№708 27-май-02-июнь, 2016-ж
«Большие люди» долбоорундагы Айка, модель, телеалпаруучу Айжамал Осмонова Түштүк Кореянын Сувон шаарында өткөн «Asia Model Festival» деп аталган фестивалда «Борбор Азиянын мыкты модели» наамын жеңип келди.
Бул тууралуу ал: «Аталган сынак быйыл 11-жолу өтүп жатат. Салт боюнча жыл сайын Сеул шаарында өтчү, бирок быйыл Сувон шаарына которушуптур. Кыргызстан бул фестивалга былтыркы жылдан бери катышып жатат. Аталган масштабдуу иш-чарага Азиянын 25 мамлекети катышты. Кыргызстандын атынан мени менен Алишер Сабитов деген модель жигит катышып, мен «Борбор Азиянын мыкты модели», Алишер «Борбор Азиянын мыкты мырза модели» деген сыйлыктарды алып кайттык. Фестивалда моделдерди гана эмес, искусство адамдарын, ырчы, актёр-актрисаларды, маданият кызматкерлерин да сыйлашат экен. 7 жыл мода индустриясында жүрүп алган бул сыйлыгым буга чейинки ийгиликтеримдин эң баалуусу болду. Бул менин эмес, жалпы Кыргызстандын жеңиши»,- дейт.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |