КУЛПУНАЙДАН ШИРИНДИКТЕР

№709 03-июнь-09-июнь, 2016-ж

Жазгы эрте бышчу жер-жемиштерге кулпунай да кирет. Чарчоону жазып, чыңалуудан арылтуучу, тердетүүчү жана заара кубалоочу касиети бар кулпунай арыктоого да жардамчы. Анткени анын 100 граммында 30 гана калорий бар. Ал эми даамычы? Аны кичинелер гана эмес, чоңдор да тамшанып жешет. Учурда кулпунайлар бышып жаткандыктан, үйдөгүлөрдү андан жасалчу даамдар менен кубантууга шашылыңыз.

БАЛМУЗДАКТУУ СМУЗИ

Керектелүүчү азыктар:

Даярдоо ыкмасы:
Идиштеги сүткө 6 даана кулпунайды кошуп, блендер менен чалуу кажет. Же болбосо кулпунайдын өзүн эзип алып сүткө кошуңуз. Үстүнө балмуздак менен йогуртту кошуп, аралаштырыңыз. Муну стаканга куюп, бетин жана тегерегин жалбыз, кулпунай, шоколад жана кокос кырындысы менен кооздоңуз.

ТАРТАЛЕТКАДАГЫ КУЛПУНАЙ

Керектелүүчү азыктар:

Даярдоо ыкмасы:

Тарталетканы бышыруу

1. Каймак майды эритип, ага кумшекерди, сууну, аш содасын кошуп жакшылап чалабыз (миксер болсо абдан жакшы). Эми унду аздан кошуп камыр жууруп, 10 мүнөттөй тыныктырабыз.
2. Камырды калыңдыгын 3-5 миллиметр кылып жайып, үстүнө тарталетка бышыруучу калып (форма) менен басып, тегерекчелерди кесип алабыз.
3. Тарталетка бышыруучу калыптардын ичин каймак май (же өсүмдүк майы) менен майлап, ичине кесилген камырларды салып, кол менен басып калыптын формасына келтиребиз. Алдын ала 250 градуста ысып турган электр мешине салып, 15-20 мүнөттөй бышырабыз. Бышканда алып чыгып, муздашы үчүн коё турабыз.

Крем үчүн:
1. Бир идишке каймакты, эритилген (плавленый) сырды жана кант упасынын жарымын кошуп жакшылап чалсак, крем даяр болот. Эми муну кулинардык баштыкчага куюп алып, тарталетканын ортолорун толтуруп чыгуу керек.
2. Тазаланып жуулган кулпунайларды 2-3 бөлүккө кесип, буларды кремдин үстүнө жайгаштырып, бетине кант пудрасынан себелеп коёбуз.

«ФРЕЗЬЕ» торту

Керектелүүчү азыктар:

Корж үчүн:
3 жумуртка
75 грамм кумшекер
80 грамм ун
1 чай кашык ванилин
1 аш кашык апельсин кабыгынын күкүмү

Мусс үчүн:
1 жумуртка
0,5 чай кашык ванилин
2 аш кашык кумшекер
2 аш кашык картошка крахмалы
175 грамм сүт
10 грамм желатин
4 аш кашык муздак суу
375 грамм каймак

Жана да...
100 грамм апельсин ширеси
2 аш кашык апельсин ликёру
300 грамм кулпунай
30 грамм майдаланган мисте

Корж даярдоо:
1. Идишке 3 жумуртка чагып, ага ванилин, апельсин кабыгынын күкүмүн, кумшекер кошуп чалуу кажет. Үстүнө унду кошуп аралаштырсаңыз камыр даяр болот.
2. Электр мешин 180 градуста ысытуу үчүн коюңуз. Диаметри 18 сантиметр келген торт бышыруучу калыптын ичин өсүмдүк майы менен майлаңыз. Анан ага даяр камырды куюп, электр мешине салып, 20-25 мүнөт бышырыңыз. Бышканда муздатып, бирдей калыңдыктагы 2 коржго бөлүңүз.

Мусс даярдоо:
1.
Мусс үчүн желатинди да, крахмалды да өз-өзүнчө 2 аш кашык муздак сууга чылоо зарыл.
2. Сүттү отко коюп, кайнаганга чейин жеткизиңиз.
3. Жумуртканы чуңкур идишке чагып, үстүнө ванилин, кумшекер, крахмал кошуп, чалыңыз. Үстүнө кайнаган сүт куюп жиберип, аралашманы кайра отко коюп, коюулангыча тынбай аралаштырыңыз. Анан желатинди кошуп жиберип аралаштырып, оттон чыгарасыз.
Муздашы үчүн бетин жаап, бөлмө температурасында коюп коюңуз. Муздаганда каймакты чалып туруп үстүнө куюңуз.

Тортту чогултуу
Торт бышыруучу калыпка корждун бир бөлүгүн салыңыз. Апельсин ширеси менен ликёрду аралаштырып, анын жарымын корждун бетине тегиз куюңуз. Кулпунайларды тигинен так ортосунан кесип, корждун үстүнө тегерете коюп чыгыңыз. Үстүнө мусстун үчтөн бирин куюп, калган кулпунайларды тегерете жайгаштырыңыз. Эми кайра үстүнө мусстун үчтөн бирин куюп, корждун экинчи жарымын коюңуз. Бул корждун бетине алгач апельсин ширеси менен ликёрду, анан мусстун калганын куюп, бетин тегиздеңиз. Майдаланган мистени торттун үстүнө тегерете чубуртуп себиңиз. Даяр тортту муздаткычка бир нече саат кармап, анан дасторконго коё бериңиз.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(10)
06.06.2016. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ммм.. Сонун!
Мына азыр эле жасаймчы..:)
06.06.2016. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ухх ушу кулпунай кечээтен бери козумдон отуп атат Кыргызстанда болсом канале челектеп жемекмин (
06.06.2016. 23:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
жегим келип кеттиго
06.06.2016. 23:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жегим келип кетти го буларды коруп.
08.06.2016. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кулпунай канча сом бишкекте
08.06.2016. 22:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Zolushka89,чакасы150 сом 5кг
09.06.2016. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
dilnur,Рахмат чон
10.06.2016. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
dilnur,5 килограммдык чакасы 150
09.06.2016. 00:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рахмаат!!
09.06.2016. 01:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кыргызстаным аааай. Мен россиянын бир шаарынан 250 граммын 200 рублга сатып алып датам. Кыргызстанда болгондооо чакалап алып жарылганча жемекмин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо