Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ДЖИ (сериал)

№709 03-июнь-09-июнь, 2016-ж

(Башталышы өткөн сандарда)

– Шеф, ал жигитти көрдүм. Джинин унаасына чогуу түшүп кетти. Эмне кылайын?
– Эч нерсе, артынан жүрө бер.
Тимур ал күнү кечке Джи менен тиги бейтааныш жигиттин артынан калбай аңдып жүрдү. Кыз менен жигит адегенде кафеге барып кофе ичип отурушту. Бир нерсени кызуу талкуулап, улам күлүп калып жатышты. Тимур менен жүргөндө Джи өзүн минтип алып жүрбөйт. Болор-болбос жылмайып коёт. А тиги бейтааныш жигит менен көздөрүнөн от жана сүйлөшүп жатты. Маанайы да жакшы. Эркелеп жаткандай. Алардын үнүн укпай, сырттан өз унаасына отуруп алып карап жаткан Тимур кыздын кылыктарын карап отуруп ушундай ойго жетеленди.

xxx

– Сен маанайымды көтөрүп койдуң. Сонун сүйлөйт экенсиң,- кыз Жанар айтып берген окуядан кийин күлкүсүн тыя албай жатты.
– Баса,- деди анан олуттуу түрдө. – Кечээ ата-энеме сен жөнүндө айттым. Алар мени сага жакындаба дешти. "Башыңды айлантып жатат" деп урушушту.
– Сенчи? Сен кандай ойлойсуң? Башыңды айлантып жатамбы?
– Жок, сенин жүзүңдү эстеп жатам. Сага ишенем, бирок өткөнүмдүн баарын эстесем жакшы болмок.
– Мен ал боюнча аракет кылуудамын. Кыргызстандан Мадина менен сүйлөшүп жатам.
– Ким ал?
– Сенин эң жакын курбуң болчу. Ага сен тууралуу эч нерсе айткан жокмун. Бирок сен Кыргызстандан келгенде Москвага кимдикине келгениңди сураштырдым. Айгерим деген классташ курбуңдукуна келген экенсиң. Мадина ал Айгеримдин номурун таап бермекчи болду. Балким, сен аны көрсөң эстейттирсиң? Себеби эсиңди жоготкондо акыркы ирет ошолорду көрсөң керек деп ойлоп жатам.
– Азыр үйгө барсам Джи экениме, сенин жаныңа келсем Арууке экениме ишенип кетип жатам. Жакында жиндиканага түшүп калбасам болду.
– Сен Аруукесиң. Бирок Арууке экениңди билип эле коюу бардыгын орду-ордуна коюп койсо кана?! Сенин абалыңды түшүнүүгө аракет кылып жатам. Сен азыр чоочун эле бирөөнүн жашоосу менен жашап жаткандайсың да, туурабы? Бүдөмүк ойлоруң толтура. Бирок кам санаба, баары жакшы болот. Мен дайыма сенин жаныңда болом, убада берем.
– Али сенин ким экениңди биле элекмин. Менин жанымда болууга убада берүү эртерээк го дейм.
– Аруш, мен сени эч кимге бербейм. Сен мени өткөндү эстетүүчү бир адам, же сүйлөшкөнгө ылайыктуу кишидей көрүп жатсаң керек? Бирок мен сенин келечектеги жолдошуңмун. Буга ишенип кой!
– О-ой, бир киши өзүнө абдан ишенип алган го.
– Бир ирет сени жоготком. Экинчи ирет андайга жол бербейм.
– Менин көңүлүм жок болсочу?
– Анда көңүлүңө жакканга аракет кылам.
– Кантип?
– Минтип,- Жанар Аруукесин өзүнө тартып, эриндеринен өөп койду. Кыз тек гана жылмайып койду.
– Сени дагы бир жолу жаакка чаап жиберишим мүмкүн.
– Эмнеге чаппадың?
– Дагы бир жолу ушинтсең, чабам.
Жанар кайрадан Аруукесин өөп жиберди. Бирок кыз кол көтөрө алган жок. Бул үчүн өзүн ыңгайсыз сезип, бети кызарып чыкты.

xxx

Тимур шыпылдай басып Москванын чок ортосундагы бизнес борборлордун бирине келип кирди. Лифт менен 18-кабатка көтөрүлүп, түз эле шефинин кабинетине баш бакты.
– Кире берсем болобу?
– Кир. Сени күтүп жаткам.
– Бүгүн алардын артынан кечке жүрдүм.
– Кандай неме экен?
– Кадимкидей эле гастарбайтер. Кыязы, спортчу окшойт, машыгуучу залдан чыкты. Анан Джи экөө унаасына түшүп барып кечке чейин кафеде отурушту.
– Анан?
– Ошол. Таң калганым, Джи аны жактырат окшойт.
– Кайдан билдиң?
– Тиги жигит Джини өпкөнүн көрдүм. А кызыңыз болсо абдан бактылуу болуп жүрдү.
– Жинди экениңди түшүндүңбү?
– Эмне?!
– Жиндисиң. Мээң иштебейт. Эртели-кеч Джинин жанында жүрөсүң, ага жага албай койдуң. А тээтиги Кыргызстандан келген бирөө кызымдын башын айлантып алыптыр. Эмне, ошол гастарбайтерче жоксуңбу?
Тимур үндөбөй калды. Мурат колун жаңсап чыгып кет дегендей ишарат кылды. Анан кимдир бирөөгө телефон чалды.
– Келип кете аласызбы? Сүйлөшүшүбүз керек.

xxx

1 сааттан кийин Мураттын иш бөлмөсүнө чачын ак баскан көз айнекчен орус улутундагы адам кирип келди.
– Саламатсызбы, Мурат Адамбаевич?
– Саламатчылык. Келиңиз, Андрей Николаевич!
– Чакыртыпсыз.
– Ооба. Менин кызым боюнча. Бир маселе жаралып калды.
– Эмне маселе?
– Сиз аны эч нерсе эстебейт деген элеңиз. Бирок ал аз-аздап өткөнүн эстей баштаптыр. Мен сизге жакшы сумма төлөп бердим эле го?
– Андай болушу мүмкүн эмес. Ал эстебейт болчу. Анын баш мээси абдан жабыркаган, анын үстүнө мен кайра сиздин суранычыңыз менен аны оор баңгизатына сугарган болчумун. Демек, ал эч нерсе эстебейт болчу.
– Бирок ал эстеп жатпайбы?
– Мен колумдан келгенин жасагам. Сиз өзүңүз аны сиздин кызыңыз экенине ишендире албагандан, жоопсуз суроолордон эле кызда ушундай божомол болуп жаткан болуп жүрбөсүн?
– Бир жигитти көргөм деп жатат. Таптакыр антчү эмес.
– Мурат Адамбаевич, ал мурдагы жашоосундагы жакын адамын көргөнү үчүн ошондой болуп жатса керек. Мен ал кызды жакын тааныш адамдарына кайра жолугуп каларын билген эмесмин да. Анын үстүнө эч нерсеге кепилдик берген эмесмин, эсиңизде болсо...
– Түшүнүктүү. Бара берсеңиз болот.
Андрей Николаевич чыгып кеткенден кийин Мурат ойлуу отуруп калды. Бир убакта телефонун алды да, катчысына:
– Циклопту чакырткылачы!- деп өктөм сүйлөдү.
Бир аздан кийин бөлмөсүнө эңгезердей кара жигит баш бакты. Бир көзү жок ал жигиттин сырткы көрүнүшү эле жүрөктү түшүрчүдөй. Дал ошол бир көзү жоктугунан ал Циклоп деген атка ээ болгон окшобойбу.
– Кел, отур!
– Чакыртыпсыз.
– Иштериң жакшыбы?
– Жакшы эле.
– Калыс, билесиң го, мен эң ишенген адамсың. Жакшы иштешип келе жатабыз. Тапшырманы так аткарасың, сатпайсың. Бул сапаттарың абдан жагат. Башкысы, сен мага нааразы болбо. Нааразы эмессиңби?
– Жок, шеф!
– Дагы бир жумуш чыгып калды. Сен аткар, мен нааразы кылбайм, макулбу?
– Макул!..

(Уландысы кийинки санда)


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Башка сандарда:
ДЖИ (сериал) 675-сан
ДЖИ (сериал) 676-сан
ДЖИ (сериал) 677-сан
ДЖИ (сериал) 678-сан
ДЖИ (сериал) 679-сан
ДЖИ (сериал) 680-сан
ДЖИ (сериал) 681-сан
ДЖИ (сериал) 682-сан
ДЖИ (сериал) 683-сан
ДЖИ (сериал) 684-сан
ДЖИ (сериал) 685-сан
ДЖИ (сериал) 686-сан
ДЖИ (сериал) 687-сан
ДЖИ (сериал) 688-сан
ДЖИ (сериал) 689-сан
ДЖИ (сериал) 690-сан
ДЖИ (сериал) 691-сан
ДЖИ (сериал) 692-сан
ДЖИ (сериал) 693-сан
ДЖИ (сериал) 694-сан
ДЖИ (сериал) 695-сан
ДЖИ (сериал) 696-сан
ДЖИ (сериал) 697-сан
ДЖИ (сериал) 698-сан
ДЖИ (сериал) 699-сан
ДЖИ (сериал) 700-сан
ДЖИ (сериал) 701-сан
ДЖИ (сериал) 702-сан
ДЖИ (сериал) 703-сан
ДЖИ (сериал) 704-сан
ДЖИ (сериал) 705-сан
ДЖИ (сериал) 706-сан
ДЖИ (сериал) 707-сан
ДЖИ (сериал) 708-сан
ДЖИ (сериал) 710-сан
ДЖИ (сериал) 711-сан
ДЖИ (сериал) 712-сан
ДЖИ (сериал) 713-сан
ДЖИ (сериал) 714-сан
ДЖИ (сериал) 715-сан
ДЖИ (сериал) 716-сан
ДЖИ (сериал) 717-сан
ДЖИ (сериал) 718-сан
ДЖИ 719-сан
ДЖИ (сериал) 720-сан
ДЖИ (сериал) 721-сан
Комментарийлер(33)
06.06.2016. 09:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
мен биринчи
06.06.2016. 09:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
velikolepnaybela, сен окубай туруп эле биринчимин деген туура эмес го дейм
06.06.2016. 09:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Ulanaibekov,окуп бутуп анан жаздым
06.06.2016. 09:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Мен экинчи
06.06.2016. 09:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Анан эмне болот эми....


06.06.2016. 09:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Экинчи салты улай
06.06.2016. 09:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Циклоп жанагында Аруукени Уруп жатышканда көзүнө бир сайгангооо ошол болуп чыгат көрөсүңөрго
06.06.2016. 09:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Калыс деген тии мурун Аруке козун чукуп алган жигит эмесби
06.06.2016. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
эмне эч ким жок бен биринчи го
06.06.2016. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
циклопту корсо эстейт окшойт
06.06.2016. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эртек бутсо болот эле жалыктырып жиберди
06.06.2016. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаны саны чыкканча чыйпылыктап кетем.
06.06.2016. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жанар машыгып Жакшы кылган экен тигилерге бош келбейтго, циклоп Аруукени коруп тааныса керек, Арууке аны коруп баарын эстейтго
Nazikbaigazy түзөттү 2016-06-06 10:58:53
06.06.2016. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Окуп окуп кумарым канбай калды гозу жок жетим дагы бир деме кылбаса еле жанарды
06.06.2016. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
uwunun kitebi bar beken el jurt
06.06.2016. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Коп-коптон жазып эле бутуруп салгылачы.Куто берип тажап кеттим.
06.06.2016. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Точно ошо Арууке козун чукуп салган болсо керек
06.06.2016. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эстээрине аз калгандай болуп жатаат
06.06.2016. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ииий дагы бир жума((
06.06.2016. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурзат айым озгорбочу сени жакшы кором
06.06.2016. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Dagy bir juma kutmoi
06.06.2016. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир дума кутосун тех эле бутуп калат кооптон эле жазыныздарчы.
06.06.2016. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Калыс ошол жигитко э Аруш козун оюуп алган
07.06.2016. 00:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Биринчи болугун кайсы санынан окуусам болот сураныч жазып койгулчы
07.06.2016. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
gylburak_kg,
ДЖИ (сериал) 675-санДЖИ (сериал) 676-санДЖИ (сериал) 677-санДЖИ (сериал) 678-санДЖИ (сериал) 679-санДЖИ (сериал) 680-санДЖИ (сериал) 681-санДЖИ (сериал) 682-санДЖИ (сериал) 683-санДЖИ (сериал) 684-санДЖИ (сериал) 685-санДЖИ (сериал) 686-санДЖИ (сериал) 687-санДЖИ (сериал) 688-санДЖИ (сериал) 689-санДЖИ (сериал) 690-санДЖИ (сериал) 691-санДЖИ (сериал) 692-санДЖИ (сериал) 693-санДЖИ (сериал) 694-санДЖИ (сериал) 695-санДЖИ (сериал) 696-санДЖИ (сериал) 697-санДЖИ (сериал) 698-санД
09.06.2016. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Koenek93, рахмат окууп буттум кызык жерине келдибуттуп калды
07.06.2016. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тажап кеттим
07.06.2016. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оо кудай жакшылык менен бутсо экен
10.06.2016. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Admin kitepti kaidan alyp okusak bolot je jokbu azyr? Kim okudu toluk je satkan jer kaida eken? Rahmat ...
10.06.2016. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул сериялга вобше түшүнбөдүм. Максаты кандай
11.06.2016. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Буйруса Эки кун калды.жанысы чыгарына.
12.06.2016. 09:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Джи менен Жанар бирге болушса экен
13.06.2016. 00:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол циклон Арууке козун оюп койгон киши болсо керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо