Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ОРОЗОНУН ОРГАНИЗМГЕ ПАЙДАСЫ ЖАНА ЗЫЯНЫ

№709 03-июнь-09-июнь, 2016-ж

Рамазан айы жакындаганда орозо кармоону ниет кылгандар «мага болобу же болбойбу?» деп ооруган жерлерин айтышат. Мындан улам биз орозонун ден соолукка пайдасын, зыянын билүү үчүн дарыгерлерге кайрылдык.

«ЖҮРӨК-КАН ТАМЫР ООРУЛАРЫНЫН АЛДЫН АЛАТ»
Медицина илиминин кандидаты, жогорку категориядагы врач-кардиолог Абдимиталип Халматов да орозонун пайдасы, зыяны тууралуу ой бөлүшөт:
– Бир жылда бир ай кармалуучу Рамазан айындагы орозо биз издеген мыкты ыкма экендиги дүйнөлүк окумуштуулар тарабынан тастыкталды.
Орозо кармаганда сырттан тамак-аш келбей, организмдин күчү тамак сиңирүүгө эмес, иммунитетти көтөрүүгө, шлак, туздар менен азыктанууга өтүп, өзүн-өзү тазалоо процесси жүрөт.
Ал эми жүрөк-кан тамыр ооруларына келсек, канда жакшы да, жаман да холестерин бар. Жаман холестерин кан тамырларды бүтөп калып, жүрөк-кан тамыр оорулары пайда болот. Орозо кармаганда жаман холестерин азайып, жакшысы көбөйүп, кан тамырлар өз кызматын жакшы аткара башташат. Инфаркт, инсульттун да алдын алат. Жүрөк-кан тамыр ооруларынын оор түрлөрүндө орозо кармаганга болбойт, жеңил түрлөрү менен жабыркагандар кармашса оору жеңилдейт.

«ОРОЗО КАРМОО ИЧКИ ОРГАНДАРДА ООРУ ЖАРАТАТ»
Орозо кармоо ички органдарга кандай таасир этет? Бул суроого КММАнын терапия кафедрасынын доценти, гастроэнтеролог Абдубакир Ибраимов жооп берет:
– Орозону ден соолугу чың адам өзүн руханий жактан тазалоо максатында кармаса болот. Бирок бир жери ооруган адам эмес. Тамак ичпей бир күн кечке ачка жүргөндөн улам ашказан менен ичеги өз кызматын аткарбай убактылуу токтоп турушу ичеги ооруларынан, ич катуудан айыгууга жакшы жардам берет деп ойлогондор бар. Бирок бул туура эмес. Мисалы, ашказанында жарасы барлар, ичи каткандар тез-тезден тамактанып туруусу керек, жок дегенде күнүнө 3 жолу. Анан бир күн кечке ачка жүрсө, оору өтүшүп кетпегенде айыкмак беле?! Орозону уйку бези, ашказаны, өтү ооругандар, кош бойлуу аялдар кармаганга болбойт. Анткени ачка жүргөндө өт суюктугу коюуланат, тамакты тоё жегенде ферменттер көп бөлүнүп, уйку бездин иштеши кыйындайт, кош бойлууларда аз кандуулук, авитаминоз пайда болот.

– Ашказанда тамак-аштар түгөнгөндө организм өзүн сакташ үчүн денедеги туз, шлактар менен азыктанып, жыйынтыгында тазалануу жүрөт дешет, ушул туурабы?
– Жок, организм андай жол менен тазаланбайт. Организмди тазалоонун өзүнүн жолдору бар. Ачка болуп турган адамга тамактын жыты келсе деле шарттуу рефлекстин негизинде тамакты иштетүүчү маңыз бөлүнүп чыгып, ашказандын былжыр бетин оюп жиберип гастрит, жара пайда болот.

«ОРОЗО КАРМАП АРЫКТАГАНДАР БАР»
«Орозону адам өз кызыкчылыгына пайдаланып кармоо туура эмес» дешет диний аалымдар. Орозо кармоо менен адам арыкташы мүмкүнбү, дегеле адамдын ден соолугуна кандай таасир этет деген суроого эндокринолог ӨРҮК МУКАМБАЕВА жооп берет:
– Толук адамдар «кантип арыктасак болот?» деп бизге көп кайрылышат. Негизи толуктардын көпчүлүгү эртең менен тамак жебейт, түштө жана кечинде майлуу тамактарды көп өлчөмдө жеп алышат. Ошондо эски оорулар козголуп, башка оорулар пайда болот. Биз аларга майлуулугу аз тамактарды аз-аздан жеп турууну, мөмө-жемиштерди көбөйтүүнү сунуштайбыз. Арыктагысы келгендер жеңил тамакка өтүп, өлчөмүн азайтып акырындан арыктоого эрктери жетпей, орозо кармап бир айда эле арыктоону максат кылышат. Чынында, орозо кармап арыктаса болот. Бирок мунун терс жактары да бар. Бир күн ачка жүрөбүз деп күчтүү, майлуу тамактарды көп жеп алышат. Мындай учурда холестерин көтөрүлөт, зат алмашуу бузулат да, оорулар пайда болот.
Орозону богоктун айрым түрлөрү жана кант диабети менен жабыркагандарга кармаганга болбойт. Бул эки ооруда тең адамдар тез-тез тамактанып турушу керек.

АКЫЛМАНДАРДЫН АЙТКАНДАРЫНАН

  • Бүткүл дүйнөнүн мактоосуна арзыган улуу ислам аалымы жана дарыгери Абу Али Ибн Сина: «Бардык оорулардын тамыры – ченемин билбей желген тамактар».
  • Байыркы ойчул, философ Сенека: «Оорулардын санын билгиңер келеби, анда жеген тамагыңардын түрүн санагыла».
  • Француз профессору Пьер Молин «Бир жумада бир жолу орозо кармагыла» деген аталыштагы эмгегинде төмөнкүлөргө токтолот: «Ислам дүйнөсүнүн эң пайдалуу нерселеринин бири – орозо. Орозо дененин физикалык дагы, руханий дагы эс алуусу. Ал клеткаларды тазалайт, бириккен токсиндерди, ууларды жоготот. Мусулмандар ушундайча жылына бир ай организмин, денесин эс алдырышат».

ОРОЗО КАЛЕНДАРЫ
Көрсөтүлгөн убакыттар Бишкек шаарына жана Чүй облусунун аймагына тиешелүү.

Сүйүн Кулматова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(51)
06.06.2016. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+29
Чын дили м.н "орозо тутумын" деп ыхлас кылган, орозону тута берет! Ага журналист да, доктор да себеп болойт!
06.06.2016. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Орозонун пайда -зыянына карап туткула деген эмес, орозо кармоо ар бир мусулман эркек аялга фарз,бул жерде доктурдун айтканын аткарасынарбы же Ошол Доктурду жараткан Заттын Буйругун аткарабызбы , Чыныгы ишенген адамга кандай абалда болбосун орозо кармайт .
06.06.2016. 20:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
MuslimNur95, эми ден соолугу жол бербегендерге айла жок да кээде аябай эле зордукчул болуп кетесинер , ар бир инсан Жараткандан коркот анын буйругун так аткаргысы келет бирок ар бирибизге мындай мумкунчулук берилген эмес. Кудайдан устун келип зордоп суйлойсунор . Ислам ❤ суйуунун жакшылыктын дини.
07.06.2016. 01:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
AKCAHAT,Кечиресиз исламда зордоо деген жок мен мисаалы мен зордобойм бирок болушунча орозо кармоо жакшы экендигин айтам, Ар ким озуно жооп берет жашоодо негизги максат бул ислам дин Аллахтын ыраазылыгын табуу,ден соолугу болбогондор албетте кармай албайт бул нерсе туура эле.
08.06.2016. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
MuslimNur95, AKCAHAT, Svoboda83, Eli75, adinaika,Flared, жеке айтышуулар үчүн купуя каттар бар! Оозеки эскертүү!
06.06.2016. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Орозо кармоо ар бир адамдын оз эрки. Ал бизге парз.
06.06.2016. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Врачтар менен дуйнолук окумуштуулардын кенешине муктаж эмес орозо. Пайгамбарыбыз (с.а.в) айтып кеткен осуят хадистери жетиштуу. Макала че то бир тараптуу болуп калгандай менимче
06.06.2016. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мен орозо кармаган эмесмин жашым жакында 27ге толот кармагым келет бирок ашказаным ооруйт ачка журо албайм анан жагы жакында эле уйку безим ооруп диетага салган диетаны деле жакшы кармаган жокмун бирок ото тоюп албай аз аздан тез тез эле жеп турам ошондо мен кармай албасам керек Аллахым куноолорумду кечирсин деп суранаар элем.
06.06.2016. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Aksy-13,Аллахым оорунузга шыфаа берсин! сизда ооз бекитип дени сак адамдардын катарына кошулуп орозонун кереметин биз мн чогу сезишшинизди Аллахтан дуа кылып сурайбыз!
07.06.2016. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kobra86,Аллахым раазы болсун айтканыныз келип мен да Ыйык рамазан айын сиздер катаары тоскум келет орозо кармап. Дуа кылышынызга ото раазымын рахмат сизге!!! Сиздей ыймандуу инсандар кобоеберсин!!!
07.06.2016. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Орозонуздар кабыл болсун!!! Суйуктуу мусулман элим!!!
06.06.2016. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Чын дилинен ниет кылгандар орозону тута берет. Туткан орозобузду Алла Таалам кабыл кылсын....Ал эми врачтар менен журналисттер орозо тутуунан алыстатып терс жагып айтып атат деп критиковать этпегиле.
Алар дагы окуган билген нерселерди айтат да. Точнее бизге караганда врачтар ички организмде журуп жаткан процесстерди жакшы тушунот жана ошого таянып айтып жатат.
Негизи биз адамдар ачкалыктан эмес, ашыкча салмактуулуктан коп зыян тартабыз.
Ден соолук чын болсо орозо карма
hochuradosti түзөттү 2016-06-06 15:03:44
06.06.2016. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
пайгамбарыбыз (с.а.в) акылы 99% иштеген,1%бутун дуйного адам ж.а жан жаныбарларга таратып берген Аллахым...орозо туткула себеби бул фарз.фарз бул Аллахтын буйругу
06.06.2016. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мен Орозо тутам биринчиси фарз болгону учун экинчиси орозо кармоо мени сабырдуулукка уйроткону учун
06.06.2016. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Alla alla ya rabim ya ne dewet....
06.06.2016. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Men karmap atam orozo.saat aran tort bolduuuuu.orozonuzdar kabyl bolsun
06.06.2016. 22:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооз ачуу убактысы күндөн күнгө кыскарчу го.Мисалы 20:44 анан 20:43 болуп,быйылкы календарьда тескерисинче,көбөйөт экен убактысы
06.06.2016. 22:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Stervamyn,куугумго, убакыттын узарыш кыскарышына жараша
06.06.2016. 23:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аллах Таала буюруган иште зыян жок!Анткени бизди жараткан Аллах,пендесине эмне зыяндуу,эмне пайдалуу экенин бизден жакшы билет!Эч уакта бизге пайдасы жок ишти парз кылбайт!Туткан орозонуздарды Жаратуучубуз кабыл кылсын!Урматтуу мусулман бир туугандар.Рамазан мубаарак болсун!
07.06.2016. 03:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ислам динибиз оной дин...бактылуулукка гана алып барат....
07.06.2016. 03:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орозо кармоонун эрежесине сааттын туура келбегенин кандай тушунсо болот. Ооз бекиткенде айтылгандай тан аткандан кун батканга чейин дейт. Бизде саат 3то тан таштайбы озу. Кайдагы чыгарма бул саатты колдонгон.
07.06.2016. 03:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Орозонун ыйык бир озунчо касиети бар.Рамазан айы эн ыйык ай. Менин ашказаным ооруйт, бирок ага карабай орозо кармап атам, эч нерсе болбой тескерисинче мурункудай кыйналбай калдым. Орозонор каабыл болсун мусулман бир туугандар!!!
07.06.2016. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Орозонор кабыл болсун туугандар!
07.06.2016. 23:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
skarpion-90,rahmat
08.06.2016. 04:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орозонуздар кабыл болсун!!
08.06.2016. 04:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Орозонуздар кабыл болсун!!
08.06.2016. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туткан орозонор кабыл болсун!
08.06.2016. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин да ашказаным ооруйт,бирок орозо кармап баштадым. Ачка болуп, суусап кыйналбай элемин,болгону уйкудан бир аз кыйналат экенмин. Анткени, жумуштан 6 да үйгө келебиз, ооз ачарга даярданып, ары- бери басканча ооз ачар болот. Ооз ачып, тамактанып, жуунуп- таранып жатканча 11. 2 саат уктап, кайра 1 де туруп, саарлык ичип жатканча 2 ден өтөт. Кайра 2 саат уктап, 4 тө туруп , 4 жарымда жумушка жөнөмөй. Бирок, жараткан сабыр берсин деп тутуп атабыз.
08.06.2016. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Орозо кармаган туугандарым орозоңор кабыл болсун. Кыска бир суроо? Орозо кармаган кимге оор болду?

Бул айдын бир башкача керемети барбы,аны орозо кармаган билет. Жаратканга шүгүр деп эле отурабыз.
08.06.2016. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Eli75, Оорлугун билбеймго бирок, кереметин соз менен айта албай атам, мен учун ырахат озумду эн жакшы сезем.
08.06.2016. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орозо кармаганда арыктайт дегенг бир аз кошулбайм. Былтыры орозо кармап толуп кеткенбиз бир аз кайра. Жатаар курсакка жеп жатып алгандан болсо керек.
08.06.2016. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орозо тутуу бизге да насип этсин ылайым.Орозонор кабыл болуп,Алла ыраазы болсун!
08.06.2016. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
tynystan, сайттын колдонуучуларынан динин кемсинткен билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынган. 3 күнгө БАН!
08.06.2016. 21:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орозо кармагандарга орозонуздар кабыл болсун дейли!
08.06.2016. 23:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орозо кармаган убакта ШАЙТАН чынжыр менен байланат экен, пенделер бул айда сооп жыйноого камынышат АЛЛАХТЫ эстешет. Аллахым кармаган орозобузду кабыл кылсын Аамин
ОРОЗО туткун ысык деп кыйналба,ТОЗОК оту ысык болот мындан да! ОРОЗО кармап мээримине болонгун, ЖАННАТИНДА жашоон соонун жыргалда!
08.06.2016. 23:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ОРОЗО туткун ысык деп кыйналба,ТОЗОК оту ысык болот мындан да! ОРОЗО кармап мээримине болонгун, ЖАННАТИНДА жашоон соонун жыргалда!
08.06.2016. 23:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ОРОЗО туткун ысык деп кыйналба,ТОЗОК оту ысык болот мындан да! ОРОЗО кармап мээримине болонгун, ЖАННАТИНДА жашоон соонун жыргалда!
09.06.2016. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орзонуздар кабыл болсун кыргыз элим
11.06.2016. 23:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рахмат сонун маалыматтар экен.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо