз кызмын. Бирок мени апам эркелетпей катуу кармады. Атам да, апам да эртеден кечке жумушта болгондуктан, кичинемде мени Таласка таежемдикине 2 айга алып барып салышчу. Ал жакта апамды сагынып, жытын эңсеп куса болгонум бүгүнкүдөй эсимде. Айрыкча эч кимдикине окшошпогон жыты мен үчүн дары эле. Ошентип жүрсөм бир күнү жездем Бишкекке жөнөп калды. «Сиз менен Бишкекке барып, апамды бир эле жолу көрүп, кайра келем» деп сөз берип ээрчип келгем. Келип апамды кучактап алып ушундай бир бактылуу болгон элем. Жездем «жүрү эми кеттик» десе, мен «апамдын жанынан эч жакка чыкпайм» дептирмин. Ошондой кылыктарымды эстеп, «кичинекей кезиңде эле актриса болчусуң» деп күлүп калышат.
Азыр ойлосом, апам убактысын да, акчасын да, ден соолугун да аябаган экен. Бала бакчага мени таза, тыкан кийгизип жетелеп барса баары суктана карашчу. Ошондуктан көз тийип, сук тийип көп оорудум. Мен оорусам апам күйпөлөктөп чарк айланып калар эле. Баарына жетишчү экен, эртең менен мени мектепке жеткирет, сабак бүткөндө алып, англис тили курсуна алып барат. Ал жактан чыккандан кийин бийге, сүрөт ийримине, айтор, жумушуна да, бизге да убакыт тапчу. Кыз бала деп мени катуу кармачу, бир жолу англис тилинен «2» алып калдым. Аны апама билдирбеш үчүн лезвиенин учу менен өчүрүп койдум. Күндөлүгүмдү көрүп калып, үбөлүк менен сабаган болчу. Ошондон кийин жаман баа албай калгам. Мектептен канчада келип, каякка барам, үй жумуштары, баары убактысы менен болчу. Кичине эле кечиксем уруш укчумун. Апам мени жоокердей тарбиялаган.

«АПАМДЫН БИР ООЗ СӨЗҮ МАГА МЫЙЗАМ»
– Кудайга шүгүр, бардар үй-бүлөдө эч нерседен кем болбой чоңойдум. Апамдын ушунчалык пейили кең эле, үйдөн конок үзүлчү эмес. Кабагым-кашым дебей канча киши келсе да жакшы тосуп алчу. Анан да тамакты берекелүү кылып казан толтуруп жасайт эле. Апамдын жасаган боорсогундай боорсокту эч жерден жей элекмин. Жолдошум Акжол да айта берет «апамдын боорсогу менен шорпо ичкен «кайф» деп. Ал эми күлчөтай менен беш бармагына сөз жок.
Мени кыз бала, үй оокатына тың болсун деп кандай жумуш жасабасын жанына алып алчу. Камыр жайганды, төшөк көктөгөндү да кичинекей кезимден эле үйрөткөн. Эркелетпей, өтө тың кылып салган экен, турмушка чыккандан кийин эч кыйналбай жашоомду алып кеттим. Эмнегедир атам такыр урушкан жок, а апамдан коркуп, айбыгып турчумун. Мени көзү менен эле тарбиялачу, көз карашынан эмне жагып же жакпай жатканын баамдап, ошого жараша мамиле кылам. Тапшырма берсе, анан жасайынчы деген жок болчу, бир сөзү мен үчүн мыйзам эле.

«КАШЫМДЫ ТЕРИП УРУШ УККАМ»
– 9-классты бүтүп Казакстандагы Сүрөт академиясына тапшырайын десем апам болбой койду. «Чыгармачылыкты унут, олуттуу кесип тандайсың» деп. Бийлеп, сүрөт тартып, ошол кезде эле эргүү келип жүргөн кезим окшойт. Анын үстүнө өткөөл куракка келип калган болчумун, үйдөгүлөргө таарынып, түшүнбөстүктөр болгон. Анан узун чачымды кыпкыска кылып кесип салып жаңы жашоо баштайын деген элем. Кийин 1-курска тапшырганда студент болдум деп кыздарга кошулуп кашымды терип салып апамдан катуу уруш уктум. Ошентип жүргөн күндөрдүн биринде «Боз салкын» киносун тартабыз деп чыгармачылык топ бир эмес, эки жолу суранып келсе да апам көнбөй койду. «Кааласаңыз кызыңыздын жанында жүрүңүз» деп жатып араң көндүрүштү. Анан кино бүткөндөн кийин бет ачар аземине баратканда «кызым, ушул акыркы киноң болсун» дешкен. Тасманы көргөндөн кийин экөө тең таң калып, «чын эле сен ойнодуңбу?» дегенсип мени карап унчукпай келе беришти. Кийин үйдө бир топ талкуу болуп, «кызым, чыгармачылык сеники экен» дешти. Бирок азыркыга чейин көзөмөлдөп турушат.

«АПАМ КОМАГА ТҮШҮП КАЛЫПТЫР...»
– 2014-жылы «Көк жал» тасмасын тартканы Түркияга кеткенбиз. Ал жакта киного тартуучу жерлерди карап, актёрлор менен сүйлөшүп, баарын дайындадык. Анан съёмка башталат деген күнү апама чалсам албайт. Атам болсо сүйлөй албай ыйлап жиберди. Оюм дароо жамандыкка кетип, Бишкекке учуп келдим. Келсем апам инсультка кабылып, комага түшүп калыптыр. Мага дүйнө аңтарылып кеткендей эле болду. Баарын таштадым, чыгармачылык токтоду, апам менен гана убара болуп калдым. Кудай жалгап азыр жакшы болуп, басып калды. Эне деген ушундай теңдеши жок жан экен. Мындайды эч кимге каалабайм, эч кимдин энеси оорубасын.
Мен турмушка чыкканда биринчи жолу атамдын көз жашын көргөн элем. Ошондо «кызым, сен эркек болуп калсаң жакшы болмок» деп калды. Кызын алыска узатып жатканына ичи ачышып жатканын кийин билип жатпаймынбы. Ошондон кийин ойлоп калдым, ата-эненин баркын айрыкча эркек бала билиши керек деп. Кыздар күйүмдүү болобуз, бирок колубуздан эч нерсе келбейт экен. Чыккан кыз чийден сырткары болуп, төркүнүңдүн маселесине кийлигише албай калат турбайбызбы.
Апам азыр деле ооруп жатканына карабай балдарымды карап, ийримдерине жетелеп жөнөйт. Апам менен атама «эмне кыласыңар бизди ойлоп, ар бир адамдын турмушу бешенесине жазылган. Бизди ойлобой, өзүңөрдү карагыла» дей берип чарчадым.


"Ар бир ата-эне бактылуу карылыкта жашоосун каалайм".

Замира Рахманбердиева
Адилет Бектуров
star@super.kg


Асеманын апасы Жумагүл: "Ооруп жатканда балдарым оюмдан кеткен жок"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  7 
Комментарийлер(57)
23.05.2016. 09:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Менин суйуктуу ырчым, актрисам
23.05.2016. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эх апалар оорубасын
23.05.2016. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Апалар оорубасын
23.05.2016. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Узунурак юбка же койнок кийип алса болмок экен.Отурганда буттары ачылып калыптыр.Кайнене,кайнатасы корсо эмне дейт.
23.05.2016. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
апасы суроттон эле корунуп турат аябая "строгая" экенин, негизи ушундай уболук менен сабап, катуу кармаган энелер оз балдары менен кийин коп жакын болбой калат... Жумагул эже м-н Асема, тескеринче аябай жакын анан бири бирине мээримдуу экен..ушунусу жакты... аман болгула
23.05.2016. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Боз салкын киносу чыкканда Асема деген ат мода болуп кеттиго.Менин туугандарыман эле уч Асема бар.
23.05.2016. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
АСЕМАНЫ аябай жакшы коромго
Апаларыбыз Аман болсун
SUPER.KG видео
23.05.2016. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жонокойлугу жагат да ийгилик сизге
SUPER.KG видео
23.05.2016. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
БаарыБаары жакшы,бирок бутун учкаштырбай эле олтурса жакшы болмок!!!
23.05.2016. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Респект Вам! Азаматсыз Асема! Мыкты жубай, мыкты эне жана эненин мыкты кызы экенсиз. Сиз элдин да кызысыз. чыгармачылыгына таазим жана ийгилик.
23.05.2016. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Уболук менен чаппаш керек чапкандын анты болот деп коюшат го башка нерсе менен урушса болот го
23.05.2016. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zina29, менимче андай "нерсени" ыйык китептерде "үбөлүктүн анты бар" деп жазбаса керек менимче)), экинчиден андай ырым-жырымдарга ишенбеш керек. Үчүнчүдөн, туура, үбөлүк мн чапкан болбойт (кантсе да, камыр жаят эмеспи), бирок бул жерде менимче үбөлүк мн просто коркутса керек. Бизди деле кичинекейибизде уинтип эле коркутчу "сабайм азыр" деп))
karan_khan түзөттү 2016-05-23 15:21:36
24.05.2016. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
karan_khan,Эми мен китепке жазды деген жокмун карыган улуу кишилер айтып калганын уккам, мурдагы муунда жашаган ата апаларыбыздын айтканы китепке жазылбай эле сакталып келет.Уболук менен коркутту десе жазбайт элем,коркутса керек деп коруп тургансып айттын го.
23.05.2016. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Өтө эле таза, өтө эле тың - өтө эле мактанчаакмын деп койбоптур да
23.05.2016. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
kyrgyzman, мырза үчүн аялзатына мындай сын тагып отурган өзү туура эмес ко, дейм))) кыргыздын мырзасына мындай нерсе жарашпайт.
29.05.2016. 20:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kyrgyzman,кечиресиз мактанган деле соз айткан жок.
23.05.2016. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ар адамдын аман болсун апасы апа жокто таттуу алма апачуу...
23.05.2016. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жана эки кулактуу кыз жокго.
23.05.2016. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мага Асема эже аябай жагат жасалмасы жок
23.05.2016. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Nuna.Kaspiyskaia, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгоө тыюу салынат. 10 күнгө БАН!
24.05.2016. 00:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башкы беттеги сүрөттө чач жасалга кечки эмеспи, бул стилге туура эле келеби... Бул кежуалбы... Чачы гана туура келбегендей болуп жатат...
24.05.2016. 02:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Супер инфо Жоодарбешимден да интервью алгылачы...
24.05.2016. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
pochtalyonin, саламатсызбы? Сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди, рахмат.
24.05.2016. 08:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ХХХ ХХХ ХХХХ. Асеманын актерлук чеберчилигин баалайм, бирок ырдабай эле койсо болмок ун дегенден жок, уну жетпей ырды бузуп салат ырдаганда. куйоосу продюсер или клипмейкер болсо керек эле, башка тубаса ырчыларды чыгарса болмок, Асеманы ырдатып менээтин текке кетирбей.Асема только актриса болсо жакшы болмок, аткарганы аябай жагат.
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-05-24 09:48:02
24.05.2016. 09:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
nazira..., кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
24.05.2016. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
nazira..., Негизи, адамдын баарына жагыныш өтө кыйын болсо керек)) Анткени, сиз да мен да жок дегенден бирөөгө жакпасак керек. Анан буйруса, сизге да ушундай бир "продюсерлик" кызмат колуңузга тийип калганда, таланттууларга басым жасап, чыгара баштайсыз деген үмүттөмүн))) пока андай шансыңыз жок, унчукпай турганыңыз оң менимче. бул менин жеке позициям албетте. мен да сизге окшоп жон гана ойумду айттып койдум. Хотя, экөөбүздүн ой-пикирибиз вряд ли Асема үчүн смысл имеет)) кантсе да ийги
29.05.2016. 20:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
nazira...,жолдошу продюссер эмес,..Соонун эле ырдайт,.
24.05.2016. 08:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эгерде апасы строгая болсо кызын узунураак кийип алчы демек.
24.05.2016. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
karan_khan, этка нормаларын сактаңыз. Эскертүү!
29.05.2016. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
nazira...,ал мурун строгая болчум деп жатат,эмне азыркыга чейин эле строгая боло бермек беле,Асема эже 2 баланын энеси,кандай кийиништи озу билет.
24.05.2016. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ии Асемка. Апакеңдин өмүр жашы узун болсун. СОонун маек болуптур..
24.05.2016. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ар ар кимдин аман болсун апасы дегендей апаларыбыз дегеле аял заты аман болсунчу.Асеманын апасына да ден.соолук омур каалап кетем.Мунозу менин апамдын мунозунон экен.Сабактан кечиксем сарсанаа болуп мектептин бурчунда кутуп тураат эле.
Асема ар кандай жерден озунду таап мындан да бийикке коколой бер.
24.05.2016. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Таластын тарбиясын коргон кыз турбайбы . Не болсо да бакыт каалайбыз, инстаграмдан окуп калдым эле, эркек балалуу болгум келет деген, ошол кыял ишке ашсын
26.05.2016. 00:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Deniza88, уулу бар го,дагы уулду болом дептирби?)
24.05.2016. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Асема молодец!
25.05.2016. 03:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Асеманын куйоосу ким и кайсыл жака турмушка чыккан?
26.05.2016. 03:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
apam, Баткенге турмушка чыккан.
SUPER.KG видео
25.05.2016. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Энелер эч качан оорушпасынчы во бир эне оз балдарынын бактын корсун
26.05.2016. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
мен суйгон, сыйлаган акриса-бар болгула, аман болгула.
27.05.2016. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсын
Медиа-портал
27.05.2016. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Асема молодец! Мыкты жубай,мыкты эне жана эненин мыкты кызы экен.Сен элдин да кызысыз. чыгармачылыгына ийгилик.
28.05.2016. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
А эмнеге апасын эле суйлогон?! Атасфн бир туугандарын кошуп талкуулабайбы...?
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо