Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Айзада Жамгырчиева, телеалпаруучу: "МЕНИ СЫНДЫРА АЛБАЙ ЖҮРГӨНДӨР КӨП”

№708 27-май-02-июнь, 2016-ж

Акыркы учурларда теледен, жарнамалык түрмөктөрдөн такай көрүнүп жүргөн бир чырайлуу бийкеч бар. Анын алпаруучулук кесипке жаңы кадам таштап, бирин-серин клиптерге, кинолорго тартылып, жаңыдан чыгармачыл чөйрөгө баш багып келе жаткан чагы. Сизди бүгүн кыргыз тилинде так жана жагымдуу сүйлөгөн телеалпаруучу Айзада Жамгырчиева менен тааныштырабыз.

КААРМАН ТУУРАЛУУ

Туулган жери – Талас облусу, Бакай-Ата району, Кызыл-Октябрь айылы
Туулган жылы – 1995-жыл, 23-август
Билими – КУУнун журналистика факультетинде 4-курста окуйт
Жакшы көргөн китептери – Ник Вуйчич "Чексиз жашоо”, Наполеон Хилл "Ойлон жана байы”
Жакшы көргөн тасмалары – "1+1”, "Титаник"
Учурда – КТРКда "Хит-парад”, "Үй-бүлөлүк лото"берүүсүн, НТС телеканалында "Не жаңылык?"юмордук долбоорун алып барат

– Cалам, Айзада, куш келипсиң! Сени биз телеалпаруучу катары жакшы тааныйбыз, журналисттик кесип эмнеси менен арбап алды?
– Саламатсыздарбы, сиздер маекке чакырганда аябай кубандым, окуучу кезимде "Супер-Инфону"аябай жакшы көрүп окуйт элем. Эски сандарын коробкаларга чогултуп сактап койчумун. Эми ошол жакшы көргөн гезитиме маек берип жатканым мен үчүн сыймык.
Журналист болуп калам деген ой үч уктасам түшүмө кирчү эмес. Айылда чоң ата, чоң апаларды чогултуп алып шыпыргыны комуз кылып чертип ырдап, бийлеп бергендиктен көбү мени ырчы болот деп ойлошчу. Мектепти кызыл аттестат менен бүтүп, буйрук экен КУУнун журналистика факультетине тапшырып калдым.

– Мектептеги окууңду аяктап эле шаарга шашкан экенсиң да?
– "Ийгиликтүү адамдар дайыма шашып жүрүшөт"деп айтып калышат. Мен да окуумду бүтүп эле борбор калаага шаштым. Каникулда ата-энеме айтпай тигүү цехинде топчу тигип иштеп тапкан акчамды Нурзат Токтосунованын журналисттер мектебинде окууга жумшагам. Мындан сырткары "Тамашоу"менин чоң мектебим болду. Ал жакта 1 жыл "Нур”, 2 жыл "Айым style"командасында ойнодум. Андан кийин мени "Жаңы кыргыздар"юмордук долбооруна МАИчи кыздын ролуна чакырышты. "Тамчыдан көл куралат"дегенге аябай ишенем, меники баары майда нерседен башталды. Нурзат эже (ред. Токтосунова) менен Эрмек байкени (ред. Нурбаев) мага багыт, нук көрсөткөн, булактын көзүн ачкан инсандар деп билем.

– Учурда эки телеканалда иштейт экенсиң...
– Бизде бир телеканалда иштеген адам экинчи телеканалда иштегенге болбойт деген саясат бар эмеспи. Менде андай болгон жок, бир эле учурда эки башка телеканалда иштедим. Балким, мен штаттан сырткары иштегенге ошондой мүмкүнчүлүк берип коюшса керек. Келечекте көрөрман "бах, чиркин, тили бал экен, ташка тамга баскандай так экен"деп суктангандай "даамдуу"сөздөрдү сүйлөгүм келет. Кээде китеп окуп жаңы сөз таап алсам, 50 сом таап алгандай эле сүйүнөм. Биздин үйдө ата-энем чыгармачылыктан такыр алыс адамдар, мен эле искусствого жакын болдум. Өзүмдү кино тармагында да сынап жүрөм. Жакында эле Нурлан Мамакеевдин "Сюрприз"тасмасында чыр айымдын ролун аткардым. Ага кошумча жарнамалык роликтерге тартылдым. Айтор, өзүмдөгү бүт талантымды ачканга аракет кылып жатам.

– Кесибиңде көрө албастык, бут тосуу деген терс көрүнүштөргө кезиктиңби?
– Ийгиликке жетиш үчүн ар кандай тепкичтерден өтөсүң. Ооба, эфирден мени алып таштап, мага төп келбеген жаман сөздөрдү айтып шагымды сындырганга аракет кылышкан. Атаандаштык, көрө албастык адамды өстүрөт, бул нерсе жок болсо катардагы эле адам болуп каласың. Адам жашоодо сынбаса эч качан күчтүү болбойт, адам бардык абалда Жанна д’Арк болушу керек. Мени сындыра албай жүргөндөр көп, бирок аларга айтарым, мен ийилип калышым мүмкүн, бирок сынбайм.

– Сендей таланттуу кыздын жеке жашоосу да окуяларга бай болсо керек?
– Биз, кыздар, төрт тарабы төп келишкен идеалдуу мырзаны издей беребиз, бирок өзүбүз ошол нерсеге төп келгенге аракет кылбайбыз. Адам өзүнө дайыма "мен өзүм ошондой боло аламбы?"деген суроо бериши керек. Жакында эле бир күтүүсүз окуяга кабылдым. Жанымда эле жүргөн жакын дос балам сүйүүсүн билдирип, кыз-жигит бололу деген сунушун киргизди. Албетте, мен аны сыйлайм, урматтайм, бирок такыр жигитимдин ролунда карап көрбөптүрмүн, ичимден кызыктай болуп эле жолугушуудан кийин кантип үйгө жеткенимди билбей калдым. Учурда жүрөгүм бош.

"МАИчи кыздын ролун ойногон өзүмө абдан жакты".

"Кыргыз двор" командасындагы Элдос Аскарбеков мыкты өнөктөш".

Лунара Бекиева
star@super.kg


"Көк беттигимдин айынан журналистикага тапшырып калгам" дейт Айзада Жамгырчиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  9 
Комментарийлер(41)
SUPER.KG видео
29.05.2016. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Каап кечиккен махабат десең ай ай
SUPER.KG видео
29.05.2016. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соонун кызсын коз тийбесин созго чечендигин куйма кулактыгын Назира Айтбековага окшотом дагы кулгонундуда силер биздин сыймыгыбызсынар азамат ийгилик дагы да
Медиа-портал
29.05.2016. 23:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ayabai bilimduu kyz eken. Tykyldagan tarsyldagan soz bailygy kenen suluu kyz. Baktyluu bol.e4 ka4an jamandyk korbo.
30.05.2016. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
мен бул кызды бринчи уй булолук лотону алып барганда коруп тыкылдаган кыз экен кыргызчаны так суйлойтго азыр мындай кыздар кемго дегем айрыкча шаарда.Кыйын кыз экенсин сага эми озунон да жогору турган бала табылышы керек сен ага эмес ал сага уйроткудой болуп, окунучтуусу андай жигиттер аз! Бактылуу бол! Ар дайым тыкылдаган бойдон журо бер! Жашоодо эч качан сынба!
30.05.2016. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Максат озун эле чаап ал бул кызды татынакай кыз экенго сонун пара болчуудайсынар
30.05.2016. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кээде китеп окуп жаңы сөз таап алсам, 50 сом таап алгандай эле сүйүнөм... ушул ою, ушул сөзү менен көңүлүмдү бурду, бул кыз. Учурда "жылдыз" аталып, гезит-журнал, эфирди бербей жүргөндөрдүн 90 пайызы, эмне сүйлөп жатканын түшүнбөй эле балдырай бергендер. "сөздүн күчүнө, сөздүн маанисине" жетем деген оюң бар экен, ушунуңдан жазба! Чын эле даамдуу сүйлөгөн адамдарды издей берем, мен мисалы... А мага окшогондор аз эмес.
31.05.2016. 04:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Oi_pikir,сонун чын пейилден жазыпсын. +1
Медиа-портал
30.05.2016. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
syrgajan,
Эскертүү! Баш тамгалар грамматика эрежесине ылайык гана колдонулушу керек!
30.05.2016. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
атасына же апасына окшош эмес го бул кыз))
30.05.2016. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул кыз деген мисс КНУ болгон кайсы жылы эле эсте жок
31.05.2016. 01:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Deniza88,
2014
30.05.2016. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Назира Айтбековага аябай окшош ушул кыз суйлогонлоруда озу да аябай окшоштурам
30.05.2016. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
95-ж.эле кыз турбайбы?Мен чон деп ойлочумун.Сулуу кыз,симпотичная,айрыкча мурду сулуу койкойгон.
30.05.2016. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"МЕНИ СЫНДЫРА АЛБАЙ ЖҮРГӨНДӨР КӨП” - деп озуно озу авторитет топтоп алган го...
31.05.2016. 00:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен бул кызды биринчи жолу кордум,жана бааладым!Кыйын кыз экен,ондуу-тустуу,оорунду суйлогон,жан дуйносу дагы кенен,уну дагы мукамдуу айтор коз тийбесин!Маегин коруп олтуруп кадимкидей эргуу алдым.Анан айтарым хит парадда алып барган монера жесттери эркек сыяктуу болуп калат экен,кичине назик болгондо озу айткандай коргон киши бах чиркин пери деп ушуну айт дейт эле!Ийгилик сага!
31.05.2016. 09:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат экенсиз!
31.05.2016. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун маек болуптур. Азамат кыз экенсиң. Ушунуңдан жазба. Эң алгач Өктөм Сапар уулунун "Эч кимге теңебейм" деген клибине тартылган болсоң керек эле.
31.05.2016. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
уффффффф кимге кереги бар бул кызды сындырыш?!
31.05.2016. 23:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Клип парадды алып барып жургондо оозун кыпкызыл кылып боëп чыкчу да коргондо эле ХХХ не кылып боенуп алган деп,анан мумкун ал кезде тажрыйбасы азыраак беле кызыктай суроолорду бере берчу конокторго анан корорманым деген созду коп айтчу да.
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-06-01 09:48:43
02.06.2016. 00:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Артык суйлойм деп тыртык кылып таштайткенсин...
02.06.2016. 00:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат.
02.06.2016. 02:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бах чиркин соз жок... аябай жакты ушул кыз...
02.06.2016. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик!
02.06.2016. 18:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Татынакай кыз экен
03.06.2016. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чанкылдайт го чиркрин)))) ийгилик каалайм!
03.06.2016. 18:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
келечектен копту умуттонобуз сизден) ушунунуздан жазбаныз
03.06.2016. 23:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
МОЛОДЕЦ ДЕТКА
04.06.2016. 19:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кыз экен, эн негизгиси жонокой
SUPER.KG видео
05.06.2016. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
кимге кандай билбейм, мен учун 98% жасалма суйлоптур. Тим эле оозун ар кандай формада чоюп, кашын болсо кезеги менен кыймылдатып. Айзада ушул берген маегинди кайра, кайра корсон менин оюума кошулуп калаарсын деген ойдомун.
05.06.2016. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кыз Уйбулолук лотону негизи жакшы алып барат экен. Хит парадта алып барыганы анча эмес, озуну ото философ, билерман акылмандай, жана жасалмадай сезилет. а так жакшы эледей корунот
Медиа-портал
19.06.2016. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ото эле жасалмалап суйлогонго аракет кылыптыр показуха
02.07.2016. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Видеосун корбодум,бирок маегинен эле жасалмадай сезилди.Анын устуно алып барган беруулору да жасалма
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо