№709 03-июнь-09-июнь, 2016-ж
25-майда бийчи Атай Өмүрзаков жана "Тумар КР" бий тобу Лондондо "Britain's Got Talent-2016" бий сынагынын жарым финалында бий чеберчилигин көрсөтүштү. Кайталангыс номер тартуулаган мекендештерибизге калыстар, залдагы көрүүчүлөр ордуларынан туруп кол чабышкан эле. Бирок жыйынтыгында калыстар тобунун сынынан өтпөй калып, бийчилердин өнөрү көрүүчүлөрдүн добуш берүүсүнө коюлуп, биринчи орунда бара жатышкан. Анткен менен жыйынтыгында 3-орунга гана илиништи. Мекендештерибизди колдогон чет элдик күйөрмандары сынактын расмий баракчасына: «Силердин британиялык эместигиңер башкы кемчилигиңер болду. Бул жакта да саясат ойноп кетти»,- деген сыяктуу нааразычылыктарын жазышты.
Бул тууралуу Атай Өмүрзаков: «Улуу Британиянын жарандарынын жана башка өлкөлөрдөгү интернет колдонуучулардын бизди колдоп, жыйынтыкка нааразы болгону биз үчүн кымбат, бул жеңишке барабар»,- деп билдирди.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Бир гана акыретте болот чыныгы адилеттуулук, туугандар...
Потому что у них союз. Не дюбят они наших