№709 03-июнь-09-июнь, 2016-ж
Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата «Супер-Инфо» гезити 30-май күнү «Асанбай» сейил багында «Бактылуу балалык» аталышындагы акция өткөрдү. Балакайлардын майрамы бир чети ата-энелердин да майрамы болот эмеспи, иш-чарада бөбөктөрдөн өтүп сүйүнгөн ата-энелер көп болду.
БАЛАКАЙЛАРГА БАЛМУЗДАК, СЭНДВИЧ, БЕЛЕКТЕР БЕРИЛДИ
Бала бар жерде баары шаң-күлкү, куунак маанай менен коштолот эмеспи. «Супер-Инфонун» бул жолку акциясы да шайыр, кичинекейлердин күлкү-шаңына бөлөнгөн атмосферада өттү, себеби майрам балакайлардыкы эле. «Асанбай» сейил багы жомоктогу каармандарга окшоп кийинген балакайларга толуп калды. Иш-чаранын алкагында балдар үчүн оюндар уюштурулуп, жеңүүчүлөргө атайын белектер, ал эми катышуучуларга бекер балмуздак, сэндвичтер таратылды. Балакайларды куттуктап келген «Ак шоола» балдар хору, Жакут Сыдыков, Наргиза Айтемирова өнөрлөрүн тартуулап, тамашоучулар Самат Эркинбеков менен Актан Рыскелдиев балдарды ойнотуп, белек тапшырышты. Ал эми ырчылар Азиза, Айнура Салахидинова жана Роза Шакирова калыстык кызматты аркалап, мыктыларды аныктаганга жардам беришти.
Балдарга майрам тартуулоого көмөктөшкөн «Асанбай» сейил багынын жетекчиси Элбурс Карбанов да кичинекейлерди куттуктап, жаңылыктары менен бөлүшүп кетти:
– Балакайларды майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм! «Асанбай» сейил багы жыл сайын кеңейип жатат, быйыл балдар үчүн муз аянтчасы, футбол талаасы курулат. Буюрса, шаар тургундарын эс алдырууга толук мүмкүнчүлүк түзүлдү.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |