Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«СҮЙӨМ, БИРОК КОЛУМДАН ЭЧ НЕРСЕ КЕЛБЕЙТ»

№708 27-май-02-июнь, 2016-ж

Телефонума СМС келгенинен ойгонуп кеттим. Көзүм илинип кеткен экен, саатты карасам 12ден өтүптүр, тааныш номер.
– Кандайсың? Жөн эле кабарыңды билгим келди...
Бул билдирүү көзүмдү умачтай ачып, жүрөгүмдү аңтар-теңтер кылып салды.
...Жайдын күндөрүндө университеттен чыгып бараткам, көңүлүм куунак болчу. Азыр себебин деле эстей албайм. Өзүмчө бактылуу болуп баратсам, маңдайымда келе жаткан жигиттин көзүнө урундум окшойт, бир карап өтүп кеткен. Кайра кайдан-жайдан пайда болуп, «номериңди бербейсиңби, татынакай экенсиң» деген "дежурный" сөздөрдү жаадырып катар басып калды. Келбети жаккан жок, мурду барбайган, көзү бүтүк, толук, менин табитимде эмес. Бирок үнү, жылмайса бир изюминкасы бар. Көп жактыра бербесем да өзүнө жараша тамашалашып койдум.
– Атым Эрмек, жүрөгүм бопбош, сиздей сулуу туш болсо деп издеп жүрөм. Бир болсо таптым окшойт,- деди тамаша аралаш.
– Зарина,- биринчи оюма келген атты айттым.
Ошентип бат эле тил табышып кеттик. Номеримди дароо берген жокмун, өзүмдүн принцибим бар эле, биринчи таанышкан жигитке номеримди берчү эмесмин.
– Дагы бир жолу көрүшүп калсак, ошондо берем. Азыр убара болбо.
– Мен сени араң тапсам, кайра жоготуп алгым келбейт. Номериңди бербесең да кайдан тапсам болот, «подсказка» берип койчу?
– БГУда окуйм, болду, башка жардам бере албайм.
Эрмек абдан өжөр болуп чыкты. Кийинки күнү эле жолумдан тосуп чыгып номеримди алды. Сыртымдан шайыр, шуулдаган кыздай көрүнсөм керек, кээде көңүлүм келип калса сөз менен жигиттердин айласын кетирип салчумун. Барган сайын Эрмектин алдында тилим байланып калчу болду. Тынбай СМС жазат, кино, ар жакка барып келели деп көп чакырат. Эрмектин бир нерсеси тартат да, кайра келбетин элестетип алып чыккым келбейт. Кааласам жолугушам, каалабасам жок. Баарына чыдайт, унчукпайт, болбойт десем СМС менен көңүлүмдү алат. Аны менен сүйлөшүү мага аябай жеңил. Ошентип көрүшүп-көрүшпөй жакшы тааныштардан болуп жүрүп эле жакын болуп кеттик. Билбейм эмнеге, барган сайын андан сезимин күтүп калдым. Качан мага сезимин айтат болду экен дейм, ал унчукпайт. Жакшы көргөн адамды айттырбай анын сөздөрүнөн, көздөрүнөн билсең болот дешет го, мен сезчүмүн, туйчумун. Кээде мени карап отуруп калчу. Байкап калсам, үн-сөзсүз акырын көзүн ала качат. Биз, кыздар, баары бир кулагыбыз менен сүйөт экенбиз да, сезимдерин туюп турам, көздөрүнөн окуп турам, бирок өз кулагым менен уккум келчү, ошол нерсе мага жетишпейт эле.
Эрмектин сезимдерин күтүп отуруп жарым жылдан ашты, дагы деле аны менен жүргөнүмдүн себебин билбейм, акыры минтип күнүмдүк жыргалчылык менен жүргөндөн тажадым. Ачык деле сүйлөшө албадык, өзүмдү алыстатайын деп чечтим. Ал да мурункудай өжөрлүгүн кылган жок. Урушпай-талашпай эле сый мамиледе калдык. Кээде сагындым деп чалат, жолугабыз, тамактанабыз, мени көпкө катуу кучактап туруп анан кетет. Аны сүйбөйм дегеним менен, өзүмдү өзүм алдай албадым. Сүйүпмүн, Эрмек үчүн көп ыйладым. Тим эле эреркеп, көөдөнүмдө боштук болуп кеткенде СМС жазам, дароо жетип келет.
Бир күнү жолугушубуз керектигин айтты. Куса болуп тургам, жолукпай коё албадым. Чыксам кучак толо розасын көтөрүп эч нерсе болбогондой жылмайып турат. Жолуктук, эмне үчүн десем, «просто» деп койду. Ал күнү машинасы менен кечки Бишкекти айланып жүрдүк. Сүйлөшүп отурдук, сейилдедик. Бир маалда машинасындагы сүрөттөргө көзүм түштү. Эрмек башка кыз менен кучакташып түшүптүр.
– Ай-ий, бул кыз ким?- деп сыр берген жокмун. Өзүнө жараша сезимге алдыргым келчү эмес.
– Айпери, ал экөөбүз жакында үйлөнөлү деп жатабыз.
– Куттуктайм, бат эле табышып калгансыңар го?
– Ата-энем тааныштырды. Жакшы кыз деп жатышат.
Кармана албай калдым. Ушул кезге чейин айта албаган сөздөрүм чыгып кетти.
– Анда мени менен эмнеге жүрдүң? Мен киммин сага?!
– Сен жакшы кызсың,- болду, башка эч нерсе дебеди. Мени алдап жүрдүңбү деп да айта албадым. Анткени ал мага эч нерсе деп сөз берген эмес.
Нервим чыңалып чыкты, чогуу өткөргөн бактылуу күндөрүм шурудай көз алдымдан тизилип өтүп көз жашыма ээ боло албай калдым. Үн-сөзсүз ыйлап отуруп бердим.
Ошол биздин акыркы жолугушуубуз болду. Арадан 2 жыл өтүп эми өзүмө келип жаткандагым эле. Эми кайра минтип пайда болгонуна түшүнбөй турам. Угушумча, ал кызга деле үйлөнбөптүр. Мени эстегенинин себебин аңдай албай башым катты. Бир билгеним, жүрөгүм дагы деле кабынан чыкчудай согуп турат...

Жаркынай


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  10 
Комментарийлер(27)
30.05.2016. 09:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ай ай ай берилип окуп жаттым эле бутуп калдыго
31.05.2016. 21:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Sali83,мен дагы
30.05.2016. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ал да сени унуталбай байланышса керекда,бирок мен суйлошуп жургон жигит уйлонду балалуу болду мен да уй булолуумун бирок кайдан жайдан байланышып кабарымды билип тургусу келет ошого тушунбойм эмнеге кандай оюу бар деп калам.
30.05.2016. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул элеби?
30.05.2016. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уландысын дагы жазчы Жаркынай
30.05.2016. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чалса алып суйлош, ачык эле айт да суйоорунду
30.05.2016. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
суйуунун керемети...
30.05.2016. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Siren.ms ал сени жакшы корот кантип ататкен, кыйналбаппы деп кыжаалат болот
30.05.2016. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Дффф ушундай же балык эмес, же камыр эмес балдар эч жакпайтда,озум сыгылып кетем,ачыбаган камыр болуп эле журо берет....ачык айтса суйом же суйбойм деп тоа тоа
30.05.2016. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ушундай да эзген суйуулор болот. Суйом деп айтпаса, коздору айтат. Мен да бироону эстеп кеттим.
30.05.2016. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сеники бат эле бутуп калдыго?
30.05.2016. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жооп жазба,чалса алып суйлош балким сени унута албай жургондур.
30.05.2016. 20:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мен монологко жаза албаган создорумго...
Окуп атып журогум бир башкача согуп кетти...
31.05.2016. 02:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Суйуунду кутуп сагынып жургонда бир сонун озунчо.жанын кыйналат албетте бирок убакыт даарылайт баарын.
31.05.2016. 03:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Байкуш ай элестете албай жашоомду суйбогон адам мн кудайга шугур суйгонумо жетим урушуп талашып атып уйумдогулор менен! Аракет кылсан чын журоктон жараткандан тилесен кур калбайсын!!!!
31.05.2016. 08:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Менде да ошондойураак окуя болгон... ото жаман ушундай!(((
31.05.2016. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Суйсо эмне айтпай же уйлонбойт аялы болбосо башка?Же ата энесине коз каранды жан бекен?Тушунуксуз....
02.06.2016. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эххх, ойлондуруп койдунарго отконкундорду
02.06.2016. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх,суйуу,суйуу канча журокторду жараладын...Сенин жебендин жаасы менен,кыргыздын бир жигити менин журогумду да катуу жаралаган.
06.06.2016. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаркынай Откон отту эми аны артка кайтара албайсын. Дагы жолугушууга чакырса ачык сура мени менен кандай максатта жолугуп жатасын? максатын эмне? эмнеге сени алдады уйлоном деп?
16.06.2016. 02:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
отконду кайрып алуу болбойт,бирок ошол суйууну жаны коз караш менен карап алып кетуу озунордун колунарда,ишеним жана сабырдуулук м чечесинер деген ишенимдемин,ийгилик
21.06.2016. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aa93,сын-пикир, сунуштарыӊары info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазып жөнөтсөӊүз болот.
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-06-21 17:15:57
23.06.2016. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен азыр ушуга окшогон акыбалдамын. Жигитими жакында апасы мажбурлап башка кызга болуп коюшту. Экообуз тен ото оор акыбалдабыз.Ал апасына каршы чыга албай жатат, анткени аны апасы жалгыз чонойткон.Эххх!!!!!
06.09.2017. 21:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башка менен турмуш курганы жакшыго
23.07.2018. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен сиздин ордуңузда болгондо, сүйүү үчүн күрөшмөкмүн! Биринчи сүйүүм жоопсуз сүйүү болгон, ал абдан жаман экен, "сеники болбогон инсанды кызгануу", кандай жаман нересе, аны кайтара дагы албайсың. Кийин бир да эркек жакпай койду, ушинтип жүрө беремби деген күндө, бир жигитке жолуктум, аралыгыбыз алыс, бирок тагдыр бизди байлагандай, биринчи сүйүүмдөгү жигитке карама-каршы, бирок эмнегедир өзүнө тартат, сүйөм деп ойлободум, түшүмө эле кире берчү, сүйүүм үчүн күрөштүм,акыры жеңдим десе
23.07.2018. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Себеби , анын дагы сүйүүдөн көңүлү калган кези экен.Азыр баетылуумун , Аллахыма шүгүр, баары жакшы болот.
24.07.2018. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Байкасам анын кайрадан пайда болгонуна кудуңдап сүйүнүп калыпмын.Бирок эмне максатта жазып жатканын түшүнбөй оюм түпөйүл.Эртеси эски жолугушчу жерде жолуктук.Адатынча сыр бербестен колундагы кызыл гүлүн сунду.Кафеге алып барат деп ойлогом,бирок андай болбоду. Машинесине отуруп зымырап шаар аралап жөнөдүк.Жүрөгүм дале тынч албай,бул ирет сүйөрүн айтат го дедим.Машинесинен түшүп экөөбүз бир банкка кирдик.Кирип эле кредит алып жаттым эле поручитель болуп берчи десе болобу.Мен жок деп кетип калдым
Tyty1990 түзөттү 2018-07-24 16:48:05
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо