БОЛЛИВУД "БОМБАСЫ" ПРИЯНКА ЧОПРА

№708 27-май-02-июнь, 2016-ж

Приянка Чопра – "Дүйнө сулуусу-2000" наамынын ээси, модель, актриса, ырчы. "Болливуддун жапайы мышыгы" аталган Приянка ажарлуу келбети менен дүйнө жүзүн багынтты. Анын сүйүү романдары Болливуддан Голливудга чейин талкууланат. Көптөгөн музыканттар, актёрлор, бай ишкерлер аны жубай кылып алууну кыялданышат, бирок бул тилек эч кимисинде ишке аша элек.

ТАГДЫРДЫН ЭРКЕ КЫЗЫ
Приянка ата-энесинин көпкө күттүргөн тун кызы. Бала кезинде астма менен ооруп, чоңойгондо гана бул дарттан арылат. Инженер же психолог болууну самаган кыялы 1998-жылы түп тамырынан өзгөргөн. Досторунун сунушу менен "Берли сулуусу" сынагына катышат. Аны жеңген соң апасы Приянканын сүрөтүн жашыруун "Индия сулуусу" сынагына жиберет. Бул сынакка катышып жатканын Приянка АКШдагы окуусунан келгенде билген. "Индия сулуусу" сынагынын 1-туруна кабыл алынганымды айтышканда нес болуп туруп калдым. Адашып алышкан го деп ойлогом, анткени апам сүрөтүмдү жибергенин билген эмесмин. Кастингде биринчи болуп бикиничен сахнага чыгып, өзүмдү ыңгайсыз сезип турсам айландырып көрүштү. Ошондо башымдан аягыма чейин карап отурган эркектердин алдында уялганымдан өлүп калгым келген",- деп эскерет. Атаандаштарын чаңында калтырган Приянка "Индия сулуусу" аталып, "Дүйнө сулуусу" сынагына жолдомо алат. "Катышуучу кыздарды көргөндө апама үйгө кетем дегем. Себеби баары тең көздү уялткан сулуулар болчу. Мен болгону тагдырдын эрке кызымын, таажы мага буюрду",- дейт. "Дүйнө сулуусу-2000" наамына арзыган Приянкага бул жеңиш жаңы бийиктиктерди багынтууга ийгиликтүү билет болуп берет.

БОЛЛИВУДДУ, ГОЛЛИВУДДУ БАГЫНТТЫ
Сулуулуктун эталону болууга жетишкен 18 жаштагы бийкечтин карьерасы актриса, моделдик кесиптен башталат. Болливуд, Голливуддан сунуштар жаап, экрандан түшпөй калат. "Моделдерден кыйраткан актриса чыкмак беле?" деп басмырлаган сындарга туруштук берип, өжөр мүнөзү менен Болливуддун "жунглисинде" аман калуу үчүн төрөлгөнүн далилдейт. Болливуд "бомбасы" атыккан Приянка: "Мен бай үй-бүлөдө төрөлгөн кызмын, ошондуктан кинодо акча үчүн жүргөн жокмун. Бирок бул кайрымдуулук кылып жүргөнүмдү билдирбейт. "Дүйнө сулуусу" канчага бааланса, ошол бааны сурайм. Эгер мага сценарий жакса, ар кандай тасмада, ар кайсы тилде тартыла бергенге даярмын",- дейт.

ЖЫЛДЫЗДАРДЫН ЖУБАЙЛАРЫ ПРИЯНКАДАН ЧОЧУЛАШАТ
"TIME" журналынын версиясы боюнча 2016-жылдагы дүйнөдөгү эң таасирдүү адамдардын тизмесине кирген Приянка Чопраны мырзалардын жүрөгүн бүтүндөй ээлеген ханыша деп эсептешет.
Киноиндустриядагы суктандырган бойдок актрисанын тузагына көптөгөн айымдардын жүрөк оорусу болгон актёр Шахрух Хан да илинген. Аялы бар мырза менен сүйүү-күйүү болгону көз жаздымда калбай, Приянкага Болливуддун жарымы каршы чыккан деп айтылып келет. Актёрду жакшы көргөн актриса маектеринин биринде Шахрухту көргөндө кызарып кетерин айткан. Алардын сүйүү романы тууралуу кептер азыркыга чейин тыйылбагандыктан Хандын аялы Гаури Хан жолдошуна Приянка менен сүйлөшүүгө тыюу салган. Ошондой эле Чопра актёрлор Сахил Шрофф, Акшай Кумар, Салман Хан жана Голливуд жылдызы Жерард Батлер менен да мамиле курган. Көбүнчө үй-бүлөлүү мырзаларды арбагандыктан жылдыздардын аялдары Чопрадан чочулап турушат. Приянканын ата-энеси кызына күйөө издеп убара тартканы аны ойлондуруп да койбойт. "Ата-энем мен төрөлгөндөн тартып эле күйөө издеп башташкан. Мен ошондой эски түшүнүктөгү үй-бүлөдө төрөлгөм",- деп күлүп калат.

ТҮНТ,ДОСТОРУ АЗ ЧОПРА
"Жеке жашоосун коомчулукка чыгаргысы келбеген адаммын. Бирок журналисттерден маалыматтарды жашыруу кыйын болуп калат".
"Шиш така кийип төрөлсөм керек деп ойлойм. Ансыз өзүмдү кичинекей, ишенимсиз сезем. Менин боюм 169 сантиметр, бирок шиш така кийгенде өзүмдү укмуштуудай узун сезип калам".
"Чынын айтсам, мырзалардын көңүл чордонунда эмесмин. Түнт адаммын, көп сүйлөбөйм, кечелерге барбайм, саналуу гана досторум бар. Мырзалар менен көңүл ачуу үчүн эмес, олуттуу мамиле куруу үчүн сүйлөшөм".
"Индияда кыздарды башка бирөөнүн байлыгы деп эсептешет. Биз бул түшүнүктү өзгөртүшүбүз керек. Толук кандуу адам болуш үчүн кыздар да билим алышы зарыл".

Приянка Голливуд актёру Дуэйн Жонсон менен чогуу тартылган "Малибунун куткаруучулары"сериалы 2017-жылы прокатка чыгат.

Чопра менен Шахрух Хан "Дон.Мафиянын башчысы" тасмасында сүйүшкөн түгөйлөрдү ойношкон

"Дүйнө сулуусу-2000" наамын жеңгенден кийин Приянка актриса катары таанылып баштайт.





Динара Абдыкадырова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(13)
30.05.2016. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
шахрух хан жонундода жазып койосунарбы?))
30.05.2016. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ali1995,сунушуңузга рахмат. Тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
30.05.2016. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
анчалык деле сулу эмес экенг просто аурасы кучтуу окшойт эркектерди арбап алган и сулуу наамына да ото деле татыктуу эместей экен буга караганда Айшурия Рай сонун жана супсулуу
30.05.2016. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айшвария Рай да бул Прианка Чопрага чейин дүйнө сулуусу наамын жеңип алган ал да Мисс болбогон. Билбейм мен үчүн Чопра өтө эле сулуу
30.05.2016. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул актриса мага жагат. бул айымдын көз карашы башкача балким сексуалдуу айым
30.05.2016. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Super Info Dima Bilan tuuraluu da kyzyktuu maalymat bersenizder.Menimche al jakshy yigilikterdi jaratyp jatat, Proekt "Golos", film "Geroi" jana bashka...
30.05.2016. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
mmdina2013, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
30.05.2016. 20:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
admin_superstan,суперчилер эл мн тыгыз иштешип журо бергиле. Силер суппппееерррсинер
31.05.2016. 02:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул кыздын козу жакшынакай а так сулуу деп айта албайм,дуйно сулуусу болуу учун менимче бою 175 см кем эмес,бут баржогу топ келген болуш керек,негизи бул кыздын жолу бар кыз экенда.
31.05.2016. 09:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Кыйратыптыр
31.05.2016. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Плену в моды деген киносун тажабай көрөм, чынында өтө сулуу
01.06.2016. 23:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
соз жок сулуу экен
03.06.2016. 07:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Качан корсон голливуд,болливуд бомбалары.Кыргызда бомба жокпу?Жок дегенде петардалар бардыр жазсанар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо