№709 03-июнь-09-июнь, 2016-ж
Ырчы Адилет Азимов 26-майда Башкортостандын Уфа шаарында өткөн "Урал моңо-2016" эл аралык музыкалык фестиваль-сынагында 1-орунду өңөрүп кайтты. "Ардагым", "Күлгүн жаш" чыгармаларын аткарып ийгилик жараткан ырчы жигитке 100 миң рубль тапшырылды.
«Элдин ишеничин актасам экен деп аябай сарсанаа болдум. Жеңишке жетип, жүзүм жарык мекениме кайтканыма кубанычтамын. Сынакка көп таланттуу ырчылар катышты. 56 ырчынын ичинен биринчи орунга татыганыма сыймыктанып жатам», - дейт кубанган Адилет. Бул сынакта баш байгени алтайлык Добрыня Сатин жеңип, 200 миң рубль сыйлыкка ээ болду.
Кошумчалай кетсек, Айчүрөк Иманалиева бул жылы да аталган фестивалдын калыстар тобунун мүчөсү болду. 2014-жылы аталган сынакта Курал Чокоев 1-орунга ээ болсо, опера ырчысы Айбек Саралаев 2-орунду багындырган.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
5
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |