НУРЗАТ МЕНЕН МАКСАТТАН СУПЕР ТОЙ

№708 27-май-02-июнь, 2016-ж

"Заманыбыздын супер алып баруучусу" Нурзат Токтосунова менен жолдошу Максат Надырбековдун үйлөнүү тою 23-май күнү борборубуздагы ресторандардын биринде болуп өттү. 400 кишинин башын бириктирген салтанаттын 80 пайызын ырчы-чоорчулар түздү. Кызыгы, тамадалык милдетти Максат өзү аркалады. Бул той жылдын тою наамына татыктуу болду. Бүгүнкү күнгө чейин Фейсбук менен Инстаграмды тойдогу селфи сүрөттөр, видеолор каптоодо.

БЛИЦ-МАЕК

– Максат, Нурзат, той кут болсун! Айтсаңыздар, бул салтанатка канча убакыт даярдандыңар?
Максат: – Рахмат! Канча даярданганыбызды деле билбейм. Айтор, жакындаган сайын эле толкунданып, эмне кыларыңды билбей калат экенсиң. Көп той алып барып жүрөбүз, бирок мынчалык кыйын экенин билген эмеспиз. Той ээсин эми түшүнүп жатабыз, той өткөргөндөн көрө, алып барган жеңил экен.
Нурзат: – Чын эле, мен эми "коноктордун тизмесин түзгөнгө жетишпей калдым" деген той ээлерин түшүндүм. Биз 15 жардамчыбыз туруп араң жетиштик. Негизи, коноктордун тизмесин түзүп, кабар берүү жумушу мага жүктөлгөн болчу. Чакыруу кагаздарын өзүм алып барып бердим, жетишпей калгандарга WhatsApp аркылуу жибердим. Баары түшүнүү менен кабыл алды. Эч кимиси таарынбады деп ойлойм.

– Тойдон кийин бал айын кайдан өткөрөлү деп жатасыңар?
Максат: – Түркияга, Ысык-Көлгө чакыруулар болгон. Бирок бизде такыр убакыт жок болуп, эч жакка бара албай жатабыз. Эми эптеп убакыт таап, менин туулган айылым Ак-Талаа районунун Баетов айылына барып, бал айын өткөрүп келели деп жатабыз.

Эки жашты ак жоолукчан 6 жеңе – ырчылар Неля, Анжелика, Гүлнур Асанова, Нена, Юлия Руцкая, Кайрат Примбердиевдин келинчеги Эльвира Бегалиева «Жар-жар» ыры менен алып киришти.

Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов, диктор Байма Сутенова, акын Гүлсайра Момунова тойдун сыйлуу коноктору болушту.

Айжан Акылбекованы тойлордон кєп жолуктурчу эмес элек. Актриса шаңдуу кечеде көпкө отурбаса да, эки жашты куттуктап кетти.


Максаттын апасы келинине ак жоолук салып, Нурзаттай келиндүү болгонуна кубанып турганын айтса, эрке кызын узаткан эне көзүнө жаш алды. Ал эми Максат тараптан өкүл ата, өкүл апа болуп шайланган стилист Замира Молдошева менен жолдошу Моңолдор мырза даяр уул-кыздуу болгонуна кубанып турушту.


Асел айым кыргыз, орус тилдеринде сүйүү ырларын жаңыртып, эки жашты бийлетти.


Алып баруучу кесиптештеринин жылуу каалоо-тилектерине көмүлүп эле калды. Эрмек Нурбаев «менде эже да, карындаш да жок, алардын ордун баскан эжем, карындашым сенсиң» десе, Урмат Усенов «Нурзатты өмүрлүк жубай кылып алып жаткан Максат, эркек экенсиң» деди.


Телеалпаруучу Эркин Рыскулбеков жентльмендигин көрсөтүп тойго чогуу келген апасынын да, Гүлнур Сатылганованын да көңүлүн алганга жетишип жатты.


Бул күн маданият тармагында эмгектенгендер үчүн майрам болду. Селфилдешти, бийлешти, ырдашты, ушакташты, кыскасын айтканда, чер жазышты.


Нурлан Насиптин той-аштарга чакыруусу көптүгүн ушундан билиңиз, кесиптештеринин тойлорунда куттуктап, ырдап коюп эле акырын чыгып кетет. Бул жолу да салтты бузган жок.


Тамашоучу Самат Эркинбеков, Кубанычбек Курманбеков жубайлары менен. Ушундай тойдон селфи жасабай коюу күнөө.


Салима Балтаева кеченин кыйын бийчиси саналган Кубаныч Ажыбаевдин эсин оодаргыча бийледи.


Дайыр сулуу кыздардын курчоосунда ой-да жыргады.


5 саатка созулган үлпөт той Нурзаттын гүл ыргытуусу менен аяктады. Гүлдү алып баруучунун курбусу тосуп алды.









Замира Рахманбердиева
Адилет Бектуров,
Кулчун Жунушалиев
star@super.kg


Сюрприздерге бай Максат менен Нурзаттын үлпөт тою

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  22 
Комментарийлер(127)
30.05.2016. 23:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Нурзат, Максат сенин омурлук жарын болсун, кармашкан колунар узулбой, бактылуу болгула, коп балалуу болгула!!! тоюнар тойго улана берсин!!!
30.05.2016. 23:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Нурзат негизи аябай жагат, жагымдуу алып баруучу, бирок тойго ысыраптын кереги жок дедиле, ошол созуно турбаптыр, курбу дос коллегалары коп экен ушундай тойду откозгонго туура келди окшойт, анан да озу ак койнок кийгенге орусча айтканда "заслужила" деп ойлойм. Бир сын ойюмда да айтып кетейин, Анжеликанын салонуна тиктиргем деген койногу такыр эле жарашпаптыр, башындагы каронасы да туура келген эмес, экинчи койногу жакшы, бирок башындагы жоолугунан улам бир кызыктай болгон образды корсо
30.05.2016. 23:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Быжырап балалуу болгула!
30.05.2016. 23:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
фотосессиядагы койногу жакшынакай жана макияжы прическасы да баарлыгы орунда, ошол образы жакты
31.05.2016. 00:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кызга бергис жубан бар макал дал Нурзатка таандык.
31.05.2016. 00:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болушсун)!!! Супер инфо ырчы Аяна Касымова менен Баястандан интервью алгылачы..? Алар жонундо социялдык тармактарда коптогон кызуу талкуулар болуп жатат) кыз-жигит деп...
SUPER.KG видео
31.05.2016. 01:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
акку болуп учуп кетейин дептир
31.05.2016. 01:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чын эле сонун той болгон го озгочо мага жакты ,,бактылуу болушсун Эми жарашыктуу эле тугойлордон экен. Койнокторду деле сопсонун коро албагандар айта берет,негизи экоо тен Эркин жургону мага жакты.
Гульжигиттин девушкасы Великолепный вектеги Нурбану га окшош экен и башындагысы ...
Медиа-портал
31.05.2016. 02:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Нурзат да Максат да азаматсынар эми жашоонун ачуу таттуусуна чыдап туболук бактылуу болушунарды аллах таала насип кылган болсун!!!
31.05.2016. 02:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бактылуу болгула баш кошкон эки жаш таалайлуу болгула табышкан эки жаш
SUPER.KG видео
31.05.2016. 02:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула кооп балалуу болунуздар
31.05.2016. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тескери ою жок адам жашоодо бактылуу омур суруусун Кудайдан тилеп, жакшылыгына бир канча адамды кубо кылып, элдин батасын алып, келечекке умут менен кадам таштайт. Азаматсынар жубайлар! Бактылуу болгула! Бул жактан айтылган ар кандай сын-пикирлер силердин уй-булонорду жакшылык менен алга суройт деген ишеничтемин...
31.05.2016. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чындап эле супер той болуптур,Эми озунор да супер жубайлар болуп журо бергиле....
31.05.2016. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу болсун! талантын баалайм ,аракетчил мыкты Эже!
Медиа-портал
31.05.2016. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Нурзат Токтосунованын канчанчы свадбасы ыя?
31.05.2016. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Улпот тою тартылган видео тасманы (толук болбосо да аралатып) эми кордум. Той сонун болуптур. Бир кошунан уйго келсе канчалык туйшолосун. Бир топ конокту чакырып, аларга аш берип, элдин батасын алуу да оной эмес, бир топ туйшук. Андыктан, ошол тойдо жубайларга жакшылык тилеп, алакан жайып, бата кылган коноктордун батасы тийип, эки жаш бактылуу жашасын. Булардын уй-булосун сонун наристелер толуктасын. Тойду коргондон кийин дагы бир жолу билдируу жазгым келди. Бактылуу болгула!
Медиа-портал
31.05.2016. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
нурзат эже мага аябай жагат.бактылуу болсун ушундай тойго.ушундай куйоого татыктуу аял.чын журогумдон аялдык бакыт каалайм.мурдагы нурзаттын баркын билбеген куйоолору ичи куйуп ичип кетпесе болду.сооп болот кудай адамды азапкасалып сынап анан ошого жараша бакыт берет дегенге мен ушул тойдон улам дагы 200%ИШЕНДИМ
SUPER.KG видео
31.05.2016. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болушсун. Той жакшы болуптур
Медиа-портал
31.05.2016. 20:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер свадьба ещё не гарантия жакшы жашап кетерине.Убакыт корсотот баарын!
31.05.2016. 21:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмнеси болсо да бактылуу болсун....кыз кишиге бакыт каалайм..и эркеке дагы
SUPER.KG видео
31.05.2016. 22:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула аллахым еки дуйно бактылуулукту насип этсин.
31.05.2016. 23:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чырмаш Төрөбековтон дагы интервю алыныздарчы.
01.06.2016. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nadyrbekkg,саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
Медиа-портал
01.06.2016. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bokidina,
Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат!
01.06.2016. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ысырапкерчилик.
Мейли эми бактылуу болсонор болду,кийин дагы свадьба кылбай.
argen.kg4 түзөттү 2016-06-01 18:01:46
01.06.2016. 20:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Нурзаттын боюнда бар окшойт эээ
02.06.2016. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бакыт каалайм.

Тата Уландан бир интервью алгылачы Супер инфо.
02.06.2016. 21:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурзат эми тенин тааптыр бактылуу бол
03.06.2016. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
3 жолу, турмуш жолуна аттанып жатат, эми буйруса бактылуу болуп, туболук жашап калаар. Бактылуу болушсун!!!
03.06.2016. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жараткан баардык жакшылыкты ыроолосун! эки дуйнодо бирге, бактылуу омур сургуло)))
06.06.2016. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
wwwww, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынган! 3 күнгө БАН!
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо