«ТАМАШОУНУН» КУБОГУ ОШКО КЕТТИ

№708 27-май-02-июнь, 2016-ж

21-майда Спорт Ордосунда «Тамашоунун» Жогорку Лигасынын 8-сезону жыйынтыкталды. Чемпиондук кубок үчүн «Универсал», «Brooklyn», «Рота», «Ассорти», «Кыргыз двор», «Позитифф» командалары ат салышты. Командалар «Саламдашуу», «Ким тапан?», «Жылдыздар менен СТЭМ», «Видео тапшырма» жана «Музыкалык үй тапшырма» номерлери боюнча күч сынашты. Жыйынтыгында Оштон келген «Универсал» командасы кубокко ээ болуп, 2-орунду «Позитифф», 3-орунду «Brooklyn" алды. Оюнда жаралган мыкты тамашаларга назарыңыздарды бурабыз.



«САЛАМДАШУУ»

Дунган жигит сүйүүсүн арнап, сүйүктүүсүнө жусай берет.

Арыктагың келсе, насыя ал. Эки айда сонун арыктайсың.

– Кандайсыңар, сасышкалар?
– Эмнеге сасышкалар?
– Бишкекте суу өчкөндөн бери баарыбыз эле сасышкалар болуп калдык.

– Эмнеге аянттагы эки аскерди алып салышты?
– Мотуев түрмөдө отурганда желекти кайтарыштын кереги жок да.

(«Позитифф»)

Оштогу тушоо тойлордо Бишкекке чейин чуркайт экен.

«Президент жана бомж» киносун бир да президент, бир да бомж көрө элек.

Аябай семиз кыз керебеттин эки жагынан кулайт.

Brooklyn»)

Оштун чымчыктары күзүндө жылуу жактарга эмес, Орусияга иштегени кетишет.

Чиновник пара алып жатып кармалып, кайра пара берип чыгып кетиптир.

(«Кыргыз двор»)

Кыз 18 жашка чыкканда ромашка гүлүн сүйөт-сүйбөйт деп үзөт экен. 35 жашка чыкканда болсо урат-урбайт дейт экен. 70ке чыкканда турат-турбайт деп үзүп жатса, чалы "турдум" десе, "турсаң бас, чай ич" деген экен.

("Рота")

(Команданын капитаны Калыбек тоюн сахнада өткөрдү. Эки жашты жүгүнтүп элге салам бердирип жаткан кез)
Биринчилерден болуп
Ордолуу Оштон келе берген,
Бишкекте жашап жүрө берген,
Өздөрүн «местный» сезе берген
Оштуктарга бир салам.

Ат арытып алыстан,
«Тамашоу» көрөм деп келген,
Тээ алыскы Баткенден,
Салгыла салам жүгүнүп,
Баткендиктерам калсын сүйүнүп.
Шып-шырылдаң шыр экен,
Тып-тырылдак тыр экен,
Таластыктарга бир салам.
Кара-Балтанын баласы,
«Тамашоунун» атасы,
Тик туруп алып сүйлөгөн,
Отурганды билбеген
Эрмек байкеге бир салам.

Келиндин жүзүн ачканда Садык фатанын ичинен чыга келди:
Калыбек: – Келин кана?
Садык (келин): – Салондо, көйнөк бырышып калбасын деп кийгизип койду мага.
К.: – Тез, кеч киргенче алып келип кой, өзүңдөн көр, кечинде нике түн болот, мага баары бир.

(«Универсал»)

"КИМ ТАПАН?"

– "22-кылымдын жылдыздары" деген концертте ким ырдап калышы мүмкүн?

(«Кыргыз двор»)

– Кимдин акыл-эси жайында болсо, ошол ырдайт.

(«Универсал»)

– Эмнеге кыргыздын жигиттери аскерден качышат?

(«Рота»)

– Азыркы эркектер кызга окшоп, кыздар эркектерге окшоп калган. Ошон үчүн качышат.

(«Рота»)

– Ош десе самсаны, Баткен десе өрүктү, Талас десе өпкөнү, Көл десе көлдү, Нарын десе койду элестетебиз. Бишкек дегенде эмнени элестетесиңер?

(«Универсал»)

– Бишкек дегенде деле дал силерди, оштуктарды элестетебиз.

(«Позитифф»)


“Рота” командасынын аскерлери ушунчалык романтик келет экен. Караңызчы, жадакалса чачын жүрөк формасында кестириптир.

Абдан позитивдүү "маньяк" Рысбек Жабиров жана Азамат Байматов сулуу кыздын образында.

"Brooklyn" командасынын оюнчусу Адилеттин колун Кайрат Примбердиев менен Азамат Исмаилов сурап келишип, сулуунун талашка түшкөн чагы.

Замира Рахманбердиева
Адилет Бектуров
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(25)
30.05.2016. 09:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
хаха Нурланды олтуруптур
30.05.2016. 09:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсынар
30.05.2016. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сонун ....азаматсынар!
30.05.2016. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ушул сезондун кубоко жарышка чыккандагы акыркы видеосун жуктоп коюнуздарчы коргум келип атат аябай. Айрыкча жылдыздарменен аткарганы кызыктырды кайдан корсом болот ушунун видеосун???
30.05.2016. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Aksy-13, Саламатсызбы, сунушуңузга рахмат. Жүктөөгө мүмкүнчүлүк болгондо сөзсүз түрдө жүктөлөт.
30.05.2016. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошко кетти деп тим эле Америкага кеткенсип
30.05.2016. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
даа аябай капа болушса крк
30.05.2016. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Siren.ms,ош озунчо эле бир тема да.
29.09.2016. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sely,тамашоунун кубогу Ошко кетти, Жалко деп коюш керек эле да. Болунбойду десек деле Ош деп боло беришет экен. Тамашоуну толугу менен корсонор Ошко бербеске да айласы калбаган калыстардын. Ото чон артыкчылык менен утушту. Эми умутубуз Ошингтондо.
31.05.2016. 01:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Siren.ms,ошко кетсе ошко кетти деп айтабы же ошко кетсе таласка кетти десинби кызык булардан башка команданын баары Бишкектен болуп атса
30.05.2016. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ой молодецтер!!!
31.05.2016. 09:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тамашоу кайра жанданып калгандай го
31.05.2016. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
tim11ai,эмне олуп калды беле?
31.05.2016. 18:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кыргыз двор жалко болуптурго 3-орунга да жетпей калышыптыр
01.06.2016. 02:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Универсал алгааа!!! Универсал жана даны 1-2 команданын тамашалары соонун экен,калгандары аман эле болушсун.
01.06.2016. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Чын эле кыргыз двор жалкоолонуп калыптыр гоо
01.06.2016. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Универсал молодцы
01.06.2016. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсыңар Универсал. Ошко кубокту 12-сезондо берет деп быйыл күтпөдүм эле. Быйыл Кыргыз алса керек дегем
01.06.2016. 22:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
толук видеосу болсо шилтемесин берип коесуздарбы , админ ?
02.06.2016. 09:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Erl017,саламатсызбы? Сунушуңузду эске алабыз, порталга жакынкы арада жүктөгөнгө аракеттер көрүлөт.
02.06.2016. 00:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Оштон команда барбай калса КВН кызыксыз болуп калат озу
02.06.2016. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргыз дворун двордон чогулуп келген беле: пара алып кармалып кайра пара берип чыгып кетип жаткан чиновниетер (кармалгандын 9/19 сотко жетпейт) кулкулуу болбой калды. Ал эми Оштуктар эле Россияга кетпестен Колдон, Чуйдон, Таластан,Нарындан,ал тургай Бишкектен барып Россияда иштегендер толтура... Ошондуктан кудайды карап суйлосо болмок ХХХ окшобой...
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-06-02 14:09:29
02.06.2016. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
barpy,берилген эскертүүлөргө көңүл бурбастан, кайталап эреже бузгандыгыңыз үчүн 5 күнгө БАН!
05.06.2016. 08:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
osh azamatsynar
11.06.2016. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Универсал алга...азаматсынар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо