БАЛИГЕ БАРЧУ СУЛУУ БАРБЫ?

№709 03-июнь-09-июнь, 2016-ж

Өзүнө ишенген, ай чырайлуу, бою 165 сантиметрден жогору, 1988-1998-жылдар аралыгында төрөлгөн, турмушка чыга элек бийкечтерди сынакка катышууга чакырабыз. Эгер сиз алыскы Индонезияда, океандар кучагында жаткан Бали аралына барып эс алып келүүнү кыялданып жүрсөңүз, анда чамдаңыз!

Сынактын шартына ылайык, ар аптанын жума күнү гезит бетине экиден катышуучунун сүрөтү жарыяланып, SUPER.KG порталына добушка коюлат. Добуш берүү сулуулар гезит бетине чыккан жума күнү саат 9:00дөн баштап кийинки аптанын шаршемби күнү саат 15:00гө чейин жүргүзүлөт. Көп упай чогулткан катышуучу финалга өтөт.
Толук маалымат алуу үчүн 0312 323327 номерлерине чалыңыздар.

ЭЛИЗА АБДЫБАЛИЕВА
Жашы – 18
Параметри – 78-60-85
Бою – 170 сантиметр
Салмагы – 48 килограмм
Учурда – Кыргызстан Эл аралык университетинин алдындагы жалпы билим берүү колледжинин эл аралык мамилелер факультетинде 2-курста окуйт
«Сынак мени турмушка бышырат»

– Элиза, сулуулар сынагына алгачкы жолу катышып жатасыңбы?
– Ооба, биринчи жолу катышып жатам. Бул сынак мени турмушка, жашоого бышырат деп ойлойм. Анткени сынакта жеңем деген аракет, кыздар арасындагы атаандаштык мени чыйралтат.

– Окуудан сырткары эмнеге кызыгасың?
– Учурда өз колум менен чачка такчу ободокторду, колго такчу шуру-мончокторду курбуларыма жасап берип жатам. Башкалар да кызыгып буюртма беришүүдө. Келечекте ушул жумушумду чоң бизнеске айлантсамбы деген пландарым бар. Ошондой эле кесибим менен чет өлкөдөгү кыргыз элчиликтеринин биринде иштесем, чет жердеги мекендештерибиздин укугун коргоого жардам берсем деген ойлорум бар.


НЫШАНБАЙ КЫЗЫ ГУЛИНСА
Жашы – 22
Параметри – 87-60-88
Бою – 165 сантиметр
Салмагы – 52 килограмм
Учурда – КУУнун экономика факультетинде 5-курста окуйт
«Актриса, журналист болгум келет»

– Гулинса, сулуулар сынагына бир максатты көздөп анан катышып жатсаң керек?
– Ооба, өзүмө актрисалык менен журналистика жакын. Режиссёр Сүйүн Откеевдин «Көпөлөк» деген тасмасында эпизоддук ролду аткаргам. 2-3 клипке тартылдым. Сынак мага элге таанылууга жардам берет деп ойлойм. Өзүмө да жакшы тажрыйба болот. Анан башкы максатым – чет өлкөгө баруу.

– Ырчылыкка да кызыгып жүргөнүңдү билебиз...
– Ооба, ырчы Гүлзинат Суранчиевадан вокалдан сабак алгам. Мындан 2-3 жыл мурун эки ыр жаздырып тойлордо ырдап жүрчүмүн. Бирок ырчылык мага жаккан жок, анын үстүнө ата-энем да каршы эле, ошон үчүн таштап койдум.


SUPER.KG порталында жүргүзүлгөн добуш берүүнүн жыйынтыгында Нуриза 111 добуш алып, финалга чыкты. Ал эми Элиза 68 добушка ээ болду.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(11)
06.06.2016. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ушул сынактагы катышкан кыздардан, эн жылдыздуусу Элиза экен! Ачылбай, чачылбай, ашыкча чаптанбай тушуптур. Бою да узун экен! Без каблука соонун эле корунуптур!
06.06.2016. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Баары эле ачык кийинишет экен
06.06.2016. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Экинчи кыз көп боёнуп койгонбу
07.06.2016. 00:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакында бир кыз чыгат узууун койнок кийип.Экинчи кыз жакты
07.06.2016. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХ ХХХ Мага 2 кыз жакты был Сулуулар конкурсуда татыктуу кыз экен фигурасы дагы идеаль экен почти 90 60 90.
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-06-07 11:05:25
07.06.2016. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Medeya, сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек. Оозеки эскертүү!
07.06.2016. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баары сулуу
08.06.2016. 08:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Добушум Гулинсага
08.06.2016. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сулуу болом деп Балиде Балээ барбы?
08.06.2016. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Балиде бышырып койдуву.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо